Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5921  
29.09.2019
Энем сөөктү таза мүлжүсөң, эриң сулуу болот десе, тим эле мүлжүйт элем болгон тишиме салып, итке эч нерсе калтырбай. Илгери кесир болбосун деп эле бирөө тамаша ирээтинде деп койсо керек да. Аны ким билсин? Бирок, кыздар, эркектин сулуулугу сырткы дүйнөсүндө эмес экен. Эркектин сулуулугу анын эр жүрөгүндө, тайманбастыгында, ыйманында, марттыгында, маданияттулугунда, курчтугунда, тыңдыгында, табышкерлигинде, билиминде, эмгекчилдигинде, сыйында, камкордугунда экен! Жүрөгүнүн сулуулугу жүзүнө чыга келет. Эркектин колун кармаганда эркек экени билинип турсун. Салмактуу, орундуу, кызыктуу сүйлөгөнү болсо, кулагың жыргайт. Далдайып, олбурлуу болуп, карааны сүрдүү турса, өзүңдү корголгондой сезесиң. Айбаты көрүнүп, сүрү билинип, жүрөгү курч турса, кандай гана кыз болбосун багындыраар. Улуулуктан сүйлөсө, ою бийик болсо, жүрөгү таза болсо дейсиң! Карааны тоодой, жүрөгү кең, курч жигиттер калгандыр! Илгери чептен эрдин күчү бек дээр эле. Алар фейсбукта, инстаграмда эмес чыныгы жашоодо жүрүшсө керек. Бул жакта болсо деле билинбей жүргөндүр. Чыныгы мырзалар, айбаттуулар, кайраттуулар, силер бар болгула! Саныңар көбөйсө экен! Көбөйсөңөр, эркектен күч талашкан кыздар назик жанга айланмак! Силерден талашмак эмес бийликти. Бийиктикке чыгарып, артыңарда жөлөк болоор эле! #жөнэлеойлор
9934  
28.09.2019
Малаховго бирдеме дебейсиңби дегендер, эмне дейин мен ага? Аябай кыйын элбиз, кыйындыгыбыздан көрүнгөн өлкөдө тентип, балдарыбызды таштап коюп, күнү - түнү иштеп, ден соолугубузду акчага алмаштырып , балдарыбыздын токочун таап атабыз дейимби? Же ушундай ынтымактуу элбиз түндүк - түштүктү кой, айыл - айыл, уруу - уруу, айлабыз кеткенде партия - партия болуп бөлүнүп алып, бири бирибизге жугунду төгөбүз дейимби? Эмне дейин айткылачы? Ушундай берешен элбиз. Берешендигибизди ушундан бил жерибизди тебелетебиз көрүнгөнгө, уран - алтынын каздырабыз, суусун сатып, жерлерибизди ит бекер берип ийебиз дейимби? Же ушундай билимдүү элбиз, мугалимлерибиз "пашти што" бекер иштеп, чоңдорубуздун эки сөзүнүн бири ката, эки тамганы эптештирип окуйт. Анткени министрибиз бир катадан эчтеке болбойт деген, көнө келсе, мектепти контейнерден салып салабыз дейимби? Ушундай чечкиндүү элбиз. Шайлоодо эртеңибизди миң сомго, бир бөтөлкө аракка, бир мүшөк унга сатып жиберебиз дейимби? Бийликке оозу кыйшык болсо да, туугандар отурсун, жарыгы мага тийсин деген жактан алдыга ат салдырбайбыз дейимби же? Диплому бар, билимдүүлөр соодада, таксиде диплому жоктор майлуу - сүттүү орунда десем да болот, баса! Намыстанып, чычалаардан мурун ушул аңга түшкөнгө өзүбүз күнөөлүү экенибизди бир билели! Бири бирибизге шылтап, сөөмөй менен кезеп, сен күнөөлүсүң дээрден мурун ар бирибиз күзгүгө бир каранып, кеп башкада эмес өзүбүздө экенин аңдайлы. Сенин, менин да бүгүнкү күнгө салымыбыз чоң! Элге " сопляк " көрүнүп атсак, ошондой бардыр! Чычалап не кажет? Балким чындыкты айткан үчүн чычалап, жарабызга оор тийип аткандыр! Качан гана күчтүү мамлекет болуп, ынтымагыбыз бекем болгондо эч ким бизге өйдө карап, бутун сүртө албайт! Болбосо, бул шылдыңдын башы эле. Ойгонбосок, дагы далай тебелейт. #жөнэлеойлор
6240  
27.09.2019
Канчалык башыбызды чокмор менен кандап, көрсөтүп жатса деле мурунку түшкөн аңга түшө берет экенбиз. Себеп? 2020 - жылы эски саясатчыларга шайлабайм. Эгемендүүлүктөн баштап парламентте отургандар, бетиңер кызарсын. Жеп аткан ашыңар кокоңордон өтө албай атып өтүшү керек. Элди карай турган жүзүңөр жер карап туруусу керек негизи.. Ушул аңга жетелеген эскилер. Уялбай, кызыктуу жомогун айтып, жаңы шайлоого эч нерсе болбогондой келерсиңер.. Азыркы саясый абал кокосуна жетип, жаңы жол ача турчу курсагы дагы, көңүлү дагы ток мыктылар, билимдүүлөр, отличниктер, китеп бетин окуй ала тургандар, сабаттуу жазгандар, орундуу сүйлөгөндөр, мыйзамды окугандар, түшүнгөндөр, мыйзамдын түшүн жоруй тургандар, эң башкысы күпүлдөп сөзү менен эмес, иши мн мактоолорго арзый тургандар келер! Азыркы саясый абал ирээнжитип туру... элдин сабырын сынабай тургула! Толкуса, өпкөңөрдү үзө толкуйт! Акыйкатсыздык ашып баратат.. #илгериүмүт
Загрузка...
6536  
05.11.2019
Жаңы ажырашканда эркектен алгач көңүлүң айланат. Тим эле итиркейиң келет! Баары эле оппокшош бп бир эле "бабник", "сволуч", "калпычы" "жеткен шүмшүк" бет кабын кийип алгандай көрүнөт. Көргөндө эле тырмана баштайсың, аллергия болуп. Өзгөчө "движение " кылып баштаганда тим эле "котур" болгон немедей эле тырманасың! " Экинчи эрге тийсем элеби! Өзүңө өзүң өмүр бою жалгыз жашап өтөм!" деген ант бересиң! Убакыт өтөт. Кечиресиң. Жүрөгүң жумшарат. Мээңдеги ылай тунат. Көп нерсе көрүнө баштайт, көзүң ачылат. Жаныңа жуутпай, "Желкемдин чуңкуру көрсүн! " дегендер мн сүйлөшүп көрөсүң. Сүйлөшсөөөөң эле ары жагынан жакшы эле адам көрүнө баштайт. Дагы жакшылап үңүлөсүң. Үңүлсөң эле алардын да сеникиндей жүрөгү, көңүлү, сезими бар экенин байкайсың. Ишенбейсиңер бирок "однолюбдарын" да кезиктирдим. Болгондо да аялдан көңүлү калып, экинчи аял алсам элеби дегендер! Анан аларды аяй баштайсың. Энелигиң ойгонуп, өлүп калган ичиңдеги "аялдыгың" тириле баштайт. Кээде ушунчалык аяйсың, жолунан адашып жүргөнүн көрүп, жетелеп, жолун таап, көңүлүнүн канаганын көрүп, таңып бергиң келет. Бергиң келет бирок коркосуң! Мурунку жашооңду, таарынычыңды кое бергениңдин белгиси алгач башкаларды сени сүйүүгө уруксаат бересиң. Анан ичиңдеги кандайдыр бир инстинкт "Түгөйүңдү тап!"деп укуй баштайт. Бирөөгө башыңды жөлөп, эркелегиң келип, жүрөгүң сүйүү издейт. Ким жакшы сүйлөсө эле, "болочоктогу түгөй" деген текчеге теңей баштайсың. Мурунку тажрыйбаң жардамга келет. Мурункусу мындай болчу. Демек, тигиндейи керек деген эсеп - кысаптар башыңда пайда боло баштайт. Иши кылып өткөндөгү каталар кайталанбашы керек. Ошон үчүн кыздар, балдар, ооруган жүрөк айыгып, өлө албай жатып, өлөң айтат болуп, жаратынан жаңы айыгып алып эле жүрөк кургур сүйгүсү келе баштайт экен. Баары бүттү дегендер, бүтө элек! #жөнэлеойлор
7223  
26.09.2019
Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин окуу жайлары мыкты деп билем. Анткени өзүм окугам. Эл аралык "Ататүрк Алатоо" Университетинде окуп жүргөндө терең билим алдык. Сынак тапшыруу оңой - олтоң эмес, бир топ машакатуу эле. Пара мн бүтүрүү, кыргызча сүйлөшүп алуу жок. Күнү - түнү окуйсуң. Университетимдин жылуу атмосферасы, бир туугандык мамилебиз, башкача тартип жүрөгүмөн түнөк тапты. Андай чөйрөнү, андай жылуу ата - энелик мээримди башка жактан жолуктура алган жокмун. Көп жыл өтүп, мага тааныш дүйнөгө уулумдун да сүңгүшү сыймыктандырып турат бүгүн. Көкүрөк толо сыймык! Балаңа дүйнөнүн мыктысын каалап, каймагын иргеп бергиң келет экен. Тапкан - ташыганымды уулума чаптагым келип турат. Билим жана сүйүүм - сага бере ала турчу эң чоң белегим, колуман келген эң чоң жакшылыгым! Идиректүү болуп, илип кетсең экен! #gramotei #sapat
5303  
25.09.2019
Чоң энемдин "болбойттору" же "жаман болоттору" : 1. Бутуңду тартпа, жаман болот 2. Тамак ичкен соң, дароо жатпа." Акылы жокту алып урам". 3. Керилбе, жаман болот 4. Тырмакты кечинде алба, жаман болот. 5. Күүгүмдө уктаба 6. Күлдү тебелебе 7. Кыз киши тамакты колунун чуңкурчагына гана теңеп ичиш кк 8. Ары карап ыйлаба 9. Чоңдорго аркаңды салба 10. Малдаш токунуп отурба 11. Кечинде түш айтпа. Жаман түштү жоорутпа. Сууга агыз 12. Эстегенде колуң менен оозуңду жаап алып эсте. 13. Эркекти аттаба, теппе, кийимин тебелебе, баш кийимин бийик кой... 14. Баш кийимди тебелебе, бирөөгө бербе... 15. Акырын, аз сүйлө, сыпайы күл, зымырайып жүр... 16. Чачыңды жазба 17. Бөйрөк таянба 18. Таяк таянба 19. Чөмүчтөн ичпе, күйөңдүн мурду чөмүчтөй болуп калат 20. Тузду төкпө. Кошунага туз бербе 21. Жакындарга ит бербе. Итче ырылдашып каласың. 22. Сөөктү таза мүлжү. Аялың/ күйөң сулуу болбой калат 23. Тамакты эки колуң мн кармап же 24. Эшикти теппе 25. Кыбыланы теппе 26. Шыпыргыны тик койбо 27. Жер таянба ...... 28. Үшкүрбө. Этегиңди уй жегир! 29. Кол жууганда колуңдун суусун силкпе! 30. Босогону тебелебе. 31. Эшикти кулачтаба. 32. Күкүмдү тебелебе 33. Бешикти бош терметпе 34 . Сөөмөй мн көргөзбө 35. Идишти жууп жат. Шайтан - шабырлар аралап кетет 36. Акты кечинде бербе 37. Кечинде жылаң баш чыкпа 38. Тамакты шоркуратпай ич. Оозуңду жаап чайна 39. Жаак таянба 40. Жипти моюнга салып ойнобо. Анты болот. .....эстегенде толуктайм .. .
7943  
03.11.2019
Чамгарактаган жан дүйнөнү тынчытканда гана ылай суу тунуп, айлананы көрүүгө, тунук акыл мн ой жүгүртүүгө мүмкүн экен. Жан дүйнөңдө башаламандык жүрүп жатканда үстөккө босток ката кетиресиң! Алдыңдагыны көңтөрүп, далайды бүлдүрүп - сындырасың. Тынчытыш керек экен башкысы. Жан дүйнөнү тынчыт. Куюндай кайнаган ойду, энергияны бир калыпка сал. Тун, жаратылыш мн жуурул, өзүңдү тыңша. Өткөндө бир жакшы адам айтты эле. Кыйналып турсаң: 1. Жаратканга кайрыл. Сүйлөш, сыйын. 2. Жаратылышка чык. 3. Жакшы адам мн сүйлөш. Жан дүйнөңө даба тап. Көңүлүңдү өйүткөн көйгөй мн беттеш. Качпа. Ооруп аткан жараңдын ириңин жалкып качпай басып адып сыгып, ириңин чыгарып, микробун өлтүргөндө гана аның айыга баштайт. Качып жүрө берсең, далай сызып, ириңдеп, лукулдатып ооруйт. Акыры чоң көйгөйгө айланат. Өзүбүздөн өзүбүз качабыз. Сырттан душман күтүүнүн кажети жок. Өзүбүздү өзүбүз мүлжүп , өзүбүзгө өзүбүз көр казабыз. Өзүң мн достошуп, беттешкенди үйрөнгөндө көп жакшылык келет жашооңо. #жөнэлеойлор Сүрөттү @azamatkurmanaliev чекчейтти.