Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6240  
27.09.2019
Канчалык башыбызды чокмор менен кандап, көрсөтүп жатса деле мурунку түшкөн аңга түшө берет экенбиз. Себеп? 2020 - жылы эски саясатчыларга шайлабайм. Эгемендүүлүктөн баштап парламентте отургандар, бетиңер кызарсын. Жеп аткан ашыңар кокоңордон өтө албай атып өтүшү керек. Элди карай турган жүзүңөр жер карап туруусу керек негизи.. Ушул аңга жетелеген эскилер. Уялбай, кызыктуу жомогун айтып, жаңы шайлоого эч нерсе болбогондой келерсиңер.. Азыркы саясый абал кокосуна жетип, жаңы жол ача турчу курсагы дагы, көңүлү дагы ток мыктылар, билимдүүлөр, отличниктер, китеп бетин окуй ала тургандар, сабаттуу жазгандар, орундуу сүйлөгөндөр, мыйзамды окугандар, түшүнгөндөр, мыйзамдын түшүн жоруй тургандар, эң башкысы күпүлдөп сөзү менен эмес, иши мн мактоолорго арзый тургандар келер! Азыркы саясый абал ирээнжитип туру... элдин сабырын сынабай тургула! Толкуса, өпкөңөрдү үзө толкуйт! Акыйкатсыздык ашып баратат.. #илгериүмүт
7223  
26.09.2019
Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин окуу жайлары мыкты деп билем. Анткени өзүм окугам. Эл аралык "Ататүрк Алатоо" Университетинде окуп жүргөндө терең билим алдык. Сынак тапшыруу оңой - олтоң эмес, бир топ машакатуу эле. Пара мн бүтүрүү, кыргызча сүйлөшүп алуу жок. Күнү - түнү окуйсуң. Университетимдин жылуу атмосферасы, бир туугандык мамилебиз, башкача тартип жүрөгүмөн түнөк тапты. Андай чөйрөнү, андай жылуу ата - энелик мээримди башка жактан жолуктура алган жокмун. Көп жыл өтүп, мага тааныш дүйнөгө уулумдун да сүңгүшү сыймыктандырып турат бүгүн. Көкүрөк толо сыймык! Балаңа дүйнөнүн мыктысын каалап, каймагын иргеп бергиң келет экен. Тапкан - ташыганымды уулума чаптагым келип турат. Билим жана сүйүүм - сага бере ала турчу эң чоң белегим, колуман келген эң чоң жакшылыгым! Идиректүү болуп, илип кетсең экен! #gramotei #sapat
5303  
25.09.2019
Чоң энемдин "болбойттору" же "жаман болоттору" : 1. Бутуңду тартпа, жаман болот 2. Тамак ичкен соң, дароо жатпа." Акылы жокту алып урам". 3. Керилбе, жаман болот 4. Тырмакты кечинде алба, жаман болот. 5. Күүгүмдө уктаба 6. Күлдү тебелебе 7. Кыз киши тамакты колунун чуңкурчагына гана теңеп ичиш кк 8. Ары карап ыйлаба 9. Чоңдорго аркаңды салба 10. Малдаш токунуп отурба 11. Кечинде түш айтпа. Жаман түштү жоорутпа. Сууга агыз 12. Эстегенде колуң менен оозуңду жаап алып эсте. 13. Эркекти аттаба, теппе, кийимин тебелебе, баш кийимин бийик кой... 14. Баш кийимди тебелебе, бирөөгө бербе... 15. Акырын, аз сүйлө, сыпайы күл, зымырайып жүр... 16. Чачыңды жазба 17. Бөйрөк таянба 18. Таяк таянба 19. Чөмүчтөн ичпе, күйөңдүн мурду чөмүчтөй болуп калат 20. Тузду төкпө. Кошунага туз бербе 21. Жакындарга ит бербе. Итче ырылдашып каласың. 22. Сөөктү таза мүлжү. Аялың/ күйөң сулуу болбой калат 23. Тамакты эки колуң мн кармап же 24. Эшикти теппе 25. Кыбыланы теппе 26. Шыпыргыны тик койбо 27. Жер таянба ...... 28. Үшкүрбө. Этегиңди уй жегир! 29. Кол жууганда колуңдун суусун силкпе! 30. Босогону тебелебе. 31. Эшикти кулачтаба. 32. Күкүмдү тебелебе 33. Бешикти бош терметпе 34 . Сөөмөй мн көргөзбө 35. Идишти жууп жат. Шайтан - шабырлар аралап кетет 36. Акты кечинде бербе 37. Кечинде жылаң баш чыкпа 38. Тамакты шоркуратпай ич. Оозуңду жаап чайна 39. Жаак таянба 40. Жипти моюнга салып ойнобо. Анты болот. .....эстегенде толуктайм .. .