1717 26
13.03.2020
Балаң үчүн оку жана бөлүшүп кой
Балам үчүн жашап жатам, балам болбогондо эчак эле жыйыштырып коймокмун баарын-деп напсинин сөзүнө алданып, шайтандын тузагына түшпө. Балдарыңа бооруң ачып жатса ук анда. Ортоңордогу ызы-чууну көрүп чоңойгон баланын жан дүйнөсү ансыз да талкаланып чоңойот. Бала үчүн жашап жатам деген жалган шылтоо менен баланы кошо кыйнап жатасыңар. Ата-эненин ортосундагы көңүлсүз, бактысыз жашоого курчалган балаланын бактылуу балагы кошо талкаланат. Балам үчүн жашап жатам - дебе мага, балалыгын талкалап туруп. Өзүңдү бактылуу сезмейинче балаң бактылуу болбойт эч качан. Балаңдын бактылуу балалыгын өзүң менен кошо талкалабай, жашоону жакшы жакка өзгөртүү өз колуңда турат.
Аялыңды болушунча сүй же барынча сүй, кандай болсо ошондой сүй. Күйөөңдү болушунча сүй, жоктон бар кылып сүй. Унутпа Аллах Таала силерге жаман көрүнгөн нерсенин аркасына жакшылыктарды жашырып койгон... Үй-бүлө чырын үшкүрүнүп ар кимге айта бербей, сабыр жана акыл менен элдешип, жакшы жакка чечиңиз... Ата-энени баласы үчүн аткара турган эң чоң жакшылыгы, АТА МЕНЕН АПАНЫН БИРИН БИРИ СҮЙҮҮСҮ ЖАНА СЫЙЛООСУ.
13.03.20 ИДРИС АКЫН