Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
8153  
23.02.2020
Мырзалар, кыздар бою эки метр узун, курсагында кубиктери бар, кашы - көзү кара, мурду кырдач, отличник балдарды эле сүйөт деп жүрсөңүз, жаңылышасыз. Кыздардын табити ар башка, бирок кайраттуу, духу күчтүү, сөзүнө туруп, жоопкерчиликтүү болуп, камкордук көргөзүп турсаңар эле сүйүүбүз артпай анан?! Ошон үчүн курсактуулар, арык - торуктар, чачтуулар жана чачы түшүп калгандар, сулуулар - анча эместер, шыңга бойлуулар - жапалдаштар, айтор, сырткы келбетиңер, формаңар, сымбатыңар, бизди ойлондурбайт деле! Ар бириң сүйүктүү болууга татыктуусуңар! Ички начинкаңар даамдуу болсун башкысы! Коргоочуларым, коргооңорду сезип, кучагыңарда гүлдөйлү, жыпар жытыбызды чачалы, кумарлантып, ырахатка бөлөйлү. Сүйгүлө! Сүйүктүү болгон, эркелеген, эриниңерде ээриген анан от болуп ээритип, сымаптай куюлткан бизге өөөлө жагат! Жигиттер, аягыла, аяр мамиле кылып, канатыбызды кайрыбагыла! Назик болуп, башыбызды жөлөгөнгө, салмагыбызды берип, саамайыбызды сылаталы. Көңүлүбүздү көргүлө, эсептешкиле! Биз да сиздин көкүрөгүңөрдөгүнү таамай окуйлу, дартыңарга дабаа таап, жараңарды айыктырабыз. Майрамыңыздар менен!
9808  
02.10.2019
Өстүрө турчу анан өлтүрө турчу сүйүү бар. Өстүрө турчу сүйүү канат берет. Бийик учурат. Ишеним берет. Анын берген эркиндигинде каалгыйсың, жыргайсың. Шартсыз сүйөт. Эсеп - кысабы жок , милдеттендирмеси жок сүйүү. Бир жакшылыгын миң айтып, мээңди жебейт. Жөн гана жүрөгүнөн чыккысы келген үчүн жакшылык кылат. Догун артпайт ал үчүн. Өстүрө турчу сүйүү жүрөктүн түбү менен таптаза чыгат. Арамы жок. Адалы көп сүйүү ал. Ал сүйүүгө балкыган адам арууланат, өсөт, гүлдөйт, жайнайт. Өлтүрө турчу сүйүү бар. Өзүмчүлдүк чоң ал жакта! Мен үчүн, мага, кылышың керек, баспа, турба! Мойнунан байланган ит сыңары. Ал жибиң бара бара сыйыртмакка айланат. Бууй баштайт. Соңунда демиңди кысып өлтүрөт. Сенин кызыкчылыгың, ыңгайың, эркиндигиң, гармонияң эске алынбайт. Баардыгы ага ыңгайлуу болуусу шарт. Жакшылыгын өмүр бою мойнуңа жүк кылат. Өмүр бою карыздарсың, күнөөлүүсүң. "Кыңк" деп эле баш көтөрүп көр! Өкүттө каласың! Сөөгүңө жеткире сүйлөп, чучугуңду чагып жейт. Сүйөм дейт. Сүйүп аткандай мамиле бирок күндөн күнгө куурап баратканыңды сезесиң. Жылдызың өчүп, ооруй баштайсың. Ал эч качан жаңылбайт. "Меники чын, меники туура " менен жашап, кемсинтет, кемитет, чүнчүтөт. Кач андай сүйүүдөн! Ал өлүмгө кетчү жол! Эркек - аялга гана тийиштүү эмес бул сүйүү. Бир тууган арасында, достукта, ата - бала, эне - бала ортосунда да боло турчу сүйүүлөр бул. Чыныгы сүйүүнүн эсеби, милдети, шарты жок. Жөн эле ааламда бар үчүн сүйөсүң! Анын бир эле жылмайуусу үчүн дүйнөнү оңкоросуң, жүрөгүңдөн чыкканын жасайсың! Эсепсиз - кысапсыз....#жөнэлеойлор
Загрузка...
5963  
28.11.2019
Адам толукшуп, бактылуу болуп, канат байлап турганда иши кадимкидей жүрүшүп, энергиясы ашып - ташып, колунан баары келип, элдин да назарына эгедер болуп, көп иш бүтүрүп, жолу да шыр кетип, өзүнө өзү сулуу көрүнүп, элге да жагып, ырас эле төрөлүп, ырас эле жашап жатыптырмын деген ойго кептелип калат! Дүйнөдөн кынтык , өзүнөн кемтик таппай, төгөрөк төп келишип, атайы издесең да мүчүлүштүк кыйын болуп, жашоо өзгөчө өңүткө чыга келет. Маанайың бузулуп турган кезде, бечелге жөтөл жабышып, аксанга муштаган болуп, үстөккө босток үйүлүшүп, ишиң ичинен чыкпай, түз кетпей ийри жүрүп, ичкениң ирим болуп, иштериң ирип кетет. Тогуз толгооң бир келип томолонуп, толгонуп, оңунан чыкпай, солунан кетип, кыйчалыш жүрүп баары, кыйналып жаның, кыйышка туура келип, кынтыгы бүтпөй табылып, куурайсың. Күзгүдөн карасаң, күлүмсүрөгөн эч ким жок, кебетең огош бетер келишип, жүдөө чыга келесиң. Ишиң жүрүп, итиң чөп жеш үчүн дайыма жакшы толкундан түшпөй, каткырык, позитив бар жерде жүрүш кк окшойт. Ал толкундан үңүрөйгөн, наалыган толкунга түшүп калдың дегиче өлдүң! Наалыта турчунун баары ээрчишип келет. Кээде жолумду таппай, караңгылык келген учурда көйгөйүмдү көтөрө албай калганымда Жаратканга жалынып туруп, өзүң каалагандай чечип бер деп, колуна салып, тапшырып берем. Көп учурда Жараткандан талашып алып, өзүм жасайм деп тырбалаңдай беребиз. Саздын түбүнө түшүп кеткенге чейин тырбалаңдайбыз. Ошон үчүн ситуацияны кое берип салам. Ойлонбой жүрө берем. Оюмдун баарын башка эле нерсеге топтойм. Түбөлүгүң түз болсо, түйшөлгөндөн не пайда дейм. Бир күнү убагы келгенде ар бир ташы өз ордуна отурат. Ошого бекем ишенем. Отузга келгиче үйрөнгөнүм ошол. Ошон үчүн позитивде, жакшы толкунда жүрөлү, жакшыларым! #жөнэлеойлор
8424  
31.10.2019
Кагылган каалганын баары эле дароо ачыла берсе, үмүттүн, сабырдын мааниси калат беле, уулум? Күткөндү үйрөн. Төгөрөгү төп келип, тузу кемибеген адам болбойт. Кемтигиңди толуктап, үзүлгөнүңдү улап, чачылганыңды жыйнап отуруп гана бакыттын , жеңиштин, өрүштүн даамын билүү мүмкүн. Аңга түшкөндөн коркпо. Бир жолу түш! Андан кийин алдыңан чыккан миң аңды аттап өтөсүң. Бийиктикке чыккандан да жазганба. Алгач башың айланат. Дендароо болосуң. Атактын, даңктын жүгүн азаптын жүгүн көтөргөндөн да оор, балам. Апамдын мага үйрөткөн сабагын сага калтырам: "Жеткен чегим ушул десең, атагыңа мас болосуң. Дагы өсөм десең, жөнөкөй бол. Көтөрө бил." Башыңа бакыт кушу конгон кезде көзүңдү тунук тут. Май баспасын. Көңүлдү ток карма. Алкым деген жаман нерсе. Жан дүйнөң жетиле элек болсо, бакыт кушун кармап туруш кыйын болот. Аны багып, бапестегенди, бийик бийик учурганда билүү кажет. Оор күнүң келет. Башыңа мүшкүл түшкөндө жабалактаган дос да, тууган да азаят. Ал пендечилик, балам. Кекчил болбо, кечире бил. Кабыргаң майышып турганда ишенип анан таяна турчу тек Жараткан анан өзүң барсың! Эч ким сага милдеттүү эмес! Ата - энең дагы! Өзүңдө өзүң гана барсың! 18 ге чыгып, толук кандуу жаран болгуча насаатым, айтчу акылым, кеп кылчу кеңешим да болот. Чоң киши болгон соң, тандоону өзүңө коем. Жашоонун калемин колго аласың. Кандай чиймелесең да, өмүрүңдүн соңунда өкүнбөгөндөй бол! Шартсыз, милдет жүктөбөгөн, сенден эч нерсе үмүттөнүп, күтпөй, жашоодо бар экениңе кубанып, чын ыкласы мн жакшы көргөн апаң бар, балам. Караңгыда карайлап, калсаң, жарыгым сага белен! #жөнэлеойлор
8437  
03.02.2020
"Иши кылып", "Боло берет" , "Жетет ошол эле" ....ж.б. "Иши кылып башы аман болсун." "Иши кылса үңкүр да болсо үйүм болсун." "Иши кылса аюудай эрим болсун." "Эптеп эле балдарымды карашса болду. " "Эптеп кыштан чыкса болду"." Эптеп туруп турсак, анан көрөбүз". "Эптеп эле"..деп атып эптеген оокатта күн көрөбүз. Эптеген аял алып, эптеген эрге тиебиз. Эптеген балдар төрөлөт. Эптеген оокатты кылабыз. Өзүбүзгө жакшыны, сонунду каалагандан ушунча коркобуз! Фобия тим эле! Ал тургай өзүңө Жараткандан сураганда да ичибиз тарып, "Ушунун баарын эмне кылмак элем, же ушуну мага бермек беле?" деген ой жатат. Кенен сурасаң, кыйналып кетесиң да. Кыялыңда бийиктикти кыялданып койсоң, башың тегеренип кетет го, чиркиндики! Мага боло берет деген ой. "Иши кылса жүрүп турган эле машина болсо болду!" А эмнеге укмушун каалагандан коркобуз! Акыркы моделдеги унааны ойлоп алсак случайно, кара тер басып, жүрөгүбүз лакылдап, мээ тегерене түшөт да ээ? "Элестет килейген үйдө жашап, Мальдив аралында жатсаң" деп көр бирөөгө. "Жок нерсени айтпачы", же "Кудайды бир карап анан кыялданбайлыбы" дейт го! Же "Ыштаныңды жыртыгын бүтөп алып бийиктикти сама" деп кыялданып аткан учкуң келип аткан канатыңды тарс эле үзө чабат. "Болсун!" "Оозуңа май" деп коюшса, кемип калчудай. Бул нерсе ушунча каныбызга терең сиңиптир андан кутулуу оңой тургудай эмес. "Мен татыктуумун! Бактылуу болууга акым бар " дегенди үйрөнүп коюш керек эле. #жөнэлеойлор