Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
649   30
22.03.2020
💐- Урматтуу Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу? - Кайсынысын жасасаң деле - баары бир өкүнөсүң, - дептир акылман. ⠀ 💐Дагы бири дал ушундай суроо берсе, Сократ дептир: " Эч нерсеге карабай үйлөн. Аялың жакшы чыкса бактылуу болосуң, жаман чыгып калса ойчул болосуң." ⠀ Сократ күйгөндөн айтыптыр: " Адамдарды терең тааныган сайын, итимди кадырлай баштадым" ⠀ 💐Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөндөгүдөй телеграмма жөнөтөт: «Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!» Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: «Ашкере мактап койдуңуз». Бернард Шоу кайрадан телеграмма жиберет: «Мен пьесаны айтып жатам». Анда, актрисанын жооп телеграммасы: «Мен дагы». ⠀ 💐Марк Твенге бир тааныш келин арызданыптыр: - Түшүнсөм өлөйүн: күйөөм кээде - эркектей, кээде - катындай. - Бул - тукум куучулук, - дейт Марк Твен. - Күйөөңдүн эзелтен келаткан тукумдарынын теңи - эркек, теңи - катын экенин унутпай жүр. ⠀ 💐Бернард Шоуго бир бейтааныш жигит кайрылыптыр: - Атактуу юморист жазуучунун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы? - Чын, - дейт Шоу. - Анда, сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз? - Аны айтыш кыйын... Тукум куубаган учурлар деле болот тура. Мына, сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек. - Албетте. - Бирок, сиз деле атаңызды тартпай калыптырсыз да. ⠀ 💐- Сиз канча акча тапсам деп кыялданасыз? - деп сурашат бир жолу, Бернард Шоудон. - Коңшуларым ойлогондой. ⠀ 💐Италиянын улуу композитору Россини отузга чыкканда Милан шаарынын шаардык кеңеши ага эстелик тургузууну чечет. - Ал эстеликке канча каражат кетет? - деп сурайт композитор. - Үч жүз миң лир. - Үч жүз миң лир?! - деп шыпшынат Россини. - Анда мындай кылбайлыбы: бул акчаны мага эле бергиле, мен Миландагы ошол эстеликтин ордуна күн сайын эки-үч сааттан туруп берип жүрөйүн. ⠀ 💐Улуу композитор Шарль Гуно көкүрөгүн урган бир жаш музыкантка акыл айтыптыр дешет: - Өнөрдүн өрүн улам өрдөгөн сайын эски мастерлерди баалай баштайсың. Мен сендей кезимде «Мен элемин!» дечүмүн. Жыйырма төрткө чыкканда: «Мен жана Моцарт» деп калдым. Кыркка келгенде: «Моцарт жана мен» дей баштадым. А азыр болсо: «Моцарт» дегенден башканы айтпайм.
906   27
09.03.2020
💐Адамдагы аруулук алыстады. Эми көрүнөбү жокпу белгисиз. 💐Ар кимдин чайына шекер болбоңуз. Шекер эригенден кийин ишиңиз бүтөт. 💐Эй, адамдардын айыбын издеп, аны жайган киши! Бейишке кирсең деле ал жерде сенден башка тикен табылбас. 💐Ушунчалык сонун адам бол. Бирок аны далилдеш үчүн эч качан убакыт коротпо. 💐Инсандык бир жыл мода болсо, кандай болор эле. 💐Адамдын бийиктиги сүйлөгөнүнөн эмес, жасаган ишинен билинет. 💐Дүйнөдө кемчиликсиз эки инсан бар: бири өлгөн, бири төрөлө элек. 💐Көздөн ыраак болгон, көңүлдөн ыраак болот дешет. Мен айтам: Көңүлгө кирип, көздөн ыраак болсо не болот... 💐Галстуктун түрүн тагын. Калыстыгың болбосо аларың иттин каргысынан айырмасы жок. 💐Ар ким билгенин гана сүйлөсө, дүйнө ушунчалык тынчтыкка бөлөнөт эле. 💐Сага түндүн бир оокумунда эшигиңди тыкылдатып, жолоочу же аргасы түгөнгөн жардамга муктаж адам гана келет. Сен да ушул мезгилде колуңду жайып Жараткандан каалаганыңды сура. 💐Жок дегенде бул дүйнөдө инсандык калсын. Биз ансыз деле кетебиз. 💐Кээде коркуп да кетем. Бири чыгып: бир да жолу калп айтпаган ким бар деп сураса, кол көтөрө албай туруп беребизби деп. 💐Кандай болсоң, ошондой көрүн. Кандай көрүнсөң ошондой бол. 💐Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу. 💐Жетилгенде балаңды күнөөлөбө. Ал сенин издериң менен басып келген. 💐Кечирүү жана унутуу- жакшы адамдардын өч алуусу. 💐Белгилүү бир акмак, караңгы акмактандан өткөн акмак болуп саналат. 💐Көрүнгөн акчалууга барып жагалданган адам- шыпаасы жок жаман оорудай. 💐Ар бир көңүлдүн жүз эшиги бар. Туура таба билүүгө таза көңүл керек. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
Загрузка...
749   25
07.11.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
💐 Дешкен экен кайрандар: ✍️ Биздин убакта адамдар өзүн актоо үчүн түркүн сөздөрдү ойлоп таба алышат. Бирок, жөнөкөй эле " Кечир, мен адашкан экенмин " - деген сөздү айтуу алда канча татаал. ✍️ Кээде жалгыз болгон да жакшы. Себеби, эч ким сенин көңүлүңдү ооруталбайт. ✍️ Мен досторду пикир келишпестиктин айынан жоготушат деп ойлогом, а алар убакыттын өтүшү менен өздөрү эле кайдадыр жуурулушуп кетишет тура. ✍️ Адамдын баарына жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок анда эч кимге жамандык кылбоо мүмкүнчүлүгү бар. ✍️Сүйүү - бул эки тараптуу сезим. Эгер бирөөсү гана сүйсө, анда бул - ооруу. ✍️Таарынычтар кетет. А ишенимдер кайтпайт. ✍️Эгер адам оорууну сезсе, демек ал - тирүү. А эгер адам башка бирөөнүн ооруусун сезсе, демек ал - АДАМ! ✍️Достук - бул бриллиант сымал. Өтө сейрек кездешет, кымбат турат, а жасалмалары абдан көп. ✍️Эч качан жалаа менен мактоого өзгөчө маани бербе. Ич күйгөндөн жалаа жапса, боор ооругандан мактап коюшу мүмкүн. ✍️Махабат согуш сыяктуу. Башталышы оңой, бүтүшү кыйын, зыяны узак жылдар сакталат. ✍️ Кызыңа башка бирөө жакшы мамиле жасашын кааласаң, анда аялыңа да жакшы мамиле жаса. Ал да бирөөнүн кызы. ✍️ Эч качан өзүңдү төмөн ойлобо. Сенден даражасы жогору адамдардын да, бир кемчилиги болот. ✍️ Эгер чөгө турган болсоң, бир гана бакыттын деңизине чөк! ✍️ Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан жакшы. ✍️ Бийикке чыгып баратканыңда, жолуңдан кездешкен адамдарды таарынтпа. Анткени, ылдый кулап жатканыңда, кайра эле алар менен кезигесиң. ✍️ Сырткы кебетеңе карап баа бергендер, демек алар тереңдик эмне экенин түшүнүшпөгөндөр. ✍️ Каталардан качыш үчүн, тажрыйба керек. Бирок, тажрыйба болуш үчүн, адашуу керек. ✍️ Өзүнүн жеке жашоосу жок адамдар, бирөөнүн жеке жашоосуна кызыгышат. ✍️ Жоготуп алган кезиң — жоготуу эмес, жоготуп алганыңа өкүнгөн кезиң — чыныгы жоготуу болот. ✍️ Мамилелер дүрбү сыяктуу. Кимдир бирөөнү алыстатса, кимдир бирөөнү жакындатат. ✍️ Бакыттын эң жөнөкөй сыры — эч качан ден соолугуңду, аялыңды, маянаңды бирөөнүкү менен салыштырба. ✍️ Жакшы адамды таануу оңой эле: Анын жүрөгүндө кайгы, а жүзүндө күлкү. ✍️ Сен көрүп турган нерсе, сенин кандай караганыңдан көз каранды.