Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6225  
04.01.2020
Аял жалгыз жүргөндө жолборс. Алдуу, күчтүү, өзүнө өзү жооп берип, бутунда турат. Сүрүнөн көбү айбыгат. Эркектин энергиясынан , көзүнөн, сүйлөгөн сөзүнөн, манерасынан карап туруп эле портрет түзүп коет. Өзүнөн алсыз экенин сезсе, баш бербейт. Жолборс бойдон калат. Жанына жуутпайт. Кыйшактай турган болсо, чөөнү талап салап салгандай таландыда калат. Маңдайдагы эркек арстан экенин сезсе, акылдуу аял узун боюн пас кылып, бийик үнүн азайтып, баш берет, моюн сунат. Аста басып, аялдыгын, алсыздыгын көрсөтүп, жолборстон кичинекей мыйга айланат. Аял үстүндө турган күчтү жакшы көрөт. Камкордукта корулгусу келет. Тең тайлашкысы келгендер, күчтүү көрүнүп аткан аял жөн гана күчтүү эркегин жолуктура элек. Аялдын үнү өктөм чыгып жатса эгер, эркегини жүүнү бош. Эркеги эркектигин кыла албаганы үчүн ачлы эркек болуп атат деген түшүнүк жатат. Маажүрөө, жүдөгөн эркек көрсө, аялдын нерви кашая баштайт. Жолборсу ойгонот. Эрин башкарып алат. Анткени ага ишенбейт. Тукумун коруш керек болот. Төрөгүсү да келбейт. Күчтүү эркектин артында гана аял тукум улагысы келет. Аялга артис болуп күчтүү көрүнөм дебе. Биз аны акыл асты менен , көкүрөк мн сезип турабыз. Келген энергия канчалык күчтүү болсо, ошончолук аял - жибек! Кара күч, рухуңарды күчү, моралдык күч, көк жалдык, алтургай чөнтөктүн да күчү мааниге эгедер! Күчтүү эркек бар үчүн аял алсыз, назик, бактылуу. #жөнэлеойлор
6268  
03.01.2020
Мен жөнүндө... 1. Көп сүйлөгөн кишини сүйбөйм. Мээм чарчап кетет. 2. Жашоодо аз сүйлөйм, көп тыңдайм. Анткени эфирге, сахнага, жазганга маалымат чогултам. 3. Өзүмдөгү жаман көргөн сапатым - көп ойлоном. Ой чарчатып жиберет. 1 секунд жалгыз таштап койсоң, ойдун түбүнө чөгүп кетем. 4. "Алтын ортону" табыш кыйын мага. Бир нерсе жасоодо, жашоодо, сүйүүдө, ишимде ж.б. өтө берилем же такыр таштап коем. 5. Көңүлүм сүйбөсө, бок таяк мн куусаң да жасабайм. Купулума толгон ишти гана жасайм. Көңүлүм сүйгөн адам мн гана баарлашам. 6. Өтө ачыкмын. Көңүлүмө сактабайм. Баары сыртта. Оюмду ичке эмес сыртка төгөм. 7. Коркокмун. Сыртыман желмогуз көрүнгөнүм менен жүрөктө суу жок. 8. Маалымат жашырышым мүмкүн бирок бурмалап, кооздоп, калп айтуу жок. Апаң мугалим болсо, ошондой тарбия аласың. Балачагымда апамдын уруксааты жок сумкасынан калем алганым үчүн анан калпыман кармалганым үчүн өлө төпөш жегем. Алигиче эсимде. 9. Адамдын көзүн терең тиктеген жагат. Бетиндеги бет кабын чечип, жан дүйнөсүн жылаңачтаган жалгыз гана көз. 10. Өтө сүрдүүсүң дешет. Менимче жөн эле ороймун. 11. Өлө тамак соомун. Свиданиеге чакырса барбайм бирок тамакка чакырса, аттап - буттап жөнөйм. "Обедке" эле барам. Анткени ужинге чакыргандардын ою анча деле эмес экенин билем.
7278   249
02.01.2020
Идеалдуу деген түшүнүктүн өзү жашабаса керек. Бүтүн дүйнөгө төрт тарабы төп келип турса да, менин дүйнөмө төп келерин кайдан билем? Менин дүйнөмө сыйган башкасына ашып түшөр, же жетпей калар. Эл айткан, алар чийген идеалдуулукту кууп жүрүп, көңүлүңдөгүнүкүнөн кур калуу жаман. Бактысыздык. Өмүр бою чактап, чак келиши үчүн өзүңдүн көзүң менен эмес элдин көзү менен кароого туура келет. Менин идеалдуу дүйнөм эң оболу көкүрөк дүйнөмө туура келсин. Ырахатын, жыргалын өзүм көрөм. Сырттан карагандар балким түшүнбөшү ыктымал, сын айтып, таш ыргытып, соттоп, чийгилеп, сызып, жаратпашы мүмкүн. Бирок ал менин дүйнөм. Аны мен көзүмдүн карегиндей сактап, коруп, башкалардын үстөмдүк кылуусуна жол бербей, көнө келсе, аалам каршы чыкса да, каршы туруум кажет. Меники, мага майдай жакканы, көңүлүмө чак келгени - кымбат! Баарынан кымбат. Чечимиңдин артында тур! Ооп кетпе, тарттырып жибербе, тизгини карматпа! Өзүңдүн дүйнөңдү өзүң жарат, өзүң кооздо, өзүң автор бол! #жөнэлеойлор P.s. Менин өйдө - ылдыйым, кемчилик - артыкчылыгы бар дүйнөм кимдир бирөөнүн дүйнөсү үчүн идеалдуудур! ____________________________________________________ Жашоомо эмес жүзүмө гана сүрөт тарттырганга уруксаат берем! Сулуу кыздын сүрөтүн тарткан визажист сиңдим @aigera__vizazh колуң дарт көрбөсүн! Бактылуу бол!
6538   232
30.12.2019
2019 - жыл мага кандай жыл болду? Ден соолук менен алпурушкан жыл болду. Балам экөөбүз даарыны мүшөктөп ичтик болуш керек. Диета кармадык. Анализдер, клиникалар, узилер ж.б. Ден соолукту чыңдап алып жаңы жылга кирип баратабыз бирок. Бул жакшысы! Эң көп уулума көңүл бөлдүм окшойт. Ден соолугу менен алек болдум. Андан кийин жан соолугу менен алек болдум. Акчасына карабай, жаңы мектепке котордум. Робототехника, ордуины, музыкалык мектеп, програмированиеге алып барып аттым. Чопо чоордон конкурста экинчи орунга ээ болду. Сабактарын тыңдап, англис, түрк тилдерин терең окуй баштады. Баламдын жан дүйнөсүндө стресс болбосун деп күрөштүм. Айтор, жакшы эле эне болгонсудум. Кээде жалгыз башыма жетише албай, ыйлаган күнүм да болду, бирок баланы өзүм үчүн төрөгөм. Ошон үчүн бирөөдөн бир нерсе күткөнгө акым жок. Үйдүн карызын кутулуп, документти колго алып, аябай сүйүндүм. Аны апама белек кылып, дагы сүйүндүм. Чыгармачылык жаатта ютуб каналымды ачтым, бир канча кызыктуу интервьюларды чыгардым, ошонун аркасы менен журналисттер союзуна мүчө болдум. "Кошунаны тандабайт"сериалына, "Шерине", "Кыялкечтер" фильмдерине , вайндарга, жарнамаларга тартылдым. Актердук чеберчиликти ийге салганга мүмкүн болду. Экрандагы, сахнадагы алып баруучулугум аз болду бирок. Каралбай деле калды. Бир штук ыр ырдадым. Ырчы деле болуп кеткен жокмун, бирок эң көп комплимент жыйнадым. Быйыл Жараткан жакшы жардам берди. Жөн эле ойлорду өкүртө жаздым. Жазмакерлигимдин күйөрманы көп болду. Жолдон жолугуп батасын бергени канча?! Эл эмне дейттен, элдин оюнан көз каранды болуудан арылуу үчүн чоң чаба көрсөттүм. Өзүмдүн ыңгайымды, ырахатымды көздөдүм. Эгомду басаңдаттым. Азыркы көз ирмемден , учур чактан ырахат алуу алдыда турду. Көп китеп окудум. Оюмду өзгөртүп, боюмду түздөөгө аракет күч болду. Жакшы адамдар жашоомо кирди. Өзүң жакшы болуп, өзүңдү оңдосоң эле сенин энергияңа окшош адамдар кире баштайт экен. Жүрөгү таза, сонун адамдар тегеректеди. Жакшы эместери өздөрү эле чыгып кетти. Тынымсыз күрөшүү жылы болду, айтор. Эс алганга убакыт болгон жок. Алышып атып, алым кетти көрүнөт жыл этегинде бырылдап ооруп, жаңы жылдык берүүлөргө тартылбай калдым. Ошон үчүн жаңы жыл ден соолугу мн келсин!
4922   186
29.12.2019
Быйыл өлкөбүз үчүн кандай жыл болду? Менин оюмча жакшы жыл болду. Саясый баш аламандык, адилетсиздик, саткынчылык орун алган жердин каягы жакшы дейт чыгарсыңар. Бет каптар чечилди! Бул эң башкысы! Кимдин ким экенин, кандай сөөк кайсы жакта катылганын, иттин өлүгү каякка көмүлгөнү көрүндү! Көзүбүздү таңып келе жаткамбыз. Терең уйкуда болчубуз. Жаңыдан ойгоно баштадык. Жаңы күчтөр, жаңы жүздөр, өлкөнүн учун кармап, көмөк көрсөткүсү келгендер чыга баштады. Ою бузуктардын ээрден көчүгү ооп, кадам сайын ката кетирип баратат. Эскилердин эси ооду. Жаштардан, дилгирлерден, жаңы көз караштан үмүт зор. Кээде үмүтүң кесилип, көңүлүң түшөт. Анткен менен пендебиз. Үмүтсүз карайлап кайсы жакка чейин барат дейсиз? Кайра эле шамын жагабыз. Ооба, далай ката кетирдик. Эми биригүү, ынтымакташуу, бири бирибизге арка - жөлөк болуу, колубуздан тартуу заман. Буттан тартуу өттү. Ак пейилдик көкүрөктөргө себилди. Ичибиздеги актык бүчүр байлай баштады. Бул менин тереземен карагандагы көрүнүш. Күлгүн көз айнегимди кийип алган чыгаармын дагы, бирок көкүрөк ошого ишенгиси келди! Арамдар арамданган сайын таза абаны булгап жаткандай дароо таамай көрүнө баштайт эми. Тазалангандар көп болот анткени. Таңкы беште эмнегедир оюма үмүт жагылды. Жакшылыкты жандап жашагым келген каалоо ойгонду. Күндө кыйнаган аллергия, астма, грипп бүгүн жок. Gün doğmadan neler doğar demiştim dün. Yanılmamışım demek ki. Astımım gibi bütün kötüllükler kaybolur. Таң менен жарышып эмнелер гана жаралбайт?! Астмам, эки жумалык гриппим бүгүн тыптыйпыл. Эртеңки күндө далай оорудан айыгаарбыз. Өзгөчө жан дүйнөдөгү арам оорулардан! Кутман таң! #жөнэлеойлор #таңкыүмүт
Загрузка...