Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
749   25
07.11.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
💐 Дешкен экен кайрандар: ✍️ Биздин убакта адамдар өзүн актоо үчүн түркүн сөздөрдү ойлоп таба алышат. Бирок, жөнөкөй эле " Кечир, мен адашкан экенмин " - деген сөздү айтуу алда канча татаал. ✍️ Кээде жалгыз болгон да жакшы. Себеби, эч ким сенин көңүлүңдү ооруталбайт. ✍️ Мен досторду пикир келишпестиктин айынан жоготушат деп ойлогом, а алар убакыттын өтүшү менен өздөрү эле кайдадыр жуурулушуп кетишет тура. ✍️ Адамдын баарына жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок анда эч кимге жамандык кылбоо мүмкүнчүлүгү бар. ✍️Сүйүү - бул эки тараптуу сезим. Эгер бирөөсү гана сүйсө, анда бул - ооруу. ✍️Таарынычтар кетет. А ишенимдер кайтпайт. ✍️Эгер адам оорууну сезсе, демек ал - тирүү. А эгер адам башка бирөөнүн ооруусун сезсе, демек ал - АДАМ! ✍️Достук - бул бриллиант сымал. Өтө сейрек кездешет, кымбат турат, а жасалмалары абдан көп. ✍️Эч качан жалаа менен мактоого өзгөчө маани бербе. Ич күйгөндөн жалаа жапса, боор ооругандан мактап коюшу мүмкүн. ✍️Махабат согуш сыяктуу. Башталышы оңой, бүтүшү кыйын, зыяны узак жылдар сакталат. ✍️ Кызыңа башка бирөө жакшы мамиле жасашын кааласаң, анда аялыңа да жакшы мамиле жаса. Ал да бирөөнүн кызы. ✍️ Эч качан өзүңдү төмөн ойлобо. Сенден даражасы жогору адамдардын да, бир кемчилиги болот. ✍️ Эгер чөгө турган болсоң, бир гана бакыттын деңизине чөк! ✍️ Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан жакшы. ✍️ Бийикке чыгып баратканыңда, жолуңдан кездешкен адамдарды таарынтпа. Анткени, ылдый кулап жатканыңда, кайра эле алар менен кезигесиң. ✍️ Сырткы кебетеңе карап баа бергендер, демек алар тереңдик эмне экенин түшүнүшпөгөндөр. ✍️ Каталардан качыш үчүн, тажрыйба керек. Бирок, тажрыйба болуш үчүн, адашуу керек. ✍️ Өзүнүн жеке жашоосу жок адамдар, бирөөнүн жеке жашоосуна кызыгышат. ✍️ Жоготуп алган кезиң — жоготуу эмес, жоготуп алганыңа өкүнгөн кезиң — чыныгы жоготуу болот. ✍️ Мамилелер дүрбү сыяктуу. Кимдир бирөөнү алыстатса, кимдир бирөөнү жакындатат. ✍️ Бакыттын эң жөнөкөй сыры — эч качан ден соолугуңду, аялыңды, маянаңды бирөөнүкү менен салыштырба. ✍️ Жакшы адамды таануу оңой эле: Анын жүрөгүндө кайгы, а жүзүндө күлкү. ✍️ Сен көрүп турган нерсе, сенин кандай караганыңдан көз каранды.
746   21
14.06.2020
💐Көңүлүмдү гүлдөй сунсам, күлгө оонатып соолутушту. ⠀ 💐Кайран жүрөк бал да таттың, уу да ичтиң. Мен үчүн чыдап келесиң. ⠀ 💐Дартыңды Кудайга айткандан эч качан тажаба. Күтүлбөгөн жерден сага бакыттын эшиктери ачылат. ⠀ 💐Китеп бетин ачпай, менюдан башканы окуп көрбөгөндөр, жер силкинсе кулап кала турган кооз дубалдарга окшош. ⠀ 💐Жашап жаткан өмүрүңдүн эң акыркы сааттары өтө маанилүү. Себеби кимди же эмнени эңсеп жашаганыңа жолуга турган учурга баратасың. ⠀ 💐Адамдардын баарына макталыш үчүн эки жол бар: бай болушуң керек же өлүшүң керек. ⠀ 💐Үйдүн үстүнө чыгып көрбөй туруп, терезеден эле карап алып кыйкыра бергендерге таңгалам. ⠀ 💐Узак жашайт деп кузгундарга суктанба. Алар өмүрүн тарп жеп өткөрүшөт. ⠀ 💐Калп айтып элге жаккандан көрө, чындыкты айтып жаман көрүнгөнүң артык. ⠀ 💐”Эл эмне дейт" дегенди таштасаң, эл кийин: сени эмне дейт деп кеңеш сурай башташат. ⠀ 💐Ханга жалдырасаң багың сынат, байга жалдырасаң шагың сынат. Жаратканга жалдырасаң периштелер кубаттап, даражаң көтөрүлөт. ⠀ 💐Кийимиңди кийип жатканда падышадай кийин, машинаңа отурганда учакта отургандай отур, балдарыңа пайгамбардай мамиле кыл, алганыңды перилердин ханышасындай ардакта. Жеңил жашоону татаалдаштырба. ⠀ 💐 Суктандырган көрүстөн болбогондой эле, жумшарбаган көңүл болбойт. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
744   0
24.11.2019
Эмнеге Бирибизге бирибиз көрүшөбүз, Бир кол жайып кучактап өбүшөбүз. Көзөп кетер сөздөрдү октоп алып, Көздөрүбүз жок кезде сөгүшөбүз. Бирибизге бирибиз керек дейбиз, Бириккенге көңүлдөр себеп дейбиз. Оңго-солго коштошуп кеткенден соң, Оңбой калган жагыбызды көп эстейбиз. Бир тасмалда отуруп чай ичебиз, Бир туугандай бапылдап жай ичебиз. Эки мүнөт бирибиз мындай болсок, Эки мүнөт шыбап турган жан экенбиз. Көздөрүбүз бар кезде суктанабыз, Көздөрүбүз жок кезде кызганабыз. Састумоолоп ушактын шамалына, Сасып кеткен киши эти жыттанабыз. Ырахматты экиге бөлө албайбыз, Ырахаттуу напсини жеңе албайбыз. Ийнеликтей иш кылып сүйүндүргөн, Ийгилигин башканын көрө албайбыз. Бирде туруп пейилдин кушундайбыз, Бирде туруп көңүлдүн музундайбыз. Ай батса да, артынан туздап турган, Айткылачы, эмнеге ушундайбыз?
Загрузка...
742   11
24.03.2020
💐Өзүңдүн каталарыңды башкаларсыз табам десең, китеп оку. ⠀ 💐Эч качан жеңилбейм десең, китеп оку. ⠀ 💐Ашыгыңа бара турган жолду издесең, китеп оку. ⠀ 💐Китептин пайдалуу экенине ишенбесең, китеп оку. ⠀ 💐Балаңа жакшы тарбия бергиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐Деңизден тамчынын артыкчылыгын билгиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐Китепсиз деле жашооңду өзгөртүүнүн сырын билгиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐Окугандан, жазгандан, сүйлөгөндөн уят болуп калбайын десең, китеп оку. ⠀ 💐 Махабат аялзаты үчүн. Ансыз махабат табам десең, китеп оку. ⠀ 💐Саякаттар үйрөнмөк үчүн. Ансыз үйрөнөм десең, китеп оку. ⠀ 💐Китеп окуганды үйрөнөйүн десең, китеп оку. ⠀ 💐 Убакыт менен ден соолуктун баалуулугун билгиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐 Акыл-эстин перзенти китеп экенине ишенгиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐Жаны жок денедей үйдө жашабайын десең, китеп оку. ⠀ 💐Пайдасыз кыйнаган туман ойлордон чыгам десең, китеп оку. ⠀ 💐Келечекте бүт ааламды ичиме батырып, дүйнөнү суктанткандардын бири болом десең, китеп оку. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр