Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5789   182
27.06.2020
Текебердик адамдын эң жаман сапатынын бири. Ошол чыкты дегиче жан дүйнөңдү, ааламыңды талкалады дегендик. Аны тереңиңе катып, ордуна адамгерчиликти чыгарууга аракет кылып, күрөшүп жашайсың. Биротоло жоготуш кыйын экен. Текеберлигим бүгүн бошонуп кетти. Бирөөнүн көңүлүн оорутуу - өз көңүлүңдү төпөштөө экен. Биз бир ааламбыз. Бир уйдун мүйүзү сынганда миң уйдуку зыркырайт дейт го. Биздин жаратылышта ар ким өз өзүнчө деген нерсе жок экен. Текебердик кылдым, мүнөзүмдү көргөздүм, өктөм сүйлөдүм, бирок көз жашымды тыйдырыш кыйын болуп атат. Адамдарга жакшылык жасоо, адамгерчиликтүү болуу мн мен өзүмдүн жан дүйнөмө гана салым кошоорумду түшүндүм. Тил - душман. Бири бирибизди сындап, жектеп, жек көрүү мн бийиктикке чыкпайбыз. Көкүрөктү гана кирдетебиз. Кечирим сурап келейин. Кыйнап ийди көкүрөк... #жөнэлеойлор
7650   181
05.05.2020
Адам баласы коркунучту тааныйт. Тааныганда дагы жазбай тааныйт. Коркунуч мн жаралып, коркунуч мн жашап, коркунуч мн өлүп атсак, тааныбай анан? Сүйүү өгөй сындуу. Билесиң, бирок сезбейсиң. Аны көп айтаарсың балким, бирок даамдап көргөнү, сүйүүдө төрөлүп, жашап, өлгөнү аз. Жокко эсе. Сүйүү эмес жан дүйнөдө коркунуч байырлаганы үчүн төрөлгөндө ыңаалап ыйлап, ызы чуу салып, коркуп келебиз. Сүйгөндө да жоготуп алсакчы деп коркунучка жамынып алып сүйөбүз. Балабыз төрөлгөндө да өзүң көргө эле көмүлүп калып тынчыбасаң, өмүр бою балаңдын үстүндө титиреп, коркунуч сыйдырып жашайсың. "Ден соолугу жакшы болсо экен. Аман болсо экен. Жакшы эрге, же жакшы аялга жолукса экен" ж.б. коркунучун сыйдырабыз. Эртеңибизден коркобуз, Кудайдан коркобуз, уятыбыз чыгып калып, ашмалтайбыз кетет деп коркобуз, жалганыбыз чыгат дейбиз, өлүп кетиштен коркобуз, элдин сөзүнөн, жада калса, мончок, тумар тагынып, көзүнөн коркобуз. Ачарчылыктан, же байлык топтоп алып жоготуп алыштан, алданып калыштан, сатып кеткенден, сүйүп калыштан, же жападан жалгыз калыштан коркобуз. Караңгыдан басыштан, уурдатып ийиштен, төпөш жештен, кээде сүйүнгөндөн, жыргагандан, жакшы күндү көрүштөн да коркобуз. Жакшынын артынан жамандык келсечи дейбиз. Коркобуз биз. Ата - энеңден,.бир туугандан, эриңден, аялыңдан...ж.б. көңүлүн калтырыштан, маанайын бузуп алыштан, тил угуштан, жаман көрүнүп калыштан, туура эмес таанылып калыштан коркобуз. Сүйүүнү каягына кыпчыдык? Сүйүү, ырахатка батуу, жыргоо, жакшы көрүү, жайдары болуу жокко эсе. Аларды өзүбүзгө ыраа көрүштөн да коркобуз. Коркунуч бар жерде сүйүүгө орун жок экенин билбейбиз. Эки көйнөктү кийип алган сыңары эки сезимди бир убакта сезүү мүмкүн эмес. Биз дайым коркунучту тандайбыз. Ал сезим мн жашаштын ыңгайын таап алганбыз анткени. #жөнэлеойлор
6016   173
27.06.2020
Гүл жыттагыла! Жашоо сени акырга түртүп койсо дагы гүлүн изде. Жеткен жаман адам болуп, жаныңды кашайтып атса дагы жакшы сапатын көр. Ишиң жүрүшпөй, кыйчалыш болуп атса дагы жакшыдан үмүт үзбө. ⠀ Жан дүйнөнүн жетилген мезгили келди. Мурункудай кандай унаа айдап жүрөт, кандай үйдө жашайт, кандай кийинип жүрөт, тегереги кандай адамдар деген түшүнүк эскирди. ⠀ Кычырагандарды ээрчип, акча кытыратса эле чуркап, бийлигин сүйүп, байлыгына көз арткан заман кетти. ⠀ Жан дүйнөнүн сулуулугун издеген заман азыр. Билимдүүнү этектеп, бийиктикке аброй күтүү үчүн эмес бийиктикке көптү көрө билүү үчүн чыккан убакыт келди. ⠀ Бакыттын баары жөнөкөкөйлүктө болот. Жупунулук мындан ары кедейликтин белгиси эмес, адамгерчиликтин, көкүрөктүн кеңдигинин белгиси болуусу керек. #жөнэлеойлор ____________________________________ Сүрөттү тарткан: @san_imanov Боегон: @venera_vizazh Тартылган жери: @maryotel_bishkek
Загрузка...
5857   166
19.03.2020
Күн сонун тийип, көк чөп жер жарып чыгып, Жаратылыш өз нугунда бейкапар жашоосун улантууда. Адамдар үйдөн чыкпай, суулар, аба тазаланып, жан - жаныбар тынч жашап жатса керек. " Тазалануу, аруулануу жүрүп жатат го "- деп койдум. Балким ушул нерсе абдан керек болчу жана балким боло турчу мындан да оор кырдаалдан, катастрофадан сактап жаткандыр. Жөн эле эч нерсе болбойт. Биз өмүрдүн баркын сездик. Өлүм мн маңдай - тескей келгенде гана өзүңдү тескеп, жашооңо кылдат көз чаптырасың. Болбосо, балдарыбыздын көкүрөгүн качан сезип, өрүктүн гүлдөшүнө качан көз салдык эле? Акчанын артынан чуркап, дүйнө топтоо мн алек эмес белек? Бир саамга токтоп, тегерекке көңүл коюп, өзүбүздү тыңшап турган маалыбыз. Нөшөр, бороон - чапкын күндүн баркын сездириш үчүн бар. Бүгүнкүдөй оор кырдаал жашоонун даамын берүүдө. Канча жашаарыбызды ким билсин? Бирок бүгүн, азыр жашаганга мүмкүнчүлүк бар. Жаша! #жөнэлеойлор P.s. Кечинде Германиядан сиңдим чалып, - Астматиктер анан иммунитети аздар биринчи кетет. Бекем кыс да үйдө жат,- деди эле. Кысып атам. Балким дүйнөгө пайдам тийип калаар.
3797   161   92988
03.05.2020
Аптекадан башка крем алсам, аллергия бп кетти эле. Корея косметикасына кайттым анан. Бетиңиз тунук болуш үчүн ички органдарыңыздын иштеши мыкты болушу керек. Өпкө, боор, бөйрөк, ичеги карындын кирдеши дароо бетке чыгат. Бырыш басып, тактар каптар, өңү өчүп атса, демек, ички органдарга маани берүү кажет. Бул алгачкы кадам. Экинчи кадам. Беттин терисине кам көрүү керектелет. Эртең мн кечинде сөзсүз жууп, крем сүйкөйм. Ансыз болбойт. Күндөн коргоно турчу spf сөзсүз колдоном. Күндүн нуру бетти кургатып, картайтып жиберет. Тамакка да маани берүү керек. Мисалы, куурулган, ачуу , өтө майлуу жебейм. Ал да бетке таасир берет. Газдалбаган таза суу ичем. Ата - энем арык болгон үчүн толбойм. Бат толуп, арыктай бергендердин териси чоюлуп каларын байкадым. Салмагым дайым 47 - 48 кг тегерегинде кармалат. Ашказанды чойбош керек. Бир муштумдай тамак жесем, тоем. Ошондой кыздар. Өзүңүзгө, бетиңизге сөзсүз кам көрүңүз. Сүйүңүз. Сыйлаңыз. Башкалардан күтүүнүн кажети жок аларды. Көөп жылдан бери косметиканы ушул жактан @misskorea_kg алам. Чөнтөгүңүзгө чак келет. Кымбат косметикаларды да көрдүм. Айырмасын байкаган жокмун чынын айтсам. @misskorea_kg
4837   160
29.05.2020
Адам жашоо менен деле күрөшпөйт экен. Ал өзү менен өзү күрөштү жүргүзөт экен. А сырткы дүйнө ички дүйнөбүздү жеңиш үчүн гана курал болуп берерин байкадым. Сырттагы адамдар, сырттагы турмуш, сырттагы кыйналуу - иллюзия. Кеп ичте экен. Жалган дүйнө деп бекер айтпаса керек. Бирок аны түшүнбөптүрбүз. Өлгөндө чыныгы дүйнө башталат деп күтүп жүрө беребиз го? Чыныгы дүйнө, чыныгы аалам ичиңде! Ал - сенсиң! Ал жалган дүйнөгө болгон чыныгы дүйнөңдүн көз карашы. Ар бир табышмактын жандырмагы, суроолордун жообу, кыйналуунун себеби бар. Биз кыйналганды көрөт экенбиз. Ошого наалыйбыз. Бирок ал кыйналуунун ары жагын көрбөй жатпайбызбы! Ал эмнеге келди дебейбиз! Ар бир оорунун себеби бар ал тургай. Жашооңо келген адамдын да себеби бар. Изденбейт экенбиз. Бизге наалып, Кудайды, тагдырды, бешенебизди күнөөлөп, өзүбүздү курмандык элестетип, өзүбүзгө боор ооруп анан элдин аеоосун чакырып жаткан ыңгайлуу экен. " Баары келесоо, баары жаман өзүбүз укмуш." Бул оюнду дайым ойнойбуз. Тажабайбыз. Жашоонун өзгөрүшүн эмес өзүбүздүн өзгөрүшүн колго алсак, жүддаям сонун болот! Бактылуулуктун энергиясына өтөлү! #жөнэлеойлор
4871   156
22.03.2020
Карачы, эмне деген кооз дүйнөдө жашайм?! Кийимимди карачы кандай гана көздүн жоосун алат?! Таза абадан дем алам. Ичкеним мүрөк суу. Чайнаганың май. Кыргызмын мен! Каадам бар, салтым бар, үрп - адатым бар, адебим бар! Эмне деген керемет философияны ата - бабам калтырып кеткен?! Ар бир макал - лакабы, учкул сөзү, жомогу, уламышы, эпосу, дастаны, Манасы бар! Терең үңүлсөң, жашоонун маңызы, көркөмү, мааниси мн шааниси чыга келет! А касиетичи? Туюму, сезими, аурасы, энергиясы кандай гана күчкө эгедер болгон?! Кыргыз деген улуу эл да! Кыргыз деген кырылгыс эл! Кыргыз деген керемет эл! Чалкып жаткан деңизбиз биз! Өзүмдүн өлкөм бар! Ээлик кылбаган эркиндигим бар! Тилим бар кооз, бай. Дилим бар! Көрөнгөм бар көбүргөн. Касиетибизди гана кармаганды үйрөнсөк... Көкүрөгүбүздү жара тээп чыга албай жатат! Кыргызмын мен! Чанганга да, танганга да, сатканга да, атканга да акың жок. Миң чанып, танып, чалкаңан кетсең да бул чындыкты өзгөртүү мүмкүн эмес?!
6579   155
21.03.2020
Кечирим. Сонун нерсе. Текеберлигиңди сындырып, эгоңду басып, жүгүңдү үстүңдөн алган сезим. Кеңкейип башың бийикти карап, жер баспай калган учурда бутуңдан ылдай тартып, жер мн жер кылган сезим. Кечирим - көкүрөктү өйүп, көөдөндү жара тээп, сыйрылып турган жараңды айыктырып, карты жок бүтүшүнө себепкер сезим. Кечирим..кекчилдикти өчүрүп, кекиртектен өтпөй атканды өткөрүп, сиңирген сезим. Кечирим - карарып турган дүйнөңдү шамаалдай айдап, сур булутун кетирип, күндүн көзүн көргөзүп, жарык берип, нурун чачкан сезим. Кечирим. Катаңды моюндап, капасың мн беттешип, эркиндикке бет алган сезим. Кечирим кетиргиң келбей, көктүгүң кармап атканда кое бергенди үйрөткөн сезим. Кечирим - Жараткан берген улуу сезим. Көкүрөктө орун алаар замат көңдөй болуп катып турганды жибитип, көркөмүнө чыгарган сулуу сезим. Кечирим алсыздын белгиси эмес. Кечирим - чоңойгондун, улуулуктун, бийиктиктин белгиси. Кечир мени! Катам болсо, айып этсем, көңүлүңдү оорутсам, кечир мени! Жаңылбаган пенде жоктур. Мен да силерди кечирдим. Кое бердим. Ыраазымын. Оо Жараткан, кечиримдүү затсың сен! Пенделериңе ушул улуулугуңду, бийик касиетиңди үйрөт. Ооз учунан эмес, айкөл болуп, көңүл түпкүрүнөн кечиргенди билдир. Пенделериңди кечир! Кекчилдигибизди, текебердигибизди ал! Көңүлүбүздү, көкүрөгүбүздү тазала! #жөнэлеойлор