Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
373  
26.11.2019
Приближается Новый Год🎄❄️ - праздник волшебства✨ и сюрпризов🎁! Каждый год наши родители и родные дарили нам подарки и радовали нас. Пришел наш черед отблагодарить наших родных и близких и подарить им волшебный вечер👍🏼! 🗓18 декабря ресторан "Алтын Казына" организует специальный новогодний вечер "Ата Энеме Жаны Жылдык таазим". Вас ожидают: - интересная шоу-программа - живая музыка 🎶 - выступления кумиров наших родителей - конкурсы и куча призов - ну и конечно же аппетитные блюда ———— По вопросам бронирования 🔹Банкетный зал Алтын Казына и VIP-зал📲0555447575 Наши родители заслуживают лучшего! Подарите родным волшебный новогодний вечер. ———— Сыйкырдуу майрам Жаңы жылга аз калды. Жыл сайын биздин ата-энелер жана жакындар белегин берип, бизди кубандырып келишти. Эми биздин кезек! 18-декабрда "Алтын Казына" рестораны "Ата Энеме Жаны Жылдык таазим" аттуу атайын жаңы жылдык иш-чара өткөрөт. Сизди төмөндөгүлөр күтөт: - кызыктуу шоу-программа - жандуу музыка - ата-энелерибиздин кумирлери - сынактар жана белектер - даамдуу дасторкон Биздин ата-энелер мыктыга татыктуу! Жакын адамдарга укмуш кече белек кылыңыз! ——— ""Алтын Казына"" банкеттик залы жана 🔸VIP-зал 0555447575 🔹Mary Park залы жана ""Monroe” бары 0555331131 #АлтынКазына#банкетбишкек#ресторанбишкек
4813  
01.02.2020
- Апа, гопник келе жатат. Кач. - Гопниги эмнеси, кокуй? - Алар адамдын түрү. Көбүн эсе чемичке чагып, же бөтөлкө көтөрүп, сөгүнүп, жерге түкүрүп - какырышат. "Адидас " маркасындагы спорттук кийим кийишет. Адамдарды коркутуп, акчасын алганды жакшы көрүшөт. Кыскасы, тарбия көрбөгөндөр. - Ар бир эле адам гопник боло алабы? Алар каяктан, кантип чыгат? - Алар сүйүү көрбөгөн, көп төпөш жеген катуу үй бүлөдөн же тескерисинче баланын көзүн көп карап, эмне сураса, сатып бере бергендерден, көп эркелеткенден чыгышат. Ата - энеси камсыздаганы үчүн колунан эч нерсе келбейт алардын. Анан ушундай жолду тандап кетишет. - Анда сен деле гопник экенсиң го? Биз деле сен сурагандын баарын алып беребиз го? Анан да аябай эркелетебиз. - Жоок, силер эркелеткен менен мен жамандык жасай албайм да бирөөгө. Бирөөнүн көңүлүн ооруткум келбейт. Анын үстүнө оюнчук алдыргым келбей калды. Бир ойноп эле кызыкпай калат экенмин. Жөн эле акча коротпоюн деп чечтим. Көп оюнчугум жөн эле жатат. Сатсак да болот аларды. - Жетим балдарга алып барып берсек кандай дейсиң? - Жакшы болот. Карылар үйүнө барганда аябай сүйүнүшпөдү беле? Алар да сүйүнүшөт. Бирок сынык оюнчуктарды ыргытып эле салалы. Бүтүн, жаңы оюнчуктарымды берейин. Ансыз деле алар мээрим көрбөйт да. #Ариет Балам экөөбүздүн бүгүнкү баарлашуубуз. Кечинде иш жолугушууман чыгып, караңгы көчө мн келе жатып, чемичке чагып, жерди булгап келе жаткан "гопниктерди" көрүп калып, башталып кеткен маек.
5168  
12.02.2020
Аял кишинин мээсинде чар жайыт башталганда үй жыйнайт. Салондорго чуркайт. Тегерегин, өзүн ирээтке келтирүү мн бирге мээсинин ичин, ойлорун да тазалап чыгат. Бир коуч, тренинг мырза : "Өзүн сүйүү - жан дүйнөсүнө ыңгай жаратуу, сулуулук жасоо, ырахаттануу,- деди. Ойлоп көрсөм, дагы эле өзүмдү экинчи орунга коюп келе жатыптырмын. Киймимди карасам, жупуну. Боенбой да калдым. Байкенин сөзүн ойлонуп отуруп "Эмнеге мындай?" деген суроого кептелдим. Өзүмдү жөнөкөй болуп калдым, эл эмне дейттен чыктым деп алдап коет экенмин да шалпактап жүрө бермей адат тааптырмын. Жалгыз жашоого көнүш үчүн убакыт керек болду окшойт. Үй алыш керек дедим. Алдым. Баланы жакшы мектепке киргизем дедим. Киргиздим. Анан ден соолуктарды каап, ары жак, бери жагымды жыйыштыргыча эле убакыт өтүп баратыптыр. Көзүмдү жумуп алып өзүмө суроо бердим. " Назира, жакшы кийинип жүргөндө өзүңдү кандай сезесиң? Мыкты унаа айдагандачы? Сонун үйдө жашаганга акың жокпу? Эс алгангачы? " "Мен жакшыга татыктуумун жана акылуумун" деген чечимге келдим. Үйүмдү зимилдетип жыйнап, шоппинг кылып, сулуулук салондорго, ден соолук чыңдоо үчүн клиникаларга бара баштадым. Тернингдер, китептер кайра улантылууда. Мен азаматмын! Өнүгүүм кажет. Бактылуулукка толук укугум жана акым бар. Силерди жакшы көрөм. __________________________________________________ Бүгүн @shugaring_kg де күн өткөздүм. Өзүңүздү мыкты адиске табыштаңыз.
8733  
12.02.2020
Менин кыялымдагы мектеп 1. Саат 10 до башталат сабак. Бала уктап, уйкусун кандырып баруусу керек. Түшкү 14.00 - 15.00 чейин болсо болот. 2. Ыңгайлуу форма кийинет. Жатып - туруп, оонаганга мүмкүн. Жерде сөзсүз палас, клем, диван, төшөк. Каалаганы оонасын. Жатып алып уксун.. 3. Сумка, китеп ташыбайт. Баардык окуу - куралдар мектепте. 4. Үй тапшырма жок. Бала мектептен стресс болгону аз келгенсип, үйдө да үй тапшырма аткара албай стресс. Өзү эле стресс болсо бир жөн. Ата - энеси кошо стресс. Болгон тапшырма жума сайын жаңы китеп окуп туруу кажет. 5. Мектепте психологдор для галочки эмес, кадимкидей ар бир баланын психологиясын жөндөп, көңүлүндөгү көйгөйүн чечип, Берард, Play attention методдору мн да иштешсе. 6. Баланы күнүмдүк оокаттарга үйрөтүү сабактары болсо мисалы. Мык кагуу, балка кармоо, камыр жууруу, кийим тигүү ж.б. айтор, ата - энеден бөлөк калган күнү бала өз жанын багып кете алганга даярдык болуусу керек. 7. Мотивация, жашоого үндөө сабактары болсо. Кадимки эле биз барып жүргөн тренингдер балдарга берилсе, балдар кыялданганды, максат койгонду, убакытты туура бөлүштүргөндү, эл мн тил табышканды үйрөнмөк. 8. Бизнес сабактары, же акчаны туура кармоо, туура коротуу сабактары өтө керек. Акчаны санаганды билген бала кор болбосо керек. 9. Заманга жараша заманбап сабактар маанилүү сабак катары кирсе. Маселен, робототехника, инженерия, механика, лего, програмирование... 10. Математика, логика, арифметика сабактары болгону туура жана пайдалуу. 11. Баардык сабактар компьютерге терүү аркылуу өтүп, калем, дептерлердин кажети жок деп эсептейм. Дептер жасайбыз деп далай бакты кыйдык болуш керек . Видео сабактар дагы көбүрөөк түшүнүктүрөөк, пайдалуураак болот. 12. Баланын мээсин өрчүтө турчу түрдүү ийримдер болуусу шарт. Азырынча мээге келгени ушул. Дагы эмнелерди кошот элек?
Загрузка...
1285     26118
11.02.2020
Бетиме кам көрүү үчүн “Сагынбаева” клиникасын @sagynbaevaainura_kg @sagynbaeva.plastic тандадым. Клиниканын дарыгер, адистеринин консультациянын жыйынтыгы менен бетимди витаминдерге азыктандырып, теридеги майда бырыштарды алдын алуу учун Биоревитализация процедурасын алдым. Биоревитализация деген бул - кыскача айтканда, терини жылмакайлантып жана нымдаштырып анын картайуусун алдын ала турган сонун процедура. Ошондой эле, беттеги тактарды кетирип анын онун бир калыпка алып келет. Биоревитализация учун препараттардын курамына гиалорун кислотасы, витаминдер, микроэлементтер кирет. Бул процедуранын жардамы менен сиздин бетиниздин тусу онолуп, майда бырыштар кетип келбетинизде жашаруу эффекти пайда болот. Сиз дагы адистин консультациясын алып бетинизге кам корунуз. Жузунуз ар дайым сулуу жана жаш болсун. @sagynbaevaainura_kg кам көргөнүңүз үчүн алкыш!♥
6194  
10.02.2020
Атам - Темирбек, Чоң атам - Бакас Бабам - Айтбек Жете- Сүркө Жотом - Байтүгөл Зимин - Асан Кубарың - Толубай Наркың - Черикчи Задин - Кудайменде Зилин - Жаныбек Тегин - Элтинди Кубат - Бозтери Таяныч - Түнтей Медет - Каба Урук - Сарык Уруу - Саяк Оң канат - Муратай Өзөк - Сурантай Өбөк - Алымбек Жөлөк - Алдаш Асаба - Сапарбек Ураан - Кокумбек Улут - Жакыкбек Ууз - Тегизбек Уютку - Бекчоро Уюл - Чубак Түймө - Акбалта Туюк - Нойгут Ура! Таптым! Атамды тамтаңдап издеп таап барып, сурасам, "Билбейм!"дейт. Ага да жиберип койдум. Жети атасын билип жүрсүн. Текти билип, изиңди сурап, бабаңды, каяктан келдиң, кандай неменин уругусуң билип жүрүү кажет го. Эми Тоңго Кара талаага бара элекмин. Ал кандай жер, тууганым ким, аталарым кандай киши болгон сурасам, сонун болмок. Тууган - уруктарым деле "Карындашыбызсың!" деп чакырабы десем, унчугушпайт. Алар чакырбаса деле "Мен силердин тукумуңармын!" деп уят кылып барып алайын да эмне болоор экен? Алмаз Карыпбаевич Мотиев @almazmotiev , агам менин, рахмат! Ит мн издегендей издеп жүргөм бул маалыматтарды. Эч ким таап бере албай жатты эле. Саяктан кийинки аталарымда манасчы агам Дөөлөт Сыдыков @doolotsydykov таап берди. Ыраазымын!
5104  
10.02.2020
Жамбаштап жатып алып сүйлөшөйүнчү..неме, көрсө, мен, эркектерди аябай аяйт экенмин. "Бир нерсе сатып берейимби?"десе эле башымды дароо чайкап, "Кереги жок" дей бермей адатым бар. Сатып берип койсо, тим эле банкрот болуп калчудай. Оюмда "Акчасы түгөнүп калат", "Убара болот", "Өзүм деле таап алам да! " деген нерсе бар. Бул психологияда эмне деп аталат билбейм. Балким, энелик инстинктим аяттырып аткандыр. Балким, алмайдын бермейи бар да деп бирөөгө карыз болгон жакпайттыр. Балким ичимдеги аялдык аз брлуп аткан чыгар. Балким, өзүмө өлө ишенеттирмин. Акчаны өзүм деле таба алам деген бекем ишенич тургандыр. Балким, жөн эле мээси иштечү жерге иштебеген жинди кыздырмын. Кыскасы, "Абересиң!" системасы менде бузук. Жолдошумду азыркыга чейин аяйм. Балама ашыгыраак акча сурап калсам, түгөнүп калчудай сеңим мн аяйм да баардык түйшүгүн өзүм көтөрө берем. Бирок, бир аял , - Эркекке эркелеп, аял канчалык "Абересиң!"деген сайын ага мотивация пайда болот. Ал дагы иштегиси келет. Көбүрөөк акча тапкысы келет. Шерденет!"деди эле. Мунун канчалык чындыгы бар билбейм. Мырзалар, силерге мындай суроо. Бир айым "Абересиң?"дегенде кандай сезим болот? А) Эркелеп атканын түшүнөсүз. Бул нерсе жагымдуу. Каалаганын "абересиң". Б) Кыйнаган нерсе. "Абересиңге" аллергияңыз бар. В) Сизге бул мотивация. Г) Кыздардын баарында "Абересиң" системасы бузук болсо, жакшы. Кыздар, бул сезим силерде деле барбы, же мен "кечирип коймунбу"?) #жөнэлеойлор
7101  
20.10.2019
Көптөөөн бери "желмогуз" кыздын бет кабын кийе элекмин. Бет кабымды берип койгулачы???? Ичимдеги назик, ыйлаак, ак көңүл кызды терең жашырып, сыртынан желмогуз кыздын элесин кийдим. Аруулук бааланбайт. Тазалык тебелендиде калат анткени. Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө! Жинди кыздын образында жүргөндө сөздөрүңөр катуу тийбейт. Эч ким менин көңүлүмдү кирдете албайт. Мен бирөөнү ыйлатышым мүмкүн бирок мени ыйлата албайт. Жаман кыз мени коргойт. Сыртымдагы ошол стерва болбосо, сындырып кетмек мени эчак. Жумшактыгым, назиктигим тикенектин алдында жашынсын! "Бет кабыңды чеч. Чыныгы өзүңдү көрсөт!" деди эле мени жакшы тааныган бирөө. Жаман экен бет капсыз, жылаңач жүргөн. Үшүп кеттим. Денебизди түрдүү көйнөктүн алдына жашырган сыңары жан дүйнөбүздү түрдүү бет каптын артына жашырат экембиз. Өзөгү чириктер сулуу көрүнөт. Өзөгү сулуулар түрү суук көрүнөт. Ким кандай өзөгүн жашырып жүрөт кеп ошондо... #жөнэлеойлор