Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9407   414
09.02.2020
Урматтуу жүргүнчүлөр👮 ✈️ Орундуктарга жакшы эле жайгашып алдыңыздарбы? Анда сиздер быйыл бир канча ыр, клип, дуэт ырлар менен коштолгон саякатка күбө болосуздар. (Буюрса 😇🙏) Учуу сиздерге жагымдуу маанай тартуулайт деп ниет кылам. 🤗 Учагыбыз бүгүн өз ордунан козголуп, учууга камынып жатат.👮 Сиздерден болгону биз менен экениңиздерди билдирип турууңуздар гана керектелет. Анткени, биздин учак бензин менен эмес, сиздердин кубаттоочу сөздөрүңүздөр менен от алып, энергияга айландырып учуп кете берет. 😇😊✈️ Андыктан даяр болсоңуздар, ушул сүрөттүн алдына каалаган смайлик менен же сөздөр менен билдирип койсоңуздар болот.(Лайкты унутпаңыздар, ал болсо учакка май болуп берет😋) Биз менен учуп жатканыңыздарга ыраазычылык. Экипаж командири: @azamatberdibekuulu Летчик: @gulnaz_chynybek_kyzy Кана, учтук анда... 1... 2... Үүүч... 🛫🛫🛫✈️✈️✈️
9044   131   182647
27.03.2020
Ырчылар үйдө отуруп эле күйөрмандарына онлайн концерт тартуулай башташты. 1. Биринчи видеодо сиздер @almazshaadaev менен @nurmat_sadyrov дун Дуэт концертин көрө аласыздар. Бул концерттин өзгөчөлүгү: атактуу ырчылар бири биринин Хит ырларын аткаруусунда болду. (Алмаз Нурматтын ырын ырдаганын тасмага түшүрүүгө жетишпей калдык) 2. Экинчи видеодо болсо @aiganyshabdievaofficial онлайн концертинде обон созуп жатканына күбө болосуздар. Бул кеченин алып баруучусу катары @samat.erkinbekov_ кызматта болду. Гитарада жана бэк-вокалда @adilet_erkin болгон өңдөнөт. 3. Үчүнчү видеодон сиздер "Күттүм ай" деп сыздаган @i_am_johnny__ мырзанын концертине туш болосуздар. Ырчы мырза да четте турбай өз күйөрмандарын жандуу аткаруу менен кубантып жатты. 4. Ал ортодо бул жолку туулган күнү карантинге туш болгонуна нааразы болгон @shergazy_turdukulov өздүк майрамын инста- достору менен онлайн белгиледи. Куттуктоолор жаап жатты. Буюрса, кийинки туулган күндү тынч заманда, оору сыркоосуз, чоң компанияда тосууга буюрсун деп тилек кылалы. Акыркы эки саатта жыйналган кабарлар мына ушулар болду. Кийинки чыгарылыштан көрүшкөнчө аман туруңуздар. Шоу- бизнестин свежий жаңылыктарын биздин гана баракчадан алгачкылардан болуп көрүп туруңуздар. Гульназ Чыныбек кызы, атайын инстаграм колдонуучулар үчүн 😁😉🤗
8805   1600
30.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Суйунчу!!!😇😥🥰 Жашоомдогу суйунучтуу кабарым менен болушо турган кун келгенине толкунданып турам!😇🥰 Бул кунго канча убакыт, аракет, мээнет, эмгек жумшадым, канча тиленип, канча куттум...😥 Бишкектен батирлуу болдуууум😇😇😇😥😥😥🥰🥰🥰 Кимдир бироо учун болгону бир квартира болушу мумкун... Бирок, мен учун асман тиреген особняк болбосо да ак мээнетим менен жылдап чогултуп, жеткен жашоомдогу чон жетишкендигим 😇🙏🏻 Мындан бир топ жыл мурун бироо мага: «Бишкектен квартира сатып аласын» десе ишенбесем керек эле🤭 Андан бери канча суулар акты, жашоо канча ийледи, калчады, канча бурулуштарга бурду... Журналист болуп иштедим... Чет жакта официант да болдум... Сатуучу , кийинчерээк соодагер да болуп кордум... Кудайым ушул учурга жазып , насип кылган экен... Кубанычымда чек жок, толкунданып дагы, кубанып дагы, ыйлагым келип дагы турам...😌😌😌 Ушул кубанычымды сиздер менен болушпогондо ким менен болушом😇🤗🥰 Баарыбыздын тилегибизди берсин!🤲 Жакындарыбыздын жанында , корголой турган баш паанегибизде , амандыктын доорун суруп журо берууну насип кылган болсун!!!🙏🏻🙏🏻🙏🏻
Загрузка...