Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4515   51
21.05.2020
30 күндө 30 сабак 28-күн АР КИМ ӨЗҮНҮН ЫРЫСКЫСЫ МЕНЕН ЖАРАЛАТ Баягыда бир отунчу болгон экен. Кедейликтин айынан шаарга отун терип келип, мына ошол отунду сатып күн көрчү. Бирок ар дайым отунду сатып болгону 200 сом (дирхам) сабат экен. Эч качан андан көп акча таппайт экен. Күндөрдүн биринде бир оолуя аксакалга жолугуп, аз акча тапканынан арызданып калат. Оолуя аксакал: -уулум, Аллах сенин ырыскыңды 200 сом деп жазган болсо сен эч качан 202 сом да таппайсың - деп жооп берет. Жообуна арданган киши отунчулукту таштап салып, көп акча табуу максатында кара жумуш аткара баштайт. Биро бары бир ошол эле акча табат. Күндөрдүн биринде бир колунда бар бай манапка жолугуп калат. Бай киши: -менин короомдо, багымда жумуш бар. Келип аткар, күнүнө мен сага 200 сом кызмат акы төлөп берейин-деп айтат. Оолуянын "Аллах сенин ырыскыңды 200 сом деп жазган болсо сен эч качан 202 сом да таппайсың" - деген эсине келет да: -макул барайын, бирок жок дегенде 202 сом кызмат акы бериңиз - дейт. Анын бул сунушун уккан бай киши: -жок, короомдо үйүм бош, кааласаң бекер жатып жаша. Бирок ашыкча акча бере албайм - деп жооп берет. Жок дегенде ушул жумуштан кур калбайын деген үмүт менен макулдук берет. Ошентип иштеп жүргөн кишини жумушун бай киши жактырып калат да, аны кенже кызына үйлөп, ошол үйгө жайгаштырып койот. Ошентип биз билген отунчу үйлүү болот, балалуу болот, жерлүү болот. Ушинтип отуруп байып кетет. Күндөрдүн биринде жанагы оолуяны издеп таап: -оолуям, сиз мага ушундай дедиңиз эле. Мына азыр байып кеттим, эми эмне дейсиз! - деп суроо узатат. Оолуя киши баарыбызга сабак боло турган жооп берет: -уулум, сенин ырыскың азыр деле 200 сом. Ал эми сен ээ болгон мына бул байлыктар аялың жана балдарыңдын ырыскысы-деген экен... АНДЫКТАН Урматтуу эркектер, үйлөнгөндөн кийинки ийгилик же береке жалгыз эркектики эмес. Ал ийгиликте аял менен бала-чаканын акысы бар... Идрис акын (архив фото)
4438   42
15.05.2020
30 күндө 30 сабак 22-күн КЕРЕГИ ТИЙСЕ КУБАНАМ Балдарга кылган жакшылыкты ата-энелерге кылгыла. Анткени баланын жүрөгүнө ата-эне мээримин салуучу Аллах экенин унутпаңыз. Баланызды жакшы көрсөңүз, балаңызга Аллах баласынын сүйүүсүн салат, сизди суйбой койот... Аныктан, балдарыңарга ата-энени сыйлоону көрсөткүлө, анткени куш уясында көргөнүн кылат!!! Сабр кылуучулар менен шүгүр кылуучулар бейиште... Баягыда бир көрүнүшү жагымсыз болгон кара түстүү кишиге сулуу аял турмушка чыгат экен. Бир топ жыл жашагандан кийин күйөөсү аялына "Кара сен сулуусун, ошончо жыл мага чыдап жашадын" - деп сөзүн баштады. Аңгыча болбой акылдуу аялы "Жок мен күзгүдөн экөөбүздү бейиште көрүп жатам" - деп кирет -Кандайча.... -Сиз мага жетип шүгүр кылдыңыз, мен сизге чыдап сабыр кылдым. Сабыр кылуучулар менен шүгүр кылуучулар бейиште деген хадис бар...😊-деп, жылмайып, жолдошунун желкесине башын жөлөдү.... Илимди алып аны менен жашаган адамга билимдүү дейбиз... Шайма энебиз акындык менен согушту токтотууга себеп болгон... 40 күн беш маал намазга жетишсеңиз оозуңуздан хикмат булагы оргуштап чыгат.... Жашооң кулагыңа айтылган азан менен башталгандай эле, ар бир күнүң намаз менен башталып,намаз менен аякталсын... Үй-бүлөдө эрдин айтканы же аялдын айтканы эмес Алланын айтканы болушу керек. Ошондо ошол үй-бүлө эң бактылуу үй-бүлөлөрдүн сап башында болот... Адеп жыпар жыт сыяктуу. Атырды да сен себесин башкалар рахат алгандай. Сен адептүү бол башкалар сенден рахат алсын.... Башымды сактайын десеңиз тилиңизди сактаңыз... Ийгиликтин сыры Алланын буйругун аткарууда жатат.... Андан башка нерселердин бардыгы ийгилик болуп көрүнсө да бул ааламда калуучу напсинин ийгиликтер болуп саналат. Эгерди анын баары Аллах үчүн аткарылса жана Алланын буйруктары да унутулбаса, анда бул эки дүйнөгө пайдасы тийген ийгилик болуп саналат... 15.05.20 Идрис акын
4405   72
25.04.2020
30 күнгө 30 сабак 2-күн ЖҮРӨК Күнөөкөр жүрөктөн Аллах да чыгып кетет... Жаман көргөн адамың "Идрис" - деп келсе, "Идрис дебей эле койчу"-дейсиң. Дал ушундай эле Кудай дагы күнөөдөн кайтпаган пенделердин жүрөгүнөн чыгып кетет. Натыйжада алар "Аллах" - дей албай коюшат.... ЭРКЕК Сен ЭРКЕК болмоюнча аялың да АЯЛ болбойт. Эркек эркектей болсун... Алгач сен "АЛТЫНЫМ"- де, ал дагы сага "АРСТАНЫМ" десин... АТА-ЭНЕ Адамды адам кылып тарбиялоо ташты куруудан, үйдү куруудан да маанилүү. 6 жашар балаңды чоңойгондо ААЛЫМ болсун десең, азыртадан баштап аалым менен мамиле кылгандай мамиле кыл.... Бала тарбиялоо баамдатка тургандай кыйын иш... ОРОЗО "Орозо кармоонун эң жеңили: бул кечке ачка жүрүүгө чыдоо. Эң кыйыны: тилдин, көздүн, кулактын, кол-буттун, напсинин орозо кармай билүүсү, арамдан тыйыла билүүсү". Рамазанда жин-шайтандын кол-буту кишенделген менен, напсиң өзүңдүн колуңда, аны башкаруу сана калган... РАМАЗАН СООПТУН СЕЗОНУ!!! 25.04.2020 ИДРИС АКЫН
4237   49
28.04.2020
30 күндө 30 сабак 5-күн ЭКИ ДОС: 1-китепкана 2-спортзал ЭКИ ДОКДУР: 1-шайыр жүрүү 2-спорт менен машыгуу ЭКИ СЫР: 1-эрте туруу-ден-соолуктун сыры, 2-түнкү тынчтыкта ой толгоо-ийгиликтин сыры. ОРОЗОГО АШЫК БОЛГОНДОР Нусайба энебиз орозолуу кеткен дүйнөдөн. Өлүм төшөгүнө жатканда да "орозоңузду ачыңыз" - дегендерге "Ифтарды Жаннаттан кылам" - деген.... Азырети АЛИ Али дарат алып жатканда титиреп калчу. Эмне болду- десе "Бираздан Аллах менен жолугушууга жайнамазга турам. Ошону ойлоп калтырап жатам" - деген АШКАЗАН АШКАЗАН ООРУУНУН ҮЙҮ. хадис. Анын алдын алуу үчүн напсини тыюу керек.... Напсини жеңүү үчүн Алланын буйругун такай аткаруу керек.... Бардык жумушту таштап коюп" Аллах улуу"- деп намаз окуп жатабыз, бул такыбалыктын башаты.... Такыба болуу үчүн орозо кармоо абдан маанилүү.... Бир жамандыктан кутулуп кетүү үчүн да отуз күн керек экен.... Ошондо адамда моралдык өзгөрүү болот... ЖАРЫКТЫК-КАРАҢГЫЛЫК Жакшылыктын жасалышына жарык керек, жамандыктын кенен кылынышы үчүн караңгылык керек. Периштелер да жарыкка барышат... Шайтандар карангылыкка барышат... КӨЗДҮН көрүүсү үчүн күндүн жарыгы керек! КӨКҮРӨКТҮН көрүүсү үчүн илимдин жарыгы керек! АРАМДЫ КӨП КӨРГӨН АДАМДЫН ӨЗҮНҮН ЖАРЫНА БОЛГОН СҮЙҮҮСҮ КАЛБАЙТ.... 28.04.2020 Идрис акын
4138   34
23.05.2020
30 күндө 30 сабак 30-күн КОШ БОЛ РАМАЗАН, КАЙРАДАН КӨРҮШКӨНЧӨ! Жакшы адам бергенин унутуп алганын унутпайт. Муткаждарга жардам бергендер, акыретте Пайгамбарыбыз Саллаллахи Алайхи Васаллам менен чогуу болушат. ОЙГО САЛГАН ОКУЯ Ата: -Уулум, ЭҢ ЖАКШЫ ТАМАКТЫ ЖЕ, ЭҢ ЖАКШЫ ЖЕРДЕ ЖАТ, ЭҢ ЖАКШЫ ҮЙДӨ ЖАША. Баласы: -Ата, өзү биз кедей болсок. Кантип эң жакшы тамакты жеп, жакшы жерде жатып, жакшы үйдө жашамак элем? Атасы: -Уулум, ушул айткандарымды эч качан унутпа: -таза эмгек менен, таза тамакты курсагың ачканда гана жесең, ошол тамак эң жакшы тамак. -эмгектен чарчап уктаган жериң эң жакшы жер. Мейли базар, мейли машына, мейли талаа, мейли иш бөлмөңүздөгү парта болсун, ошол жерде чарчап аз болсо да уктап калсаңыз деле ошол жер эң жакшы жер саналат. -адамдарга жакшылык кылсаң алардын көңүлүнөн орун табасың. Адамдардын көңүлүндө жашаганың- эң жакшы үйдө жашаганың менен барабар... Бүгүн элим барсыңбы фонду менен биргеликте, берешен ага-эжелерибиздин жардамы менен акча чогултуп эки үй-бүлөгө саан уй тапшырып кайттык! Мекенибизде мээримдүү жана берешен бир туугандарыбыз көбөйө берсин... БҮГҮНКҮ КАЙРЫМДУУЛУКТАН АЛГАН САБАК Ошол жерде токсондогу чоң энем айтат: -көрдүңбү, байлык топтобой дос топтош керек экен. Ушул аялдын жолдошу кайтыш болду. Алты баласы менен жалгыз калды. Бирок анын жолдошу абдан жакшы киши болгон экен. Өзү топтогон деле акчасы жок эле. Бирок анын топтогон жакшы достору көп экен, эмигече эшигинен ошол достору кетпейт. Күн алыс келип, жардам берип турушат... Андыктан, акча топтобой, Аллах үчүн дос топтогула.... Идрис акын
4130   50
19.05.2020
30 күндө 30 сабак 26-күн УСТАТ менен УСТАНЫН маеги Уста: -Бирөөнүн чала таштап кеткен ишин алып бүтүрүү өтө кыйын. Андан көрө башка үйдү башынан баштаганың жакшы-деп сүйлөнүп сөз баштады уста. Балдарга сабак берген устат болсо сөзүн ушинтип улап кетти: -Ээ балам, мен сага андан да кыйын ишти айтайынбы? Бирөөнүн чала тарбияланып ташталган баласын тарбиялоо - сен сүйлөнүп жаткан үйүңдөн 3 миллион эсе кыйыныраак... Бала эч качан сен каалагандай болбойт, бала сен тарбиялагандай болот! Өз балаңдын тарбиясынын жоопкерчилигин өз мойнуңа ал, ошондо баары жакшы болот! Балдар - жазыла элек актай баракка окшош, ак кагазда сенин гана жазгандарың көрүнөт. Балдар - бош турган эгин талаасына окшош. Эмнени эксең ошону оросуң. Эч качан бош турган жерге жүгөрү эгип, ордуна буудай жыйнабайсың... Сенин ордуңа бирөө уста, директор, инженер, механик, грузчик, таксист боло алат, бирок сенин ордуңа эч ким эч качан АТА-АПА болуп бере албайт!!! Бала тарбиялоо баамдатка тургандай кыйын иш! ДОСТОР, СОЦБАРАКЧАМДАГЫ СҮРӨТТӨР ЭСКИ СҮРӨТТӨР. ЭЛДИ ЧОГУЛТУП ЖАТКАНЫМ ЖОК! ДИНИЙ ДИПЛОМУМ ЖОК, БОЛГОНУ АР БИР МУСУЛМАН БИЛИШИ КЕРЕК БОЛГОН БИЛИМИМ ГАНА БАР. ОШОЛ ЭЛЕ МУФТИЙДИН ЖАНА ААЛЫМДАРЫБЫЗДЫН САБАГЫН ЖАЛПАК ТИЛ МЕНЕН КОРУТУНДУЛАП ЖАШТАРГА ТҮШҮНДҮРҮП КЕЛЕМ. ДИНИЙ ФАТВА ЧЫГАРБАЙМ... БИРОК, ОРОЗО 30 КҮН ТУТУЛАТ, ЖЕ КАДЫР ТҮНДӨ ДУА КЫЛГЫЛА-ДЕП АЙТУУ ҮЧҮН ДИПЛОМУ БАР ДАМЛА БОЛУУ ШАРТ ЭМЕС... ОРОЗОДО 30 КҮНДҮК САБАК БЕРҮҮНҮ МУГАЛИМ БОЛГОНУМ ҮЧҮН ГАНА КААЛАДЫМ. АНТКЕНИ ЖАШТАРДЫН БААРЫ СОЦБАРАКЧАДА ОТУРАТ. КАЛА БЕРСЕ ОШОЛ ЖАКТА МААНИСИЗ НЕРСЕ КӨРБӨЙ, ПАЙДАЛУУ САБАК АЛСЫН ДЕГЕМ...Менин эч кандай башка диндерге кастыгым жок. Каалаганым бир гана ДИАЛОГ ЖАНА ТОЛЕРАНТТУУЛУК Идрис акын
Загрузка...
4014   20
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 25-күн УЛУУЛАРДЫ УККУЛА Илим байлыктан жакшы, анткени байлыкты сен сактайсың, ал эми илим сени сактайт. Азырети Али РА Дүйнөнү көр, саякат кыл; ичине кир, бирок этият бол: дүйнө сенин ичиңе кирбесин. Хазрат Шейх Мухаммад Содик Мухаммад Юсуф Акчанын каерден келип жатканын билгиң келсе, каякка жумшалып жатканын кара. Имам Аазам Байлар байлыктын ээси эмес, байлык байлардын ээси. Диоген Базарда кайсы товар көбөйсө, анын баасы арзандап кетет. Адамдагы адеп болсо анын тескериси- көбөйгөн сайын баасы ашат. Шамс Табризий Адепти үйрөнбөй туруп, илимди үйрөнүп болбойт. Суфен Саври Туура болсоң Өсүп барып гүл болосуң Ийри болсоң Өсүп барып кул болосуң... Чыныгы байлык, мал-дүйнөнүн көптүгү эмес, напсинин токтугу. Алдынан келе жаткан малга Имамазам жол берет. Себебин сурашканда ушинтип жооп берет : -малдын мүйүзү болсо, менин акылым бар! Картайып калган кишиге : "эми карып калдыңыз, өзүңүздү чарчатпаң, дем алыңыз", деп айтышты. Ал болсо ушинтип жооп берди : -эгер бир мелдешке катышып калган болсоңуз жана маарага жакындасаңыз, секиндешет белеңиз?.... Достор жаш өткөн сайын өлкө үчүн аткара турган ар бир ишибиз атуулдук парзыбыз экенин унутпайлы Идрис акын
3943   57
25.05.2020
ОРОЗОДОН АЛГАН ОЙ АШКАЗАНДЫН КУЛУ БОЛУП КАЛГАН ЭКЕНБИЗ... АЛЛАНЫН КУЛУ БОЛУУ КЕРЕК!!! Көпчүлүк адамдар өмүр бою белгилүү убакытта эрте мененки, түшкү жана кечки тамактарды жегенди шарт деп ойлошот жана ушинтип отуруп ашказандын кулуна айланып калышкан. Ачпы, токпу, мунун мааниси жок, алар азыктана беришет. Байкуш денеге кирген ашыкча азыкты, анын үстүнө керексиз жана пайдасыз азыкты ашказан сиңире албай, дене да ооруп баштайт. Көп ооруулар ачкалыктан же жокчулуктан эмес, ТОКЧУЛУКТАН болуп жатат. Мурдагылар "адам өзүнө бычак жана вилка менен кабыр казат" - дегени туура. "Өлчөмүнөн ашыкча жээлген тамак адамды жейт" - деп туура айтылган. Биз аш казанды дем алдырбай жатабыз. Анын далили орозонун бүтөрү менен көрүнүп турат.... Ашказан, боор, ичек, өпкө, тери... ж.б.у.с. Тамак сиңирүүчү органдарга чегинен ашыкча иш жүктөп баштадык. Жыйынтыгында ашыкча иш дене мүчөлөрдү чарчатат жана иштен чыгарат.... ДЕН СООЛУК БЕКЕМ БОЛУУСУН КААЛАСАҢЫЗ АПТАНЫН БИРИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КҮНДӨРҮ ОРОЗО КАРМАГАНДЫ АДАТ КЫЛЫҢЫЗ... Орозо менен коштошпой, жаман адаттар менен коштошолу. Ал эми аптанын дүйшөмбү-бейшемби күндөрү орозо биз менен жүрсүн 😊😊😊 Майрамыңыздар менен достор! 25.05.20 Идрис акын
3792   27
29.05.2020
ТАЗА ЖҮРӨК Мектепте мугалимдин, иш канада башчыбыздын, армияда жетекчинин, үйдө ата-эненин айтканын заматта кылып, алардын алкышын алгыбыз келет да, эмне үчүн баарыбызды жараткан Аллахтын айтканын аткарып, Анын да алкышын алгыбыз келбейт? "Сен эмне буйрук берсең бер, менин андан да маанилүү иштерим бар!" дегенсип, намаз кылбастан жүрөбүз! НАМАЗ ыйман келтиргенден кийинки эң маанилүү ибадат. Баарына жооп беребиз. Керек болсо телефонуна жооп бербеген адам жок. Ким чалды экен? - деп, тааныбаган номурга да жооп кайтарабыз. Аллахтын чакыруусуна жооп бербеген жалкоо жаныбыз Жаннатка кантип кирет? Аллахка шүгүр - Аллахтын айтканын аткаруу менен билдирилет. "Намаз окубасам да, орозо тутпасам да ЖҮРӨГҮМ ТАЗА менин" - дегендер уккула: -жүрөгү таза адамдар Жараткандын буйругун аткарат!!! Ислам дини ушунчалык укмуш, оңой, маанилүү, пайдалуу, керектүү, жеңил экендигин билсек кана... Аны үйрөнбөй туруп, дин менен жашоо кыйын экен - деп татаал көрүп алдык... Китеп текчеңизде Алланы, акыретти, динди, исламды, шариятты, Куранды, Пайгамбарды, сахабаларды тааныткан жана үйрөткөн китептер да турсун... ТАЗА ЖҮРӨК - ЖАРАТКАНДЫН БУЙРУГУН АТКАРАТ! Алланын айтканын аткарбай туруп, "жүрөгүм таза" - деп айтууга шашпай туралы. Кантип байыгандын сырын үйрөткөн китептерди талашып жаткандар, кантип татыктуу жашоонун сырын үйрөткөн Курандын да маанисин үйрөнгөнгө шашалый... Аллах баарыбызга бекем ыйман берсин! ИДРИС АЙИТБАЕВ