Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4764   214
15.06.2020
2005 - 2020 - жылдардагы эки сүрөт. 15 жылда эмне өзгөрдү? 1. Укмуштуудай тажрыйба алдым жашоодон. Түрдүү адамдар мн беттештим. Түрдүү абалдан чыктым. Ызага баттым, ыйладым, каткырдым. 2. Жумушта да тажрыйба топтотдум. 2005 - жылы эң көп тил уккан мезгил эле. Тажрыйбасыз келгем. Далай сүрдөп, жаңылгам. Он беш жыл аралыгында эң рейтингдүү берүүлөрдү адып бардым. Чет өлкөгө далай ирет фестиваль, конференция аркылуу өлкөмдүн атынан чыктым. Сонун фильмдерге тартылдым. 3. Жеке жашоомдо уулдуу болдум. Турмуш куруп, туткасын тогуз жыл кармадым. 4. Жашоого, адамдарга көз карашым өзгөрдү. Ар бир адамды кемчилиги, артыкчылыгы мн кабыл алдым. Жашоону сүйдүм. Өзүмдү сүйүүнү үйрөнүү , таануу мн алекмин. 5. Жинди улактыгым, кыраан каткырыгым калып баратат. Бул мени өкүндүрөт. 6. Досторум, айланамдагылар дайым өзгөрүп турат. Көп адам кирди жашоомо. Сабак берди. Чыкты. Өзгөрүлбөгөнү: 1. Чач жасалгамды өзгөртүү кыйын. Ак басканы үчүн гана өңү бир аз өзгөрдү 2. Салмагым. 47 - 49 кг арасында 3. Адамдарга ишенгим келе бергени өзгөргөн жок. Көп нерсе билем. Көз жумуп ишене берем. 4. Унутчаактыгым, ак көңүлдүгүм өзгөргөн жок. Кимге, эмнеге таарынганымды унутуп калган сонун сапатым мени мн чогуу келе жатт. Ансыз эмне кылмакмын? 5. Буркан - шаркан түшүп, чагылган чартылдап, нөшөр төгүп, асан - үсөнү мн кошо чыккан күндү дагы эле сүйөм. Мүнөзүм да дале ошондой... #жөнэлеойлор
6658   190
13.06.2020
Кыз дегениң кылыктуу келет. Сезимдерин көзүнөн эле байкайсың. Уялыңкы көз караш уялап, тике карабай, ала качып калат көздөрүн. Сөздөрү таамай чыкпай, буйтап чыгып, ал тургай, басканда да жерге тиер тиймексен учуп басат. Деми элеп - желеп энтиге чыгып, жүрөк кургурга канат байлап эле койсоң учуп чыкчудай. Көзүбүз көргөнүн сыйдыра албай, кулак укканын сиңдире албай убара. Дүйнө ушундай кооз көрүнүп, анын кооздугун, сулуулугун эми эле байкагандай аң - таң карап, жашагың келип, жашаткың келип...деги койчу, эзели чыкпаган өң өңүнө, түс түсүнө чыгып, дүйнөң башка өңүттө чыга келет. Тамагыңан тамак жылбай,, чала - бучук алган абаңа эле курсак кургур тоюп, көмөкөйдөн эч нерсе өптөй, көкүрөк тоюп турат. Ашыктык дейт аны. Дендароо мас кылып, дениңди жаш кылган. Жаш өткөн соң, жашоонун баардык өңүн жатка билген соң, башыңа келсе, баягы кыз кезиңдегидей делбектейсиңби ким билет? Болбосо, ал келгенде делбектеп жүрүп күйгөн күйүгүңдү тырмалап, кетенчиктеп качасыңбы? Дагы келеби жаз жан дүйнөгө? Мурункудай макоо болуп, алданып, күйөрүңдү билип туруп күндү көздөй чуркайбызбы? #жөнэлеойлор
Загрузка...
4313   184
31.05.2020
Шар аккан суудай, жолумду издеп, шашып агам. Урунам, согулам, бирок токтобойм. Токтодуң дегиче эле сазга айланасың. Безилдеп, күндөр алмашкан сайын жаңылык издейм. Маалымат мн толуктайм. Ачылыш жасайм. Өз дүйнөмдү аңтарам. Тааныган сайын жашоо жеңилдеп, анын мааниси чыгып, өңү ачыла түшөт. Отчет берем. Анализдейм кадамымды. Өткөн күн кандай сабак калтырды, учурда кандай сезим ыроолоп турат, алдыга кандай максат коем. Эркиндик, жан дүйнөнүн тынчтыгы, сүйүү. Үчөө эриш - аркак жашооңо орногондо бакыттын даамы келет. Көз каранды болбосоң, өз жашооңо ээлик кылсаң, чечимди өзүң чыгарып, кадамды ишеним мн таштай алсаң, эркиндик. Кыжалаттык жок болсо, санааң тынч болсо, болбогон ойдун олжосу болбосоң, тынчтыктын келгенин билдирет. Сүйүү эң таттуу сезими ушул. Аны өзүңдү сүйүүдөн баштап, айланага чачасың. Гармонияга, бакыттын балкыган демине жетиш үчүн көп нерсени үйрөнүп, анализдеп, мүдүрүлүп, кайра туруп, сабак алып, китеп окуп, өзүңдү изилдеп жүрүп жетесиң. Токтобойлу, достор. Шар аккан суудай шартылдап, жол жиреп, жолубузду таап өтөлү. #жөнэлеойлор
4837   160
29.05.2020
Адам жашоо менен деле күрөшпөйт экен. Ал өзү менен өзү күрөштү жүргүзөт экен. А сырткы дүйнө ички дүйнөбүздү жеңиш үчүн гана курал болуп берерин байкадым. Сырттагы адамдар, сырттагы турмуш, сырттагы кыйналуу - иллюзия. Кеп ичте экен. Жалган дүйнө деп бекер айтпаса керек. Бирок аны түшүнбөптүрбүз. Өлгөндө чыныгы дүйнө башталат деп күтүп жүрө беребиз го? Чыныгы дүйнө, чыныгы аалам ичиңде! Ал - сенсиң! Ал жалган дүйнөгө болгон чыныгы дүйнөңдүн көз карашы. Ар бир табышмактын жандырмагы, суроолордун жообу, кыйналуунун себеби бар. Биз кыйналганды көрөт экенбиз. Ошого наалыйбыз. Бирок ал кыйналуунун ары жагын көрбөй жатпайбызбы! Ал эмнеге келди дебейбиз! Ар бир оорунун себеби бар ал тургай. Жашооңо келген адамдын да себеби бар. Изденбейт экенбиз. Бизге наалып, Кудайды, тагдырды, бешенебизди күнөөлөп, өзүбүздү курмандык элестетип, өзүбүзгө боор ооруп анан элдин аеоосун чакырып жаткан ыңгайлуу экен. " Баары келесоо, баары жаман өзүбүз укмуш." Бул оюнду дайым ойнойбуз. Тажабайбыз. Жашоонун өзгөрүшүн эмес өзүбүздүн өзгөрүшүн колго алсак, жүддаям сонун болот! Бактылуулуктун энергиясына өтөлү! #жөнэлеойлор