Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
10614   532
26.02.2020
Жакында эле бир аты чыккан ырчы менен инстаграм жөнүндө баарлашып калдык... Сурайт: "Катталуучулардын санын кантип көбөйтүп жатасың? Гивдерге катышыппы?" дейт 🤔 "Жоок, катыша элекмин. Атайлап деле чара колдонгон жокмун. Болгону чын дилимден жан дүйнөмдөгү сөздөр, окуялар менен айтып, жазып бөлүшүп турам. Баарлашам. Кимге кызык болсо катталып жатышса керек..." - деп жооп бердим. Анда ал: "Андай болсо лайктарыңдын саны ар бир сүрөттө жок эле дегенде 10 миңден ашып туруш керек болчу" дейт 🤔 Мен: "Ааа биздикилер лайкка деле анча көңүл бурбайт окшойбуз. Эң башкысы кеңеш сураганда айтып, жакшы саамалык менен бөлүшкөндө жакшы сөздөр менен алкашып турабыз. Ошондон дем, күч алып турам." дедим. "Мммм😌" деп эле калды. Анын сыңарындай, мен го сиздердин бар экениңиздер жана мени менен экениңиздерге эле ыраазымын😇🤗 Бирок, лайктарыман, комментарийлеримден бери карап, көз салып тургандар бар экен, ошого тиги бурчтагы жүрөкчөнү деле баса жүргөнгө бара-бара көнүп деле калсак керекпи дееееп ойлоп койдум эле, өзүмчөөө отурупчу...🤔☺️😊 (эл көзүнө дейм да) 😌☺️ Баарыңыздарды лав ю го, а так 😇🤗💐 Бейпил түн каалайм 🧚‍♂️🧚‍♂️🧚‍♂️
Загрузка...