Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
777  
07.02.2020
🌺ЖООЛУК.🌺 Ашыкбай салсаң акылга, Аялзат деген асыл да. Жоодурайт периште сымал, Жоолугу турса башында. Жап деген дене, башыңды, Жараткан айткан акыл бу. Кулдардан качан болчу эле, Кудайдан дагы акылдуу. Керектүү жалгыз капчыгы, Кээ жандын өтпөйт калп сыны. Алганың ачык кийинип, Ар ким сук артса жакшыбы. Түшүнбөс айтат кызык кеп, Тумчуланып ысыйт деп. Тоготпосторго айткым бар, Тозоктор андан ысык деп. Топтошкон менен миң аккуу, Тобунан сулуу бир аккуу. Касиет болсун аялда, Катылган каухар сыяктуу. Башкалар үчүн жашыруу, Билгенге нике аты улуу. Көрүүгө ачык жубайын, Күйөөсү гана акылуу. Бабаңдын сакта мурасын, Батышка жайбай кулачың. Кызыксаң өзүң «ачыкка», Кыз-балаң кантип тыясың. Жолдор жок башка кылчактаар, Колдор бир бекем дин сактаар. Көбөйүп таза аялзат, Көбөйсүн таза урпактар. Жеңишбек Жумакадырыр
777   0
27.11.2019
🌱🌱🌱 Кереметтүү Курандагы сандардын таң калыштуу окшоштугу ~ бул окшоштуктар Курандын Аллах тааланын сөзү экендигин дагы бир ирет далилдейт. 🌱🌱🌱 1) күндөр деген сөз 365 жолу айтылган,бул бир жылдын ичиндеги күндөрдүн саны. 🌱🌱🌱 2) күн деген сөз 30 жолу айтылган,бул бир айдагы 30 күн. 🌱🌱🌱 3) ай деген сөз 12 жолу айтылган, бул бир жылдагы 12 ай. 🌱🌱🌱 4) ыйман деген сөз 25 жолу, куфр деген сөз 25 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 5) дүйнө деген сөз 115 жолу, акырет деген сөз 115 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 6) периштелер 88 жолу, шайтан 88 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 7) адамдар 50 жолу, пайгамбарлар 50 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 8) эркектер 24 жолу, аялдар 24 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 9) тирүүлүк 145 жолу, өлүм 145 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 10) жакшылык 167 жолу, жамандык 167 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 11) жети кабат асман 7 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 12) азап тууралуу 117 жолу, Аллах тааланын кечиримдүүлүгү тууралуу 234 жолу айтылган. Жогорудагы сандарга көңүл бөлсөңүз, азап сөзүнүн саныга караганда, кечиримдүүлүк сөзүнүн саны эки эсеге көп эскерилген. бул Ислам дининин ырайымлуулуктун жана кечиримдүүлүктүн дини экендигин айгинелеп турат. 🌱🌱🌱 13) пайда 50 жолу, зыян 50 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 14) мүшкүл 75 жолу, шүгүр 75 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 15) адашуучулар 17 жолу, жок болуучулар 17 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 16) зекет 32 жолу, береке 32 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 17) зулум 114 жолу, сабыр 114 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 18) садака 73 жолу, каниет 73 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 19) сыйкыр 60 жолу, бузукулук 60 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 20) акыл 49 жолу, нур 49 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 21) ибилис 6 жолу, шайтандан сактануу тууралуу 6 жолу айтылган.
768   0
07.11.2019
Көбөй, Кыргыз тезирээк. Келечекти кеңейтпейлиби, Келинчекке кеңешпейлиби. Кыр, тоолорду тарттырбай кийин, Кыргыздарды көбөйтпөйлүбү. Өзгөлөргө Манас, Бакайбыз, Өзүбүздү баатыр атайбыз. Бир көз ирмем чагылган болуп, Бир аялдан коркуп жашайбыз. Ар тарапта ойноп күлгөндөр, Аралашма доор сүргөндөр. Кошумчаңар кайсы мекенге, Койколоңдоп бойдок жүргөндөр. Жомок кылып айтып мисалга, Жолукканча силер гүзалга. Кызыгына батып каапырлар, Кыздарыбыз кетти кытайга. Байларыбыз албай экиден, Байкуштардын духу бекиген. Ойноп бирок батир алперген, Ойноштору чыгат четинен. Баткак жолдо сүйүү тапкандар, Башы менен отко баткандар. Тагдырыбы ушул улуттун, Таштандыда жаткан жаш балдар. Арам ишти кылбай жылдырып, Алгының да нике кыйдырып. Байбичеңден, кара көзүңдөн, Балдарыңды чоңойт тың кылып. Батыштанбы, кайдан алышты, Балакеттүү нерсе жабышты. Үбөлүктөй азыр келиндер, Үчтөн ашык туубай калышты. Толкундарды жеңген кемелер, Тоодой бакыт, асыл денелер. Кайраты зор айкөл турбайбы, Кайран биздин баатыр энелер. Айланайын карындаштарым, Айланчыктап кечке баспагын. Элдин болбой кара далысы, Элдик жигит болсун тапканың. Бойдок жүргөн эркек султаным, Болсун десең Кыргыз, ук баарың. Кайырчы да жанын багалат, Карагыла кыргыз кыздарын. Казактарды басып өтөлү, Калгандарын ашып өтөлү. Сонундарды сактап жаттардан, Соолубасын кыргыз өзөгү. Кудай деген билген Улуу зат, Куран менен берди уруксат. Кайдыгерлик кылсаң улутка, Кайыр диндер оору жугузат. Аялдарга жакпайт билемин, Аяр жандар жактайт билемин. Жесирлерди жалгыз калтырбай, Жетип байлар алсын тилегим. Кыргыздын бар тарых салтында, Кыраан болсоң, тургун тартынба. Оо дүйнөгө кетсең көзүң жуумп, Отуз балаң калсын артыңда. Кичирейбей кенен болгун да, Ким багат деп, турат оюңда. Ыйлап келген бардык жандуунун, Ырыскысы Кудай колунда. Болбош керек бизде жакырлар, Болуш керек жалаң асылдар. Үч аялды айтып не кылам, Үч айылды багат баатырлар. Эртең деген дайым кечигет, Эртелесең баары чечилет. Көчөлөрдү тарттырып ийбей, Көбөй Кыргыз, көбөй тезирээк.