Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3172   43
09.05.2020
30 күндө 30 сабак 16-күн 16 мүнөт ойлонолу .............. Балам үчүн жашап жатам-деп, балаңды кошо бактысыз кылып жатасың... ............. Балдарыңар ата-эне бактылуу болмоюнча чыныгы бакыттын даамын сезбей жашайт... ............. Үй-бүлө урушкана эмес... ............. БАЛДАРЫБЫЗ БИЗДЕН ӨТҮШҮ КЕРЕК! Доцент шакирт профессор устазына: - устаз, биз сиздин жарымыңызчалык болсок кана эле! - деген эле, устаздын ачуусу келип ушундай деди: -эй Мурат! Сен менин жарымым, сенин шакиртиң сенин жарымың болсо, акыры ортодо эч нерсе калбайтко! Балам сен менден өтүшүң керек!... Үй-бүлөлөр да ушундай болуусу керек. Ата-энелер да ушинтип ойлонуусу керек. Апасы баласына: "атаңдан көрө көбүрөөк окугун, балам! Себеби перзенти ата-энесинен ашпаган улут алдыга өспөйт!...." .................... Баланын эң керек болгон муктаждыктарын аткарбоо канчалык туура эмес болсо, алардын ар кандай каалоосун аткаруу да ошондой эле ката болуп саналат... .................. БЕЙИШ ЭНЕНИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА Бир аял казыдан сурады: "Эмне үчүн биз күйөөлөрөбүзгө баш ийүүгө буюрулганбыз. А күйөөлөрүбүз бизге баш ийүүгө эмес". Казы аялдын өзүнөн сурайт: "Канча перзентиңиз бар?". Аял: "Үч уулум бар", деп жооп берет. Казы: "Аллах таала сизди бир эрекке баш ийүүгө буюрду, бирок ошону менен бирге үч эркекти сизге баш ийүүгө буюрду. Алар сиз ыраазы болбосоңуз бейишке кире албайт. Эми өзүңүз айтыңызчы, кимде артыкчылык бар экен, аялдардабы же эркектердеби?!", деп айтты. Ошондо ал аял: "Мени мусулман кылып жараткан Аллахка мактоолор болсун!", деп шүгүр келтирди... 09.05.20 Идрис акын
3093   36
20.05.2020
30 күндө 30 сабак 27-күн ТИЛ БӨЛӨК, СҮЙЛӨӨ БӨЛӨК Төөнүн тили биздин тилибизден кыйла чоң болгонуна карабастан, сүйлөй албайт. Демек, тил башка, сүйлөө башка. Оозубуздан куюлган сөздөр фабрикадан чыккан продукцияны элестетет. Бул сөздөр оболу бир станокто токулуп, бир сүзгүчтөн өтүп, бир натыйжага жетип жана сүйлөөгө чечим кылуубуз менен бирге сөздөр биз айтып түшүндүрө албаган кайыптык иш аракеттер менен үн кошулуп, ички дүйнөбүздөгү жашыруун сөздөр ачыкка чыгарылган. Бирок биз бул иш аракеттердин эч бирин билбейбиз. Оозубуздан чыккан ар бир сөздө үн маани кызматташтыгы бар. Сөзүбүз маектешибиздин кулагына жеткенде, үндүн милдети бүтөт. Эми бул милдетти толкун алып, сөз таптакыр башкача абалга өтөт. Кулактын ичиндеги атайын үн өтчү жерлерден өткөрүлүп, угуу борборунун эшиги кагылат. Ар бир сөздүн толкуну ар башкача болгондуктан, акыл эшиктин кагылыш түрүнөн кимдин келгенин түшүнөт. Анан дагы бир процесс аркылуу толкун кайрадан бир сөзгө айланат. Ушинтип, аң сезимибизде пайда болгон бир сөз, кыска мөөнөттүн ичинде, бир нече ыңкылапты башынан өткөрүп, маңдайыбыздагы маектешке жеткирилет. Телефон менен сүйлөшүп жаткан эки кишини элестеткиле. Бүткүл телефон системасы бул сүйлөшүүгө кызмат кылууда. Бул кишилер бетме бет келишсе, телефонсуз сүйлөшө алышат. ЖЕТИ МИҢ ЖАКШЫЛЫК төмөнкү жети сүйлөмдө 1000ден болуп жыйналган: 1. Унчукпоо – бул, кыймыл аракетсиз ибадат. 2. Унчукпоо – бул, жасалгасыз кооздук. 3. Унчукпоо – бул, авторитетке таянбаган айбат. 4. Унчукпоо – бул, коргонсуз чеп. 5. Унчукпоо эч кимден кечирим суратпайт. 6. Унчукпоо амалдарды туткан периштелердин ырахаты. 7. Унчукпоо – бул, кемчиликтерди жапкан жабуу. -Эй, көптү билген киши, тилиңди тый! Эртең тилсиздерге сурак болбойт. -Эй, акылдуу киши! Элдин айыбын айтпа. Өз айыбыңды көрүп, ошону менен алек бол. -Балээлер ойлонбой жана орунсуз айтылган сөздөрдүн артынан келет -жаңылып сүйлөгөн жалынып тынат. -Өзү каалаган сөздү сүйлөгөн адам, өзү каалабаган сөздү угат. -тилиңди бош койсоң тишиң сынат... Айта берсең кете берет, акылдууга жете берет... Идрис акын
2900   87
12.05.2020
30 күндө 30 сабак 19-күн ОН ТОГУЗ МҮНӨТ ОЙЛОНОЛУ ИЛГЭЭРКИ АКЕЛЕР жана жеңелер Мурда АКЕЛЕР ҮЙЛӨНГӨНДӨ келин көргөнү апабызды ээрчип барат элек. Барганда жеңе ийилип салам салып, колуңа жүз аарчуу же оюнчук белек кылат эле. Мурдуң агып жатса да жеңең берген жүз аарчууну колдонбой жеңиң менен мурдубузду эки жакка шыбап аарчып алчубуз. 😁Жеңең берген платочканы бир ай кырын бузбай көрүнгөнгө мактанып жүрүчүбүз... Кийин акеңдин үйүнө барсаң жеңең дайым "келиңиз эй бала" - деп сыйлап, төшөк салып, заматта дасторкон, чай-нан келтирип калчу.... Ошону көрүп чоңойоор замат "мен да үйлөнөм" - дедик. Көп жаштар үйлөндүк, тойдун эртеси да болду. Үйгө мейман келсе баягыдай сыйлап салам берген, дасторкон салган, мейманды кубанткан, тууганды кадырлаган КЕЛИН жок. Өзүң төшөк салып, өзүң тамак кылып каласың, туугандарың келип жатса кадимкидей жалынасың "мени уят кылбай жакшы күзөтөлү" - деп, кабагыңды салба, катуу сүйлөбөй сылык болуп тур кеткиче-деп.... Көрсө кептин баары биз барганда жеңени тарбиялап турган АКЕЛЕРДЕ экен. Акелер аялдарын тарбиялап, багыт берип, колдоп - кубаттап турган экен. АКЕЛЕР АКЫЛДУУ БОЛУШКАН ЭКЕН. ҮЙ-БҮЛӨНҮ АКЕЛЕР БАШКАРГАН ЭКЕН. ЖООПКЕРЧИЛИК ТИЗГИНИН АКЕЛЕР ТУТКАН ЭКЕН. АЗЫР БОЛСО КУРСАКТАРЫ КУДАЙЫ, АЯЛДАРЫ КЫБЛАСЫ БОЛГОН ЭРКЕКТЕР АРБЫП БАРАТЫПТЫР... КИМДИН КИМГЕ ЭРГЕ ТИЙГЕНИН БИЛҮҮ КЫЙЫН... Өрнөктү интернетттен эмес айланаңда жашап жаткан жакшы адамдардан алалы, илгерки акелердей бололу. Ата-энеден таалим-тарбия албай, телефон менен жашаган жаштардын үй-бүлөсү үч жылдан ашпай жаткандай, Аллах сактасын... УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР!!! Кыйшайган даракты түздөбөй туруп, анын көлөкөсүн түздөгөндөн эмне пайда... Тегиңди сактаймын десең - УУЛУҢДУ улутуңду сактаймын десең - КЫЗЫҢДЫ ТАРБИЯЛА!!!... (карантиндеги кайрымдуулук иштеринде аялын бала-чакасын таштап салган эркектерге жана бойдокторго сабак болсун. Кийинкиде сабыры жок жана кадыры жок болуп бараткан кыз-келиндерге да сабак өтөбүз) комментарийге сөгүнүп жатып калбай, жөн гана керектүү тарбия алыңыздар,достор. Антпесем күн сайын оолуялар, ыйлай турген жерген күлүп келген келесоолор көбөйүп баратат... 12.05.20 Идрис акын
Загрузка...
2845   45
12.06.2020
ӨЗГӨНҮ КОЙ, ӨЗҮҢДҮ БИЛ! Жогорулап баса бер. Бийикке чыкмайынча баскан жолуңа баа бере албайсың. Өйдөдөн ылдый карап гана: "тээтиги жерден бурулуп кетпей жакшы кылыптырмын, бирок мобул жак менен келсем, оңой болмок экен" - деп айта аласың... *** Биригип жогорулоо, жогорулап бириккенден жакшыраак. Мунун математикалык далили: 2³+4³=72 (2+4)³=216 Үй-бүлөң, туугандар менен бирик эң башында. Андан соң калгандарына көңүл бур. Тууганың менен тууганчылыкты токтотуп коюп, башкалар менен биригип тапканың бул дүйнөдө калат... Туугандан мамилени үзүү - Аллах менен да мамилени токтотот *** Кудай берген кишиге Кудай урган киши сүйлөнөт-дейт кыргызда. Сүйлөнө бербе... *** Бир туугандарың, жакындарың үчүн жаша. Калганын жөн кой *** Адамдардын көңүлү Жаннат эмес, Ал жерде түбөлүк кала албайсың Барибир жек көргөн чыга берет Баарынын көңүлүн таба албайсың Идрис акын *** Жашоо кыска, Бул өмүрдү көп көрбө Бирөөлөрдү Жаман көрүп өткөрбө Идрис акын *** Досторумдун Пайдасы тийбесе да, Зыяны болбосо экен Күлдүрүп жүрбөсө да Күйдүрүп койбосо экен Көптүрүп мактап туруп Көзүмдү ойбосо экен Идрис акын *** Турмуш деген өйдө-ылдый Татаал жолдон куралган Чыңалышып бул жолдо Чыдагандар тура алган Жүрөктүн да сокконун ЭКГдан көргөнсүң Өйдө-төмөн сызылган Жолго көңүл бөлгөнсүң Тегиз сызык сызылса Демек, бүттү, өлгөнсүң... Идрис акын *** Бир жолу колдонуучу Буюмду көп билемин ӨМҮР да дал ошондой Бир жолу деп билемин Идрис акын Сагынып күткөн ЖУМА маарек болсун, достор. Мага да дуа кылууну унутпаңыздар😊мен да сиздер үчүн дуадамын.
2788   78
31.05.2020
САСЫГАН САЯСАТ ПАНДЕМИЯ - ПЕНДЕНИН АШКАЗАНЫН АЧКАЛЫГЫН ЭМЕС, АКЫЛЫНЫН АЧКАЛЫГЫН АЧЫКТАП ЖАТАТ... АДАМЗАТТЫН РУХАНИЙ ЖАРДЫЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ. ЭМИ ЭМГЕКТИ КӨП ЖАСАБАСАК, ЭРТЕҢИБИЗ БҮДӨМҮК... ӨЛКӨНҮ АЖООНУ АЛМАШТЫРУУ МЕНЕН ӨЗГӨРТӨ АЛБАЙБЫЗ! БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ БАШЫНАН АЯГЫНА ЧЕЙИН ЧИРИП КЕТИПТИР. СИСТЕМАНЫ ТОЛУГУ МЕНЕН АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК... МАМЛЕКЕТ МАГА ЭМНЕ КЫЛДЫ - ДЕП ЭМЕС, МЕН МАМЛЕКЕТКЕ ЭМНЕ КЫЛДЫМ ЖАНА ЭМНЕ КЫЛА АЛАМЫН-ДЕГЕН СУРООГО ЖООП БЕРИП КӨРӨЛҮ... МЕКЕНИБИЗГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ ҮЧҮН СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ БИР КЫЗМАТКА БАРЫП, МАЙЛУУ ОРУНДУККА ОТУРУУ ШАРТ ЭМЕС.... ЭГЕРДЕ МАГА ДОБУШ БЕРСЕҢЕР... УШУНДАЙ.... УШУНДАЙ.... УШУНДАЙ.... ИШТЕРДИ АТКАРАМ-ДЕП ШАРТ КОЙОБУЗ.... АТАЛГАН ЖУМУШТАРДЫ АНСЫЗ ДЕЛЕ АТКАРУУ АТУУЛДУК ВАЗЫЙПАҢ БОЛЧУ. МЕКЕН ҮЧҮН КЫЗМАТ ШАРТ КОЮП АТКАРЫЛБАЙТ... ТАЛКУУЛАЙ ТУРГАН ТОЛТУРА МАСЕЛЕ ТУРГАНДА, ПАРЛАМЕНТТЕГИ САЯСАТ САДИККЕ АЙЛАНЫП БАРАТАТ. ЭЛ ӨЗҮБҮЗ ШАЙЛАГАН ЭР АЗАМАТТАР ОШОЛОР. АНДЫКТАН ЭЛДИН АЙЫБЫ ЭМКИ ШАЙЛООДО КАЙРА КАЙТАЛАНБАШЫ КЕРЕК... КЕДЕЙ МАМЛЕКЕТТЕ МАМЛЕКЕТТИК ЧИНОВНИКТИН БАЙЫП КЕТИШИ МҮМКҮН ЭМЕС. БИР ГАНА АЙЛЫК АКЫ МЕНЕН АНТИП ЗАҢГЫРАГАН ҮЙ САЛУУ ДА МҮМКҮН ЭМЕС... БАШ МЕНЕН ЧЕЧИЛЕ ТУРГАН МАСЕЛЕНИ ТАШ МЕНЕН ТАЛКАЛАП ЖАТАСЫҢАР, ЧИНОВНИКТЕР 😔😔😔 ДИАЛОГ МЕНЕН ЧЕЧИЛЕ ТУРГАН ЖЕРГЕ ПУЛЕМЁТ КОЛДОНУП ОТУРАСЫҢАР🙁 БИЙЛИКТЕГИЛЕРГЕ! ЧЕК АРАНЫ ЧЕЧИП КОЮП, ПАРЛАМЕНТТЕГИ ПАРТАДА УКТАСАҢАР ДА МЕЙЛИ ЭЛЕ😔😥😢
2664   42
13.05.2020
30 күндө 30 сабак 20-күн АПАЛАРДЫН АКЫЛЫ. Кыз-келиндер үчүн сабак Илгери апаларыбыз өздөрүнө күйөө тандабай, төрөлө турган балдарына АТА тандаган. Аталарыбыз да дал ошондой болочок балдарына татыктуу АПА тандоону биринчи орунга койгон... Бир тойдо Кызын узатып жаткан апанын айтканы эсимде: кызым, барган жериңе таштай батып, суудай сиңип кет. Барган жериңдин кайын ата-кайын энеңди, күйөөңдү бери кой, керек ошол жердин короосундагы итин да жамандап келбегин... Апам айтат: Боюмда бала бүткөн күндөн баштап, тогуз ай төркүнүмө курсагымды көрсөтүп баруудан уялгам. Төрөп бүтүп анан барганмын. Бизде жолдошумсуз төркүнүмө барууну уят эсептечүбүз. Ажырашып келген кыздын ата-энеси эл карагандан уялчу эле ал кезде. Атаңардын айтканын аткаруу аял катары биринчи вазыйпам деп билчүмүн. Анткени апам ушундай тарбиялаптыр. Бышкан тамакты ар дайым биринчи атаңа куям. Атаң жок болсо да, биринчи ал кишиге куюп, алып койом... Дагы бир апа айткан эле: Тогузунчу баламды үйдө эрте менен төрөп, түштөн кийин үйдөгү балдарым ачка калды деп тандырга нан жапканмын. Андан кийин дагы экини төрөгөнмүн балам... АКЫЛДУУ АПАЛАРДАН АЛГАНДАРЫМ: -бир жолу тойдо той ээлери тууралуу маалымат жазып жаткам. Эки жаштын аты-жөнүн апа айтып берди. Анан ата-энесине кезек келди. Атасынын аты, жолдошуңуздун аты ким-десем, "азыр, мен атын айта албайм, кызым, кел атаңдын атын айтып кой" - деп жылмайып кирди... -Кагынчаак кайын энеге, багынчаак келин туш келбейт - дейт кыргызда Келиндерин мактаган кайын энелер көп болсо экен кыргызда -жасанууну сыртка эмес, жолдошуңар үчүн кылганыңарда жакшы жашамаксыңар... -кайын журтта УРМАТ - СЫЙ үчүн аткарыла турган аракеттин баарын, азыркы кединдер КЫСЫМ же СТРЕСС деп баалап калган.... -мурдалары телефон жок, айттырбай келген конокко да акылдуу аялдар жакшы мамиле кылып, кубантырып үйдөн чыгарган. Азыр АЙТТЫРБАЙ КЕЛГЕН КОНОКТУ АТЫП САЛГЫСЫ келген келиндер бар. -ЖАКШЫ ЧЫКСА КЕЛИНИҢ БАЛАҢДЫ БАШТАН ТӨРӨЙСҮҢ, ЖАМАН ЧЫКСА КЕЛИНИҢ ӨЗ УУЛУҢА ӨГӨЙСҮҢ... жолдошуңду ата-энесине өгөй кылба...балдарыңдан кайтат унутпа... 13.05.20 Идрис акын
2656   25
13.05.2020
ГАМБУРГДАГЫ АЭРОПОРТТОГУ КЕЗЕК Сапарым аяктап кайра мекенге кайтуу үчүн аэропортто билетке кезекте турган болчумун. Алдымда болжол менен 200 киши, артымда болсо 100дөй киши бар эле. Жанымда мени күзөтүп келген Санжар деген тагам ошол жерде иштейт жана немис тилин жакшы билет. Биздин алдыбызда эки немис аял кезекте турган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин алардын жанына бир киши келип, лентанын сыртынан аларга кошулуп алууну суранда. Көрсө таанышы экен. Аялдын бири макул десе, экинчиси жок болбойт, элдин акысына кирип калабыз деп тартышып жатты. Бир аздан кийин эки аял катардан чыгып, жаңы келген киши менен кошулуп, эң акыркы катарга турушту. Мунун баарын эмнеге кетип калды деп сураганымда, тагам түшүндүрүп берди. Ошол кезде мага айтпайт белеңиз "кире бер деп, кошуп коймокмун" -десем; "сен макул болгонуң менен, сенин артыңдагы 100 киши макул болбойт да" - деп мени ойго салды.... АДАМ АКЫСЫНАН ЭТИЯТ БОЛОЛУ... Сенде калган 20 сомун сурап келген кишиге "мынча майдаланасың, 20 сом үчүн өлүп жатасыңбы" - деп жек көрбөңүз. Кыяматта ушул майда нерсенин азабы катуу болот!!! 13.05.20 Идрис акын
2645   91
09.06.2020
БҮГҮН ОКУП, БИЛГЕНИМДИ БӨЛҮШТҮМ Көпөлөк канчалык сулуу болсо да, барибир ал курт-кумарскалар тобуна кирет. Кактус канчалык ийнеси менен коркунучтуу же копол болбосун, барибир ал гүл. Адамдардын аты же сырткы көрүнүшүн карап эмес, балким адамгерчилигине, адеп-ахлагына, мамилесине карап чечим чыгарыңыз. *** "Чет тилин билбеген кыйналат" - деп отуруп, балдарыбызга бардык чет тилди үйрөтүп жатабыз. Адамдын тилин үйрөнгөн менен, Алланын тилин үйрөнүүнү унуттук. Арап тилин үйрөнүп, Алланын Курандагы бизге айтканын үйрөнгөнүбүздө, аалам жана адамдар бузулбайт эле... *** Кидир бирөөнү сулуулугу үчүн жакшы көрсөңүз, бул сүйүү эмес, кумарлануу. Кимдир бирөөнү билими үчүн жакшы көрсөңүз, бул махабат эмес, таң калуу. Кимдир бирөөнү байлыгы үчүн жакшы көрсөңүз, бул дагы махабат эмес, балким байлыкка өчөшүү. Кимдир бирөөнү жакшы болгондугу үчүн жакшы көрсөңүз, бул дагы сүйүү эмес, балким сезимдериңиздин ыраазычылыгы. Жакшы көргөн кишиңизди эмне үчүн жакшы көргөнүңүздү билбесеңиз, мына ушул ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ. 😊😊😊 *** Баракчаңыздан "поделиться", "share" баскычтарын басып, бөлүшүп жаткан нерселер жакшылыктар болсо, анда ар бирине садаканын сообу берилет. "нравится", "like" баскычын басканыңыз адамдын көңүлүнө кубаныч алып келет жана ага да садаканын сообу берилет, буюрса. "комментарий", "comment" баскычын басып пикир калтыруудан мурда ар бир сөзүңүздү Аллах күзөтүп жатканын унутпаңыз. Кыскасы, интернеттеги ар бир аракетиңизди Аллах күзөтүп, периштелер жазып жатканын унутпаңыз. Эч ким көрбөйт - деп, эси жоктук кыла бербеңиз! МЫНА УШУНДАЙ, ДОСТОР 😊👌😊 ПАЙДАҢАРГА ЖАРАСА БОЛДУ. Бардык жерде тездикти ашырбоого чакырылат. Атайын радар менен көзөмөлдөп турушат. Бир гана Аллахка болгон сүйүүнүн жолуна радар коюлбайт. Куранда Кудайга шашылгыла деп буйрук берет. Демек Аллахты сүйүүгө шашылыңыз. Канчалык тез болсо, ошончолук жакшы... Идрис акын
2629   37
18.04.2020
5 УБАК НАМАЗ жана БЕТИ ЖОК НАПСИ! Бир күн кечке окуп жаткан НАМАЗГА Бар болгону бир саатыңды бересин Жумушуңдун көп экенин шылтоолоп Жарды болуп ыйманыңан келесин Таң агарып атты мына жаңыдан Бирок аны бааладыбы адамзат БААМДАТ жок напсисине кул болуп Уктаганды кааладыбы адамзат БЕШИМГЕ эмес түштөнүүгө убак бар Тамак менен азанды укпайт кулактар Кыйын болбо мингениңе кычырап Кыяматта кыйын болгон сурак бар АСР келсе акылыңа тутпайсың Чарчадым деп жумушуңан уктайсын Убакытка касам ичкен Аллахтын Курандагы убадасын укпайсын ШАМ киргенде шашыласың тоюңа Шам намазы такыр кирбей оюңа Напсиң бирок тойбойт досум унутпа Бүт ааламды берсе дагы колуңа КУПТАН келсе кыйынсырап болбойсуң Кудай үчүн намаз кылып койбойсуң Кечке тапкан акчаң санап шарактап Кийинки күн кирешеңди ойлойсуң Жетет болду НАПСИҢДИ тый, тыңдаба! Өзүңдү бил өзгөлөрдү сындаба Акыреттин азабынан албетте НАМАЗ сени сактап калат бир гана... Идрис акын АССАЛААТУ ХОЙРУМ МИНАН НАВМ НАМАЗ УЙКУДАН АБЗЕЛ!!!
2573   39
14.06.2020
ДИЛДЕН ЧЫККАН СӨЗ ЖҮРӨККӨ ЖЕТИП БАРАТ. ТИЛДЕН ЧЫККАН СӨЗ БОЛСО КУЛАКТАН НАРЫ ӨТПӨЙТ. Аял затын кордогондордун баары ислам динин түшүнбөгөн адамдар. Напсинин, шайтандын азгырын ээрчигендер, динге чейинки караңгы доордогу акмакчылыктын артынан ээрчигендер. Ислам дини гана аялзатын сыйлаганды үйрөтөт. Бир эси жок эркектин айынан бүтүндөй эркекти жамандап жаткан адам, өзүнүн бүтүндөй эркек туугандарын кошо жамандап жатканы эсине келет бекен... Бир эси жок аялдын айынан бүтүндөй аялзатын жамандап жаткан адам, өзүнүн бүтүндөй аял туугандарын кошо жамандап жатканы эсине келет бекен... Хасан Басрийден бир киши: "Кызымды кимге турмушка узатайын?" - деп сурайт. Ал: "Кудайдан корко турган адеп-ахлактуу адамга бер. Жакшы көрсө урмат кылат, жаман көрсө да ага зыян кылбайт" - деген экен.... Ислам динин зөөкүрлүк кылган, терроризм жасаган кишилердин сакалы менен топусуна карап түшүнүп албоо керек. Ансыз да динди жаман көрсөтүү үчүн топу-сакалчан кишилерди терс каармандын образында чагылтып кино тартышып жатат. Ал эми реалдуу жашоодо жамандык жасаган мусулман кишилер болсо, ислам динин туура түшүнө албай жаткандар. Ислам динин түшүнбөгөн адамдар: -динди жамандайт, үйрөнүүгө жакын жолобойт -түшүнгөн адам болуп, али түшүнө элек экендигин акмактыгы менен далилдейт. -акыркы таза дин катары ар бир адамга келтирилгенин унутуп, Араптыкы деп таңуулагандан жаагы талбайт. -"топу, сакал, жоолук" булар жөн гана сырттагы көрүнүш. Динди мусулман болуп көрүнүп жаткандан эмес, мусулман болуп жашап жаткан кишиден үйрөнүү керек. Анткени азыр диндин көрүнүшүн беткап катары колдонуп жаткан тарбиясыздар көбөйүп баратат. Унутпа! Окуган намазың сени жамандыктан тыйбаса, демек жөн эле жайнамазда жатып-туруп жатасың деп ойлойм. Бул сөзүм менен окуп жаткан намазыңды дагы да такыбалык менен оку керек демекчимин. "аялың Аллахтын аманыт". Бул хадисти ар бир күйөө бала жана кайын эне түшүнгөндө келинин кордобойт эле. Демек динди түшүнбөгөн адамдын аткарып жаткан ишинин акыбети булар... Динди түлкүдөн үйрөнсөң "тоок урдаганды адал" - деп айтат эмеспи. Динди Кыргызстан Мусулмандар Казыятынын уламамалар кеңеши тарабынан көзөмөлдөн өткөн кишилерден үйрөнөлү, Муфтияттын уруксаты берилген диний фонд