Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7425  
21.01.2020
Мындан 10-15 жыл мурун... Биздин студент кезибиз... Эми билесиздер, студент кезде күлгүн курак бирок каражат тартыш болот го көбүнчө. Анан ошондо да айласын таап жатаканага "Доширак"тан бирден порция алып келип, нан менен эле курсакты тойгузуп алып, кафеге жөнөп калат элек 😅. Кыздар менен барып бир салат, бир фанта заказ кылып ортого коёт элек дагы(стол пустой турбасын деп) танц.полго чыгып өлө бийлейт элек 😄 Музыка башталгандан бүткөнгө чейин такыр отурбайт элек 😅 Ал кезде клуб дегенди деле билчү эмес экенбиз.(Билсек деле ал жакка көп акча кетмек да 😄😋) Болгондо да жалаң кыргызча анан англисче ырларды коюшчу эле кафеде. Ошол кезди эстесем эле элесиме "Эркем аааййй, Жалгызым жаааным, Жыл өткөн сайын, Сүйүүм күчөгөөөн..." деп кыйкырып кошулуп ырдап, бийлеп жатканыбыз көз алдыма келет. Анан "Музыкальный часть бүттү, отургула" дешпейт эле, болгону "Түнү бою уктабастааан, ойго батааам..." дегенди коюп коюшат эле, өзүбүз эле жакшына болуп шашып барып отуруп алат элек(жалаң кыздарбыз да). Айтайын дегеним кыргыз эстрадасына жаңы муун кирип келе жатканда @ilyaz_abdyrazakov_official дагы ийгиликтүү кадам таштаган. Ошол кезде эле ар бир ырына ооруп укчу элек. Мен курактуулардын эсинде болуш керек 😊 Көрсө биз азыр аракет кылып жаткан ийгиликти @ilyaz_abdyrazakov_official ошондо эле багындырып койгон экен. 😇 ______________________________________ Ильяз, бүгүн канчанчы туулган күнүң экенин билбейт экем. Бирок, ийгиликтин чокусуна Жап-жаш эле кезиңде жетип койгон экениңди билем. Ошондой болсо да бүгүнкү күнгө чейин адамгерчилигиң сакталып, жөнөкөйлүгүң менен үлгү экениңди бул чөйрөгө аралаша баштагандан кийин билдим. Кыскасы, красавчик✊ Үй бүлөң менен амандыкта жүр! Бакубат өмүр сүр! Туулган күн кут болсун! 👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏
Загрузка...
7268     134079
26.11.2019
(Жар-жарды толук жүктөңүзчү деген сураныч ээлери үчүн толук видео) Бүгүн эки жашты алып кирип келатып кайненеси жоолук салган жерине келип калдык. Карасам кайнене жүзүн ачпай эле салган атат(толкунданып жатат да). Анан мен жардам бере коёюн деп колум кыйла эле чуркап барды эле... Анан кулагыма: "Сен келиндин жүзүн ачканга акың жок да" деп жазган өөөткөнкү бир комментарий жаңыра түштү эле, ошол жерден фатаны кармаган боюнча токтоп калдым эле кайнене сразу илип кетип, ачып анан салып койбодубу😊😅😇 "Ухххх" дебедимби 😊🤗 Мени жүрөк заада кылып коюпсуздар эй 😅🙊🤗 Бирок ошентип мен билбеген Минус, Плюстарды жазып тура бериңиздер ээ, ошентип барып бышам да 😇🙏 Ааа Ырас эле, @murat_jaliev_official Тамашасына көңүл бөлбөңүздөр ээ Ушундай үч тамадалуу чоң тойду баштадык, буюрса Тамадалар: @murat_sarykov9 @murat_jaliev_official @ali_ibragimovich777 Ресторан: Кайнар Уланбек&Касиет 🤵👰 _____________________________________ Ал эми күндөгүдөн өзгөчө чач жасалганы @rasul.hairstylistt Жүзүмдү болсо күндөгүдөй @zerkalo_kuzgu.kg эжем ажарлап берди 🤗😘 Той боюнча : 0773457000