Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2009   16
19.05.2020
30 күндө 30 сабак 26-күн УСТАТ менен УСТАНЫН маеги Уста: -Бирөөнүн чала таштап кеткен ишин алып бүтүрүү өтө кыйын. Андан көрө башка үйдү башынан баштаганың жакшы-деп сүйлөнүп сөз баштады уста. Балдарга сабак берген устат болсо сөзүн ушинтип улап кетти: -Ээ балам, мен сага андан да кыйын ишти айтайынбы? Бирөөнүн чала тарбияланып ташталган баласын тарбиялоо - сен сүйлөнүп жаткан үйүңдөн 3 миллион эсе кыйыныраак... Бала эч качан сен каалагандай болбойт, бала сен тарбиялагандай болот! Өз балаңдын тарбиясынын жоопкерчилигин өз мойнуңа ал, ошондо баары жакшы болот! Балдар - жазыла элек актай баракка окшош, ак кагазда сенин гана жазгандарың көрүнөт. Балдар - бош турган эгин талаасына окшош. Эмнени эксең ошону оросуң. Эч качан бош турган жерге жүгөрү эгип, ордуна буудай жыйнабайсың... Сенин ордуңа бирөө уста, директор, инженер, механик, грузчик, таксист боло алат, бирок сенин ордуңа эч ким эч качан АТА-АПА болуп бере албайт!!! Бала тарбиялоо баамдатка тургандай кыйын иш! ДОСТОР, СОЦБАРАКЧАМДАГЫ СҮРӨТТӨР ЭСКИ СҮРӨТТӨР. ЭЛДИ ЧОГУЛТУП ЖАТКАНЫМ ЖОК! ДИНИЙ ДИПЛОМУМ ЖОК, БОЛГОНУ АР БИР МУСУЛМАН БИЛИШИ КЕРЕК БОЛГОН БИЛИМИМ ГАНА БАР. ОШОЛ ЭЛЕ МУФТИЙДИН ЖАНА ААЛЫМДАРЫБЫЗДЫН САБАГЫН ЖАЛПАК ТИЛ МЕНЕН КОРУТУНДУЛАП ЖАШТАРГА ТҮШҮНДҮРҮП КЕЛЕМ. ДИНИЙ ФАТВА ЧЫГАРБАЙМ... БИРОК, ОРОЗО 30 КҮН ТУТУЛАТ, ЖЕ КАДЫР ТҮНДӨ ДУА КЫЛГЫЛА-ДЕП АЙТУУ ҮЧҮН ДИПЛОМУ БАР ДАМЛА БОЛУУ ШАРТ ЭМЕС... ОРОЗОДО 30 КҮНДҮК САБАК БЕРҮҮНҮ МУГАЛИМ БОЛГОНУМ ҮЧҮН ГАНА КААЛАДЫМ. АНТКЕНИ ЖАШТАРДЫН БААРЫ СОЦБАРАКЧАДА ОТУРАТ. КАЛА БЕРСЕ ОШОЛ ЖАКТА МААНИСИЗ НЕРСЕ КӨРБӨЙ, ПАЙДАЛУУ САБАК АЛСЫН ДЕГЕМ...Менин эч кандай башка диндерге кастыгым жок. Каалаганым бир гана ДИАЛОГ ЖАНА ТОЛЕРАНТТУУЛУК Идрис акын
6188   26
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 24-күн ТУУГАНЧЫЛЫКТЫН БЕРЕКЕСИ Эки нерсенин акыбети инсанга өтө тез берилет. 1. Эгерде тууганчылыкты уласаңар анын берекеси жашооңордо тез байкалат. 2. Эгерде тууганчылыкты үзсөңөр, бой көтөрүп сүйлөсө же зулумдук кылса, ал анын азабын тез эле өз көзү менен көрөт. Тууганчылыкты улаган адамга Аллах Таала 3 белек берет. 1. Өмүрүн узартат 2. Ырыскысын кенен кылат 3. Жаман өлүмдөн сактайт Тууганчылыкты улоо дегенге шарият белгилеп берген бардык туугандар кошулат. Тууганчылыкты улоо Аллах Таалага өтө жагымдуу амал. Үйдөгү адамдар күнөөкөр болсо да алардын ынтымактуулугунан бала-чака жана мал-дүйнөнү көп берет. Ошондуктан сиз карап көрүңүз, канчалаган адамдар намаз окушпайт. Алланын өкүмүнө каршы келген үрп-адаттар менен жүрүшөт. Ошого карабастан, өтө бай жана балдары да көп. Анын себеби алар бири-бири менен ынтымакта жашашат. Күнөөкөр пенделерге да Аллах Таала ушундай белектерин берет.... Идрис акын
4014   20
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 25-күн УЛУУЛАРДЫ УККУЛА Илим байлыктан жакшы, анткени байлыкты сен сактайсың, ал эми илим сени сактайт. Азырети Али РА Дүйнөнү көр, саякат кыл; ичине кир, бирок этият бол: дүйнө сенин ичиңе кирбесин. Хазрат Шейх Мухаммад Содик Мухаммад Юсуф Акчанын каерден келип жатканын билгиң келсе, каякка жумшалып жатканын кара. Имам Аазам Байлар байлыктын ээси эмес, байлык байлардын ээси. Диоген Базарда кайсы товар көбөйсө, анын баасы арзандап кетет. Адамдагы адеп болсо анын тескериси- көбөйгөн сайын баасы ашат. Шамс Табризий Адепти үйрөнбөй туруп, илимди үйрөнүп болбойт. Суфен Саври Туура болсоң Өсүп барып гүл болосуң Ийри болсоң Өсүп барып кул болосуң... Чыныгы байлык, мал-дүйнөнүн көптүгү эмес, напсинин токтугу. Алдынан келе жаткан малга Имамазам жол берет. Себебин сурашканда ушинтип жооп берет : -малдын мүйүзү болсо, менин акылым бар! Картайып калган кишиге : "эми карып калдыңыз, өзүңүздү чарчатпаң, дем алыңыз", деп айтышты. Ал болсо ушинтип жооп берди : -эгер бир мелдешке катышып калган болсоңуз жана маарага жакындасаңыз, секиндешет белеңиз?.... Достор жаш өткөн сайын өлкө үчүн аткара турган ар бир ишибиз атуулдук парзыбыз экенин унутпайлы Идрис акын
2472   29
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 23-күн БАЙ жана УСТА Баягыда колу гүл устага колунда бар БАЙ киши бир кооз үй салдырат экен. Эмгегин аяктаган УСТА байдын келип үйдү кабыл алуусун суранат. Үйдүн абдан кооз, кыялындагыдай салганына ыраазы болуп, уста менен маектешип сыртка чыгат. Бай киши, эмгек акысын күтүп турган устага: - мобул үйдүн каршысында турган бош жерге дал ушул үйдүн шеригин сал, анан сүйлөшөбүз" - деп кетип калды. Акчасын ала албаган уста айла жоктун айынан экинчи үйдү баштайт. Үй бүткөнгө чейин: "ушунча үйү бар, бул үйдү эмне кылат, башына тартабы?" - деп, байдын акылы жетпеген жана көрбөгөн жерлерин эптемей кылып, арзан материалдар менен бүтүрүп салат. Экинчи үйдү бүтүрүп, аягына чыгарып байды чакырат. Келген бай экинчи үйдү биринчи үй менен салыштырып, таң кала тиктеп айланып чыгат. Уста болсо, кемчилигин сезбей калса экен-дегендей ой менен үн катпай артыраакта басып бараткан. Бир убакта сыртка чыгып: -устам, колуң дард көрбөсүн. Абдан сонун иш жасадың. Экинчи үйдү каршылык кылбай жасаганыңа да абдан ыраазы болдум. Чынында бул үйгө муктаждыгым жок. Мен аны сендей колу гүл уста менен коңшу болгум келип жасаттым. Ачкычын ал, бул менден сага белек болсун-деп айтат. Ачкычын колуна алган уста үн катпай катып калат. Тилинде рахмат айтып, көзүндө кубанычын билдирген менен ичинде өзөгүн өрттөгөн жалгыз бир ой: "эгерде мен экинчи үйдү өзүм үчүн салып жатканымды билгенимде, биринчиден да кымбат материалдарды колдонмокмун, каап"... Достор, жогорудагы окуядан ала турган сабак чоң. Биз да бул дүйнөдө убактынчалык калуучу үйүбүз менен алаксып, акыретте бара турган үйүбүздү унутуп калбайлы. Ал үйүбүз Аллахтын колдоосу менен буюрса орозо кармагандар үчүн убада кылынган РАЙЯН эшигинен кирип, ФИРДАВСТЫН төртүндө болсун иншаллах. Идрис акын
3273   35
30.04.2020
30 күндө 30 сабак 7-күн ЖЕТИ ОЙ 1-ой Даарыны убактында ичкенге аракет кылгандай эле, намазды да убактында окуганга аракет кылыңыз. Убакыт бар али - деп убакыттын акырына, же али жашмын - деп өмүрдүн акырына сүрө бербеңиз. Намаздын жашоодогу орду, баштын денедеги орду сыяктуу. 2-ой бийик тоого же имаратка чыктым же болбосо палан мамлекетке бардым деп мактанабыз. УНУТПАҢЫЗ Жайнамазга чыгара албаган, же мечитке алып келе албаган бутуңуз ЖАННАТКА АЛЫП БАРА АЛБАЙТ. Аллах баарыбызга бекем ыйман берсин. 3-ой АДАМДЫ АЧКАЛЫК ӨЛТҮРБӨЙТ, ТОКЧУЛУК ӨЛТҮРӨТ. Ар дайым ток болгон адам моралдык жана материалдык жактан ооруй баштайт. Ашказаны толо болгон адамга баян, кеңеш таасир бербейт. Эң кымбат асыл ойлорду айтсаң да акылга албайт. Себеби ашказан толук, көз менен көңүлү өлүк болуп калган. Рамазан өлүк жандарды тирилтсин😔Иншаллах. 4-ой Адамдын денеси да бир фабрика сыяктуу, ал эми анын дене мүчөлөрү, ички органдары фабриканын иштеп жаткан жабдуулары сыяктуу. Орозо болсо, ошол фабриканын дем алуусуна, бузулбай жакшы иштөөсүнө жардам берет. Денедеги чогулуп калган зыяндуу майлар, туз-таштардын, семирүүдөн улам пайда болгон ашыкча салмак жана эттер жоголот. Бүгүн ашыкча салмактан арызданган адамдар көп. Бул орозонун көзүңүзгө көрүнгөн сүйүнүчү, ал эми акыреттеги Алланын бере турган сүйүнүчүн Аллахтан бөлөк эч ким билбейт. Бирок орозолууга убада кылган Фирдавсына- Райянына жетүү баарыбызга насип кылсын иншаллах. 5-ой -Түногон уйдун түтүнүн сыйла, кенешкен кептин бүтүмүн сыйла -Кепти баамы менен уккан адам сөздү даамы менен сүйлөйт... -жок болсо эгер сабырың, жоголуп кетет кадырың... Идрис 6-ой Теңчиликти мактайбыз Тентип издеп таппайбыз Теңчилик ал МАЗАРДА Мазар жакка баспайбыз!!! Идрис Акчалуу коркпойт базардан Ыймандуу коркпойт мазардан Момун болсоң бул айда Көп шүгүр айт Кудайга... Идрис 7-ой Бирөөгө осуят айтсаң осуяттын тартибин сакта. Биринчи өзүнө айт. Элдин көзүнчө шермендесин чыгарба... Сен мындай кылдың деп эсептешип (разборка) убактыңарды коротпогула. Эсептешүүгө Аллах атайын кыямат күндү коюп койгон.... ОШОЛ ЭСЕПТЕШҮҮДӨН ЭТИЯТ БОЛОЛУ .... ЭРКЕК Эркек жекеме жеке чыгам дейт, сен мага чыкпай жайнамазга чыгып ал. Чыкчы эркек, эки саат чыга аласыңбы, э
Загрузка...
541  
04.10.2019
ЖАШООДОГУ ЭҢ ЖАКШЫ МАМИЛЕ Илгери апаларыбыз тамак жасаса болгону бир эле чыны ашыкча суу куюп, тамак бышкандан кийин бир чыны тамакты кошунага жеткирип келет элек же көбүнчө: "бүгүн мен тамак жасайм, Калинса силер биздин эле үйгө кирип жегиле. Тамак жасабай койо бер" - деп кошуналар бир-бирибиздин үйүбүзгө үйүлө калчубуз. Кошунадан бир нан алсак, кайтарып берээрде бир нанга бир токоч кошуп кирчүбүз... Үйдө туз-чай түгөнүп калган болсо :" бар Гулжамал, Надира жеңеңден сура, болбосо Макпурат чоң апаңа бар"-дейт эле😊😊😊😊 Абдулла бин Мубарак деген сахабанын жөөт кошунасы бар эле. Ошол жөөт үйүн 2000 динарга сатам деп турса ошол үйдү алгысы келген мусулман киши: "Эмне мынча кымбат, бул айылда үйлөрдүн баасы бир миң эле динар го" - деди. Жөөт :"Миң динар үйдүн баасы, ал эми миң динар Абдулла бин Мубарактын кошуналык болгон баасы" - деген экен... Эгер сени кошунаң жакшы десе, анда сен Аллахтын назарында да жакшысын, эгер сени кошунаң жаман десе, анда сен Аллахтын назарында да жамансын" - хадис... Жашоодогу эң жакшы мамиле - кошуналар менен болгон мамиле экенин унутпаңыздар!!! 04.10.2019 Идрис акын
614  
04.10.2019
ДОСТОР БАР Достор бар - дооруңду сүрө турган Достор бар - үстүңдөн күлө турган Достор бар - оорууңду сезип турат Достор бар - бооруңду эзип турат Достор бар - баткактан сууруп чыгат Достор бар - башыңды кууруп чагыт Достор бар - көңүлүң ачып кетет Достор бар - кайгырсаң качып кетет Достор бар - алыстап кеткиң келбейт Достор бар - кыйналсаң эч ким келбейт Достор бар - мектептен кошулбаган Достор бар - жаныңда отурбаган Достор бар - чакырсаң барам деген Достор бар - бергенин алам деген Достор бар - сыйыңды билип алган Достор бар - сырыңды илип алган Достор бар - досмун деп сыйлаша алат Достор бар - кошкун деп ыйлата алат Достор бар - туугандан артыгыраак Достор бар - душмандан тантыгыраак Достор бар - ишиңе жарап турат Достор бар - акчаңды карап турат Достор бар - мечитке чакырышкан Достор бар - мойнуңа асылышкан Достор бар - сиз дейсиң, мактай турган Достор бар - издейсиң таппай турган Достор бар - кейишке сала турган Достор бар - БЕЙИШКЕ бара турган!!! Идрис акын 10.04.2019 Жума майрамыңыздар менен достор! 04.10.2019 Идрис акын
3312   47
29.04.2020
30 күндө 30 сабак 6-күн 6 кеңеш 1-КЕҢЕШ Ар ким өзү сүйгөн кесипти тандасын, же өзү сүйгөн жумушту аткарсын. Анткени СҮЙГӨН ИШТЕН ДЕНЕҢ ЧАРЧАСА ДА РУХУҢ ЧАРЧАБАЙТ... 2-КЕҢЕШ МАКСАТ МЕНЕН АРАКЕТ БИРИККЕНДЕ ГАНА ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ. Антпегенде ар ким максат коюп кыялданып отура берет. Америкага баруу максатым, бирок... 3-КЕҢЕШ МУГАЛИМДИ БАРКТАБАГАН ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ ЖОК! Усталар үй курат, мугалимдер мекен куруп жатканын унутпоо керек. Устаз ата-энеңден улуу-деген улуулардын кебин унутпоого чакырам... 4-КЕҢЕШ ЧЫНЫГЫ ЖЕТИМ ата-энеден айрылаган адам эмес. Чыныгы жетим адамгерчиликтен, адеп-ахлактан жана билимден айрылган адам. Бүгүн адамзаттын мына ушул жетимдик менен алсыздап турган учуру. Акылы күчтүү бирок адеби жок кишини жаштарга өрнөктүү деп айтуу кыйын. Мекенди акылдуу бирок адепсиз жандар сактап кала албайт! Адеп-жыпар жыт сыяктуу. Атырды да сен себесин башкалар рахат алгандай, адептүү бол-башкалар сенден рахат алсын жана ыраазы болсун 5-КЕҢЕШ РАХМАТ АЙТЫП РАХАТ АЛ. УРМАТТУУ УЛУУЛАР: -салам бергенге, -колуңа суу куйганга, -автобуста орундук бошотуп бергенге, -ооруңду көтөрүшкөнгө, -жумушуңа жардамдашканга, -сизге жакшылык кылып жаткан жалпы ЖАШТАРГА "РАХМАТ БАЛАМ" - деп айтуудан эринбесек. Жаштардын кылган жакшылыгын, жалпыга угузуп "рахмат, азаматсың балам. Өмүрүңдөн береке тап, көп жаша. Ата-энеңе рахмат"-деп айта берсек. Аны уккан башка жаш балдар "мен да ушинтип жакшылык кылам" - деп ойлонот, ал эми жашкылык кылган киши, кылган ишинин жыйынтыгын көрүп кубанып жашайт. Рахмат айтууга жарабаган, өрнөктүү болгондун ордуна, же өзүн, же сөзүн эптей албаган улуулар жаштарды күнөөлөбөй өзүбүздү жакшы жакка өзгөртүү керек... 6-КЕҢЕШ ОРОЗО ДЕНЕНИ ДЕМ АЛДЫРТАТ Иштеп жаткан ар бир техниканы белгилүү учурда токтотууга, майларын алмаштырууга мажбурсуз. Антпесе узак иштей албай калат. Окуучу да бир аптада бир эс алууга чыгат, жумушчу да дем алууга жатат. Ооба, дем алып турбаса, бирдей аракет жана ийгилик болбойт. Адамдын денеси да бир фабрика сыяктуу, ал эми анын дене мүчөлөрү, ички органдары фабриканын иштеп жаткан жабдуулары сыяктуу. Орозо болсо, ошол фабриканын дем алуусуна, бузулбай жакшы иштөөсүнө жардам берет. Денедеги зыяндуу заттарды жоготот.. ИДРИС АКЫН