Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
615   9   12204
27.01.2020
Сулуулук тармак күндөн күнгө өнүгүп, актуалдуулугу жогорулап жатат. ⠀ Москвада сулуулук жаатында сапаттуу билим берүү боюнча азыркы күндө @jazgulabulova нын сулуулук мектеби @jazbeauty_studio_school эң алдыңкы орунду ээлеп келет. ⠀ Жазгүл @jazgulabulova айымдын жердеш кыздарыбызга сонун шарттарды түзүп берип, колдоруна сертификат карматып, кийин жумуш жагынан колдоо көрсөтүп жатканы абдан кубантты.🖤 ⠀ Курстардын тизмеси👇🏻👇🏻👇🏻 ⠀ •Маникюр/Педикюр •Наращивание, ламинирование ресниц •Перманентный макияж бровей •Визажист - салонный мастер •Сам себе визажист •Стилист по причёскам ⠀ Сулуулук интустриясында кыргыздын айымдары тез резульатат көрсөтүп, чоң ийгиликтерге жетишип жатканын көп угуп жүрөм. ⠀ Ийгилик! Сыймыктанам! ⠀ 🔻Адрес: метро Таганская (выход с фиолетовой ветки), улица Большие Каменьшики, дом 9, строение С, 2-этаж, 218-кабинет. 🔻Тел.: +7(977)820-18-92 | +7(967)037-14-28 ⠀ @jazbeauty_studio_school @jazbeauty_studio_school @jazbeauty_studio_school
1939   37
26.01.2020
Салон ачып, аракет кылып, бизнес жасаган мекендештериме да жолуктук. Күнү - түнү түйшүк тартышып, Маскөөнүн далай көйгөйү менен беттешип иштешет. Ата - энелери да ушул түйшүктү түшүнүп, колдоо көргөзүп турушса деген тилек. Сулуулангыңыз келсе, кайрылыңыз. ______________________________________________________ @salon_like_moscow Прайс лист ! находимся Ⓜ️ Семёновская от метро 3 минуты пешком. Наши услуги : Ламинированные ресниц 1500₽ и бровей 1500₽ Наращивание ресниц классика 1200₽ 2д объём 1500₽ 3д объём 1800₽ 4д объём 2000₽ Голливуд 2200₽ снятие ресниц 200₽ 💅 Маникюр 450₽ Гелевое покрытие 450₽ Аппаратный маникюр 500₽ Наращивание ногтей 1900₽ Педикюр  с покрытием 1499₽ 💇‍♀️ Стрижки от 450₽ и выше ! Сложное окрашивание от 2500₽ и выше . Балаяж от 2700₽ и выше. Милирование от 2000₽ и выше. Покраска в один тон 700₽ Выпрямление волос от 2000₽ и выше . Прикорневый объём от 1800р и выше . ✔Брови Теневая растушёвка 3000₽ Пудровое напыление 3000₽ Волосковая техника 3000₽ Био лехкий микроблейдинг 2500₽. Удаление татуажа лазером 1200р  одна процедура . ❤Карбоновый  пилинг . у нас сейчас идёт акция  карбоновый пилинг всего за 1200₽ одна процедура . 🇷🇺 Семёновская площадь дом 7 корпус 17А магазин петярочку найдёте позвоните 🔊📲 +79256785003 Гуля
891   42   17431
26.01.2020
Балаңызды ар тараптан өнүктүргүңүз келсе, Академия Роста @akademia.rosta.moskva окуу борборуна кайрылыңыздар. ⠀ Ар бир ата-эне балдарынын өсүшүнө шарт түзүп берүүгө милдеттүү! Ар бир бала толук кандуу билим алууга укуктуу! ⠀ Мен да өз баламды дал ушул Академия Роста борборунун Бишкектеги мектептерине кошумча курстарга жиберем. ⠀ 🇷🇺Ал эми Москвадагы жердештердин балдары үчүн деп жаңы филиал ачылып, азыркы күндө ишин ийгиликтүү алып барып жатат. ⠀ Курстардын тизмеси👇🏻👇🏻👇🏻 ⠀ •Ментальная арифметика •Эйдетика (скорочтение) •Мектепке даярдоо •Орус тили •Англис тили •Акыл муун (ишкердик сапаттарды өркүндөтүү) •Шахмат •Подготовка к ЕГЭ ⠀ 🔻Тел.: +7(926)342-52-18 🔻Адрес: метро Таганская (выход с фиолетовой ветки), улица Большие Каменьшики, дом 9, строение С, 2-этаж, 218-кабинет. ⠀ @akademia.rosta.moskva @akademia.rosta.moskva @akademia.rosta.moskva
9422   432
23.01.2020
Бүгүн апамдын туулган күнү! Менин жалгыз эле апам бар. Апамдын жалгыз эле кызы мен. Биз бири биризге тирек, жөлөк, караан болдук. Апамдын жалгыз башына арабаны сүйрөп жүргөнүн көрүп өстүм. Ар кандай күндөрүбүз болду. Өйдөсү болду, ылдыйы болду. Тиштенип, тырбалаңдап, аракет кылып, бүгүнкү күнгө жеттик. Апам мага адалдыкты, эмгекти үйрөттү. Бала бактылуу болуш үчүн энеси бактылуу болуш керек экен. Болбосо, миң бактылуу болгон күнү да оюңдун баары апаңда болот. Ал кайгырса, сен кубана албайсың. Ошон үчүн баламды бактылуу кылыш үчүн мен бактылуу болууга тийишмин. Кудайдан жатып туруп, ата тилегениме көп болду! Ушул апам сүйүүгө мас болуп, бакытка тунуп турганын көрсөм, арманым жок өтөөр элем. Бала сындуу дүйнөсү аруу, комузда кол ойноткон, чачы жер чийип турган сулуу апам бакыттын туу чокусуна татыктуу! Мен миң жакшылык кылып, көзүнүн агы менен айланып турсам деле өзүнүн жеке бактысына тунуп турганга жетпейт өңдүү. Биз уядан учтук. Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел! Туулган күнүңүз менен, апа! Мен ар бир бийиктигим, ийгилигим сиз үчүн! ____________________________________________ @bishkek_flowers гүлдөрдүн ханышасы силерде! Апама жарашкан букет үчүн алкыш! Апам гүл жакшы көрөт. @thefaceshopkg апамды жашартканга салымыңыз үчүн рахмат. Сонун кремдерди алдым. @talisman.kg бүгүн апамдын туулган күнүн өткөрүп берүүдө. Тамактын даамдуусу, сонун маанай баары бар! Алкыш силерге, достор! Эненин көңүлү баалуу!
Загрузка...
7214   252
22.01.2020
Бирөөнүн турмушуна кейийбиз, кепчийбиз, кеңеш беребиз, кийлигишебиз, жектейбиз, жек көрөбүз, наалат айтабыз. Миң анткен менен турмушунун жүгүн өзү көтөрүп баратат да ал шордуу. Кара терге түшүп, кабыргасы майышып, тиштенип, миң аңга түшүп, аңдан чыгып, жаңылып, жазып, жаза басып, жайдак басып... Баарыбыздын бул жалганда көтөрө турчу жүгүбүз бар. Бирөөнүкү жеңил чыгар, бирөөнүкү ат көтөргүс. Бири бирибизге миң жөлөк болуп, бул турмушта жүк көтөрүшкөн дос, тууган, жакыны болбойлу, Жараткандын алдына жүгүң мн жалгыз чыгаарың анык. Эсебибизди берип алдында жалгыз тураарбыз. Кимибиз баш шылкыйтып...кимибиз типтик туруп...Ошон үчүн бирөөгө сөөмөй кезеп, бирөөнүн айбын айтып, бирөөнү сөз кылып, үстүртөдөн карагым жок. Үстүртөдөн кайсы арыма карайм? Үстүмдө жүгүм турса... "Адамдарды катасы менен кабыл ал" деди турмуш. Кабыл алдым. Шыпшынып, шекшинсек да жөн гана ар бир адам өз оозыйпасын аткаруу менен алек. Андан көрө өзүң менен алек болуп, өзгөнү коюп, өзүңө көмөк бол.... #жөнэлеойлор
5929   264
21.01.2020
Ар ким Жаратканга болгон сүйүүнү кандай болуп, кандай эреже менен сүйүүлүшүн таңуулайт. "Жок, туура эмес сүйүп атасың! Коркуп сүй!"дейт бирөө. Бирөө " Жооок, Кудайды ушинтип да сүймөк беле? Динге кирип алып сүй!" -дейт. - Жаратканды сүйүүнүн да эрежеси болчу беле?- дейм мен. Баары чалкасынан кетет. Жайына койсоң, ыкласым менен сүйүп атканымды алып барып, таш бараңга алгысы бар. Мен силерди " апаңды минтип, атаңды тигинтип, балаңды моминтип сүй" деп үйрөтүп жатканымды элестет! Канчалык деңгээлде туура болмок? Акылга сыйа турчу нерсеби?? Ал нерсе сенин жана жакындарыңдын арасында көрүнбөгөн, назик, өзгөчө, силерге гана тийиштүү нерсе. Ага аралашканга акым да, укугум да, каалоом да жок. Ар ким өз деңгээлине, алына, көңүлүнө жараша сүйөт. Анда Жараткан экөөбүздүн сүйүүбүзгө эмнеге киришкенге укук беришим керек??? Мен аны өз чабытымда сүйөм. Мен андан корккум келбейт. Коркунуч мен үчүн пайдалуу, сонун, жагымдуу сезим эмес. Сүйүү мен үчүн сонун сезим. Корккондун ордуна сүйүү сезимин тандоо - менин акым. Динге да ар ким урмат көрсөтүп, ишеними терең орноп, көзү жеткен соң гана барып, түбөлүк жол кылып тандап алуусу кажет. Бул нерсе өз каалоосу, ниети, урматы менен тандалат. Таңууланып, тозок, акырет менен коркутуп киргизген адам динге кызмат кылбайт. Эл көзүнө гана кызматта болот. Көз көрүнө таңууланган нерсе иренжитүүнү пайда кылат. Демек, таңуулап жаткан адам - дин душманы. Өзүң ушундай такыба адам бол. Жүрүм - турумуң суктанаарлык болсун, таза жүр. Адамгерчилигиң болсун. Сага суктанган адам сенин кадамыңды кайталагысы келет! Сени ээрчийт. Элге көрүнүп, эл "укмуш экен деп ойлоп калсын деп шоу жасоонун кажети жок. Ал купуя сени менен Жаратканды ортосунда гана болуусу кажет. Элге эмес Жаратканга тастыкта. А Жараткан тастыктооңду да каалабайт. Көрөт ал. Эң оболу адам болушуң керек экенин түшүндүм. Жүрөгүңдү таза тут. Өзүң таза кезде баарын бирдей сүйөсүң. Жараткандын жараткан адамын динине карап, түндүк - түштүк, улуу - кичүү, эркек - аял ж.б деп бөлбөйсүң. Кандай жаралса, ошондой кабыл алып, сүйөсүң. Келбетке, кадырына карабай адамдын адам экенин эле карап, жүрөгүн тыңшап сүйгөн кандай сонун! #жөнэлеойлор
13543   411
20.01.2020
- Сени түбөлүк жашатсам, түбөлүк жаш кылсам...Жаштыктын эликсирин жасап берем, э? - Балам, түбөлүк жашоо жакшы деле эмес. Тажайсың. Жашооңдун маңызы жок болот. Биз аркы дүйнөгө даярданып, сынактарыбызды жакшы тапшырыш үчүн аракет кылабыз. Ошого карата түздөнөбүз. Түбөлүк жашаганда баары өз билемдик менен жашайт. Дүйнө хаос болот да, балам. - Аркы дүйнөдөн корком да. - Коркпо, балам. Балким ал жак биздикинен да кооз, сонундур. Туркияга бара жатканда корктуң. Бирок барганда сага жакты го! Адам билбеген нерсесинен коркот. Сен андан көрө көкүрөк толо жаша! Элге жакшылык кыл! Жырга. Тамактын түрүн ооз тийип көр, саякатта, кызыктуу жерлерди көр. Негативден позитивди изде. Жаман нерсе жок, балам. Стаканга жарты суу куйсаң, бош жагын көрбөй, суу толуп турган жагын көр! Макулбу? #Ариет Кагылып кетейин уулум. Этегиме жармашып алып басыштан корккон уулум. Согончогумду канатып , Жаратканымдын берген белегин кара! Кудайымдын куту! Канатыңды кенен жайып, бийик учушуң үчүн кылган далалатымдын баары сен үчүн. Кээде "Апа, эмнеге мынча чарчаганча иштейсиң?"дейсиң. "Сен үчүн!" дейм. Бүлө күткөндүн касиети ушул тура! Кылып жаткан, жашап, басып - турганыңа маңыз кирет. Өзүмчүл кыз жаңы көз жарганда "24 жылдык жашоом текке кетиптир!" деген. Жөн эле супсак жашоодо басып - туруп жүргөн турбайымбы! #жөнэлеойлор #2014жыл #архив
8217  
19.01.2020
Кутман таң, сонундарым! Жаратканга сыйындым. Жатаарда, көзүмдү жаңы ачканда. Жүрөгүмдүн түбүнөн чыгара колумда эмне болсо, ыраазычылыгымды билдирдим. Бир айдан бери кыйнап аткан ооруга да ырахматымды айттым, кайдан келсе, ошол жакка узаттым. Ырахмат айтканымдын себеби, ден соолуктун кадырын билдирди. Эзели көргүм келбеген спорттун канчалык мага керек экенин көрсөттү. Адатта маани бербеген, нормалдуу көрүнүш катары кабыл алган ар бир организмим керек экенин жана аларды сүйүп, ар бирине туура тамак, витаминдер менен кам көрүшүм керек экенин түшүндүрдү. Башыма келген ар бир оор кырдаал мага жакшы сабак берип, жарык жакка сүйрөп, ар бир мүнөт ардактуу, жашоо таттуу экенин көрсөттү. Аларга да ыраазымын. Алдыман чыккан ар бир адамга ырахмат! Жаратканым мага сонун адамдарды, алар менен келген сонун сабактарды жөнөтөт. Ар бир адам, ар бир окуя, акылымдын өсүшүнө, көкүрөгүмдүн көрүшүнө салым кошот. Жакшы көрөм силерди! Дүйнөнү, жашоону, өзүмдү, баламды, апамды, тагдырымды, жакын адамдарымды сүйөм! Мээримге, сүйүүгө, ыраазычылыкка толуп ойгонгонум үчүн ушул таңды да жакшы көрөм! Күнүңүз куунак өтсүн! #жөнэлеойлор