Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
901   2
14.05.2020
💐Адамдагы аруулук алыстады. Эми көрүнөбү жокпу белгисиз. ⠀ 💐Ар кимдин чайына шекер болбоңуз. Шекер эригенден кийин ишиңиз бүтөт. ⠀ 💐Эй, адамдардын айыбын издеп, аны жайган киши! Бейишке кирсең деле ал жерде сенден башка тикен табылбас. ⠀ 💐Ушунчалык сонун адам бол. Бирок аны далилдеш үчүн эч качан убакыт коротпо. ⠀ 💐Инсандык бир жыл мода болсо, кандай болор эле. ⠀ 💐Адамдын бийиктиги сүйлөгөнүнөн эмес, жасаган ишинен билинет. ⠀ 💐Дүйнөдө кемчиликсиз эки инсан бар: бири өлгөн, бири төрөлө элек. ⠀ 💐Көздөн ыраак болгон, көңүлдөн ыраак болот дешет. Мен айтам: Көңүлгө кирип, көздөн ыраак болсо не болот... ⠀ 💐Галстуктун түрүн тагын. Калыстыгың болбосо аларың иттин каргысынан айырмасы жок. ⠀ 💐Ар ким билгенин гана сүйлөсө, дүйнө ушунчалык тынчтыкка бөлөнөт эле. ⠀ 💐Сага түндүн бир оокумунда эшигиңди тыкылдатып, жолоочу же аргасы түгөнгөн жардамга муктаж адам гана келет. Сен да ушул мезгилде колуңду жайып Жараткандан каалаганыңды сура. ⠀ 💐Жок дегенде бул дүйнөдө инсандык калсын. Биз ансыз деле кетебиз. ⠀ 💐Кээде коркуп да кетем. Бири чыгып: бир да жолу калп айтпаган ким бар деп сураса, кол көтөрө албай туруп беребизби деп. ⠀ 💐Кандай болсоң, ошондой көрүн. Кандай көрүнсөң ошондой бол. ⠀ 💐Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу. ⠀ 💐Жетилгенде балаңды күнөөлөбө. Ал сенин издериң менен басып келген. ⠀ 💐Кечирүү жана унутуу- жакшы адамдардын өч алуусу. ⠀ 💐Белгилүү бир акмак, караңгы акмактандан өткөн акмак болуп саналат. ⠀ 💐Көрүнгөн акчалууга барып жагалданган адам- шыпаасы жок жаман оорудай. ⠀ 💐Ар бир көңүлдүн жүз эшиги бар. Туура таба билүүгө таза көңүл керек. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
Загрузка...
881   0
11.04.2020
..... Мезгил тынбай азайтса да кубатты, Адам улам болоюн дейт кубаттуу. Күндөй өмүр байкалбастан жок болот, Нуру өчүп батып кеткен сыяктуу. ⠀ ..... Олтурганча телефонду кармалап, Куран үйрөн окусаң да тамгалап. Кыпындай бир жакшылыгың унутпа, Жаннаттагы жашооң үчүн арналат. ⠀ ..... Мүрзөм кийин толсун десең нур менен, Намаз оку сырдаш болуп түн менен. Өлүм даамы кылыч менен бөлгөндөй, Эчен кыйын тер агызып сүрдөгөн. ⠀ ..... Кечээги күн эми келбейт кайрылып, Берешен бол көңүлдөрдү таң кылып. Сараңдыгың сызга айлантат денеңди, Кетсең дагы алтын кабыр салдырып. ⠀ ..... Оо, көңүлүм кейибечи анчалык, Кереги эмне болбос ишке чаң салып. Акмактардын мамилесин акырын, Ыргытып сал таштандыга алпарып. ⠀ ..... Периштедей жашасаң да күндө сен, Пенделерден чыгат билгин сүйбөгөн. Кек сактабай чөлдү гүлгө айлантып, Кетериңде жылмайып кет дүйнөдөн. ⠀ ..... Пенде өмүрдө сүйөт жана сүйүлөт, Бирде күлүп, бирде туруп күйүнөт. Бирок билгин кандай адам экениң, Кимге ашык болгонуңдан билинет. ⠀ ..... Кир дүйнөдөн көңүл кургур булганды, Ким каалабайт түбөлүктүү жыргалды. Жашай бер деп акыретке аттанып, Жакшы адамдар кетип калган турбайбы. ⠀ ..... Карай калсам бир кылчайып артыма, Кайгы салган өкүнүчтөр бар тура. Кечээги күн батпачудай көрүнүп, Кечир ата жетпептирмин баркыңа. ⠀ ..... Күнөөбүз көп көбүгүндөй деңиздин, Күндө эстеп жан дүйнөмдү кейиттим. Алла Таала бирок чексиз мээримдүү, Ал кааласа берет төрүн бейиштин. ⠀ ..... Өмүр мынча кыска экенин карачы, Өлүм менен бир карыштай арасы. Баласына Азирейил келгенде, Пайгамбар да боло албаптыр арачы. ⠀ ..... Ачуу тагдыр кимдин келсин көргүсү, Сыноолорго чыдап жашайт эр киши. Бүгүн тарткан кыйынчылык түшүнгүн, Эртең келчү бакытыңдын белгиси. ⠀ ..... Кейибегин сонун күндөр алдыда, Жетиш үчүн басуу керек алдыга. Сабыры жок алсыз жандын канчасы, Тура алышпай жаткан жерде калды да. ⠀ Жеңишбек Жумакадыр
874   64
17.03.2020
💐Билесиңби, сен жөнүндө ойлонгонумда, бул дүйнө мага бир тыйынга да арзыбай калат. Сен бул өмүрдө да, тиги дүйнөдө дагы бактылуу болсоң болду дейм. ⠀ 💐Бир Кудайдан башка эч ким билбейт. Сен жөнүндө бүк түшүп кыйналганымды, көз жашымды агызганымды. Жараткандын эшигин такылдатып өзүмө эмес, сага бер деп жалбарганымды. ⠀ 💐Эч кимге көрсөтпөй сүрөтүңдү алып, улам өзгөрүп баратканыңды көрүп, колумдан эч нерсе келбесин билсем да санааларга батканымды. ⠀ 💐Бир жолу кышкы суукта сыртка чыксам, артымдан бир жылуулук келип жатты. Күндүн нуру го деп этибарга албай, бурула калсам сен турупсуң жылмайып. Көрсө сенин жылмайып турган мээримиңдин алдында Күндүн жылуулугун кеп кылып кереги жок тура. ⠀ 💐Менин мүнөзүм ушундай экен. Баарын ичиме сактап, сыртыман сүйүүмдү ачык билдире албай жүрө берем. Бирок менин сүйүүм чексиз экенин билесиң. Кучактап жыттаганымда бир керемет ааламга түшүп калгандаймын. ⠀ 💐Турмуш биз ойлогондой болбойт тура. Эл айткандай көр оокат деп жүрүп көп учурда алыстап кетем. Дайыма жаныма ээрчитип жүрө албайт экемин. Бирок жүрөгүмдүн төрүндө жүрөгүңдү бөпөлөп алып жүрөм. ⠀ 💐Жатып алып кыялданам десең. Бейиште чогуу жүргөнүбүздү. Жапжашсың, супсулуусуң. Дагы эле эркелеп сүйүнүп алгам. Кайра жаздыкта ойлорго чөмүлүп жатканымды билгенде, күбүрөнөм: Кудайым кыялдарымды дуба катары кабыл кыла көр деп. ⠀ 💐Узун өмүр каалайм, ден-соолук тилейм. Бирок бул айткандарым жетишсиздей эле сезилет. Сүйүүм балга айланса татып көрүп билер элең. Махабатым гүлдөй кулпунса жыттап алып сүйүнөт болчусуң. Бирок менин арзуумдан дагы, сенин мага деген ашыктыгың чеги жок жогору турарын билем. ⠀ 💐Мендей акылсызды кечир. Бир чындык бар. Баардык мен тапкан кубанычтар, бактылуулуктар сенин сүйүүң аркылуу келди. Сенин мага айткан бир сөзүң эле, менин деңиздерди жарып өтүп, тоолорду ашып баарын багынтканга жетет. Анткени ал сөздү сенден башка эч ким эч качан айтпайт. Кашымда аман жүр жаным апакем... ⠀ Жеңишбек Жумакадыр
858  
22.11.2019
Дешкен экен: 👍 Кээде унчукпай койуу , чындыкты айтуунун жалгыз гана жолу болушу мүмкүн. 👍 Мен үчүн эң бактылуу күндөрүм күнөөсүз өткөргөн күндөр. 👍 Жашоо өтө таш боор мугалим. Алгач сынайт, андан кийин сабак берет. 👍Эң сулуу көз - мээримдүү көз. Анын көк же кара экени айырмасы жок. 👍 Сен дайыма чакырып турган жүрөктөр бар. Бирок ал жүрөктөр чакырбай калган күндөр да келерин унутпа. 👍 Баардык адамдар жаңылып каталашат. Алардын бактылуулары тообо эшигине туш келгендер. 👍 Сени таштабайм . Сага өмүрүм өткөнчө жанымды арнап жүрүп өтөм дегендерден, бир гана апама ишенем. 👍 Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун саны аныктабайт. 👍 Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билип жанын бериш керек. 👍 Банкир - бул сага күн тийип турганда кол чатыр берип, күн жаап келгенде кайра алып койгон адам. 👍 Бүгүнкү бир саатың эртеңки эки саатка тете. 👍 Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл аяктайт. 👍 Адам Ай сыңары. Анын да караңгы жагы болот. 👍 Баарына жагам десең - бирине да жакпайсың. 👍 Кечирип коюш баарына оңой, кептин баары унутуп салышта. 👍 Сүйүүдөн жек көрүүгө бир эле кадам. 👍 Адамдын эң эле акмагы башкаларды жамандай бергени. 👍 Кудай бизге төрт ырахатты тартуулаган: Ичкенди, жегенди, уйкуну, аял- эркек мамилеси. Топтогон Жеңишбек Жумакадыр