Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
11899   449
16.04.2020
"Али жаш" - аябай ишенчээксиң. "Бакта батинке өсүп атат" десе деле "Кана?" деп издеп жүргөн болосуң. Ар бир адамды өзүңдөй таза ойлойсуң. Кылган аракетинин баарын чын дилден деп билесиң. Интуицияң кыйкырып атса деле укпайсың. Акылга саласың. Акыл болсо, али чийки кез. Жакшы сөз айтып койсо эле жүзүң албырып, элеп - желеп болуп, толкунданасың. Мындай учурда турмуш куруу аябай бат. "Ык - бык, сен чык! " деп коюп кура беришет. Эмоция жакшы иштейт. Сүйүп калуу өтө бат кез. Сүйбөй калуу, "Көңүлүм калып калды" деген да тез. Чечим ойлонбой чыгарылат. "Карышкыр кезиң" - бир турмушту көрүп, балдарың көк чөп болуп чыгып калган кез, же далайды тегирменден өткөрүп, даамдап көрүп, карт бөрү болуп жүргөн кез. Ар бир жылмаюунун артында эмне жатат көз караш сенден эмне каалап атат, ар бир сөздүн капталында кандай ой бар таамай окуп турасың! Көзүнүн тереңинен ал кандай адам көрөсүң. Интуиция да, акыл да жетилген кез. Логика өзгөчө укмуш болот. Оңой мн жемиңди жедирбей каласың. Бул учурда турмуш куруу (эгер ажырашкан же кура элек болсо) оңой эмес. Жытын жыттап, даамын даамдап, чак келеби, келбейби, сүйлөгөнү ордундабы, жокпу, эмнени каалап атат окулуп турат. Жети өлчөп бир кесесиң. Эмоция отурукташкан. Далактабай каласың. Сүйүү оңой мн келбейт. #жөнэлеойлор Сиз кайсы мезгилиңиздесиз?
11815   478
09.01.2020
Аял күчтүү болсо, андан туулган тукум күчтүү болот! Илгери ата - бабалар мыкты тукум калтырыш үчүн жатыны жакшы деп, күчтүү кыздарды издеген экен. 70% генди бала энеден алат дейт окумуштуулар. Энеси жаман эзели оңолбойт деген кеп да бекеринен чыкпаса керек. Эне билимдүү, күчтүү, дени сак, моралдык, психикалык жактан бекем болсо, силерге мыкты тукумдарды калтырат! Улут күчтүү болот! Мамлекетти акылдуулар, психикалык жактан жабыркабагандар, дени соолор башкарса, сонун да! Силерге билинбегени мн үйдөгү чатак, уруш, эненин кордолушу баланын жүрөгүнө, көңүлүнө, психикасына, ден соолугуна, эң башкысы тагдырына чоооң залал келтирип, айыкпас так салат! Намыс, эл эмне дейт деп чыдап, тиштенип, ошол кордукка чыдап жүрүп чоңойтушат биздин энелер. Бизде эрден чыкты деген кеп өлүмдөн катуу болгон. Аны билген айрым эр сөрөйлөр өмүр бою күчүн көрсөтүп жашашкан. Элестетиңиз, ошону көргөн балдардын көңүлүндө көбүргөн жараны! Азыр заман башка. Аялдар укугун коргогонду, өзүн эздирбгенди үйрөнүп, билим алып, өсүүгө далалат кылышы керек. Көп өлкө кыдырдым. Биздин аялдардай күчтүү, чыдамкай, намыстуу, эрктүү, эшикке чыгып, эркектин жумушун, үйгө кирип, аялдын ишин кылган бир да аял көргөнүм жок. Бир аз колдоо күтөбүз силерден! Баягы күндөн бери асындыңар, асылдыңар, басындыңар, сөктүңөр, уу тилиңерди төктүңөр, арманыңарга арданып, айлаң кетип чөктүңөр! Аялды ардактагыла десем, чалкаңардан кеттиңер, сөөгүмдү кемирип, чучугуна жеттиңер! (Чиңгил - чиңгил комузумду күүлөп коеюн ушул жерден🤣🤣🤣) Менин максатым - эркекти курут кылып, жок кылуу эмес. Грамм переживайт кылбагыла! Силерсиз күнүбүз өтөбү, ээ айланайындар!.)) Айткым келгени, сөзүмдүн төркүнү башка! Өлкөнүн айымдары кордолбосо, кир колуңду салып койнуна зордолбосо, ийне мн кудук казып, билим алсын, дүйнө жүзүн кыдырсын, көп нерсени билип алсын дегеним! Чыныгы мырзалар бар! Алар билимдүүлөр! Көкүрөгүндө көзү барлар! Ырахмат силерге! Силердин катар көбөйсүн! Суюлбасын! Өлкөбүз үчүн чырылдагысы келген эрке кызыңар! 💋💋💋💞 #жөнэлеойлор P.s. өткөндөгү зомбулук тууралуу инстаграмдагы статусумдун алдына 1000 комментарий келди окурмандардан. Атасынын зомбулугун көрүп, стрессте жүргөн көп балдардын көз жашын окуй аласыз
11802   387
17.04.2020
Аял ким? Аялга Кудай сценарий жазып атканда назиктикти, сулуулукту, акылды, жылуулукту, амалды берип, "Эне" болосуң. Төрөйсүң! " деген оозыйпа оозандырган экен. Төрөш үчүн жаныбардык инстинкт боюнча күчтүү эркек талап кылынат. Тандалат. Тукум уланат. Күчтүү эркек жаңы туулган тукум бутуна тургуча кайтарат. Миллиондогон кылым бою бул сценарий бузулган эмес. Акыркы кылымда бир жактуу жыныстык мамиле ачыкка чыкты. Илгери деле бардыр балким сценарий бузулган эмес. Көмүскөдө келген. Күчтүү эркек күчүн жоготуп, тукуму бутуна тургуча кайтарбай калды. Аял төрөөдөн баш тартты. Турмуш кургусу келбей калды көбүнүн. Кылымдар бою кайталанган сценарий бузулду. Ар ким көңүлүнө жакканын кылып, ар ким өз жолун тандай баштады. Бул башыбызга түшкөн жаңы сценарий. Менимче, бир канча жыл жалгыздыкта ар ким өзүн издөө мн алек болот адамдар. Жер жүзү бир аз суюла баштайт. Үй бүлөнүн баркын кетирдик окшойт анткени. Сыйлаганды, сүйгөндү билген жокпуз. Өзүн тааный элек адам башканы таанышы кыйын болот. Өзүн сүйбөгөн, бирөөнү сүйүш, өзүнүн сезими мн эсептешпеген бирөөнүкү мн эсептешпейт . Ошентип, жулмалашып, кызганып, ур - тепкиге алып, жек көрүп, жектеп жүрүп бири бирибизди кийин акыл кирип, адам катары жетилип, руханий жактан чоңойгондо көп нерсеге көзүбүз ачылаар. Бир канча жылдан кийин сапаттуу, чыныгы, бактылуу үй бүлөлөр куралат деп ишенем. "Сен бойдок катын үй бүлө жөнүндө кеңеш бере турчу акыркы кишисиң!" дейсиңер го. Менимче, дал ушул мендей жаңылган, бүлө күтүп көргөн, бойдоктуктун да даамын татыган аял гана бүлө эмне экенин так, таамай көрө алат! Үй бүлө кураардан мурун үй бүлө куруунун маанисин, маңызын, максатын билүү кажет экен. Болбосо, өкүттө өткөн өмүрлөр көп... #жөнэлеойлор
11772  
22.11.2019
Менин балам, баламдын балдары кандай өлкөдө жашайт? Ошол мени тынчсыздандырат! Бүгүнкү күндө өлкөнүн абалы, саясый абал мени канааттандырбайт. Эртеңки жарык келечегибизден күмөнүм бар. Ишенип, күтүп, ообузубузду ачып жүрүп, отуз жыл өттү. Эки төңкөрүш, бийликке каршы күрөш оңунан чыккан жок жана майнап берген жок. Жөн эле бөөдө өлүм болду. Мурункунун акчасын кийинки ээлеп, иштемиш болгон сүрдү көргөзүп, жең ичинен ичип - жеп, ирип келе жатышат. Кыргызстандын жараны катары жана уулумдун келечегин ойлогон эне катары коңгуроо кагам. Туура эмес жолдо баратабыз! Туура эмес адамдар бийликте отурат! Кимдин эмнеге шыгы бар, колунан кандай кокон келет көрдүк. Шайлоо жакындап калды. Көзүбүздү чоң ачып, көкүрөгү тазаларга шайлап калсак, кутулганыбыз. Эски адатыбызга сала турган болсок, ушуну менен үмүтүңдү үзүп, өз алдынча ар кимиң оокатыңды кыл дегендик. Ансыз деле оокатыбызды кылып жүрөбүз деңизчи бирок биротоло өлкөм, желегим, мекеним деп өпкө какпай калаарыбыз бышык. Анткени белчебизден сазда болобуз. Уурдап жетишкендер келемиштей чөгүп бараткан кемеден качкан сыңары кача берет. Менин балама, сенин балаңа океандын түбүндө баткан кемедей өлкө калат. Азыркы тапта ар бирибиз биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Манас атабыздын жети осуятын кыт кылып куюп, үмүттүн шамын жагып алып, керт башыбызды ойлобой келечегибизди ойлоого мезгил келди! Эски көздөр этегиңерди жыйып, жаңы көздөргө орун бергиле!
11559   625
25.06.2020
"Вазир жакшы хан жакшы", " Эрди эр кылган аял", "Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык ж.б. дешип.... негизи мындай ойго кошулбайт элем. "Жибекти тута албаган жүн кылат, аялды тута албаган күң кылат" сындуу макалдар мн деле карама - каршысын айта берсең, уланып кете берет. ⠀ Жашоодо ар кыл үй бүлөнү көрдүм. Дөөлөттүүнүн ырыскысын качырып, жүдөгөн зайыпты да көрдүм. Жоктон бар жасап, үзүлгөнүн улаганды да көрдүм. Аялы тың, табышкер. Жолдошунун "эркек" дегенди тастыктаган "эмеси " эле бар. Калганынан дайыны жокту да көрдүм. ⠀ Макалдардын кайсы бир деңгээлде чындыгы бар дечи, бирок, көбүнесе адамдын өзүнөн болот экен. Эч нерсени каалбаган, баш ооган жакка кете берген дейдинин каалоосун ойготуш кыйын. " Өсөм " деген каалоосу бар адамды өлүм эле токтотпосо, эч ким жолтоо боло албайт. ⠀ Эрди - катын мамилесинде жолдошу чоң ийгиликтерге жетет, бирок жубайы үйдө отуруп, деградация бп кеткен учурлар болот. Эки деңгээлдин бир арага келиши, бир деңгээлде сүйлөшү азап боло баштайт. Кызык тарайт дегендей. ⠀ Жолдошу өмүр бою бир деңгээлде, жубайы окуп - чокуп, иштеп, өсүп кетет да жолдошу артка өзүнүн деңгээлине тарта баштайт. Анткени биздин менталитетте аялдын алдыга оозунушу айып нерсе. ⠀ Экөө бирдей, бир команда болуп, бир багытты көздөп, чогуу өсүп, максаты бир болуусу абзел экен. Бирин бири камап, кызганып, кыспай, бирин бири жөлөп, өстүрүп, колдоосу маанилүү. Үй бүлө институту да оңой эмес, чоң искусство! #жөнэлеойлор ________________________________________ Визажист @venera_vizazh Фото: @san_imanov Место: @maryotel_bishkek
11485  
07.01.2020
Кечирип койгула 2 1. Эркектерин эркелетип, көзүн карай берип, сөз көтөрө алгыс кылып, көптүрүп алган аялдар, кечирип койгула! 2. Төпөштөп атса да, үн чыгарбай, мүшөк болуп жата берип, өлүмгө өзү чуркаган аялдар , силер да кечирип койгула! 3. Өзүн көмүскөгө көмүп коюп, эри үчүн, баласы үчүн, башкасы үчүн жашап, өз жашоосун көз жаздымда өткөргөн аялдар, силер да кечирип койгула! 4. Кайын энеден, кайын журттан тепки жеп, чыдап, анан келинине ошол эле зомбулукту көргөзгөн аялдар, силер да кечирип койгула! 5. Үйдөгүнү эс алдырып жаткырып коюп, анан килейген турмуш жүгүн асынып алып, талаалап иштеп жүргөн аялдар, силер да кечирип койгула! 6. Чачыңарды түйдөктөй кылып, тамак сиңген халат мн жүрө берип, эриңерди тарттырып жиберип, бырылдап ыйлап, арманын айтып бүтпөгөн аялдар, силер да кечирип койгула! 7. Төшөктө кызык оюн көрсөтө албай, кысынып, уят эле уят деп, дөңгөч бодуп жата берип, өзүңдүн минчү жериңе башканы мингиздирип алган аялдар, силер да кечирип койгула! 8. Бирөө сенден сурангансып, өмүрүңдү, убактыңды, жашооңду, жаштыгыңды балдарыңарга арнап алып, алар турмуш куруп кеткенде кур жалак калдым деп ыйлаган аялдар, силер да аман эле болгула! 9. Өмүрүмдү сага арнагам эми сен мага арна деп балдарынын жашоосуна кийлигише берип, ажыраштырып, жада калса балдарын суицидге түртүп алган аялдар силер да кечиргиле! 10. Көрүнгөн жакка балдарын таштап, күнүмдүгүн ойлогон күкүк энелер , силер да кечиргиле! 11. Жат десе эле көрүнгөнгө жата берип, болгон эркекти сугара берген аялдар аман болгула. Ымдаса эле кете бересиңерби! Өлгөнү калган немедей! 12. Сүйбөй эле акчасын алыш үчүн, байлыгына көмүлүш үчүн сезимдерин аттап өтүп, жийиркеничтүү эркектердин алдында ырахатты имитация жасагандар, силер да аман болгула! Кыскасы, аялдардын жаман жагын көргүм келчү эмес. Кечиргиле, аялдар! Бүгүн төпөш жеп атып өлүп атсак, бүгүн эркектен сөгүш угуп, тил угуп, кор болуп атсак, балдарыбыз мн көчөдө калсак, өзүбүз күнөөлүүбүз! Алтын ортону таба албаган, өзүбүздү өнүктүрүүгө салым кошо албаган, билим алып, өзүбүздү сүйүп, жашоону өзүбүзгө арнап, туулган күнүбүздө ыраа көрүп, байпак сатып алып кие албаган биз күнөөлүүбүз! #жөнэлеойлор
Загрузка...
11462   866
08.01.2020
Эмии, мындай, каражандар, акыркы жазылган тамаша постума ар кандай реакция жүрдү. Укмуш кайнады! "Тарс " эткен тамашама чычалап, асынып алгысы келип 40 - жип, чөгүп өлгүсү келип бир кашык суу сураганы андан көп. "Кечирип койгулага" сөз көтөрө албай, көтөрүм болуп кеткендерди, камгактай жеңил, тамашаны түшүнбөй, тамтаңдагандарды кошпой калыптырмын. Кечирип койгула, иттик менден кетти!))))) Бир кыз сөз мн чымчыса түтө албаган турмуштун муштумуна түтө аласыңарбы? Ичине ээр токум баткан жигиттин ичине таруудай тамаша батпай убара!)) Кантели? Өзүн илинип турган май элестетип алгандар андан көп! Боорду эздиңер!))) Жүдөгөнүн зайыбына оодара салып, жоопкерчиликтен кутулгусу келген мындан көп! Бирок тамашаны татып, туура түшүнүп, кычкылына ачуурканбай, жутуп коюп, "Өзүбүздү сырттан карайлы, туурасы бар экен, моюндайлы!" деген мырзалардын көптүгү сүйүндүрдү. Мен күлсөм, кошо күлүп жыргаган агаларым, инилерим силерге өзгөчө алкыш! Илгери кыз - жигит топтошуп ойногон жерде кер - какшык айтылып, кыздар жигиттерди сөзгө сындырып, чымчып ойночу экен! Кыздардын сөзүнө чычалабай, чыңырбай - этпей, тилин агызып, уусун салып, сөгүп - сагып, өзүнүн пастыгын көрсөтпөй эле тамашага тамаша мн жооп берип, сөзгө жыгылса, моюнга алып, айыбын төлөшчү экен. Көтөрүмдүүлөрдү биз да көтөрүп алабыз анткени. Анда эмне азыркыдай тили узун, кур намысы көп, чын намысы жоктор жокко эсе эле да. Андайларды чыныгы эркектер сүйрөп барып, тумшугун "жалпак жөжө" кылып коюшчу болуш керек. Аял мн аял болуп бет тырмашып, акыйнек айтышып отургандан уялыш керек оболу. Акыйнек айтышып, аял эмоцияга алдырса, кошо алдырып, жаакташкан үчүн ажырашуулар көп болсо керек да учур чакта. Болбосо, жаныбызда айбаттуу арстан турса, аял асылмак түгүл астынан кыя өтө албайт! Тилдин узарышынын себеби өзүңөрдө жатканын бииир ойлонуп көргүлө. Астейдил сөөгүңөрдү мүлжүп койгон агалар, инилер, айып этпеңиздер. Эмгектен тер жыттанып, жер тырмап, тырмагыңар кыкка толсо, катын - балаңарды сүйрөп, капкара май болуп атсаңар, бир жыртыкты бүтөй электе бир жыртык пайда болуп, акча үнөмдөп атсаңар, керели кечке оокат деп жүрүп бутуңар жыттанып атса, силерди миң эсе сүйүп, жаныңарда опол тоо болуп, жакаңарды агартканга даярбыз!
11336   484
09.12.2019
Наконец - то приехал через три месяца! Хочу чтобы папа приезжал по чаще. - Скажи ему. Он же твой отец. - Не хочу. Он должен сам знать, о том что, я скучаю. Если думает обо мне то, придет. Если не думает, не придет. - Тебе повезло хоть. Редко, но приезжает ведь. - А твой папа не приезжал к тебе? - Нет. Я его 22 года не видела. - Печально... Тунжурап ойго баттык. Балким ал атасы тууралуу ойлонуп жаткандыр. Мен да атам тууралуу ойлондум. Башында катуу сагындым. Түшүмө кирчү. Башкалар атасы тууралуу сөз кылса, ичим ачышып, ыйлаар элем. Кудайдан жатсам - турсам, ата тиледим. Мээримин издеп, улуу адам көрсөм, эркелегим келет. Көзүмөн кадимкидей өтүп турчу. Университетке тапшырганда ар бир мугалимимди ата кылдым. Сени кыз кылып албасам дегендин баарына кыз болдум. Убакыт өткөн сайын ал көрүнүшкө көнүп, кабыл алып каласың. Кийин ичиңдегинин баары сууп, сезимдериң оңой мн жибибегидей, катый түшөт. Уулумдун көздөрүнөн өзүмдүн көздөрүмдү көрөм. Сагыныч, куса, мээримге муктаж болгон көздөрүн кадимкидей тааныйм. Жаңы мектепке которгом. Мага окшоп агайынан ата жасап алыптыр. Коңгуроо болгон сайын ал кишинин классына жүгүрүп барып, кучактап, эркелеп алат. " Апа, бүгүн кеч келчи?" - деди бир күнү. Эмнеге? - десем, - Мехмет бейдин бөлмөсүндө отургум келип атат. Ал мага планшет берет. Мени мн сүйлөшөт. Чай ичем. Мага катып койгон тамагы болот, - дейт. Атайы кеч барам. Атасынын төрүндө отургандай күрмөсүн ыргытып, бутун бутуна учкаштырып жаткан болот. Макаамы бийик, директордон кийинки эле адамга оңой мн дааш мүмкүнбү? Уулума анын аталык мээрими ынады көрүнөт. Мен да Эргүн бейлеримди ошентип ата кылат элем. Кийин атамды өзүм издеп таптым бирок сезимим , сагынычым, кусам таш бп катып калыптыр. Жибиген жок. Маңдайымда чочун адам турду. Акылым тилдейт. Жүрөгүм даабайт. Жараткандан жардам сурайм. Кечирим тилейм...бирок жан дүйнөмөн, жүрөгүмөн, көңүлүмөн ага ылайык жай таба алган жокмун. Аракет кылдым. Боор тартып, имериле албай койдум. Кечирдим дейм. Жатаарда Жаратканга шыбырайм. Суранганым уулумдун көңүлүнө таш бүтүрбөсүн! Ташыш азап. Энесинен баш тартсаңар да, балаңардан баш тартпагыла. Энесине таарынгыла, жек көргүлө, бирок балаңардан кол үзбөгүлө. #жөнэлеойлор
11103  
19.12.2019
Үйдүн жалгыз эрке кызымын. 5 - курсту бүткүчө апамдын коюнунда эмчегин кармап жаттым. Жигит жандап басууга убакыт да, каалоо да болгон жок. Окуш керек болчу. Мектепти экстерно (бир жыл эрте) бүтүрдүм. Олимпиаданын жыйынтыгы мн Университетте бекер окудум. Иштедим. Турмуш курдум. Балалуу болдум. Карасаааам эле жашым өтүп баратыптыр. Жашоодо ойноп - күлгөндү билип, ырахаттанууну да үйрөнүш керек экен. Клуб, караоке, ж.б. көңүл ачуучу жайларды былтыр көрдүм. Айтсам, эл күлөт. Апам жалгыз бакса, бетин жер каратпайын деп аракет кылдым. Жолуман кыйшайган жокмун. Абийирим мн турмуш курдум. Эми эс алып, көңүл ачууга мезгил жетти! Килейген аял болбодумбу! )))Өзүбүз үчүн жашап, өзгөлөр эмне дейт дебей, ырахаттанып, чуркабай, жай басып, терең - терең дем алалы. Бүгүн биздин үй бүлөнү @positano_bishkek италия кафе - рестораны даамдуу тамактары менен коноктоду. Ыраазыбыз!