6365 37
01.05.2020
30 күндө 30 сабак
8-күн
УЛУУЛАРГА
Мурдагылар балдарга башынан өткөн жакшы-жаманды, кыйынчылык сыноо заманды сүйлөп берген, биз угуп отурат элек. Азыр жаштарга суйлоп берген аксакал жок....баарына интернет...
акты - ак, караны - кара - деп сүйлөгөн кишини "АКСАКАЛ"- деп айтат. Сакалына ак түшкөн кишиге "ЧАЛ" - деп айтылат.
Аксакалдар азайып
Азыр бизде чалдар көп
Мына ошонун айынан
Адеби жок балдар көп... Идрис
ЖАШТАРГА
Карантинде карыяларды, ата-энени, улууну сыйлап, телефондон да көбүрөөк аксакалдын акылын, турмуш тажрыйбасын алалы! Ата-энени нааразы кылып-намазыңдан, орозоңдон, зекетиңден, умраңдан, ажыңдан, садакаңдан сооп таба албайсың. Бакытты башка жактан издебей, ата-энеңдин батаасынан изде... БИР ТУУГАНДАРГА -Акеңди сыйласаң - жеңеңе жакшы мамиле кыл
-эжеңди сыйласаң - жездеңди урматта
-иниңди сыйласаң - келиниңди жамандаба
-карындашыңды сыйласаң - күйө балаңды кадырла...
мына ушуларды түшүнбөгөн бир туугандар эки жашты эки жакка бөлүп жатышат... ЭКИ ЖАШКА
-Кайын энесинин купулуна толгон келин гана башка келиндерге караганда бактылуу жашайт. Өз энеси мактап турган келинди жаман көргөн күйөө баланын же көзү көр, же акылы анча иштебейт.
-Аял менен айтышып жаткан эркек, өзүнүн эркектик касиетин жоготот...
-Айтышпаганга үйрөн. Айтышкан эркек барибир аялынан акын болсо да жеңилет. 😊 Айтышып кетсең, кайра кучакташып жатканды үйрөнүү керек.
-күйөөңдөн сөз укпайын десең, анын көзүнө, кулагына жана мурдуна этият бол. Көз, кулак жана мурдуна жакпаган нерселерден алыс бол.
-күйөөм менин айтканымды кылсын десең, сен да анын ата-энесин жана туугандарын сыйла - жат кылба. Мына ошондо сени башында көтөрүп жашайт... Төмөнкү кишилердин намазы кабыл болбойт экен:
-эрдин ачуусуна тийген аялдын
-момун шеригине 3 күндөн ашык таарынган кишинин
-тынымсыз арак ичкен кишинин
-коому жактырбаган имамдын. Хадис
НАМАЗ, ОРОЗО, САДАКАДАН ДА ДАРАЖАСЫ УЛУУ БОЛГОН АМАЛ БУЛ- АРАЗДАШКАН АДАМДАРДЫ ЭЛДЕШТИРҮҮ. Хадис
ДОСТОР, ДОСТУККА КЫЗМАТ КЫЛАЛЫ.
анткени
ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ КЫЯНАТКА ЧЕЙИН, ЧЫНЫГЫ ДОСТУК КЫЯМАТКА ЧЕЙИН!
Кыргыз-казак достугуна көз тийбесин!
Балгынбек агабыз менен Кара-Шородон эстелик сүрөт. Атамдын батасын алып берген унутулгус күн 2019-жыл 17-июль
2020 Идрис акын