Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4216   202   71768
17.01.2020
Өзүмдү изилдегенди, казганды, киммин, эмнеге келдим, каякка кетем, максатым эмне айтор , акы - чүкүсүнө чейин териштиргенди жакшы көрөм. Психологиялык мүнөзүм, астрологиялык белгим, элдин сыны, жан дүйнөмдөгү өзүмө өзүм берген баа ж.б баардыгы кызык. Өзүңдү билбесең, жолуңду таппасаң, көздөгөнүң жок болсо, көкүрөгүң бош болсо, жашап не кажет? Бүгүн кызыктуу илим менен тааныштым. Мени болуп көрбөгөндөй таң калтырды. Тегимди билиш үчүн, жети атам ким сураш үчүн 22 жыл көрбөгөн атамды издеп таап барып сурадым. Мен эмес ал билбейт экен. Өкүндүм. Туулган жылымды, айымды, күнүмдү, атымды эсептеп эле мен жөнүндө бүт маалыматты колума карматкан нумерология илимине укмуш таң калдым! Төбө чачым тик турду. Көрсө, менин тегим жөнөкөй эмес, бардар, абдыракаты бийик, баардык улуттун өкүлү менен карым - катнашы бар, сый - урматка ээ, стратег, чечкиндүү, оозунда сөзү бар, сөздүн майын чыгара сүйлөгөн, көкүрөгүндө касиети бар, интуициясы күчтүү дүйнөнү көз менен эле эмес көкүрөк менен тыңшаган адамдардын тукуму экенмин. Мурунку бабаларымда кандай ката кетти, мен эмнени оңдошум керек, кийинкиге эмне калтырам, кулк - мүнөзүм кандай, эмнени жактырам, эмнеге чүйрүйөм, карьерам кандай болуш керек, эмнени жасайм турмушта, кандай көйгөй менен беттешишим мүмкүн, тамталаңдап бул дүйнөгө эмнеге келдим, кайсы максатты тутунушум керек, ой, жада калса, атым эмнени түшүндүрөт, ошого чейин айтып берди. Илим менен эсептеп, сандардын маанисин чыгарганда эле ушунча көп маалымат чыкканы, жөн эле чыкса эмне? Көңүлүмдүн көксөөсүнө чейин окуп, жан дүйнөмдө мен эле билген кубулуштарды сүрөттөгөнү таң калтырды. "Карма" , "Бумеранг" түшүнүктөрүнө терең сүңгүдүм. Кадимкидей көп суроого жооп таап, жыргап калбадымбы! Тегим жашаган Кара талаага барып, сүрүштүрүп, аталарымдын баскан изи мн таанышып келсем, айткандарын тастыктап, уруумду, бабамды билип келбесем болбойт. Өзүмдү казуудагы эң чоң кадам бүгүн болду. Өзүңдү таанып, дүйнөңдү жаңыртып, оңдоп, түздөгөндөн артыгы барбы? @numerolog_marishagold эмнеге бизде бул илим кенен таралган эмес? Ата - бабаңдын кайсы катасын оңдогону келгениңди билсең, жашоо жеңил болмок да ээ? Илими жок, караңгы дүйнө бизди кандай гана ишке түртөт? #жөнэлеойлор
8875  
14.01.2020
Менден мынчалык баласаак эне чыгат деп ким ойлоптур? Бир тууганы жок жалгыз өскөнүмдөнбү, өзүмчүл болдум. Чочун бала - бакыра келип, оюнчугума тие турган болсо, акырын апасына көргөзбөй, чымчып алар элем. Айылга таятамдыкына барганда күзгүдөй зимилдете жыйнап койгон үйүмдү тайкемдин балдары чаң буттары мн тебелеп кеткендегини элестете бер! Ортого арачалап энем менен таятам түшөөр эле. Менден коркуп, ылдыйкы үйгө эч ким келбей калчу. Ыйлап аткан баласын "Назира келе жатат!" деп коркутушат. "Төрөгөндө көрөбүз!" дешчү. Азыр тим эле чаң жугузбай, уулумдун үстүндө үлпүлдөйм. Өзүм ачка калсам, мейли, уулум тойсун мыйзамы бар. "Өтө эле үйрүлүп түшкөн болбойт" дегенди көп окудум, көп уктум. Тизгиндейин өзүмдү деп чечтим акыркы убакта. "Материнский пут" сөзүн көп эле укчумун. Маани бербептирмин, же бергим келген жок. Айрым энелер сүйүүсү менен балдарын думуктуруп өлтүрүп алган учур болот экен. Эненин өтө эле ашыкча мээрими, сүйүүсү баланын бутуна жип болуп байланып, жашоодо арыш жасашына тоскоолдук кылат тура. "Балага ишеним көргөз. Кое бер. Жаратканга тапшырсаң, баары сонун болот!"деди бир жакшы киши. Апалар балага сарсанаа болуп, балекет ойлорду элестеткен сайын ошонун баарын тартып келе берет экен баласынын турмушуна. Коркуу күчтүү сезим болгондуктан корккондуңдун баары чындыкка айланат. Мен үйрүлгөн сайын алсыз, көлөкөдө өскөн какымдай эле үлбүрөп баратат. Кое бергенди, Жаратканга тапшырганды үйрөнүп баштадым. Эки алса деле, "Балам, эмне болуп атат. Эмне көйгөйүң бар?"-дейм көзүн карап. Ал да камырабай, - Ой, Эйнштейн деле экиге окуган !"дейт. А. Некрасовдун "Материнский пут" китебин окуй баштадым. "Баардык жаныбарлар балдарын чоңойтоору менен уядан учурганга аракет кылат. Жалгыз эле адам баласы уядан учурбай, жанына алып калганга аракет кылат!"дейт. Туура да. "Мени бак. Мен сени чоңойтком. Сен мага карызсың!" деп эле минип алабыз. Алардын сезими мн эсептешкен аз. Баламды думуктурбай, эркиндик берейинчи. Балким мен берген эркиндиктен бийик учуп, шаңшып, тыңып кететтир. #жөнэлеойлор
6249  
12.01.2020
Сүйгөнгө, жашаганга башка дагы жашообуз болчудай, бул жашообузда жөн эле репетиция кылып, көп нерсени эртеңкиге калтырып, түйшүк оронүп, түмөн ойдун түбүндө жашайбыз ээ? Биз кыргыздар материалдык байлык чогултуп, эл көзүнө бардар көрүнүш үчүн чабалап атып эле өлүп калат экенбиз. Сырткы дүйнө үчүн болгон күчүбүздү, көңүлүбүздү коротобуз. Ички дүйнө бопбош, кедей бойдон өтөт экен. Жыл сайын план түзүп жашаган жаным былтыр өзүмдү шар аккан жашоонун шарданына ыргытып жибергем. Тагдырым, жашоом, эртеңимдин ээси Жаратканым болсун дедим. Быйыл дагы план түзгөн жокмун. Өлүмдүн алдында турганда көзүмдү жумуп баратып, элесимде сонун ырахаттуу күндөрүм калсын. Ар бир күнүмдү акыркы күндөй, даамын татып, көкүрөк толо моокум кангыча ырахаттанып жашагым бар. Кейип, тытынып, там салып, бирөө үчүн жашап жүрүп өткүм жок. Аркы дүйнөгө акылыңа сыйган каткырык, шаң, жыргал, боорукерлик, мээрим толгон элестер мн кетсең, сонун эмеспи ээ? Ошон үчүн планда өзүмдү тарбиялоо, ден соолук чыңдоо, элге жакшылык жасоо, саякаттоо, өзүмө жаңы эмоцияларды тартуулоо, дегеним велосипед тепкенди, лыжа, коньки тепкенди үйрөнүү, парапланда, желим шар мн учуу, парашюттан секирүү, китеп окуу, жакшы адамдарды курчоо, улуулук тууралуу маектешүү, жашоону, өзүмдү, бирөөнү сүйүү, кечире билүү, кечирүү, көңүлүмдү, жан дүйнөмдү тазалоо, жакшы көргөн ишимди ырахаттанып жасоо, көбүрөөк каткыруу, ар бир мүнөтүмө шүгүр кылуу, Жаратканга дагы жакындоо, спорт менен машыгуу, керексиз ойду, сананы токтотуу, жакындарым менен көбүрөөк чогуу болуу сындуу нерселер бар. Жазып атып, өзүмө өзүм шыктанып, суктанып, тамшанып кеттим да, чиркиндики! Руханий байлык болсун. Материалдык өзү эле алдыңа тоголонуп келет. Жөнөкөйлүк менен адамгерчиликтен айтса экен Кудай. #жөнэлеойлор
8855   830
10.01.2020
"Бу эрсиз катын", "Эрин эптей албай" дешип...бул сөздөр аябай "оскорбительный" сөз деп атышат го ээ кээ бири? Бирок бул нерсе катуу тийбейт деле экен мага таразама салып көрсөм. Бул факт да! Далил сөз. Эптей албаганым ырас. Эримдин жок экени да ырас. Ымдаганга эле ычкырымды бошото бербегеним үчүн "шерменде" , "жалап" ж.б. сөздөрү да катуу тийбейт экен. Кайып өтөт анткени мага тиешелүү эмес экенин билем. Үстүмө кандай жугунду куйсаң, таарынам ойлонуп атам. Менимче көкүрөгүндө жарасы, комплекси бар адам гана таарынбаса, өзүн сүйгөн, өзүн тааныган адам таарынбаса керек. Бизде баланы башка - көзгө койгулап, "Мээң жок", "Көк мээ", "Келесоо", "Акмак", "Карачы элдин баласын!" деп басынтып, ур - тепкиге алып, жан дүйнөсүнө "Эч кимсиң" деген түшүнүктү салып чоңойтушат. Азыркы заманбап жаштар эмес бирок улуу муунда көп кездештирсе болот. Ар бир кемчилиги тоодой көрүнүп, ичинен кемирип атып, кемсинтип атып, жарадар, жан дүйнөсүнөн майып адам пайда болот. Алар бирөөнү кемсинтип, сөгүп, сабап ырахат алат. Өзүн маанилүү сезет. Бирөөгө үстөмдүк кылуу менен үстүнө чыгат. Колу - буту мунжу адамды жаман көрбөйсүң, коомдон бөлүп салбайсың, же эмнеге мунжусуң деп таарынбайсың. Кандай болсо, ошондой кабыл аласың. Мээси жагынан мунжуну деле ошондой кабыл аласың да! Эмнеге мээң бөксө деп таарынмак белең? Демек, балачагындагы жаралары бар экен деп коесуң ичиңден. Болду. Зомбулук эмнеге көп дейсиң? Жан дүйнөсү жарадар адам көп анткени. Сезимдерин билдиргенден, оюн ачык айткандан корккону көп. Психологго барыш, өзүн тааныш уят нерсе деп түшүнгөнү көп. Баланы туура тарбиялаш керек дейсиңер. Баланын балекетин аласыңбы өзүңдү биринчи тарбиялап ал да! Өзүң тарбия көрбөсөң, балекетти көргөзөсүңбү? Жан дүйнөң тынч, бактылуу болсоң, бала автоматтык түрдө ошону жан дүйнөсүндө чагылдырып алат. Бала менен киндик аркылуу туташпыз анткени. Ошон үчүн каражандарым, баарыңарга сүйүү жөнөтүп жатам. Мен да өзүмдү оңдоонун жолундамын акыркы жылдары. Көз карашымды өзгөртүүдөмүн. Бирок өтөсүнө чыга элекмин. Айыктыра турчу менин дагы жараларым бар. Бирок, жок дегенде жек көргөндөргө сүйүү жөнөтүп, кечире билгенге кудуретим жетүүдө. Бул мени кубандырат! #жөнэлеойлор
Загрузка...
11815   478
09.01.2020
Аял күчтүү болсо, андан туулган тукум күчтүү болот! Илгери ата - бабалар мыкты тукум калтырыш үчүн жатыны жакшы деп, күчтүү кыздарды издеген экен. 70% генди бала энеден алат дейт окумуштуулар. Энеси жаман эзели оңолбойт деген кеп да бекеринен чыкпаса керек. Эне билимдүү, күчтүү, дени сак, моралдык, психикалык жактан бекем болсо, силерге мыкты тукумдарды калтырат! Улут күчтүү болот! Мамлекетти акылдуулар, психикалык жактан жабыркабагандар, дени соолор башкарса, сонун да! Силерге билинбегени мн үйдөгү чатак, уруш, эненин кордолушу баланын жүрөгүнө, көңүлүнө, психикасына, ден соолугуна, эң башкысы тагдырына чоооң залал келтирип, айыкпас так салат! Намыс, эл эмне дейт деп чыдап, тиштенип, ошол кордукка чыдап жүрүп чоңойтушат биздин энелер. Бизде эрден чыкты деген кеп өлүмдөн катуу болгон. Аны билген айрым эр сөрөйлөр өмүр бою күчүн көрсөтүп жашашкан. Элестетиңиз, ошону көргөн балдардын көңүлүндө көбүргөн жараны! Азыр заман башка. Аялдар укугун коргогонду, өзүн эздирбгенди үйрөнүп, билим алып, өсүүгө далалат кылышы керек. Көп өлкө кыдырдым. Биздин аялдардай күчтүү, чыдамкай, намыстуу, эрктүү, эшикке чыгып, эркектин жумушун, үйгө кирип, аялдын ишин кылган бир да аял көргөнүм жок. Бир аз колдоо күтөбүз силерден! Баягы күндөн бери асындыңар, асылдыңар, басындыңар, сөктүңөр, уу тилиңерди төктүңөр, арманыңарга арданып, айлаң кетип чөктүңөр! Аялды ардактагыла десем, чалкаңардан кеттиңер, сөөгүмдү кемирип, чучугуна жеттиңер! (Чиңгил - чиңгил комузумду күүлөп коеюн ушул жерден🤣🤣🤣) Менин максатым - эркекти курут кылып, жок кылуу эмес. Грамм переживайт кылбагыла! Силерсиз күнүбүз өтөбү, ээ айланайындар!.)) Айткым келгени, сөзүмдүн төркүнү башка! Өлкөнүн айымдары кордолбосо, кир колуңду салып койнуна зордолбосо, ийне мн кудук казып, билим алсын, дүйнө жүзүн кыдырсын, көп нерсени билип алсын дегеним! Чыныгы мырзалар бар! Алар билимдүүлөр! Көкүрөгүндө көзү барлар! Ырахмат силерге! Силердин катар көбөйсүн! Суюлбасын! Өлкөбүз үчүн чырылдагысы келген эрке кызыңар! 💋💋💋💞 #жөнэлеойлор P.s. өткөндөгү зомбулук тууралуу инстаграмдагы статусумдун алдына 1000 комментарий келди окурмандардан. Атасынын зомбулугун көрүп, стрессте жүргөн көп балдардын көз жашын окуй аласыз
5473  
08.01.2020
"Кыргыз радиосу" тынымсыз сүйлөйт үйдө. Үйүбүз тыкан жыйылып, арча түтөп турчу дайым. Чоң энем таза киши эле. Кобуранып калыңдатып салып алган жер төшөгүндө жүн тытып, жип ийрип отурат. Маасысы укмуш сонун жыттанып атканысып, чап кенедей жабышып жатып алам. Сербейген чачым ийикке кирип кетип, чаңырып жатып калам. "Капырай, анан жабышпай ары жатпайсыңбы! "деп тилдейт энем. Заматта чукчуңдаша кетебиз да кайра радиого үңүлөбүз. Укмуш сонун чыгармалар, спектакльдер, жомоктор окулат. Көп адатымды, кыялымды, мүнөзүмдү тарбиялап, көкүрөккө уюгандын көбү дал ошолор чыгармалардан келдиби бейм? Эмнегедир байларды жек көрүп өстүм. Бай адам десе эле эл душманындай тикчийип жаман карап, ичимен жек көрүп калат элем. Отуз жашыма келип алып, байларга, акчага болгон жек көрүүм кайдан болду экен деп көпкө ойлонуп отуруп, илгерки бай - кедейге бөлүнгөн жомоктордон калыптанып калды го деген ойго кептелдим. Эмнегедир кедейлер уяттуу, акылдуу, тартиптүү сүрөттөлөт дагы байлар түрү суук, челектей курсактуу, адамгерчилиги жок, көзүн май баскан, адилетсиз, ууру катары айтылат. Ошол элес мээге бекем отуруп алып, университетти бүткөн кезде акчалуу жигиттерди чанып, акчасы жок, бирок акылдуулар укмуш каарман көрүнүп туруп алды. Отузга чамалап калганымда гана акчанын маанисин, ал жок болсо, балаң ачка, үстүңдө үйүң жок көчөдө калаарыңды билдим да ага болгон мамилемди түздөй баштадым. Мурун жинди кишидей эле бекер иштеп жүрө бериптирмин. Эмгегиңди баалаганды да билиш кк экен көрсө. Колунда бар досторумдун жомоктогудай көөп, жер баспай, асмандаганын деле байкаган жокмун. Тескерисинче кайрымдуулук өткөрүп, ак эмгеги мн күнү - түнү иштеп, маңдай терин иреттүү чогултуп, аларды туура каржылаганды билишерин көрдүм. Кызыгы, өмүр бою бардар жерде чоңойгондой, көкүрөгүм ток болду. Азыр эмгекчил адамдын акчасы болооруна көзүм жеткен соң, аларга болгон сыйым ойгонду. Акча бул - энергия. Туура колдонуп, ордун билсең, колуңа түшө баштаганда телтектеп көөп кетпесең эле баары дурус болчудай. #жөнэлеойлор P.s. Бул жакынкы арада чыга турчу "КыялКЭШтер" фильмибиздин чакыруу билети. 16 - январдан тарта баардык кинотеатрдан көрүңүздөр!
11462   866
08.01.2020
Эмии, мындай, каражандар, акыркы жазылган тамаша постума ар кандай реакция жүрдү. Укмуш кайнады! "Тарс " эткен тамашама чычалап, асынып алгысы келип 40 - жип, чөгүп өлгүсү келип бир кашык суу сураганы андан көп. "Кечирип койгулага" сөз көтөрө албай, көтөрүм болуп кеткендерди, камгактай жеңил, тамашаны түшүнбөй, тамтаңдагандарды кошпой калыптырмын. Кечирип койгула, иттик менден кетти!))))) Бир кыз сөз мн чымчыса түтө албаган турмуштун муштумуна түтө аласыңарбы? Ичине ээр токум баткан жигиттин ичине таруудай тамаша батпай убара!)) Кантели? Өзүн илинип турган май элестетип алгандар андан көп! Боорду эздиңер!))) Жүдөгөнүн зайыбына оодара салып, жоопкерчиликтен кутулгусу келген мындан көп! Бирок тамашаны татып, туура түшүнүп, кычкылына ачуурканбай, жутуп коюп, "Өзүбүздү сырттан карайлы, туурасы бар экен, моюндайлы!" деген мырзалардын көптүгү сүйүндүрдү. Мен күлсөм, кошо күлүп жыргаган агаларым, инилерим силерге өзгөчө алкыш! Илгери кыз - жигит топтошуп ойногон жерде кер - какшык айтылып, кыздар жигиттерди сөзгө сындырып, чымчып ойночу экен! Кыздардын сөзүнө чычалабай, чыңырбай - этпей, тилин агызып, уусун салып, сөгүп - сагып, өзүнүн пастыгын көрсөтпөй эле тамашага тамаша мн жооп берип, сөзгө жыгылса, моюнга алып, айыбын төлөшчү экен. Көтөрүмдүүлөрдү биз да көтөрүп алабыз анткени. Анда эмне азыркыдай тили узун, кур намысы көп, чын намысы жоктор жокко эсе эле да. Андайларды чыныгы эркектер сүйрөп барып, тумшугун "жалпак жөжө" кылып коюшчу болуш керек. Аял мн аял болуп бет тырмашып, акыйнек айтышып отургандан уялыш керек оболу. Акыйнек айтышып, аял эмоцияга алдырса, кошо алдырып, жаакташкан үчүн ажырашуулар көп болсо керек да учур чакта. Болбосо, жаныбызда айбаттуу арстан турса, аял асылмак түгүл астынан кыя өтө албайт! Тилдин узарышынын себеби өзүңөрдө жатканын бииир ойлонуп көргүлө. Астейдил сөөгүңөрдү мүлжүп койгон агалар, инилер, айып этпеңиздер. Эмгектен тер жыттанып, жер тырмап, тырмагыңар кыкка толсо, катын - балаңарды сүйрөп, капкара май болуп атсаңар, бир жыртыкты бүтөй электе бир жыртык пайда болуп, акча үнөмдөп атсаңар, керели кечке оокат деп жүрүп бутуңар жыттанып атса, силерди миң эсе сүйүп, жаныңарда опол тоо болуп, жакаңарды агартканга даярбыз!
11485  
07.01.2020
Кечирип койгула 2 1. Эркектерин эркелетип, көзүн карай берип, сөз көтөрө алгыс кылып, көптүрүп алган аялдар, кечирип койгула! 2. Төпөштөп атса да, үн чыгарбай, мүшөк болуп жата берип, өлүмгө өзү чуркаган аялдар , силер да кечирип койгула! 3. Өзүн көмүскөгө көмүп коюп, эри үчүн, баласы үчүн, башкасы үчүн жашап, өз жашоосун көз жаздымда өткөргөн аялдар, силер да кечирип койгула! 4. Кайын энеден, кайын журттан тепки жеп, чыдап, анан келинине ошол эле зомбулукту көргөзгөн аялдар, силер да кечирип койгула! 5. Үйдөгүнү эс алдырып жаткырып коюп, анан килейген турмуш жүгүн асынып алып, талаалап иштеп жүргөн аялдар, силер да кечирип койгула! 6. Чачыңарды түйдөктөй кылып, тамак сиңген халат мн жүрө берип, эриңерди тарттырып жиберип, бырылдап ыйлап, арманын айтып бүтпөгөн аялдар, силер да кечирип койгула! 7. Төшөктө кызык оюн көрсөтө албай, кысынып, уят эле уят деп, дөңгөч бодуп жата берип, өзүңдүн минчү жериңе башканы мингиздирип алган аялдар, силер да кечирип койгула! 8. Бирөө сенден сурангансып, өмүрүңдү, убактыңды, жашооңду, жаштыгыңды балдарыңарга арнап алып, алар турмуш куруп кеткенде кур жалак калдым деп ыйлаган аялдар, силер да аман эле болгула! 9. Өмүрүмдү сага арнагам эми сен мага арна деп балдарынын жашоосуна кийлигише берип, ажыраштырып, жада калса балдарын суицидге түртүп алган аялдар силер да кечиргиле! 10. Көрүнгөн жакка балдарын таштап, күнүмдүгүн ойлогон күкүк энелер , силер да кечиргиле! 11. Жат десе эле көрүнгөнгө жата берип, болгон эркекти сугара берген аялдар аман болгула. Ымдаса эле кете бересиңерби! Өлгөнү калган немедей! 12. Сүйбөй эле акчасын алыш үчүн, байлыгына көмүлүш үчүн сезимдерин аттап өтүп, жийиркеничтүү эркектердин алдында ырахатты имитация жасагандар, силер да аман болгула! Кыскасы, аялдардын жаман жагын көргүм келчү эмес. Кечиргиле, аялдар! Бүгүн төпөш жеп атып өлүп атсак, бүгүн эркектен сөгүш угуп, тил угуп, кор болуп атсак, балдарыбыз мн көчөдө калсак, өзүбүз күнөөлүүбүз! Алтын ортону таба албаган, өзүбүздү өнүктүрүүгө салым кошо албаган, билим алып, өзүбүздү сүйүп, жашоону өзүбүзгө арнап, туулган күнүбүздө ыраа көрүп, байпак сатып алып кие албаган биз күнөөлүүбүз! #жөнэлеойлор
6465  
05.01.2020
"Атыңызды ким дедиңиз?" 1. Көзүндө кабыландын карашы жаткандар, айбаты арстандай барлар, руху - духу күчтүү, намыска бектер, атыңызды ким дедиңиз? 2. Буттан жаңылса жаңылгандыр, бирок ооздон жаңылбайт. Сөз - ок. Бир жолу чыктыбы, кайра кайтарылбайт. Айттыңбы, аткар дегендер, ананайындар, бар болгула! 3. Оңой мн жаңжал чыгарбайт бирок жеткен чегине жеткиргенде тумшукту түздөй койгондор (аялдыкын эмес албетте) , анча - мынча селпектегендерден "жалпак жөжө" жасаганды билгендер, таанышып алсак болобу? 4. Сүйлөгөндө орундуу сүйлөп, жаагың талып, макияжың агып калгыча тамашанын калемпирин чыгаргандар, кайдасыңар, каражандар? 5. Орусча - кыргызча ж.б. тилде сабаттуу жазып, кайсы гана жааттан суроо бербе жообу даяр болгон акылдуулар, акылыңардан чимирилели! 6. Аялдын сезими мн эсептешип, кирпигибизден кайсы шубаны каалап, ичибизден эмне деп тибиреп атканыбызды окуп, көзүбүздүн агы мн кошо айлана алгандар, романтикага бөлөп, көңүлүбүздү көтөрүү үчүн чуркагандар....ийййий өлүп эле кетебиз го! 7. Чөнтөгүнөн чыгарган сайын чыгып эле, балпалактап турган жоомарттар, кайсы жолдуулар мн жүрдүңөр экен??? 8. Эмгекти сүйүп, өсүштү билип, өзүнүн үстүнөн иштеп, тубаса лидер сапаты барлар, саныңар көбөйсүн! 9. Аял дегенде аяр карап, бирди сүйсө, миңин чанып, бирөө үчүн өмүрүн бергендер, однолюб байкелер, каяктасыңар? Кызыл китептеби? 10. Караңгыда жол таап, капилеттен сөз таап, даанышмандыгы , акылмандыгы, көкүрөгү көзүнөн мурун көргөндөр, жомоктон жөө чыксаңар да, келгилечи жашообузга! P.s.Кыздар, табиттергилерди туура эле жазыптырмынбы? Эмдигиде табиттен сырткары чыгып кеткендерди жазам. Тоюс, жазылуу батпай калды. #жөнэлеойлор
9685   400
05.01.2020
Мектепте окуп жүргөн кезим. Жаңы жылдык балаты дегенде эле жүрөкзаада башталат. Кыздардын баары үлпүлдөгөн укмуш көйнөк кийишет. Мен да кийгим келет. Ушундай кийгим келет. Өзүм кийбесем да куурчагым кийсин деп аларга көйнөктүн түрүн кийгизип, кагаздын бетине сулуу кыздын сүрөтүн түстүү көйнөк мн тартам. Көйнөк көзүмөн учкан менен көксөө бойдон калаарын билем. Обу жоктонуп "Көйнөк алып бер!" дей турчу абалда эмес элем анткени. Жалгыз мени сүйрөп жүргөн апамды аяйм. Абалдан чыгыш үчүн жез кемпирдин ролун алам. Аны менден өтүп ойногон киши жок. Тишимди капкара кылып карандаш мн боейм да эски - уску чапан - көйнөк менен балаты деген балээден кутулам. Кийин турмуш курдум. Көнгөн адат калган жок. "Көйнөк " кием деп көпкөн жокмун. Күнү - түнү маңдай терин агызып алган акчасын жөнү жок чүпүрөккө сапыргандан тартындым. Дитим барган жок. Азыр жалгыз башыма түрлөнүп, көгүчкөндөй кулпуруп, койкоңдоп, көйнөктүн түрүн кийгенди ким кой деп атат? Балалыгыңда аткарылбай калганды аткар. Каалаганыңды ал! Кий! Жок. Дагы эле көңүлүм тартпайт. Шоппинг кылып, мода кууп, түрлөнтүп дүкөндү түрө кыдырган адат ошол бойдон пайда болгон жок. Илгери эмдиги жылы да киесиң деп өлчөмүн чоң, анан кир көтөрүмдүү деп өңү кара, күрөңүнөн алып берчү эле го. Анын сыңарындай мен дагы ыңгайына, жылуулугуна качырам. Балалыгыңда орноп калганын оңдош кыйын болот экен. #жөнэлеойлор
6144  
04.01.2020
"Күйөгө тий, Назира. Жалгыз калба, жалгыз болбо. Төрө. " Мага айтылган эң көп кеңеш ушул. Мага эмне бакыт алып келе турганын ким, кайдан билсин? Менин көңүлүм мн эсептешкен болдубу? Ар бир адамга барып алып жан дүйнөңдү, андагы болуп аткан кубулушту айта бербейсиң да. Жөн гана күлүмсүрөйм, баш ийкейм. Болбосо, оюм башкада. Жалгыздыкты коркунуч катары карашат. Көңүлүңдүн, көкүрөгүңдүн боштугун башка адам мн толтуруп, жалгыздыгыңды башка адам мн кооздоо мүмкүн дешет. Жан дүйнөсүн айыктырыш үчүн жар күтөт. Бала баарына бакыт болот дешет. Болоттур, балким, бирок дайым эле эмес. Кепилдик бере турчу эч ким жок. Жалгыздыкта бакыт тапмайын башканын жанында табыш кыйын. Тегерегиңде миң киши тегеректеп турса да жан дүйнө жалгызсырашы мүмкүн. Жашооңо бирөөнү алуу менен көңүлүмдүн жарасы бүтөлдү деш кыйын. Адам жарты кезинде бирөөнү толуктай албайт. Өзүн толуктап, бөксөсүн толтуруп, өзүн эптей алганда гана өзгөгө жар болот, көмөк болот. Баланы да дартыңа дабаа кылыш үчүн жаратпа. Дабаа болбой, санаа болуп калса, ачууңду андан чыгарасың. Өзүң айык. Бакытка тун. Ошондо гана балага бакыт бере ала турчудан болосуң. Күйөгө тийдим. Анан? Түйшүктөн арыламбы? Аны да караш керек, күтө билиш керек. Кир - когу, тамагы, көңүлү, төшөгү бар. Анын өзүн эле эмес анын артында турган тууган - уругу менен кошо күтөсүң! Алым кетип турат азыр. Бирөөнү бактылуу кылышка күчүм да, каалоом да жок. Элдин түртмөөлөсү, кеңеши мн жар күтүп алып, жардан алыс ыргыганы канча? Эч качан эч кимдин сөзүн укпа. Жашоо сеники. Көңүлүң менен гана кеңеш! Күйөгө тий, төрө дебегилечи! Бакыттын жалгыздыктан таба албасам эгер, жар күткөндө таба албайм. Аны да, өзүмдү да кыйнап кажети канча? Жаратың менен барып, кимге жардам берип, кимдин жаратын айыктырып, кимге жар болосуң???? Шайым кетип турат. Болгон күчүмдү азыр уулума эптеп чыпкалап берип атам. Айыгайынчы! Ааламымды айдың кылып, арыгымды толтуруп анан ойлоном. #жөнэлеойлор