Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2041   57
26.06.2020
АКЫЛДУУ АДАМДАРГА АЛТЫНДАН КЫМБАТ КЕҢЕШТЕР Адамдын адам менен болгон мамилеси, унаанын унаа менен болгон мамилесине окшойт. эгерде өзүң менен адамдар ортосунда белгилүү даражада аралык сакталбаса, кырсык көп катталат....ар кимге ачыла бербей, сырдуу бол! *** Адамдарга ар дайым жакшы сүйлөй бербе. Анткени кээде абал үн катпай турууну мажбурлаганда, «Бизди жактырбай калыптыр, тоготпой жатат», деп күмөн санашат… *** Бир киши имам Шафинин жанына келиип, «Паланча киши сизди жамандады», деп айтат. Ошоондо имам Шафий: «жалган айтпаган болсоң, анда чакымчы (сөз ташыган киши) экенсиң. Сөзүңдүн чындыгы жок болсо, анда жалганчы экенсиң», деп айтат. Сөз ташып келген кишинин бети кызарып алыстап кетти… *** Бирөөнүн адебин билгиң келсе, аны ачуусу келгенде көр. Бирөөнүн өсө тургандыгын билгиң келсе, өзүнө жамандык кылгандарга кылып жаткан мамилесин көр. Бирөөнүн акылын билгиң келсе, анын пикирине каршы чыккандар менен жасап жаткан мамилесин көр. *** Куран китебиңдин үстүндө чаң көрсөң абалыңа ыйлагын. Ким 3 күн Куран окууну себеби жок таштаса, Курандан алыстаган болуп саналат. Макаланы окуп бүтүп, Кураныңызды да барактап коюңуз. *** Илимди үйрөнүп, бирок аны айтпаган киши байлык чогултуп, бирок ал байлыкты колдонбогон кишиге окшойт. Хадис *** Бир киши: «Аялдар бут кийимге окшош. Өзүңө ылайыктуусун тапсаң, алмаштырып ала бересиң», деп айтат. Жанындагылар ошол жердеги аалым кишиден: «Бул кишинин сөзүнө эмне дейсиз?» деп сурашат. Ошондо аалым киши: «Бул кишинин сөзү туура» деп айтат. Кандайча дегендей таң кала карап калган элге сөзүн ушинтип улантат: «Өзүн бут менен теңеген киши аялды бут кийимге теңейт. Ал эми өзүн падыша деп эсептеген киши үчүн аял киши башка кийилген таажы сыяктуу. Бул кишиге жаман сөз айтып урушпагыла, бирок өзүн эмнеге салыштырып жатканын билдирип койгула», деген экен… *** Эх адамдар! Кедейликтен корккончолук дозоктон да коркушканда, экөөнөн тең кутулушмак. Байлыкты сүйгөнчөлүк Бейишти да сүйүшкөндө, экөөнө тең жетишмек. Адамдардын сөзүнөн корккончолук, Алланын сөзүнөн да корккушканда, дүйнөдө жана акыретте бактылуу болушмак… Топтоштурган: Идрис Айитбаев
2009   16
19.05.2020
30 күндө 30 сабак 26-күн УСТАТ менен УСТАНЫН маеги Уста: -Бирөөнүн чала таштап кеткен ишин алып бүтүрүү өтө кыйын. Андан көрө башка үйдү башынан баштаганың жакшы-деп сүйлөнүп сөз баштады уста. Балдарга сабак берген устат болсо сөзүн ушинтип улап кетти: -Ээ балам, мен сага андан да кыйын ишти айтайынбы? Бирөөнүн чала тарбияланып ташталган баласын тарбиялоо - сен сүйлөнүп жаткан үйүңдөн 3 миллион эсе кыйыныраак... Бала эч качан сен каалагандай болбойт, бала сен тарбиялагандай болот! Өз балаңдын тарбиясынын жоопкерчилигин өз мойнуңа ал, ошондо баары жакшы болот! Балдар - жазыла элек актай баракка окшош, ак кагазда сенин гана жазгандарың көрүнөт. Балдар - бош турган эгин талаасына окшош. Эмнени эксең ошону оросуң. Эч качан бош турган жерге жүгөрү эгип, ордуна буудай жыйнабайсың... Сенин ордуңа бирөө уста, директор, инженер, механик, грузчик, таксист боло алат, бирок сенин ордуңа эч ким эч качан АТА-АПА болуп бере албайт!!! Бала тарбиялоо баамдатка тургандай кыйын иш! ДОСТОР, СОЦБАРАКЧАМДАГЫ СҮРӨТТӨР ЭСКИ СҮРӨТТӨР. ЭЛДИ ЧОГУЛТУП ЖАТКАНЫМ ЖОК! ДИНИЙ ДИПЛОМУМ ЖОК, БОЛГОНУ АР БИР МУСУЛМАН БИЛИШИ КЕРЕК БОЛГОН БИЛИМИМ ГАНА БАР. ОШОЛ ЭЛЕ МУФТИЙДИН ЖАНА ААЛЫМДАРЫБЫЗДЫН САБАГЫН ЖАЛПАК ТИЛ МЕНЕН КОРУТУНДУЛАП ЖАШТАРГА ТҮШҮНДҮРҮП КЕЛЕМ. ДИНИЙ ФАТВА ЧЫГАРБАЙМ... БИРОК, ОРОЗО 30 КҮН ТУТУЛАТ, ЖЕ КАДЫР ТҮНДӨ ДУА КЫЛГЫЛА-ДЕП АЙТУУ ҮЧҮН ДИПЛОМУ БАР ДАМЛА БОЛУУ ШАРТ ЭМЕС... ОРОЗОДО 30 КҮНДҮК САБАК БЕРҮҮНҮ МУГАЛИМ БОЛГОНУМ ҮЧҮН ГАНА КААЛАДЫМ. АНТКЕНИ ЖАШТАРДЫН БААРЫ СОЦБАРАКЧАДА ОТУРАТ. КАЛА БЕРСЕ ОШОЛ ЖАКТА МААНИСИЗ НЕРСЕ КӨРБӨЙ, ПАЙДАЛУУ САБАК АЛСЫН ДЕГЕМ...Менин эч кандай башка диндерге кастыгым жок. Каалаганым бир гана ДИАЛОГ ЖАНА ТОЛЕРАНТТУУЛУК Идрис акын
1964   37
27.06.2020
СССР тарагандан кийинки КРИЗИС жана ВИРУС тарагандан кийинки КРИЗИС СССР тараган кезде жокчулукка топук кылып жашаган эл элек. Барына шүгүр келтирип, ыймандын токтугу бар эле. Адамдын кадыры адеп-ахлак жана адамгерчилик менен өлчөнөт эле. Акыркы 20 жылдын аралыгында адамдар материалдык жактан бутка туруп, жашоо шартыбыз бир топ жакшы жакка өзгөрдү. Тоо башына чейин жарыктык жана жылуу суу чыгардык. Жашоо шартыбызды жеңилдеткен техникалар күч алды. Эми алдыда пандемиянын кесепетинен улам экономикалык жана интеллектуалдык чоң кризис келе жатат. Комфортко, жеңилдикке көнүп калгандан кийинки кризисти көтөрө албай калабызбы деп корком. СССР тарагандан кийинки кризисте байлар жок эле. Элдин жашоо шарты бирдей эле. ВИРУСтан кийинки кризисте байлар сараңдыгынын айынан жаман адамдардын кагылышуусуна дуушар болушат. Жамандар биригишип, жакшыларды кыйнашат. Коом бир канча бөлүккө бөлүнүп майдаланат. Улутту ойлогон улукмандар ур тепкиге алынат. Жеңил ишке көнгөн жаныбыз, оор ишке онтоп калат. Күнүмдүк тапканыбыз күнүмдүк жегендей ашпай калат. Тарбиясыздык күч алган коомдо, тарбияга чакырган кишилер жамандалат. Ата-эненин кадыры телефондон төмөн түшүп кетет. Кеп-кеңеш берилбеген коомдо жакшылык болбойт. Кеңеш берген кишини жек көргөн коомдон да жакшылык чыкпайт. Азыр интеллектуалдык, адеп-ахлактык кризис башталды. Ушуга ушунча болуп жатабыз. Бираздан кийин экономикалык катуу кризис башталат. Ал кезде кантээр экенбиз. Келечек муун үчүн чочулайм, келечек үчүн кайгырам... Идрис Айитбаев #коркуп_кетем_ойлосом #Кудай_сактасын #Мекеним_Кыргызстан #жаман_көрбөңүз
1888   18
10.05.2020
30 күндө 30 сабак 17-күн АРАМ жана АДАЛ 2-БӨЛҮМ В. КОШ МЕКЕНДҮҮЛӨР Кургакта да, сууда да жашоочу кош мекендүүлөр, мисалы, бака, ташбака, рак, краб, суу жылан, крокодил өңдүү айбанаттар адал эмес. Айбанаттардын жумурткасы менен сүтү алардын эттеринин өкүмүн ээрчийт, этин жегенге боло турган адал жаныбарлардын сүтү менен жумурткалары да адал. Эти арам жаныбардын сүтү менен жумурткалары да арам болуп саналат. Жаныбарларды «БИСМИЛЛА» АЙТЫП МУУЗДОО МАСЕЛЕСИ жөнүндө Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «Эгерде Алланын аяттарына ишенсеңер, Алланын аты аталып (мууздалган) айбандардын этин жегиле». «Алланын аты аталып мууздалбаган айбандардын этин жебегиле. Бул Алланын жолунан чыгуу». Жогорку аяттарда ачык-айкын баяндалгандай «бисмилла» айтылып мууздалбаган малдын этин жешке болбойт, т.а.: • Бир айбан эң оболу эти желчү адал айбандардан болсо; • Ислам эрежесине ылайык мууздалса; • Мусулман адамдын колу менен мууздалса гана эти желет. Ошону менен катар жалпылай көз караш боюнча еврей жана христиан диндериндеги «китептүүлөр» аталган адамдардан кай бирөөсү жагынан мууздалган жаныбарлардын да этин жешке болот. Бирок исламдык таза жашоодо «шектүү нерселерден сактануу» маселеси да негизги орунда тургандыктан мүмкүн болушунча этият болуу, б.а., жебей эле коюу купталат. «Бисмиллах» айтылып же айтылбай мууздалганы белгисиз айбан-малдардын эти жөнүндө да так ушул мамилени кармануу зарыл. Ханафийлер боюнча «бисмиллах» айтууну унутуп калып мууздалган малдын этинде маселе жок. Бирок мууздаган адам атайылап «бисмиллахты» айтпай койгон болсо ал малдын эти халал болуп эсептелбейт. ЗАРЫЛЧЫЛЫК жана АРГАСЫЗДЫК АБАЛДАР ЖӨНҮНДӨ Ачкачылык жана суусоо жөнүндө өлүп калбаш үчүн жанын сактагыдай өлчөмдө жеп-ичүү ар бир адамга парз. Адамдар ушул чектин ичинде гана намаз окуп, орозо кармап, ибадаттарын аткарганга жетише алары белгилүү. Ал эми жеп-ичкенге адал бир нерсе таба албаган адам арам нерселерден өлбөй жанын сактап калгыдай өлчөмдө жеп-ичсе болот. УЛАНДЫСЫН ОКУҢУЗ... 10.05.20 ИДРИС АКЫН
Загрузка...
1769   48
11.05.2020
30 күндө 30 сабак 18-күн СУРАНЫЧ Соц. тармактагы достор! Арак ичпейм! Орозо кармайм! Беш убакыт намаз окуйм! Зекет берем! Ажыга, умрага барып келдим! - деп коюп БИРӨӨЛӨРДҮ УШАКТАП жатабыз. Жогорудагылардын бардыгын жасап аягында тирүүлөй адамдын этин жеген менен барабар болгон күнөөгө көңүл буруп ойлонбойбуз, же коркуп да койбодук. Келгиле достор, башка бирөөлөрдү гыйбат кылган макалаларды бөлүшпөй өздөрүнө барып айталы же алардын күнөөлөрүн желкебизге артпайлы.... _______________________________________ Жаман ой жаныңды алмайынча тынбайт... Ар дайым негатив ой менен жүргөн адамды уга берсең, сенин позитив энергияңды кошо соруп салат... ЖЫЛМАЮНУ БИЛБЕГЕН КИШИГЕ БАКЫТ ДА ЖЫЛМАЙБАЙТ ________________________________________ ЭЧ КИМГЕ КИМ ЭКЕНДИГИҢДИ ДАЛИЛДЕБЕЙ ЭЛЕ КОЙ. СЕНИН ЖАМАНДЫГЫҢДЫ КӨРГҮСҮ КЕЛГЕН АДАМ ЖАКШЫЛЫКТАРЫҢДЫ ЭЧ КАЧАН КӨРӨ АЛБАЙТ... АДАМ АКЫЛЫ ЖЕТКЕН НЕРСЕНИ ГАНА КӨРӨТ. ДАГЫ ДА КӨП АКЫЛДЫ ТАЛАП КЫЛГАН НЕРСЕ МУРДУНУН УЧУНДА ТУРСА ДА КӨРӨ АЛБАЙТ... Көзүнө бирөөнүн кемчилигинен башка нерсеси көрүнбөгөн КӨРЛӨР көбөйүп баратат.... ___________________________________________ -Сен үчүн качан майрам? -мен үчүн БИР КҮНҮМДҮ КҮНӨӨСҮЗ ӨТКӨРҮҮ майрам. АЛЛАНЫН БУЙРУГУН КЫНТЫКСЫЗ АТКАРУУ майрам... ___________________________________________ Алынган аманатты бергенге шашылг ыла!!! -аке карызга акча берип турасызбы? -алгач КОЛУМДУ өп, анан жардам бергенге аракет кылам -эмнеге КОЛУҢДУ өбүшүм керек -анткени берген акчамды сенден кайра алуу үчүн мен сенин эртең БУТУҢДУ өбүшүмө туура келет... Бардыкы өтүп барманда Жоктуку өтөт арманда Ар кыл адам көрөсүң Алты күндүк жалганда Ар кишинин айрыкча Билген менен кылыгын Биле албайсың а бирок Ичиндеги былыгын.... ДОСУҢА КАРЫЗГА АКЧА БЕРБЕ ЖЕ ДОСУҢДУ ЖЕ АКЧАҢДЫ ЖОГОТОСУҢ. БАЛКИМ ЭКӨӨН ТЕҢ ЖОГОТОСУҢ!!! (ТУУГАН ДЕЛЕ УШУНДАЙ) ТУУГАН ЖАНА ДОС АКЧАДАН БИЙИК ТУРУШУ КЕРЕК. ОРТОГО АКЧАНЫ АРАЛАШТЫРЫП БИЙИК ДОСТУКТУН ЖАНА ТУУГАНДЫКТЫН КАДЫРЫН ЖОГОТПОГУЛА!!! (берчү болсоң жөн эле жардам кылып бер. Ошондо жаның кыйналбай, тескерисинче рахат менен рахмат алат) Берип жаман көрүнбөй, бербей эле жаман көрүнгөн жакшы экен... Бирөөгө аманат бергенден корккон заманда, кыздарын аманат берип жаткан аталарды аяймын😔😔😔 11.05.2020 Идрис ак