Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9470   149
04.05.2020
Бирөөнү катуу сүйөбүз. Бирөөдөн катуу коркобуз. Бирөөгө болушунча мээрим төгөбүз. Алар биздин жакындарыбыз көбүнесе. Ата - эне, бир тууган, бала, жарыбыз ж.б. Баардык көңүл, концентрация аларда. Ойлонуп көрсөм, жакындарыбызды сүйгөндөй Жаратканды сүйбөй, жакындардан корккондой Жараткандан коркпойт экенбиз. Көңүлүбүз дайым аларда болгон үчүн өзүбүз анан Жараткан бош калат экен. Боштук кайдан чыкты дейбиз анан.. Төрөлгөндө жаңы дүйнөнү изилдеп атып, жан көнүп калат окшобойбу. Көз дагы, көңүл дагы дайым сыртта. Бакыт жанымдагы адамдарда эмес экенин сезиш үчүн 34 жылым кетиптир. Жан дүйнөнү тынчтыгы, жыргалчылыгы алардан көз каранды эмес экенин кечигип сездим. Жаттама, жаны жок айтылган сөздөрдүн артында маансин аңдай турган болсоң, чоң ачкыч жатат. Ачкыч тынчтыгыңдын, бактыңдын, жыргалчылыгыңдын ачкычы. Жан жүйнөнү тынчтандыр. Тун. Анан көп нерсе көзгө көрүнүп, кулак иштей баштайт. Чалды куйду, кымгуут дүйнөдө чындыкты, акыйкаттыкты көрүш кыйын бп калат экен. Көкүрөктү тынчытып, жерге жакын түшүрүп туруп гана учканды үйрөнүүгө мүмкүн экен. Бүгүн түшүндүм. #жөнэлеойлор
3797   161   92988
03.05.2020
Аптекадан башка крем алсам, аллергия бп кетти эле. Корея косметикасына кайттым анан. Бетиңиз тунук болуш үчүн ички органдарыңыздын иштеши мыкты болушу керек. Өпкө, боор, бөйрөк, ичеги карындын кирдеши дароо бетке чыгат. Бырыш басып, тактар каптар, өңү өчүп атса, демек, ички органдарга маани берүү кажет. Бул алгачкы кадам. Экинчи кадам. Беттин терисине кам көрүү керектелет. Эртең мн кечинде сөзсүз жууп, крем сүйкөйм. Ансыз болбойт. Күндөн коргоно турчу spf сөзсүз колдоном. Күндүн нуру бетти кургатып, картайтып жиберет. Тамакка да маани берүү керек. Мисалы, куурулган, ачуу , өтө майлуу жебейм. Ал да бетке таасир берет. Газдалбаган таза суу ичем. Ата - энем арык болгон үчүн толбойм. Бат толуп, арыктай бергендердин териси чоюлуп каларын байкадым. Салмагым дайым 47 - 48 кг тегерегинде кармалат. Ашказанды чойбош керек. Бир муштумдай тамак жесем, тоем. Ошондой кыздар. Өзүңүзгө, бетиңизге сөзсүз кам көрүңүз. Сүйүңүз. Сыйлаңыз. Башкалардан күтүүнүн кажети жок аларды. Көөп жылдан бери косметиканы ушул жактан @misskorea_kg алам. Чөнтөгүңүзгө чак келет. Кымбат косметикаларды да көрдүм. Айырмасын байкаган жокмун чынын айтсам. @misskorea_kg
6215   285
02.05.2020
"Уулум, бул сенин таятаң" дедим сүрөттөн көргөзүп . "Айиий, сулуу киши турбайбы! " дедиң. Сен экөөбүз тең ага окшошпуз. Өзгөчө ырсактап тийишип, тамашалашып, какшык аралаш сүйлөгөн жагыбыз окшош ага. Музыкалык талантың, чопо чоордо ойногонуңан бери окшош. Атасына таарынган кыз жашоосунан бакыт таба албайт дешет. Ажырашканда гана кечире алуу күчүм ойгонду. Анткени таарына турчу дагы бир адам кошулуп, көтөргөнгө жүгүм оор болуп калды. Көтөргүм да келген жок. Уулуң турганда эркек аттууга таарынуу оңой эмес иш экен. Мен сени жакшылап тааныш үчүн, эркектик касиетиңди өстүрүп, тебелеп албаш үчүн аларды жакындан таанып, кабыл алып, кечирүүм керек эле. Аталар ар кандай болот экен турмушта. Жаралганыңа эле көмөк кошуп, жашооңон биротоло четтеп кеткени болот. Анын миссиясы жөн гана жаратууга жардамчы болуу. Ал тургай ал өзүнүн жоктугу менен болуп көрбөгөндөй эбегейсиз сабак берет. Кандай сабак бере алганын өзүнчө жазаармын. Айрым аталар үйрүлүп түшөт. Коруйт. Баласы үчүн дүйнөгө каршы чыкканга даяр. Аталар бар. Сенден алыс жашайт, бирок баласынан кол үзбөйт, жардам берет, жанында экенин сездирет. Аталар бар. Апасын да, балдарын да күм - жам кылып күндө төпөштөйт. "Ушундан көрө жер кучаткап жатса не?" дешет балдары. Жек көрүшөт. Аталар бар. Жер кучактап жатышат. Алар сөөлөтү, аты, качандыр тирүү кезинде калтырган элеси, баскан турганы мүнөзү мн тарбиялашат. "Атам мындай болчу! Атам тирүү болгондо..." деп тарбияланат алар. Аталар көп. "Ата" деген сөздүн түпкүрүн ар ким ар кыл кабылдайт. Аталуу кандай экенин билбейм. Атага эркелөө, анан сүйүүсүн сезүү кандай экенин да көргөн эмесмин. Бирок, мени жаратканга коңкон салымы үчүн ушундай ыраазымын. Ал менин жашоомдун бир бөлүгү. Кандай гана болбосун кабылдоого тийишмин...#жөнэлеойлор
366   7   8901
02.05.2020
Достор, силерге "Сапат" ЭББМ анимациялык инфографикасын сунуштайбыз. Достор, коронавирус боюнча өлкөбүздөгү абалга байланыштуу лицейлерге кабыл алуу сынактары (6 классты бүтүп жаткан окуучуларга) онлайн өткөрүлө тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз. Кабыл алуу сынактары май айында башталат. Эгер сиз кабыл алуу сынагына катышууну кааласаңыз , бул шилтеме аркылуу катталсаңыз болот. www.ka.sapat.kg Кабыл алуу сынагынын күнүн сиздерге кошумча маалымдайбыз. * Друзья , представляем вашему вниманию анимационную инфографику "МОУ" Сапат Друзья, еще раз напоминаем, в связи со сложившейся ситуацией в стране по коронавирусу вступительные экзамены для лицеев (для окончивающих 6 класс в этом году) будут проводится онлайн. Приемные экзамены начинаются в мае. Для этого вам нужно пройти по этой ссылке и зарегистрироваться онлайн. www.ka.sapat.kg Вам сообщат о дате вступительных экзаменов. @sapatkgz
Загрузка...
6441   262
28.04.2020
Көзүмдү жумуп, - Назира, кандайсың? - дейм. Назира жакшы экенинен кабар берет. Тынчтык бар. Санаа, кайгыруу, кыжалат жок. Ойлонгум да келген жок. Күн орозого карабай, укмуштуудай тез өтүп жатат. Карантин узардыбы, кыскардыбы эмнегедир маанилүү эмес. Көнүп алдым окшойт. " Бир орунда отура албасаң керек?" дешет. Отурмак түгүл, чыккым келбейт. Санаа тартып, күн санаган да жокмун. Балким, үйрөнө албай жүргөн сабыр эми келгендир деп ойлоп коем. "Карантин бүтсө, жашоону эмнеден баштайм?" деген суроо кылт эте түшөт анда - санда. Кайра кетенчиктеп келечекке чуркагандан баш тартам. Ал баракты дароо жабам. Далактап, шашып, кыжалат болуп, куюндай куюлуп, жан дүйнөм бушайман жүрчү. Бир орунда, өзүм мн өзүм калгандан коркор элем. Элге сүңгүп кетчүмүн. Өзгөрдүм. Амбиция, көрүнгөн долбоорду чапчуу - ал учурда өзүмөн качуу, көкүрөктү өйүткөн нерседен жашынуу болгон окшобойбу? Көптөн бери эч кимден сүйүү тиленбей да калыптырмын. Көкүрөгүм чөл болуп, тамчы сүйүүгө, көңүлгө зар бп турар элем. Ал да жок. Жашоо тунуп турат. Тынчтык менен жекеме жеке, көзмө көз. Кыжы - кужу болуп, мазамды келтирген ойлор да акыркы убак көрүнбөйт. Алар мн алышып атып, чарчап калаар элем. "Сен жылмайганда мага дем келет"деген уулума кайра - кайра жылмаям. Уулумдун келечегин ойлоп кыжалат болгон ойлордун да карааны алыстады. Жараткан жана мен. Башка эч ким көрүнбөйт... #жөнэлеойлор