Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5822   225
13.10.2019
Тал көрсө деле, чал көрсө деле жаныңда жаткыра бергендер, көзүңөргө көрүнүп, кыбырагандын баары мн коюндаш боло бересиңерби? Киндиктен өйдө чыгалбай, "оорукчан" коом болуп баратабыз! Сөксөк деле "энеңди сс...", "шерменде", "ж.п", "шуркуя"... Эмнеге? Улуусу деле, кичүүсү деле төшөктөн башы чыга элек. Бул нормалдуу көрүнүш да менин дүйнөм анормалдуу болуп атабы? Ырлар, клипттер, кинолор ушундай мээни чайкап атабы? Көкүрөктөгү өйүгөн жараңды айтсаң эле " Бул кызга витамин керек ", "Эрге тийиш керек" ж.б.у.с. Бул спорт катары эмес, бул нерсе сезим, сүйүү катары каралышы керек. Каралбагандыгынан улам таштандылар көбөйүп баратабы дейсиң. Сезимдин да ыйыгы, туу чокусу калбай калды. Шалпактап көрүнгөн мн махабат ойноп атып, пол жууган тряпкага айланды сүйүүңөр. Сүйбөй жасалган ымыркай, төрөлгөндө да сүйүлбөйт. Аял ашыгып сүйгөн адамына гана өмүр мн өлүмдүн кыл көпүрөсүнөн өтүп, боор этинен жаратып тукум бергиси келет. Ошол тукумду кастарлап чоңойтот. Аялдын көңүлүн тапсаң, сүйүүсүн, жүрөгүн, мээримин, коюнунун ысыктыгын берет. Ыйыктык мн кир дүйнө аралашып, баш оту билинбеген оорукчан дүйнөгө, оорукчан коомго айландык! Кир дүйнөңөрдү өтүнүч, мага жалгаштырбагылачы? Күлгүн көз айнегим кийилүү. Күлкүңөр келип атса дагы күйүтү ырахаты бар, ыйык, аруу махабатка ишенген күлгүн дүйнөмдө жашайм дагы эле. #жөнэлеойлор
6685  
10.10.2019
А мен ага татыктуумунбу деп ойлонуп көрдүңүз беле? Түгөй тандоодо жаргылчагыбызга салып, таш талканын чыгарып, тегирменден бүкүлү чыгарбай кууратабыз адатта. Тиягы тигиндей, быягы мындай экен, ал эле, бул эле апийимдин гүлү эле дейбиз го! Өзүбүздүн укмуш төрт тарабыбыз төп келип тургансып! Башкадан күткөндү, сураганды билебиз бирок мен ага эмне бере алам суроосун көп деле ойлоно бербейт экембиз. Талап кылуу оңой! Жоопкерчиликти артуу да оңой! Анын барын моюндаш кымбат. Кээде кээде күзгүдөн каранып турушубуз керек экен. Жашообуздун мыкты болушуна, мамилебиздин ысып турушуна мен кандай салым кошуп атам суроосун жооп издеп туруу кажет. Кээде эки адамдын мамилесинде бирөө кыйла алдыга өсүп кетет. Экинчиси артта калып калганда жашоону бирөө бийиктен көрөт, бирөө жапыздан. Анан турмушка, алдыңкы максатка көз карашта айырмачылык чоңое баштайт. Партнеруңдун деңгээлине жараша өсүп туруу абзел. Ал турмушка чоң терезеден, сен кичинекей көзөнөктөн баш багып турсаң, ал көргөн кенендикти, бийиктикти сен көрбөй, сен көргөн тар чөйрөнү ал түшүнбөй, тил табышуу кыйын болот. Деңгээлдин теңдиги да абдан керек экен турмушта. Ошон үчүн бийиктикти самасаң, бүркүттөр мн учкуң келсе, бүркүт болгуча тарбияла өзүңдү. Шаңшы. Бийик уч. Татыктуу бол ага. Татыбайсыңбы, артка тартып, өзүң мн сазга сүйрөбөй, кое бер. Жок дегенде анын бийик шаңшып учканына күбө болуп, суктанганды бил. #жөнэлеойлор
Загрузка...
5778  
08.10.2019
Жаш кезиңде курчтук болот экен. Кайсы жерден жаңылам, кайсы жерден жаза басам деген түшүнүк жок. Жашооңдун аңгыл - дөңгүлүнө карабай, чуркап жөнөйсүң! Урушаарга жоо таппай, урунаарга тоо таппай, алкынып - жулкунуп, толкундай боюңду жарга уруп турган кезиң болот. Жашоо акырын нокто салып , улам бир тескейин көрсөтүп, нөшөргө, шамаалга бышырып атып баш ийдирип, жоошутуп алат экен. Жаштыгыңда жалын бүркүп турасың! Көңүл чордонунда болгуң келип, назарын бурдуруунун жолундасың. Жаш өткөндө ар бир кадамың абайлап арыштайт. Мурункудай көзүң жумулуу чуркабай, эсептеп - чоттоп, жети жолудан өлчөп анан жасайсың. Баарынын назары эмес бир эле адамдын көңүлүнө муктажсың. Ошол адамдын жылуулугу, мээрими жетиштүү. Физикалык жактан чоңойуу жетишсиз, моралдык жактан чоңойуу кажет. Айрым адамдар жаштыгы артта калып калса деле калжактап турат. Алар моралдык жактан чоңое электер го дейм. Жумуштабы, достуктабы, көңүл иштериндеби, айтор дайым өзүнөн эки эсе жаш өнөктөштөрдү издейт. Анткени акылына, көз карашына, деңгээлине теңдейт. Айрымдары болот. Жаш туруп, жан дүйнөсү карылыкта, акылманда...алар дайым улууларды издеп жүрөт. Улуулар мн баарлашат. Өзү теңдүүлөр баладай көрүнө баштайт. Дегеним, физикалык жаш курак менен бирге жан дүйнөнүн курагы теңме тең жүрө бербейт экен. Кимиси бат жетилет, кимиси кеч дегендей...эмнеси болсо да, жашоонун сабагынан кечикпей, учурунда үйрөнүп, кичүү муунга үрөн сээп калалы. #жөнэлеойлор
9472  
06.10.2019
Көзүмдү карабай эле жер карайт байке. "Жер карап сүйлөгөндү жаман көрөм,- дедим. Жанындагы ага ,- Ал көзүн сактап атат. Көзүбүздү сактаганыбыздын себеби, көрүнгөнгө сук арта берсек, үйдөгү жубайыбызга эмнебиз калат? Жубайыңа ысык болуш үчүн энергияңды көрүнгөнгө коротпош керек,- деди. Мага кызыктуу угулду. Ал тургай жакты! Өзүнчө эле романтика! Анткени ага чейин интернет булактардан окуган маалымат эске "кылт" этти. Уят фильм көп көрүп, сырттагы эти көрүнгөн кыздарды көрө берген көздүн дүүлүгүшү кыйын болот экен дагы, сезими мокоп, эрте эле алдан күчтөн тайыйт экен. Аял канча кымтынып жүрсө, тескерисинче кызыктуураак көрүнөт тура. Жабылуу кутучаны кызыгып ачкысы келген сыңары. Бутунун томугуна ашык болуп калган чыгармаларда бар го. Африкада жылаңач жүргөн урууларда көзү жылаңач денеге ушунча көнүп калып, желкесиндеги чачы адамды дүүлүктүрөт экен. "Уят", "харам", "күнах", "болбойт", "уят болот" дебей эле илимий тилде түшүндүрүлмөсү элге жетсе, жакшынакай эле жүрүшмөк. Анкени канчалык басым жасалган сайын ошончолук тетири тебилет. Пружинаны баса берчи...физикада бар да бул мыйзам. Баса, төшөктө партнеру көп болсо, ал эркектердин гени кала берет экен аялда. Кийин сүйгөнүңөргө оппокшош, сүйгөнүңөрдөй кыйын тукум төрөп берээрде мурунку өнөктөштөрүңөрдүн жиндидей гени, мүнөзү чыгып калса, таң калбагыла. Ошон үчүн энесинен бөлөк өбө элек кыз керек деп тазалыкты баалашчу тура илгери. Бул таза тукум үчүн керек экен. Ошол. Ошону эле айтып коеюн дегем. Жылаңачтангым келбей калды негедир...))) Илимий түшүндүрмөсүн жайылтса эле элдин баары туура жүрмөк. Анан тамталаңдап каяктагыны айтпай! #жөнэлеойлор
7086  
03.10.2019
Бөйрөктү таянба деди эле энем. Энем айткан канча сөз кулак сыртынан өттү. Канчасы канга сиңди, кулакка күмүш сырга болуп илинди, канчоосу Балыкчынын шамалы менен ойноп кетти. Уңгусу турат бирок. Кагылып калган казыктай, өзөктө жатат. Кеп энем жөнүндө деле эмес. Кеп чаржайыт болгон ойлорумда, өзүмдө. Шаркырап аккан шаардын шарданына агып кетип эле өзүмдү, өзөгүмдү таппай калган өзүмдө. Буркан - шаркан түшүп баратып, өзүңө келсең, өзүңдөн качан эле алыыыс чыгып, алапайыңды таппай бараткан болосуң. Тык токтоп, " Мен киммин?", " Кайда баратам?", " Максатым эмне?", " Жашоодон эмне каалап турам? " десең эле жообу жок боштук чыга келет. Аңырайган боштук. Жандалбастап артыма кылчаям. Жок дегенде калтырып жаткан изимден бараткан жолумдун уучугун табаттырмын дейм. Кыйратып эле жаткансыйм. Бутум бутума тийбей, безеленем . Териштире, сүрүштүрө келгенде эле эптеп - септеп, элдир - селдир бир дөңгөлөктү сүйрөп, өлбө жаным өлбөнүн аргасы менен жүрүп жаткандайсың. Колго илешкен, көкүрөк керип, купулуң толуп, сыймыктана " Ушуну мен кыйраттым!" деп кыйкырайын десең эле таш балекет жок. Мен бул дүйнөдөн көчүп кеткенде менден жакшылык калыш керек. Өзүмө эле жарык тийсин эмес бүтүндөй адам баласына тийсин. Жөөөн эле элдир - селдир көптүн бири болуп, боз топуракка көмүлгүм жок. Ошол улуулуктун, ошол чоң жарыктын учун издеп жүрөм. Аны тапмайын көкүрөккө эмне орнотсоң да каңгырап, бош калгансыйт... #жөнэлеойлор
9808  
02.10.2019
Өстүрө турчу анан өлтүрө турчу сүйүү бар. Өстүрө турчу сүйүү канат берет. Бийик учурат. Ишеним берет. Анын берген эркиндигинде каалгыйсың, жыргайсың. Шартсыз сүйөт. Эсеп - кысабы жок , милдеттендирмеси жок сүйүү. Бир жакшылыгын миң айтып, мээңди жебейт. Жөн гана жүрөгүнөн чыккысы келген үчүн жакшылык кылат. Догун артпайт ал үчүн. Өстүрө турчу сүйүү жүрөктүн түбү менен таптаза чыгат. Арамы жок. Адалы көп сүйүү ал. Ал сүйүүгө балкыган адам арууланат, өсөт, гүлдөйт, жайнайт. Өлтүрө турчу сүйүү бар. Өзүмчүлдүк чоң ал жакта! Мен үчүн, мага, кылышың керек, баспа, турба! Мойнунан байланган ит сыңары. Ал жибиң бара бара сыйыртмакка айланат. Бууй баштайт. Соңунда демиңди кысып өлтүрөт. Сенин кызыкчылыгың, ыңгайың, эркиндигиң, гармонияң эске алынбайт. Баардыгы ага ыңгайлуу болуусу шарт. Жакшылыгын өмүр бою мойнуңа жүк кылат. Өмүр бою карыздарсың, күнөөлүүсүң. "Кыңк" деп эле баш көтөрүп көр! Өкүттө каласың! Сөөгүңө жеткире сүйлөп, чучугуңду чагып жейт. Сүйөм дейт. Сүйүп аткандай мамиле бирок күндөн күнгө куурап баратканыңды сезесиң. Жылдызың өчүп, ооруй баштайсың. Ал эч качан жаңылбайт. "Меники чын, меники туура " менен жашап, кемсинтет, кемитет, чүнчүтөт. Кач андай сүйүүдөн! Ал өлүмгө кетчү жол! Эркек - аялга гана тийиштүү эмес бул сүйүү. Бир тууган арасында, достукта, ата - бала, эне - бала ортосунда да боло турчу сүйүүлөр бул. Чыныгы сүйүүнүн эсеби, милдети, шарты жок. Жөн эле ааламда бар үчүн сүйөсүң! Анын бир эле жылмайуусу үчүн дүйнөнү оңкоросуң, жүрөгүңдөн чыкканын жасайсың! Эсепсиз - кысапсыз....#жөнэлеойлор
5921  
29.09.2019
Энем сөөктү таза мүлжүсөң, эриң сулуу болот десе, тим эле мүлжүйт элем болгон тишиме салып, итке эч нерсе калтырбай. Илгери кесир болбосун деп эле бирөө тамаша ирээтинде деп койсо керек да. Аны ким билсин? Бирок, кыздар, эркектин сулуулугу сырткы дүйнөсүндө эмес экен. Эркектин сулуулугу анын эр жүрөгүндө, тайманбастыгында, ыйманында, марттыгында, маданияттулугунда, курчтугунда, тыңдыгында, табышкерлигинде, билиминде, эмгекчилдигинде, сыйында, камкордугунда экен! Жүрөгүнүн сулуулугу жүзүнө чыга келет. Эркектин колун кармаганда эркек экени билинип турсун. Салмактуу, орундуу, кызыктуу сүйлөгөнү болсо, кулагың жыргайт. Далдайып, олбурлуу болуп, карааны сүрдүү турса, өзүңдү корголгондой сезесиң. Айбаты көрүнүп, сүрү билинип, жүрөгү курч турса, кандай гана кыз болбосун багындыраар. Улуулуктан сүйлөсө, ою бийик болсо, жүрөгү таза болсо дейсиң! Карааны тоодой, жүрөгү кең, курч жигиттер калгандыр! Илгери чептен эрдин күчү бек дээр эле. Алар фейсбукта, инстаграмда эмес чыныгы жашоодо жүрүшсө керек. Бул жакта болсо деле билинбей жүргөндүр. Чыныгы мырзалар, айбаттуулар, кайраттуулар, силер бар болгула! Саныңар көбөйсө экен! Көбөйсөңөр, эркектен күч талашкан кыздар назик жанга айланмак! Силерден талашмак эмес бийликти. Бийиктикке чыгарып, артыңарда жөлөк болоор эле! #жөнэлеойлор
9934  
28.09.2019
Малаховго бирдеме дебейсиңби дегендер, эмне дейин мен ага? Аябай кыйын элбиз, кыйындыгыбыздан көрүнгөн өлкөдө тентип, балдарыбызды таштап коюп, күнү - түнү иштеп, ден соолугубузду акчага алмаштырып , балдарыбыздын токочун таап атабыз дейимби? Же ушундай ынтымактуу элбиз түндүк - түштүктү кой, айыл - айыл, уруу - уруу, айлабыз кеткенде партия - партия болуп бөлүнүп алып, бири бирибизге жугунду төгөбүз дейимби? Эмне дейин айткылачы? Ушундай берешен элбиз. Берешендигибизди ушундан бил жерибизди тебелетебиз көрүнгөнгө, уран - алтынын каздырабыз, суусун сатып, жерлерибизди ит бекер берип ийебиз дейимби? Же ушундай билимдүү элбиз, мугалимлерибиз "пашти што" бекер иштеп, чоңдорубуздун эки сөзүнүн бири ката, эки тамганы эптештирип окуйт. Анткени министрибиз бир катадан эчтеке болбойт деген, көнө келсе, мектепти контейнерден салып салабыз дейимби? Ушундай чечкиндүү элбиз. Шайлоодо эртеңибизди миң сомго, бир бөтөлкө аракка, бир мүшөк унга сатып жиберебиз дейимби? Бийликке оозу кыйшык болсо да, туугандар отурсун, жарыгы мага тийсин деген жактан алдыга ат салдырбайбыз дейимби же? Диплому бар, билимдүүлөр соодада, таксиде диплому жоктор майлуу - сүттүү орунда десем да болот, баса! Намыстанып, чычалаардан мурун ушул аңга түшкөнгө өзүбүз күнөөлүү экенибизди бир билели! Бири бирибизге шылтап, сөөмөй менен кезеп, сен күнөөлүсүң дээрден мурун ар бирибиз күзгүгө бир каранып, кеп башкада эмес өзүбүздө экенин аңдайлы. Сенин, менин да бүгүнкү күнгө салымыбыз чоң! Элге " сопляк " көрүнүп атсак, ошондой бардыр! Чычалап не кажет? Балким чындыкты айткан үчүн чычалап, жарабызга оор тийип аткандыр! Качан гана күчтүү мамлекет болуп, ынтымагыбыз бекем болгондо эч ким бизге өйдө карап, бутун сүртө албайт! Болбосо, бул шылдыңдын башы эле. Ойгонбосок, дагы далай тебелейт. #жөнэлеойлор