Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7747  
25.10.2019
Сен мени издеп тапканда колумду кое бербе, макулбу? Ысып кетсем,  көлөкөңдү бер. Үшүп кетсем, кучагыңда жылыт. Тентектик жайым бар. Асылып айлаңды кетирсем, кашыңды серпип, какпа. Ашыкча эркелеп жиберсем, "Эркетайым" деп саамайыман сыла. Сыртыңды салба, сырыңды төк. Түйдөктөй түпөйүл турса көңүлүңдө жайдары жайгарып алам. Ишен мага. Түндөсү далыңды салба. Үшүйм. Корком. Бооруңа башымды жөлөп уктайын. Саамайыман сылап, жытыма кумарланып жат. Эгизиңдей көр. Ээрчитип ал. Көлөкөңө көлөкөмдү катып басайын. Түнөш үчүн эмес түбөлүккө түтүш үчүн бол. Жашоонун оорун жалгыздайм дебе. Жаныңда жардамын берген мен болом. Мен сага күлгөндү, түпөйүлдү жазганды, жашоону сүйгөндү, жалгыздап эмес жандап басканды үйрөтөм. Жашообуздун соңунда 90 го чыгып, томолонуп калганда  ыраазы болуп бири бирибизге, сүйүү оролгон өмүрүбүзгө алкыш айтып, ээрчишип, эрмектешип, Жараткандын жанына кетебиз. Жалгыз кетем дебе. Жалгыз кетирбе. Көрдүңбү, кызыктуу жашообуз бар. Сен мени күттүрбөй кел, макулбу? _____________________________________________________ Сүрөт @nurtazimphoto тарабынан тартылды. Ыраазычылык билдирем.
Загрузка...
7411  
21.10.2019
Апам "Кыздын бактысын көп тилейбиз, бирок уулдукун эмнегедир бейкапар алабыз. Уулдун да бактысы болот. Жакшы жубай жолукса экен деп тилеп туруш керек",- деп көп айтат. Ар бир жазган постумда аялдардын, кыздардын таламын талашам. Анткени дүйнөлөрү мага тааныш. " Биздикин качан талашасың?" дейт айрым мырзалар. Мен тамашалап, - Аябай кордук көрүп атасыңарбы?- дейм. ) Талашайын дейм. Тилим кыска. Бирөөнүн кыйраткан жубайы болсом, дитим бармак, тилим өтмөк. Ошентсе да, бир турмуштун көргөн келин катары жана ага - инидердин арманын жууруп отуруп бул эрежелер чыкты: 1. Эркек намыскөй келет. Намысын чукуп, басынтпа. Анткен сайын эркек чүнчүйт. Адарга мактоо жарашат. Бир мык түз кагып койсо, мактап койсоң, дардактап, экинчи мыкты каккысы келип калат. 2. Эриң иштен келгенде, кабак - кашың бүркөлүп турса, качкысы келет. "Кайда жүрөсүң??" суроосунун ордуна тилиңди тишиңдин артына катып туруп, тамагын бер. Алардын курсагы тойгондо сүйлөгүсү келип калат. Анан баардык сурооңо, жооп тапсаң болот 3. Ал ачууланып, ашатып атканда унчукпай кутул. Отко май чачпа. Жини тараганда, маанайы беште бултукта - тултукта, эркеле! Любой жеринен чыгара бер. 4. Эркектин эң жек көргөнү анын телефонун чукулаганың. Телефону анын дүйнөсү. Жеке дүйнөсү! Өтө эле көзөмөлгө алып, телефонун башыңа кийе берсең, аны урматтабаганың, ишенбегениң. 5. Кызганыч! Сонун мамилеге жарака кетирет. Өзүнө ишенбеген, өзүн сыйлабаган, комплекси бар адам гана кызганат. Өзүнүн мыкты, алмаштыргыс экенин билген адамдын жан дүйнөсү тынч. 6. Эркектин кийими - аялдын тың же тың эмес экенин көргөзөт. Бырышып - тырышып турса, сөз түз эле сизге тийет. 7. Элдин көзүнчө эркегин каккан аял - акылы жок аял. Өзүнүн акылсыз экенин гана көргөзөт. Тоо урап атса да, көйгөйүңдү үйдөн сүйлөш. 8. Эркек доңуз сындуу сиздин оюңузду жонунан билбейт, же көзү ачыктык, алтынчы сезими мн туюу сындуу сезимдери жок. Так, даана, ачык айт эмне каалап атканыңды. Намегуң балтайып турса да түшүнбөйт. Ошон үчүн: "Гүл берип тур", "Комплимент айтып койсоң болот", "Бүгүн башка бутум мн туруп алыптырмын урушкум келип атат". "Мен урушам сен чыдап тур. Эркелегим келип атат" ж.б. деп эле балтайта айт! Алар түшүнөт деп отура берсең, кылым алмашат.
7101  
20.10.2019
Көптөөөн бери "желмогуз" кыздын бет кабын кийе элекмин. Бет кабымды берип койгулачы???? Ичимдеги назик, ыйлаак, ак көңүл кызды терең жашырып, сыртынан желмогуз кыздын элесин кийдим. Аруулук бааланбайт. Тазалык тебелендиде калат анткени. Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө! Жинди кыздын образында жүргөндө сөздөрүңөр катуу тийбейт. Эч ким менин көңүлүмдү кирдете албайт. Мен бирөөнү ыйлатышым мүмкүн бирок мени ыйлата албайт. Жаман кыз мени коргойт. Сыртымдагы ошол стерва болбосо, сындырып кетмек мени эчак. Жумшактыгым, назиктигим тикенектин алдында жашынсын! "Бет кабыңды чеч. Чыныгы өзүңдү көрсөт!" деди эле мени жакшы тааныган бирөө. Жаман экен бет капсыз, жылаңач жүргөн. Үшүп кеттим. Денебизди түрдүү көйнөктүн алдына жашырган сыңары жан дүйнөбүздү түрдүү бет каптын артына жашырат экембиз. Өзөгү чириктер сулуу көрүнөт. Өзөгү сулуулар түрү суук көрүнөт. Ким кандай өзөгүн жашырып жүрөт кеп ошондо... #жөнэлеойлор
5903  
18.10.2019
Аял эркекти тандайт экен көрсө. Жашоодо жуптар табышса, аялдын көңүлүнө жаккан үчүн жуп болушту дегендик. Жаныбарлар дүйнөсүндө деле ургаачы гана тандайт эркегин. Эркектери бийлеп, болгон өнөрүн көрсөтүп, тердеп - кургап , өзүн өзү жарнамалап атып араң өткөрөт го товарды! ) Анын сыңары адамдардын чөлкөмүндө деле "Ык - бык, сен чыкты" биз - аялдар айтат экембиз. ))) Байкасаңыз, көңүлү сүйбөгөн эркекти аял бир метр да жолотпой кууйт. Энергетикалык жактан жабык болот. Ал тарапты да карабайт. Каралса да, эркек катары каралбайт ал адам. Дос, тууган ж.б. болушу мүмкүн. Кээ бирөөлөр "Кантип эле эркек мн аял достук күтсүн? Экөө от мн бензин да чогуу жүргөндө! " дегендерди түк түшүнбөйм. Аял жабык болсо , достуктан сырткары мамилеге эмне балээ болсо да жан дүйнөсүнө да, денесине да кире албайт. Аял көңүлү түшкөн эркегин бат эле амал таап, имерип алат. Аялдын амалы кырк эшекке жүк эмеспи. Анын баары көрүнгүс, атайы эрежеге кирбеген, тил мн сүйлөнүп эмес дил мн чечилчү мыйзамдар. Акыл алдында туйганыбыз мн аңдап деле көрбөгөн көрүнүш. Мени курчагандын баары эркек десем эле таң калгандары көп. Кантип анан арасынан бирөө жакпасын деп. Анализ кылдым. Ой жүгүрттүм. Мээмде "Достук, "Тууган - урук", "Жөн эле тааныш", "Коллега", "Сүйүү жаратканга мүмкүн" ж.б. деген деген текчелер бар экен. "Достук" текчесине кирген адам эзели "Сүйүү" текчесине кире албасын так билем. Чалды - куйду аралашып, шакмары чыкпайт экен мээмдеги текчелердин. Ар биринин өз орду бар. Ошон үчүн чалкасынан кетип, эркек - аял дос болбойт дегендер, дос болот! Аял уруксаат бербесе, достуктун чегинен чыгарбаса, балекеттей эле дос болот! Аялдын денеси көрүнгөнгө эле ойгоно бербейт анткени. А баса," Муну байкаштырыш керек" деген да текче бар. Ал убакыттын өтүшү мн өз текчесин табат. #жөнэлеойлор
4988  
17.10.2019
Абдан кубандым! Өткөндө бир кыз жолугуп, - Ар бир стаусуңуз дем берет. Оор кырдаалдамын. Сиздин жардамыңыз мн жеңип келе жатам, - деди. Ал ыйлады. Ага кошулуп мен ыйладым. Энелер жазат. "Кызыма чалып койчу. Өлүм мн өмүрдүн ортосунда турат" ,- дешет. "Сенин апаңан да улуу болсом керек. Бирок оюмду өзгөртүп, жашоого башкача караганга жардам бердиң" дегени бар. Түрдүү каттар келет. Калемимди аңдып, чөлгө куйган суудай ар бир жазганымды сиңирип алганы болот. Медиа адамдарында жоопкерчилик кандай чоң?! Эмнени пропагандаласак, эмнени сүйлөсөк, сиңирип турат. Абайлаш керек. Ар бир сөзүңдүн түпкүрүндө тарбиялык маани жатыш кк экен. Бул менин миссиям болсо керек. Кудай мага оозума бекеринен сөз салып, эл адамы кылбаган чыгаар! Мен мындан кийин өзүмдү өстүргөнгө аракет кылам. Өзүмдү ушундай тарбиялайм. Бактылуу болом. Бийиктейм! Менин жакшылыгым жакшылыгыңарга дем болуп атса анда сөзсүз бактылуу болом! Анткени силердин алдыңарда жоопкерчилигим чоң! Жакшы көрөм силерди! Бирөө таарынтып эле көрсүнчү! Артымда колдоп, намысымды талашып, бир армия тураарын билем!
5155  
17.10.2019
Мурунку Назира жар тандоодо: Үлпөт көйнөктүн укмушун киймек. Чоң залда укмуш той өткөзмөк. Пафос кылып, эл көзүнө укмуш көрүнгүсү келмек Азыркы Назира: Баары өзүмдүн ыңгайым үчүн. Узун, чоң көйнөк ыңгайсыз. Кичинекей, ыңгайы мн көйнөк. Бирөөнүн иши болбосун. Эң эле жакын көздөр мн скромно белгилеп коюу. Сырттагы адам билүүнүн кажети жок. Мурунку Назира: Жигиттин супсулуусун, элге алып чыкканда уялбаганын, видныйын издеп жүрмөк. Азыркы Жүрөгү сулуу болсун. Элге жакпай эле койсун! Мага жаксын! Мурунку Назира: Иши кылып сүйгөнүм мн кандай кырдаалда болбосун чогуу жашасак. Акчасы жок болсо деле мейли. Өзүм деле иштеп багып алам. Азыркы Назира: Ал түзүп берген менин ыңгайым болсун. Балдарым жылуу шартта жашасын. Эркегим баарын таап келген тың болсун. Акча тууралуу менин башым оорубаш керек. Бир колум майда, бир колум балда жашаганга акым бар. Мурунку Назира жашоодо: Ой, бекер деле иштей берем. Иши кылып жакшы көргөн ишимди жасайын. Азыркы Назира: Бекер оокат бар бекен. Эмгек акым татыктуу төлөнүшү керек. Сенин балаңа тамак керек. Менин балам тамак жебейт бекен? Мурунку Назира: Жардам берип коеюн эчтеке болбойт Азыркы Назира: А мага ким жардам берет. Убакытымды текейге бербейм. Болбосо, төлөнсүн. Мурунку Назира : Тамак тандабайм. Жей берем. Азыркы Назира: Куурулбасын, ден соолукка зын болбосун. Кола эмес суу ичем. Куурулган картөшкө эмес чөп чар жейм. Өзүмдү, ден соолугумду сүйөм. Мурунку Назира: Өзүмдү карайын. Эл эмне дейт. Азыркы Назира: Ыңгайыма жараша кийинем. Сулуулансам дагы өзүм үчүн. Эл мн ишим жок. Алардын дагы иши болбосун мени мн. Мурунку Назира: Быжылдатып эле төрөй берсең. Жок дегенде беш балаң болуш кк Азыркы Назира: Ар бир баланы жоопкерчиликтүү, ойлонуп төрө. Санда эмес кеп сапатта. Ар бир балаң татыктуу, кымбат долбоор. Туура, так, мыкты салым кош. Эптеп септеп эмес татыктуу тарбияла. Коомго татыктуу, мыкты адам кош.... Мурунку Назира: Амбиция күчтүү. Баарына жетишкиси келет. Жулунат. Азыркы Назира: Көңүлүм сүйгөн ишти кылам. Жулунбайм. Ырахат алып жаша. Шашпа. Буйругу болсо, баары болот. (уландысы бар)
5370   232
16.10.2019
Бир көңүлүм калган адамга экинчи мүмкүнчүлүк берип, кечиргеним мн ишеним артуум кыйын экен. Кечирдим дейсиң, кек сактабайсың, бирок...алар казып кеткен бир чоң боштук жатат. Миң кечирим мн толтурсаң, да орду толгус. Мен аларды чын эле кечирдим болдум бекен? Деги эле кечирим деген эмне? Бирөөнү кечиргениңди кантип билесиң? Таарынган адамыңа кайдыгер карап, ал тууралуу ойлонгондо эч кандай сезим болбосо, кечиргендик болуп саналабы? Алыскы адамга таарынбайт экенсиң. Сага ылай чачып атса дагы беймаралдык бар. Байкаганым, көңүлгө кирген гана адам көңүлүңдү оорутуп, ичиңдеги ар кыл сезимди козгоп чыгат тура. Бир көңүл калган соң, жаныңдан артык көргөн адамың чочун адамга айланып калганы кызык. Кечээки күнүң, ал мн болгон мамилең артта калып, жашооңдо деле болбогон сыңары, бейкапар жашооң уланат. Жан дүйнөң миң түркүн адам мн толукталып, артка кылчайганга убакыт табылбай, жүткүнүп, алдыга гана чуркайсың. Көп жакындарыңдын барган сайын изи муздап, заты түгүл аты өчө баштайт. Бекеринен көзүңдөн ыраак калган адам көңүлдөн да ыраак турат дебестир... #жөнэлеойлор