Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
8303  
24.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Йээээ достор 😇😇😇 400 000 болуп кетиппиз гооо💃💃💃 Мынча сонун 🤗🤗🤗 Эми бул миллион эмес, бирок мен миллиондой эле сүйүнүп жатам гооо эмнегедир 😇🤗 Анткени, менин чыгармачыл жолума кайдыгер эмес замандаштарымдын саны эми төрт жүз миңге жетти 🤗 Эми жылуу сөз айтып колдоп, эргүү берип, сын пикир айтып чыңалтып, сунуш айтып алдыга сүрөп турган катталуучуларым менен 400 миңге көбөйдүк. Инстаграм - жөн эле социалдык тармак болгону менен, менин алгачкы кадамдарымдан баштап чоң таасир алган, кубат алган, чыгармачылык жолдун негизги бир бөлүгү болуп калды. Бул үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем! 😇🙏 Көбөйгөнгө жеткирсин, ылайым! 🙏 Буюрса, ар бирибиз кайсыл тармакта эмгектенсек дагы чоң ийгиликтер күтүп турган болсун!🙏 Ишибиз илгерилесин! Үй бүлөңүздөргө бакыт ыроолосун! Көп жашап, көп балалуу болуңуздар! Көбөйүшүп эле жүрө берели! Кана анда, ошол үчүн сокторду кагыштырып алып жиберели 🥂🥂🥂😁 (Тост айткысы келгендер болсо кезек сиздерде 🥂😁) Баарыңыздарды жакшы көрөм 😇🤗🙏 Урматтаган жөп-жөнөкөй эле кызыңыздар Гульназ Чыныбек кызы 😇🤗
8091  
29.11.2019
Достоооор😇😇😇 Кубанычтуу кабааар💃💃💃 Оооо немечииии Гульназ Чыныбек кызы @ktrkmuzyka каналдын жыл жыйынтыктоочу номинациялардын экөөсүнө кошулуптур даааа, прикиньте😇💃 Кечээтен бери качан айтсам, кантип айтсам деп толкундаганский😅😜 Ошол тизмеге кошулсам эле утуп чыккансып сүйүнөм го 😀🤗😇 Сүйүнчүлөп сториске жүктөп койсом, сиздер добуш берип кечээтен бери эки номинациядан тең биринчиде турабыз😇💃😎 Бирок, азырынча сүйүнгөнгө эртерээк. Анткени добуш берүү 5-декабрга чейин жүрөт экен. Демек, сиздердин колдооңуздар өтө керек болуп турган кез,достор 😇🤗 Көптөп жиберсек ФИНАЛга өтүп кетишибиз деле мүмкүндөй болуп турат 😇 Кантип добуш берсе болот экенин сториске жарыялап коёюн. Сиздер болсо(татыктуу деп эсептесеңиздер) добуш берип басканда канча процент болгонун кайра келип комментке жазып коюңуздар ээ😇🤗 Рахмаааат😇🤗🙏 Кеттик андааа🤗
Загрузка...
7942   454
27.02.2020
Бул Пост болсо үйдө отурган айымдарга арналат ☝️ Анда кеп башынан болсун... Бир жума мурун үйгө келдим, айылга. Апам эс алганча лечение алып алсын деп Жалал-Абаддын курортуна жайгаштырдык. Апамын үйдөгү ролун мен аткарып турмай болдум. Учурда үйдө атам, апам, анан эки небереси болуп турушат да. Башында ойлодум : "Үйдө эмне кыйраткан деле жумуш жок го, жөн эле справлюсь" депчи. Эки күн катар кечинде той Ошто. Атаман неудобно болуп сурап, кайткыча шашам. Уктагыча барып калайын(төшөк салып берейин) деп. Жетишпей калам, келгиче уктап калышат. Андан кийин эки күн катар сьемка Ошто, дагы неудобно болуп сурап, айткан саатыма келе албай калып, үйгө жеткиче кыжаалатмын "Курсактары кантти экен. Атама дагы уят болдум, Үйдө деле болбойт экен деп жатса керек..." депчи. Анан эртеден кечке үйдө. Вроде бы иш деле жок. Бирок эрте менен бирөөсүн бала бакчага жөнөтүп, бирөөсүн мектепке жөнөтүп, үй жыйнамыш болуп, кир-пир жууп, обед кылып, идиш жууп, биртике мал карамыш болуп, кайра эле кечки тамакка урунуп, берип кайра идиш жууп....... Ой кыскасы, кыйратып кылган иштен деле дайын жок чарчап калгандай болом 🙊 Тообо... Ошого жөн эле айтып коёюн дедим эле : Үйдө отурган апакелер, бар болгула!!! Силерге ДАҢК!!! Көп жашагыла! Келе жаткан майрамыңар менен!!! Ал эми аялы үйдө отурган мырзалар: "Кечке үйдө отурасын, эмне кылдың?" дебей жүргүлө🙏 Үйгө келгенде "Канттиң, алтыным, жакшы отурдуңбу?" деп жылмайып кирип жүрүңүздөр ☺️😊 Ошооо, Апама жана жалпы үй кожойкелерине сүрөттөгүдөй башымды ийип коёюн дэээп келип калдым эле...☺️😊 Сүрөт үчүн @kudaiberdi_moidunov рахмат айтам 😘 Макияж : @zerkalo_kuzgu.kg Прическа: @rasull_abdurashitov
7864  
24.11.2019 Osh, Kyrgyzstan
Бүгүн дагы эки тойду ачып, жаштарды алып кирүү насип кылыптыр🙏 Биринчи видеодо: Сиздер айткандай кайнене шашпай келиндин жүзүн ачып, эки беттен өөп ак жоолугун салып, анан баласына да калпак кийгизип, аны да өөп куттуктап койду. 🤗 Бегай аяш энемдин баласы менен келини бактылуу болгула!!!🤵👰 Экинчи видеодо: Биринчи жолу өзүмөн да бою узун кызды алып киришим👸😇🤗 Кыргыздын Кызсайкалындай статная кыз экен. Барган жериңден бакыт тап🙏 Ырас эле, байкадыңыздар да ээ жаңы формамды 😇 Жактыбы? Бул кышкы сезонго тигилген жылуу улуттук көйнөгүмдү да @ai.shabdanova сулуум тигип берди. Рахмат, алтын кыз 🤗😘 Ал эми Макияжым менен чачымды жасатыш үчүн @zerkalo_kuzgu.kg бардым дагы :"Бүгүн жаңы форма презентация кылам. Ошого ылайык ар дайымкыдай сонун жасап бересиздер ээ" деп @kumarasatarova_ эжеге Макияж, @rasul.hairstylistt чач-жасалга жасаттым🤗 Рахмат сиздерге дагы 🤗 Ошоо🤗😇🤗