Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5181  
28.10.2019
Чоң энемдин ырым - жырымдары же доктурлугу : Очоктун жанына отургузуп алып, баланын эмгегин көрөт эле. Жүрөгү түшкөн деген диагноз коет жарыктык . Балканы алып, очоктун этегине отуруп алып, балканын учун жерге тийгизип, күбүрөнүп, баланын жүрөгүнө бир тийгизип, "жүрөк көтөрүү " ырымын жасайт да, акырында сөөмөйүн оозуна салып үч жолу апаптайт. Ал ырымы ачкарын жасалышы керек. Ошону үчүн биз уктап атканда таң атпай келин - кесек, бала - бакыралары мн келишер эле. Анан чоңдордун башын теңдейт. Башым ооруп жатат дегендерди отургучка отургузуп алып, атамдын курун алат да башын салып өлчөп - өкчөп, чойгулап, "тең - тең" деп сүйлөнүп, теңдей баштайт. Кадимкидей ооруп аткан баш токтоп, жыргап калышаар эле. Ичим ооруп атат десең, чалкаңан жаткырып алып, койдун майын ысытып келип, күбүрөнүп, "Менин колум эмес, Умай эненин колу!"деп баштайт. Сааттын жебесиндей, оң тарапка ушалап, көпкө сүйлөнөт. Анан тыбыт жоолугу мн таңып койсо, таң аткыча "былк" этпей уктайбыз. Шалдырап, кусуп калсам, нанды жетиге бөлө коюп, колуна уучтап алып, "Сук, сук, менин жаман кызымда эмнең бар? Чык - чык" деп күбүрөнүп, башыман таманыма чейин суксуктап чыгат. Ал учурда аябай эстеп, көзүнөн жашы куюлуп, кекирип, кыйналып чыгат. Бүткөн соң, токочту итке ыргытып жиберет эле. Болбосо, ушул эле ырымды кагаз мн жасачу. Кагазды жетиге бөлүп алып ырымдап, бүткөндө өрттөп салчу. А кокус түндө чочуп, уктай албай жатсам, макисин алып жаздыгымдын алдына макинин учу мн чиймелеп, макини коюп койчу. Мемиреп уктачумун. Ар бир ырымын "Быссымылда ракман райым" деп баштачу. Ал тургай чачымды тарап, өрүп берип атканда да жакшы тилек мн тарап, өрүп бүткөндө "Беш күндө белге жет, жети күндө жерге жет " деп чоюп - чоюп коер эле. Таң атпай энем экөөбүз туруп алып, түш жоруйт элек. Ар бирибиз бирибизге бирибиз түшүбүздү айтып алып жоруйбуз. Жаман түш көрсөм, сууга агыз деп сууга айттырып, "Түшүң түлкүнүн богу" деп коет. Көзүкпөсүн деп бетимди суу мн жууп, өзүнүн этеги мн аарчыйт. Тишим ооруганда атамдын тамекисин алып, аны күгүзүп, бир - эки соруп алат. Күйгөн чылымын гезиттин кенедей кесиндисине салып, оройт дагы тишимдин тешигине салып койчу. Айтор, толтура болчу ырымдар. #жөнэлеойлор Сүрөт:@nurtazimphoto
Загрузка...
7411  
21.10.2019
Апам "Кыздын бактысын көп тилейбиз, бирок уулдукун эмнегедир бейкапар алабыз. Уулдун да бактысы болот. Жакшы жубай жолукса экен деп тилеп туруш керек",- деп көп айтат. Ар бир жазган постумда аялдардын, кыздардын таламын талашам. Анткени дүйнөлөрү мага тааныш. " Биздикин качан талашасың?" дейт айрым мырзалар. Мен тамашалап, - Аябай кордук көрүп атасыңарбы?- дейм. ) Талашайын дейм. Тилим кыска. Бирөөнүн кыйраткан жубайы болсом, дитим бармак, тилим өтмөк. Ошентсе да, бир турмуштун көргөн келин катары жана ага - инидердин арманын жууруп отуруп бул эрежелер чыкты: 1. Эркек намыскөй келет. Намысын чукуп, басынтпа. Анткен сайын эркек чүнчүйт. Адарга мактоо жарашат. Бир мык түз кагып койсо, мактап койсоң, дардактап, экинчи мыкты каккысы келип калат. 2. Эриң иштен келгенде, кабак - кашың бүркөлүп турса, качкысы келет. "Кайда жүрөсүң??" суроосунун ордуна тилиңди тишиңдин артына катып туруп, тамагын бер. Алардын курсагы тойгондо сүйлөгүсү келип калат. Анан баардык сурооңо, жооп тапсаң болот 3. Ал ачууланып, ашатып атканда унчукпай кутул. Отко май чачпа. Жини тараганда, маанайы беште бултукта - тултукта, эркеле! Любой жеринен чыгара бер. 4. Эркектин эң жек көргөнү анын телефонун чукулаганың. Телефону анын дүйнөсү. Жеке дүйнөсү! Өтө эле көзөмөлгө алып, телефонун башыңа кийе берсең, аны урматтабаганың, ишенбегениң. 5. Кызганыч! Сонун мамилеге жарака кетирет. Өзүнө ишенбеген, өзүн сыйлабаган, комплекси бар адам гана кызганат. Өзүнүн мыкты, алмаштыргыс экенин билген адамдын жан дүйнөсү тынч. 6. Эркектин кийими - аялдын тың же тың эмес экенин көргөзөт. Бырышып - тырышып турса, сөз түз эле сизге тийет. 7. Элдин көзүнчө эркегин каккан аял - акылы жок аял. Өзүнүн акылсыз экенин гана көргөзөт. Тоо урап атса да, көйгөйүңдү үйдөн сүйлөш. 8. Эркек доңуз сындуу сиздин оюңузду жонунан билбейт, же көзү ачыктык, алтынчы сезими мн туюу сындуу сезимдери жок. Так, даана, ачык айт эмне каалап атканыңды. Намегуң балтайып турса да түшүнбөйт. Ошон үчүн: "Гүл берип тур", "Комплимент айтып койсоң болот", "Бүгүн башка бутум мн туруп алыптырмын урушкум келип атат". "Мен урушам сен чыдап тур. Эркелегим келип атат" ж.б. деп эле балтайта айт! Алар түшүнөт деп отура берсең, кылым алмашат.
8217  
19.01.2020
Кутман таң, сонундарым! Жаратканга сыйындым. Жатаарда, көзүмдү жаңы ачканда. Жүрөгүмдүн түбүнөн чыгара колумда эмне болсо, ыраазычылыгымды билдирдим. Бир айдан бери кыйнап аткан ооруга да ырахматымды айттым, кайдан келсе, ошол жакка узаттым. Ырахмат айтканымдын себеби, ден соолуктун кадырын билдирди. Эзели көргүм келбеген спорттун канчалык мага керек экенин көрсөттү. Адатта маани бербеген, нормалдуу көрүнүш катары кабыл алган ар бир организмим керек экенин жана аларды сүйүп, ар бирине туура тамак, витаминдер менен кам көрүшүм керек экенин түшүндүрдү. Башыма келген ар бир оор кырдаал мага жакшы сабак берип, жарык жакка сүйрөп, ар бир мүнөт ардактуу, жашоо таттуу экенин көрсөттү. Аларга да ыраазымын. Алдыман чыккан ар бир адамга ырахмат! Жаратканым мага сонун адамдарды, алар менен келген сонун сабактарды жөнөтөт. Ар бир адам, ар бир окуя, акылымдын өсүшүнө, көкүрөгүмдүн көрүшүнө салым кошот. Жакшы көрөм силерди! Дүйнөнү, жашоону, өзүмдү, баламды, апамды, тагдырымды, жакын адамдарымды сүйөм! Мээримге, сүйүүгө, ыраазычылыкка толуп ойгонгонум үчүн ушул таңды да жакшы көрөм! Күнүңүз куунак өтсүн! #жөнэлеойлор
5903  
18.10.2019
Аял эркекти тандайт экен көрсө. Жашоодо жуптар табышса, аялдын көңүлүнө жаккан үчүн жуп болушту дегендик. Жаныбарлар дүйнөсүндө деле ургаачы гана тандайт эркегин. Эркектери бийлеп, болгон өнөрүн көрсөтүп, тердеп - кургап , өзүн өзү жарнамалап атып араң өткөрөт го товарды! ) Анын сыңары адамдардын чөлкөмүндө деле "Ык - бык, сен чыкты" биз - аялдар айтат экембиз. ))) Байкасаңыз, көңүлү сүйбөгөн эркекти аял бир метр да жолотпой кууйт. Энергетикалык жактан жабык болот. Ал тарапты да карабайт. Каралса да, эркек катары каралбайт ал адам. Дос, тууган ж.б. болушу мүмкүн. Кээ бирөөлөр "Кантип эле эркек мн аял достук күтсүн? Экөө от мн бензин да чогуу жүргөндө! " дегендерди түк түшүнбөйм. Аял жабык болсо , достуктан сырткары мамилеге эмне балээ болсо да жан дүйнөсүнө да, денесине да кире албайт. Аял көңүлү түшкөн эркегин бат эле амал таап, имерип алат. Аялдын амалы кырк эшекке жүк эмеспи. Анын баары көрүнгүс, атайы эрежеге кирбеген, тил мн сүйлөнүп эмес дил мн чечилчү мыйзамдар. Акыл алдында туйганыбыз мн аңдап деле көрбөгөн көрүнүш. Мени курчагандын баары эркек десем эле таң калгандары көп. Кантип анан арасынан бирөө жакпасын деп. Анализ кылдым. Ой жүгүрттүм. Мээмде "Достук, "Тууган - урук", "Жөн эле тааныш", "Коллега", "Сүйүү жаратканга мүмкүн" ж.б. деген деген текчелер бар экен. "Достук" текчесине кирген адам эзели "Сүйүү" текчесине кире албасын так билем. Чалды - куйду аралашып, шакмары чыкпайт экен мээмдеги текчелердин. Ар биринин өз орду бар. Ошон үчүн чалкасынан кетип, эркек - аял дос болбойт дегендер, дос болот! Аял уруксаат бербесе, достуктун чегинен чыгарбаса, балекеттей эле дос болот! Аялдын денеси көрүнгөнгө эле ойгоно бербейт анткени. А баса," Муну байкаштырыш керек" деген да текче бар. Ал убакыттын өтүшү мн өз текчесин табат. #жөнэлеойлор