Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
874   64
17.03.2020
💐Билесиңби, сен жөнүндө ойлонгонумда, бул дүйнө мага бир тыйынга да арзыбай калат. Сен бул өмүрдө да, тиги дүйнөдө дагы бактылуу болсоң болду дейм. ⠀ 💐Бир Кудайдан башка эч ким билбейт. Сен жөнүндө бүк түшүп кыйналганымды, көз жашымды агызганымды. Жараткандын эшигин такылдатып өзүмө эмес, сага бер деп жалбарганымды. ⠀ 💐Эч кимге көрсөтпөй сүрөтүңдү алып, улам өзгөрүп баратканыңды көрүп, колумдан эч нерсе келбесин билсем да санааларга батканымды. ⠀ 💐Бир жолу кышкы суукта сыртка чыксам, артымдан бир жылуулук келип жатты. Күндүн нуру го деп этибарга албай, бурула калсам сен турупсуң жылмайып. Көрсө сенин жылмайып турган мээримиңдин алдында Күндүн жылуулугун кеп кылып кереги жок тура. ⠀ 💐Менин мүнөзүм ушундай экен. Баарын ичиме сактап, сыртыман сүйүүмдү ачык билдире албай жүрө берем. Бирок менин сүйүүм чексиз экенин билесиң. Кучактап жыттаганымда бир керемет ааламга түшүп калгандаймын. ⠀ 💐Турмуш биз ойлогондой болбойт тура. Эл айткандай көр оокат деп жүрүп көп учурда алыстап кетем. Дайыма жаныма ээрчитип жүрө албайт экемин. Бирок жүрөгүмдүн төрүндө жүрөгүңдү бөпөлөп алып жүрөм. ⠀ 💐Жатып алып кыялданам десең. Бейиште чогуу жүргөнүбүздү. Жапжашсың, супсулуусуң. Дагы эле эркелеп сүйүнүп алгам. Кайра жаздыкта ойлорго чөмүлүп жатканымды билгенде, күбүрөнөм: Кудайым кыялдарымды дуба катары кабыл кыла көр деп. ⠀ 💐Узун өмүр каалайм, ден-соолук тилейм. Бирок бул айткандарым жетишсиздей эле сезилет. Сүйүүм балга айланса татып көрүп билер элең. Махабатым гүлдөй кулпунса жыттап алып сүйүнөт болчусуң. Бирок менин арзуумдан дагы, сенин мага деген ашыктыгың чеги жок жогору турарын билем. ⠀ 💐Мендей акылсызды кечир. Бир чындык бар. Баардык мен тапкан кубанычтар, бактылуулуктар сенин сүйүүң аркылуу келди. Сенин мага айткан бир сөзүң эле, менин деңиздерди жарып өтүп, тоолорду ашып баарын багынтканга жетет. Анткени ал сөздү сенден башка эч ким эч качан айтпайт. Кашымда аман жүр жаным апакем... ⠀ Жеңишбек Жумакадыр
1338   63
13.05.2020
Билесиң да ⠀ Сен менин билесиң да кыялымды, А түгүл эртең эмне кылаарымды. Байкабай күнөөлөргө батып алып, Кайрадан кечиримди сураарымды. ⠀ Сен менин билесиң да алсыз жагым, Көкүрөк жүрөгүмдү дат кылбагын. Бактылуу балдарымдын үйүмдөгү, Эч качан азаптарын тарттырбагын. ⠀ Сен менин билесиң да сезимимди, Жалдырап каккылаймын эшигиңди. Энеден төрөлгөндөй кубандырып, Ким берет сенден башка кечиримди? ⠀ Сен менин билесиң да кейишимди, Буздурба ортодогу келишимди. Мусулман калкы менен сүйүндүрүп, Көргөзгүн ата-энеме бейишиңди. ⠀ Сен менин билесиң да сүйөөрүмдү, Бирге кыл өмүрлүк жар - түгөйүмдү. Күйгөндөн узак жылдар алыс калып, Буюргун “фирдауста” күлөөрүмдү. ⠀ Сен менин билесиң да наристемди, Азрейил эркелетип алып кетти. Жытына тойдура көр акыретте, Кареги көкүрөктө калып кетти. ⠀ Сен менин билесиң да жетпегеним, Толгонуп ичтен сызып эстегеним. Келгенче периштелер сабырым бар, Жолугаар акыретте көксөгөнүм. ⠀ Сен менин билесиң да кечээгимди, А түгүл качан өлүп кетеримди. Аманат калтырамын гүлдөтө көр, Ыйманга Ала -Тоодой мекенимди. ⠀ Сен менин билесиң да сураарымды, Түнү ыйлап кандай кулдук кылаарымды. Саждада жанымды алып келме менен, Жеңил кыл кабырдагы сурагымды. ⠀ Сен менин билесиң да ырларымды, Өтө алсыз жардам күтүп турганымды. Миллиондун ыйманына себеп кылып, Таттыра көр акыретте жыргалыңды. ⠀ Жеңишбек Жумакадыр
1115   52
11.03.2020
💐Дайыма Күн нуру жайыла баштаганда аз болсо дагы садака бер. Анткени ал күнөөлөрдү кетирет, бардык кырсыктардан алыстатат. Жүрөгүңдү жумшартып, ырыскыңды көбөйтөт. ⠀ 💐Бир иштин майын чыгарып иште. Улам бир нерсени тандап өмүрүңдү текке кетирбе. Ийгилик акырындан тамчыдай тамып отуруп океанга айланат. ⠀ 💐Болоор-болбос иштерге эле чаң-тополоң сала бербе. Көз коркок, кол баатыр. Көзүң жетип, жүрөгүң сезсе чоң иштерди баштай бер. ⠀ 💐Эсиңен чыгарба: ачка болсоң тоюнасың, чаңкасаң суусунуң канат, оорусаң айыгасың. Кейий бербе. Эгер ажалың келген болсо, оорубай, чаңкабай деле өлөсүң. ⠀ 💐Жүрөк кадимкидей чарчайт. Сен кээде таттуу же кычкыл жегиң келип калгандай эле, жүрөк дагы азыктанууну каалайт. Анын азыгы китеп окуу. ⠀ 💐Уул-кыздарыңды көбүрөөк жыттап өпкүн. Анткени алардын сүйүнүчү, толкунданган сезимдери үчүн Жараткандын сага мээрими төгүлөт. ⠀ 💐Адамдар жашаган жерде сөзсүз ууланган сөздөр жебедей учуп жүрөт. Сен андайларга дайыма даяр жүр. Сен аларга эмес, Кудайга эсеп бересиң. ⠀ 💐Миллиондогон акчанын ээси, кээде автобуста баратканын көрөсүң. Бир аз тыйындуу болуп, жардамчыларды ээрчиткен мактанчаак жан дүйнөсү кедей адамды Жараткан жактырбайт. ⠀ 💐Качыр төөдөн сураптыр: Сен эмнеге менчилеп чалынбай басып баратасың деп. Төө айтыптыр: Мурдуңдун учун карабай тээ алысты карап бассаң чалынбайсың деп. ⠀ 💐Кыла турган иштериңди кагазга жаз. Жазылган кыялдарың тагдырга айланат. Тагдырга айланган тилек сөзсүз башыңа келет. ⠀ 💐Анан эмес, эртең эмес. Азыр тур дагы Жаратканга сөз бер: Болду жакшы адам болом! ⠀ 💐Күйдүм-сүйдүм азгырма сүйүүлөр бекер өмүрүңдү гана алат. Үй-бүлөңдү берекеге ороп сал. Жылмай, жылмайт. Эркеле, эркелет. Айланаңдагы бакытты алыстан издебе. ⠀ 💐Көзүң өтөөрдө балдарыңа ушундай айта тургандай жаша: Силер менден уяла тургандай эч бир жаман иш кылбадым. ⠀ 💐 Эч качан бирөөнүн кемчилигин жарыя кылып шылдыңдабагын. Сенин кемчилигиңди Кудай кааласа ачыкка чыгарып койот. Чапсаң чабыласың, сөксөң сөгүлөсүң. Не жасасаң сөзсүз бир күнү өзүңө кайтып келет. Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
Загрузка...
2101   48
05.03.2020
Чыныгы куттуктоолор, календарга байланышпайт. Окуп үйрөнөсүң, бирок сүйүп түшүнөсүң. Иттердин достугу, ортолоруна сөөк ыргытылганчалык убакыт. Менин гана дартым бар деп ойлобо. Сендеги дартка шүгүр кылып жашагандар бар. Бүт нерсенин бүтүшү болгондой эле, бүт нерсенин кайра башталышы бар. Сен үчүн башкасын саткан, бир күнү сени да сатат. Кимге ашык болгондугуңдан, ким экениң билинет. Ашык болгонуңа булут болсо да жет. Ашык болбогон жандан, периште болсо да алыс кет. Тыкылдаткан ар бир эшик дароо ачыла берсе, үмүт менен сабыр жаратылбас эле. Бизге көңүл эмес, көңүлдү көрө турган жүрөк керек. Чаң болду го деп, кийимиңди силке бербе. Анын да пайдасы бар. Ар инсан жамгырдын тамчысы сыяктуу. Кээси ылайга, кээси гүлдөргө түшөт. Колуң сындыбы? Кейибе, Алла сага канат берейин деген чыгар. Оюңдагыдай көргөзбөсө, күзгүнү эмес, өзүңдү оңдо. Жаннатты чындап кааласаң, жалган сүйлөбө жана душманың болсо да башканы эч качан жамандаба. Топтогон Жеңишбек Жумакадыр