Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7008   467
25.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Йэээээ достоооор😱😱😱 Мен жумуштар менен алек болуп журуп «Сагынарсын Дагы»нын Ютубга жазылган комменттерин бугун эээми окуп чыктым🤭🤭🤭 Тимеле «Третья Мировая Война» болуп кетиптир гооо🙊🙊🙊 ⠀ Бул эмне деген шумдук??? ⠀ Клиптин режиссеру эмне десе баарын кылганга аракет кылдым. Техника, образдар, кийим, актерлор, бийчи кыздар даже аксессуарларга чейин детально иштеп чыктык. ⠀ Чынын айтайын, чыгармачылыгымдагы эн коп каражат кеткен клибим болду. Бардык чыгымды болжолдуу эсептегенде💵💵💵 $5000 га чамалап барды. Буга чейинки клиптеримден айырмалансын, алдыга карай осойун деп болгон кучту жумшадык. ⠀ Анан бугун карасам элееее ызы-чуу го🙊🙊🙊 Эки тарап болуп уруш го Ютубдагы комменттерде🤭 Бир тарап «Дуйнону багындырып жаткан бир ырчы топтун клипине 1-2 кадр окшош экен» деп ызы чуу салышыптыр🤭 Экинчи тарап «Каяктагы тааныбаган эле чет олколук топ учун фанат болбой, озгоруу жасаганга аракет кылган озубуздун ырчыларды колдобойсунарбы» деп мага болушуп жазышыптыр. ⠀ Наркы тарап ото агрессивдуу экен. Дизлайктарды коюшуп, тигилер учун жанын бергенге даяр сыяктуу го🙊 ⠀ Ал группаны мен да тааныйм, жана чыгармачылыгын сыйлайм! Ошондой Дуйнолук Шоу Бизнести багындырып жаткан Миллиарддаган акчага💵 тартылган клипке менин 5000 долларлык клипимди салыштырып жаткандарына бир чети сыймыктандым жана кубандым !!!🥰🥰🥰 ⠀ Бир чети «биз андай озгорууго даяр эмес окшойбуз. кыргызча эле образдарда даяр эле жерлерге барып клип тартып журо берсем окшойт» деп дагы капаланып кеттим😥 ⠀ Бул клип менден озгочо образдарды, озгочо стилди куткон корормандар жана угармандарым учун тартылды. Андыктан ооооткондо суйлошкондой колдоонуздарды сезгим келип жатат. Сториске ссылка коюп койдум. Youtube дан клипти коруп, лайк коюп👍, жакшы комментериниздерди жазып коюнуздарчы😌 Тигилер билишсин мени деле колдоочулар коп экенин🙈 Болбосо окуп алып бир сыйра депрессия болуп кетейин дебедимби 😟. ⠀ Ал эми ушунча мээнет кеткенин байкап, мен менен кошо кубанып, колдоп коштоп пикир жазып, видеолорду тартып, отметка кылып жаткандарга оооооло чооон рахмат айтам😘😘😘 Сиздер бар — Гульназ Чыныбек кызынын чыгармачылыгы бар жана осо берет, буюрса ✊🏻✊🏻✊🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻
6795     147128
17.01.2020
Анткени, бүгүн Ош шаарында өз орду бар @parliament_studio нун жетекчиси Кыял иним түндүк көтөрдү. 🤵👰 Анан эки жашты тойканага алып кирүү милдетин мага тапшырды. Мен болсо @zerkalo_kuzgu.kg бардым дагы Расулга "чачымды өзгөчө жасап берчи, бүгүн жакшы көргөн иним үйлөнүп жатат" деп ушундай жасап, Кумара эжем макияжды келтирип, @arzubek_vonama тиккен өзгөчө формамды кийип жөнөдүм. Анан албетте @gul_tashkent_official эжекемдин калеминен жаралган "Сүйүнчү жар-жар" менен эки жашты алып кирдим, кубаныч менен 🤗🤗 Баары ойдогудай болду (кирип баратканда көйнөгүм илинип калды эле, сыр бербей чыгарып койдум 😉), ошол эле болбосо 😄 Андай да болуп туруш керек да анча-мынча деп жоруп койдум. 🤗😇 Келиндин жүзүн ачканда Жоолуктун мотурайып жарашканын айтпаңыздар 🤗 Бир сүйүнөм өзүм келин алып жаткандай 😇 Эки жаш бактылуу болсун! Эхххх, ошондой достор, ар бириңиздердин жашооңуздар да той көп болсун!
Загрузка...
6736   262
24.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Тааныбаган адамдарга капа болуп калдым бүгүн 😏 "Үйдө отургула" деген сөз айтыла берип жөнөкөй эле сөз айкашы болуп баратат окшойт, кээ бирлерге...😒 Бир тууган эжем лечение алып ооруканада. Ага керектүү каражаттарды алып баруу үчүн жөнөдүм. (Такси менен.) Жолдо баратып шаардын көчөлөрүн карадым. "Эмне болуп жатат? Элдер жокпу? Эмнелер иштеп же иштебей жатат?" депчи... Адамдар негизи демейдегиден азайыптыр. Аялдамаларда турушат, жарымында беткап (маска) бар, жарымында жок. Аларга "мейли, өтө зарыл жумуштар менен жүрүшсө керек" деп өтүп кеттим. Капа болгонум, ачуум келгени Парктардын скамейкаларында маска тагып алыыыып отурушат 😠 бей-капар! Паркта бүтүрө турган кандай зарыл жумуш болушу мүмкүн?! Дал ошол отургучтардан, четтеринен, эл көп жерден вирус бат жана кенен таркайт, ошондуктан үйдө отургула деп какшап жатышпайбы 😖 Көңүл кош мамиле кылбайлычы! "Автоматтарды алып, өз жаныңарды тобокелге салып согушкула. Ошентип душманды жеңгиле!" деп жатышкан жок го! Болгону чыдап үйдө отуруп туруу гана талап кылынып жатат. Вирустун жайылып кетпешин гана камсыз кылып турсак, ошончолук тез жеңип чыгат экенбиз, буюрса ✊✊✊ Ал эми чыдап үйдөн чыкпай отургандар, жарандык милдетти аткаруу менен биргеликте, мамлекетке жана дарыгерлерге жардам берип жатабыз деп өзүңүздөрдү өзүңүздөр алкап, мактап коюп отуруп туруңуздар ✊ Өлкөбүздө эртерээк вируссуз жашоо келсин 🙏🙏🙏
6724  
24.12.2019
Анда, кыздар, мен Ошко учуп жеткиче пайдалуу кабар менен тааныштырып өтөйүн😇 Сапаты сонун бирок баасы жөндүү кийим издеп жүргөндөр үчүн табылга ☝️☝️☝️ @mani_magazin кожойкеси өзү Турция жана Гуанджоудон кийим алып келип, аз эле процент кошуп сатып жатыптыр. Шашылып барып 1-2кийим алайын деген суммага 2пакет кийим алып чыктым 🙊🙊🙊 Ишенбегендер өзүңүздөр баш багып көрүңүздөр 🤔 Айрыкча, студент кыздар жана балалуу айымдар сиздерге жагат деп ойлойм 🔥👍 @mani_magazin ге сөзсүз барып өзүңүзгө жаккан кийимди алып кетиңиздер🤗 Анда чакан конкурс кыла коелу э😇 ❄️Ушул постко лайк басып ❄️@mani_magazin баракчага катталып ❄️Комментарийге "Катышам" деп жазып ❄️Үч курбу кызды белгилеп коюңуз Анан бооолду, @mani_magazin ден каалаган кийим утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз🤗 Конкурска катышпагандар деле катталып коё бериңиздер, өздөрү да тез-тез конкурс уюштуруп турушат экен. Ошооо, достор, баарыңыздарды жакшы көрөм 🤗😘 Жеңүүчүнү түз эфирде бирге тандайбыз 🤗
6627   268
16.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Образ Жарашыптырбы?😇 Ошентип, достор, сиздердин күтүүңүздөрдү бир аз болсо да актайын деп өзгөчө клип тартуунун үстүндөбүз😇🤗 Чыгарма дагы башкача мотивде, насип кылса сиздерге жагат деген үмүтүм бар.🙏 @timur_saliev_production командасы айтты: "Сен биздин айткан идеяларга көнүп, жакшы изденип, бизге жардам бер. Өзгөчө клип тартып берели..." дешти эле макул болдум. Анан эле клип тартуу учурунда өзүмдү өзүм күзгүдөн көрүп араң тааныдым 😁🙈 Андан сырткары тартуу учурунда ар түрдүү күтүүсүз бурулуштар болуп кетип жатат.🙊 Клип үчүн кандай гана кадамдарга барбайбыз деп коюп болгон аракетимди жумшап жатам. Буюрса, эртең да калган бөлүгүн тартабыз. Жакшы тилектер менен алкап туруңуздарчы😇🤗🙏 Өзүмдүн да, сиздердин да купулуна толо турчудай эмгек жаратып алууну насип этсин 🙏 Жалпы клип үчүн 40-50гө жакын адам иштеп жатат... Жалпы идея @timur_saliev_production таандык. @bek_jumakadyrov тартып жатат. @erlan_mamajanov ар дайымкыдай чач стилист, жана колдоочум болуп жүрөт. Ал эми кийим образдар @arzubek_vonama мода үйүнөн даярдалып жатат. Клип бүткөндө дагы толук маалымат жазам, буюрса 🤗 Бардык аракетибиз сиздер үчүн, угарман, көрөрмандарыбыз🤗🤗🤗
6595  
05.01.2020 Manas International Airport
Кайрадан Ошко жөнөдүм✈️ Саат 5 те уча турган рейске билет алынган экен. 🎫Мен болсо эмнегедир 1саат 45 мүнөт эрте келип алыпмын ☺️ "Эмне болсо да жакшылыкка" деп коюп отурам, күтүп 🙃 Бүгүн Ошто көп чыгармачыл адам катышкан той болот, буюрса 🤵👰 Ал @daniyar_ermatov менен @aisalkyn_sadykova нын өкүл уулу @aktilek_universal дын келинчеги менен үйлөнүү үлпөт тою. Данчик, Айсалкын өкүл уул,кыз кут болсун! Түбөлүк бирге болуп, көп жаш үй бүлөгө үлгү болуп, сүйүүнүн символу болуп жүргүлө!👩‍❤️‍👨 _______________________________________ Актилек өткөндө ватсаптан "Тойго чакырууңуз жеттиби?" деп сураптыр."Жоок, алган жокмун" десем "Азыр жөнөтөм" деп жөнөттү сүрөткө тартып. "Эээ укам, почерк (кол жазма) кантет почерк😅" деп голосовой жөнөтсөм, жөн калмак беле Тамашоучу да "Главное почерк эмес, душа го, абже, же почеркке карап мамиле кыласызбы 😅" деп каткырат 😅 "Подчеркиңди оңдоп кел деп тойго келбей коюп жүрбөң анан, Машинада баратып жаздым" деп күлдүрөт😅😅😅 Ошо, достор, ошол Универсал командасынын күлдүргүчү @aktilek_universal тин тоюна жөнөдүм, ошентип... Демек, Сторис компаниясынан сиздерге көп билет алып койдум. Даярданып турунуздар, артист-көйнөктөрүңүздөрдү кийип дегендей,😊 кечинде тойго алпарам😇🤗