Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3809   196
01.12.2019
Чоң энем..өлгөнүнө таарынып жүрдүм көпкө. Энем мени кантип таштап кетти дедим? Куудураган алаканын жүзүмө сүртүп, таттуу жытын жыттай албай, баарынан качканда күрөң костюмунун ичине башымды ката албай, тизесине жатып алып, даттанып ыйлай албай, түшүмө кирген сайын өпкөм көөп, көз жашым жүзүмдү жууп, кучактап алып ыйлайм. Энем тагдырына карама - каршы келе албаган чыгар, же балким мени күндө көргөндүн айласы ушул десе керектир. Ата - энем ажырашканы эки жээкте калдык. Сагынычыбыз артып, эки дөө согушканда кор болгон эки чымын биз элек. Энемдин көлөкөсү сыңары, этегинен чыкпаган жаным энемди этеги жок дан дүйнөм үшүп, коркуп, жалгызсырап жүрдүм. Өлгөндөн кийин кудайдын куттуу күнү күндө келди түшүмө. Тизесине отурам мурункудай, бабырап сүйлөп берем. Жаңылыгымды айтам. Жытын жыттайм. Энемдин да, менин да кумарым канып, көкүрөгүбүз толуп, жыргап калабыз. Азыр түшүмө кирбейт. Кааласам да, чакырсам да изи жок. Киндик байланышыбыз үзүлүп калган сыңары алыс. Энем мага ынак эле. Уулум айткандай периштеликтен баш тартып, жанымда болуу үчүн балким кайра жаралгандыр. Жанымда жүргөндүр...деп жоошутам. Энемен кийин баардык энелерди жакшы көрдүм. Энемдин жылуулугун издедим, мээримин күттүм....бирок эч ким энемчелик боло албады.
4755   192
01.12.2019
Жаңы жыл сезими болгону үчүн кышты сүйөм. Жомоктор жашообузга кирип, жашың кереметке ишенген жаштан алда канча өтсө деле, ошол ишеничке сүйрөгөнү үчүн сүйөм. Кышты лапылдап аппапакай болуп жааган кары үчүн, кышкы эс алуу, кыштан кийин келе турчу жаз үчүн сүйөм. Ар бир мөөнөттүн, ар бир мезгилдин, убактын түстүү боегу, ар башка даамы бар. Таттууну эле сүйбөгөн сыңары, кээде кычкыл, кээде ачуу, кээде туздуу сүйөбүз, эңсейбиз. Өйдө - ылдый ойлор, ак - кара турмуш, ысык - суугу, катуусу - жумшагы бар үчүн бул жашоого тойбой, дагы жашагыбыз келсе керек. Кээде наалып баратып, "тык" токтойсуң. Наалымаң "шүгүр" сөзүнө айланат. Жаратканга тобоо келтирип, жакаңды кармайсың да, наалып аткан нерсеңди кабыл алып, кадам таштайсың. Олку - солку болуп турбаса, пайдасы болмок беле жашоонун?)) Шүгүр, Жаратканым. Жадымымдасың. Жардамыңды туюп турам. Ар бир бергениңе ыраазы, пендең. #жөнэлеойлор
4683   192
03.04.2020
"Сен менин оюмдагыдай бол!"- урушутун ана башы. Эрди - катын, ата - эне, тууган - урук ж.б. арасындагы уруш ушул сөздөн башталат. "Кечирип кой ошенте албайт экенмин да! " деген эч ким жок. Эмнеге бирөө сенини оюңдагыдай болуш керек? Менин түзүп койгон идеалдуу, төрт тарабы төп келген калыбыма бирөө түшүш керек? Элестет, тегерегимдегинин баары мен каалагандай боло берсе, жашоонун кызыгы, түздөнүү, аракет кылуу, кемчилик оңдоо, өзүңдүн үстүңөн иштөө жок болмок. Бизге "Бирөөнү кемчилиги мн кабыл ал. Кандай болсо, ошондой сүй!" деген нерсени үйрөткөн эмес. Ошон үчүн балдарыбызды өзүбүз каалагандай, өзүбүздүн дүйнө таанымыбыз, билимибиз жеткендей өзгөртүп, жасап алганга аракет кылабыз. Күйөбүздү, же аялыбызды ошентебиз. Кээ бири чын эле башка бирөөнүн калыбына түздөнүп, өмүр бою башка адам бп жашайт. Ошентсе да жакпайт. "Мен өзүңдү өзүңдөй кабыл алам. Эч нерсеңди өзгөрткүм келбейт! Кудайым, ааай, сени Кудай эргүүсү келип атканда жасаган окшойт,ээ?" деген бирөө болсо ээ?))) Тилекке каршы, жүрөккө зак сала турган бир гана жакындарыбыз боло алат. Сөзүңөр мн мамилеңер мн кескилеп, бычактабагыла! Алгач руханий өлтүрөсүңөр, анан физикалык жактан өлтүрөсүңөр! Жөн эле кандай болсок, ошондой эле кабыл алып, сүйгүлөчү, же сүйөлүчү?♥ #жөнэлеойлор
Загрузка...
7334   190
16.03.2020
Физикалык жактан эркин болгонуң сенин толук кандуу эркиндигиңди түшүндүрбөйт. Башкага жакшы көрүнүү, жакындарңдын көзүндө үлгүлүү болуу, сүйбөгөн жумушуң, каалоосуз курган турмушуң, эрежелер, милдеттер ж.б. Биз баамдабаган, капарга албаган канчадаган капас бар?! Жан дүйнөңдүн эркиндигин кишендеп, тузактап, чүлүктөп, зордоп, кыйнап жашайбыз. Тозокту бул жашоодон баштайбыз. Куурап, эркиндиктин канатын кыркып, зынданга тыгып жашасак, бейиш келет дейбиз. Дейбиз, бирок жаңылабыз. Үшкүрүк, өкүнүч толтурган изди калтырып жөнөйбүз. Тушалып алып, узун жолдо барабыз. Бизди тушаган нерсени кесип салуу, алып салуу, кенен - кенен арыш жасоо ою эмнегедир мээбизге келбейт экен. Көнүп калганбыз анткени. Туурасы ошол экен деп ойлойбуз. Боз, кара өңдөн дагы түстүү башка өңдөр бар десе, кызыл чеке болгуча кырылышабыз, урушабыз, сөгүшөбүз. Көнө келсе, чабышабыз. Боз өңдү далилдейбиз. Түстүүсүн жокко чыгарабыз. Каапыр, жаңылыш, ката өң дейбиз аларды. Байланган жашоодо ыңгайыбызды таап алганбың. Өзгөргүбүз да, өзгөрткүбүз да келбейт. А кокус бирөө аракет кылса, чокудан ары бир коебуз, же барылап төпөштөйбүз. Көзүбүздү ачкан адамды жек көрөбүз. Кызыкпыз биз.... #жөнэлеойлор
6658   190
13.06.2020
Кыз дегениң кылыктуу келет. Сезимдерин көзүнөн эле байкайсың. Уялыңкы көз караш уялап, тике карабай, ала качып калат көздөрүн. Сөздөрү таамай чыкпай, буйтап чыгып, ал тургай, басканда да жерге тиер тиймексен учуп басат. Деми элеп - желеп энтиге чыгып, жүрөк кургурга канат байлап эле койсоң учуп чыкчудай. Көзүбүз көргөнүн сыйдыра албай, кулак укканын сиңдире албай убара. Дүйнө ушундай кооз көрүнүп, анын кооздугун, сулуулугун эми эле байкагандай аң - таң карап, жашагың келип, жашаткың келип...деги койчу, эзели чыкпаган өң өңүнө, түс түсүнө чыгып, дүйнөң башка өңүттө чыга келет. Тамагыңан тамак жылбай,, чала - бучук алган абаңа эле курсак кургур тоюп, көмөкөйдөн эч нерсе өптөй, көкүрөк тоюп турат. Ашыктык дейт аны. Дендароо мас кылып, дениңди жаш кылган. Жаш өткөн соң, жашоонун баардык өңүн жатка билген соң, башыңа келсе, баягы кыз кезиңдегидей делбектейсиңби ким билет? Болбосо, ал келгенде делбектеп жүрүп күйгөн күйүгүңдү тырмалап, кетенчиктеп качасыңбы? Дагы келеби жаз жан дүйнөгө? Мурункудай макоо болуп, алданып, күйөрүңдү билип туруп күндү көздөй чуркайбызбы? #жөнэлеойлор
9857   187
09.04.2020
Бул менин 1 - класска бараткандагы сүрөтүм. Делодо ушул сүрөт кыстарылып турчу. Бул сүрөттү бир нече жолу тартканбыз. Окшобой атат деп сүрөтчү мойнумду түздөп эси оогон! Аягында оңдолбосуна көзү жетип ошол бойдон берди. Ичимде ушул кыз жашайт. Ушул жашта. Кичинекей, үркөк, эмнегедир капаста, ыйлап, жалгыз турган элеси келчү. Анткени оюм, боюм баары сырт дүйнө мн алпурушуп, ичимдеги Назираны , мендигимди жалгыз, карабай таштап коюптурмун. Бакытты, сүйүүнү кайырчыдай көрүнгөндөн тиленип жүргөн учурда алардын казылып бүткүс кени ичибизде болот экен. Кээде жаның жай албай, тынчтыгыңды издейсиң. Качып кеткиң келет баарынан. Көрсө, тынчтык ичиңде экен. Назирага жарык тийгизе баштадым. Маал маалы мн кучактайм. Көп жыл камап койгонум үчүн кечирим сурайм. Таарынгандарды, таарынткандарды кечиребиз, кечирим сурайбыз. Жакшы көрөм сени дейм. Тынчтык келе баштады. Мурункудай жулунбай, сүйүү тиленбей калдым. Ушул Назиранын көңүлүн алып, экөөбүз бири бирибизге мээрим төгүп, гармониябызды орнотуп алсак, бүтүн дүйнөгө сүйүү, мээрим чачабыз. #жөнэлеойлор
8843   186
31.03.2020
Ичимде ар кыл эмоция, ой кайнап атат. Жүрөгүмдө тынчтык, кубаныч, үмүт бар. Башыбызга түшкөндү Жараткандан келди деп билели. Демек, анын билгени бар. Жан дүйнөбүздү тазалап, көкүрөгүбүзгө кулак төшөлчү, майданы көрүп, бакыт издөө учуру. Байкасам, башыма келген ар бир оор кырдаал мени чыйралтып, курчутуп, оңдоп, ойлонтуп, катамды көргөзүп, жан дүйнөмдү өстүрүп, тазалаптыр. Ар бир оорум, кыйналган күндөрүм, бактылуулукка себепчи болуптур! Аларсыз өспөйт элем. Бүгүнкү көңүлүмдүн тынчтыгын таппайт элем. Адам баласына жалпы түшкөн апаат адам баласын тарбиялоого, тазартууга келди! Жаман - жакшы түшүнүгү мээбизде эле. Жашообуздун ар бир сүртүмү пайдабыз, жакшылыгыбыз үчүн экенин бир билсек...Кубанып атам, анткени өлкөбүзгө билим керек экени, медицина өнүгүшү керек экени, бийликти акчасына эмес акылына карап тандашыбыз керек экени көрсөтүлдү. Кубанганым, эркиндик сырттан эмес ичибизден экенин өзүм түшүндүм. Үйдөн чыга элегиме көп болду, бирок мынчалык эркиндик болгон эмес жан дүйнөдө. Эшикте эркин басып жүрүп, капастагыдай сезим эле. Таң калычтуу. Ушул убакта балдардын суициди болуп атат. Ал ата - энелер балдарга маани бериш керек экенин, балдарды тарбиялоодо көйгөй болуп атканын көрсөтүп жатат. Демек, ар бир ата - эне баладан мурун өзүн тарбиялоого тийиш. Эрди - катын бир үйгө батышпай жатканынын себеби, бири бирибзди тыңдоону, өзүбүздү тыңшоону үйрөнүүбүз керек экенин, мамиле курууда нөл экенибизди билдирип жатат. Түрлөнтүп, ар бир шеринеге кийген көйнөк эмес көңүл маанилүү , үйүп жыйнаган сырткы байлыгың эмес , ички жан дүйнө байлыгы алдыга оозуп чыкты. Сүйүнүп атам. Анткени, көз көрбөгөндү көңүл көрө баштадыбы, бейм. Жаратылыш мынча сулуу көрүнүп, көңүл жаратылышты эңсеп турат. Уңгубуз сүйлөп, касиетке сүйрөп турат. #жөнэлеойло
4922   186
29.12.2019
Быйыл өлкөбүз үчүн кандай жыл болду? Менин оюмча жакшы жыл болду. Саясый баш аламандык, адилетсиздик, саткынчылык орун алган жердин каягы жакшы дейт чыгарсыңар. Бет каптар чечилди! Бул эң башкысы! Кимдин ким экенин, кандай сөөк кайсы жакта катылганын, иттин өлүгү каякка көмүлгөнү көрүндү! Көзүбүздү таңып келе жаткамбыз. Терең уйкуда болчубуз. Жаңыдан ойгоно баштадык. Жаңы күчтөр, жаңы жүздөр, өлкөнүн учун кармап, көмөк көрсөткүсү келгендер чыга баштады. Ою бузуктардын ээрден көчүгү ооп, кадам сайын ката кетирип баратат. Эскилердин эси ооду. Жаштардан, дилгирлерден, жаңы көз караштан үмүт зор. Кээде үмүтүң кесилип, көңүлүң түшөт. Анткен менен пендебиз. Үмүтсүз карайлап кайсы жакка чейин барат дейсиз? Кайра эле шамын жагабыз. Ооба, далай ката кетирдик. Эми биригүү, ынтымакташуу, бири бирибизге арка - жөлөк болуу, колубуздан тартуу заман. Буттан тартуу өттү. Ак пейилдик көкүрөктөргө себилди. Ичибиздеги актык бүчүр байлай баштады. Бул менин тереземен карагандагы көрүнүш. Күлгүн көз айнегимди кийип алган чыгаармын дагы, бирок көкүрөк ошого ишенгиси келди! Арамдар арамданган сайын таза абаны булгап жаткандай дароо таамай көрүнө баштайт эми. Тазалангандар көп болот анткени. Таңкы беште эмнегедир оюма үмүт жагылды. Жакшылыкты жандап жашагым келген каалоо ойгонду. Күндө кыйнаган аллергия, астма, грипп бүгүн жок. Gün doğmadan neler doğar demiştim dün. Yanılmamışım demek ki. Astımım gibi bütün kötüllükler kaybolur. Таң менен жарышып эмнелер гана жаралбайт?! Астмам, эки жумалык гриппим бүгүн тыптыйпыл. Эртеңки күндө далай оорудан айыгаарбыз. Өзгөчө жан дүйнөдөгү арам оорулардан! Кутман таң! #жөнэлеойлор #таңкыүмүт
4313   184
31.05.2020
Шар аккан суудай, жолумду издеп, шашып агам. Урунам, согулам, бирок токтобойм. Токтодуң дегиче эле сазга айланасың. Безилдеп, күндөр алмашкан сайын жаңылык издейм. Маалымат мн толуктайм. Ачылыш жасайм. Өз дүйнөмдү аңтарам. Тааныган сайын жашоо жеңилдеп, анын мааниси чыгып, өңү ачыла түшөт. Отчет берем. Анализдейм кадамымды. Өткөн күн кандай сабак калтырды, учурда кандай сезим ыроолоп турат, алдыга кандай максат коем. Эркиндик, жан дүйнөнүн тынчтыгы, сүйүү. Үчөө эриш - аркак жашооңо орногондо бакыттын даамы келет. Көз каранды болбосоң, өз жашооңо ээлик кылсаң, чечимди өзүң чыгарып, кадамды ишеним мн таштай алсаң, эркиндик. Кыжалаттык жок болсо, санааң тынч болсо, болбогон ойдун олжосу болбосоң, тынчтыктын келгенин билдирет. Сүйүү эң таттуу сезими ушул. Аны өзүңдү сүйүүдөн баштап, айланага чачасың. Гармонияга, бакыттын балкыган демине жетиш үчүн көп нерсени үйрөнүп, анализдеп, мүдүрүлүп, кайра туруп, сабак алып, китеп окуп, өзүңдү изилдеп жүрүп жетесиң. Токтобойлу, достор. Шар аккан суудай шартылдап, жол жиреп, жолубузду таап өтөлү. #жөнэлеойлор
8230   183
28.06.2020
- Уулум, көзүңдү жумуп, Жараткан мн жүрөгүң аркылуу маектешсең болот. Каалаганыңды сура. Ал аткарат баарын. ⠀ - Апа, кажети канча? Менде баары бар. Ушуга шүгүр кылайын. ⠀ Унчукпай калдым. Ичимен ошого акылы жетип атканына айран таң калып, бир эсе баламдын топук дүйнөсүнө кубандым. ⠀ Демек, баары жетиштүү деп атса, камсыздап аткан экенмин деп өзүмө маашырлана кубанып, көкүрөгүм ток пейил тартып калды. ⠀ Балача жокпузбу дедим ичимден. Сурай беребиз - сурай беребиз. Колубуздагыга шүгүр келтирип, ыраазы болуп, "Мага жетет ушул!" дегени аз. Кайсы учурда алкымыбыз араандай ачылып, майданын ырахатына тойбой калганбыз? ⠀ "Куралат баары майдадан. Байкабайт аны майда адам..." Керемет саптар. Бир момпосуйга ыраазы болгон балаңдай, бир жакшылыкка ырахмат айтууну билгенибизде алда канча бактылуу болот белек? ⠀ Көп нерсенин тегерегинде ой - жүгүрттүм. Көп нерсеге шүгүр кылдым. Жан дүйнөмдү тынчытып, алда качан эле бышылдап койнумда уктап аткан уулумдун артынан таттуу уйкуга жөнөдүм.. #жөнэлеойлор Сүрөт архив. 2008 - жыл. Курсагымда түйүлдүгүм бар.