Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
10217   605
04.12.2019
Эркектин түрлөрүн деле жазып коеюн таарынбасын ) 1. Однолюбдар. Бирди эле сүйөт. Бирөө эле көңүлүнө от жагып, көзүн сүйүнтө алат. Ошол бирөө үчүн тоону томкорот, таштан суу, такырдан гүл чыгарат! Бирөөнүн сөзү мыйзам! Алаканына салып, агы менен айланат карегинин. Бирөөнүн жытын искеп, чачын сылаш үчүн айга чейин шаты таап, күндү кошо алып берет элем деп күйүп кеткени канча?! Сейрек кездешет бирок булар. Тапса болот. Бит карагандай издеш керек . 2. Кийинки түрү "Кыз жандуулар". Өтө эле сүйгүч келет. Сүйгүч болуп иштейт да жүрөгү. Жымың эткендин баарын бир жумадан сүйө берет. Эки жума болуп кетсе эле ыңгайсыз боло баштайт. Сүйгөн сайын жашагысы келип, жашарып, сеп этип алгандай " масарып"...романтик болуп ар бирине ыр чыгарып, чыгарма арнап, эми өзүнчө эле бир укмуш. Укмуш дүйнөдө жашайт алар 3. "Коллекционер " "Кыз жандуудан" айырмаланып, дене кумарына басым жасайт. Романтика, сезим деген түшүнүк жашабайт. Эттүүсүн көрөт бүгүн, эртең төштүүсүн көрөт, бүрсүгүнү чачы кыска, андан кийин буту узун, куймулчактуусу, компактныйы...айтор кете берет. Коллекция толукталмайын любоюн көрөт. 4. "Однолюбдар" . Тырмакчанын ичиндеги "однолюбдар" . Аялы, балдары бар. Бирок мезгил - мезгили мн жамгыр жаайт системасы да. Тымызын тызылдатып келип, тымпыйып калгандар булар. Шек алдырбайт. Партизандар. Бутунун учу мн жүрөт. Уликалар дароо тазаланат. Таза иштейт, кыскасы. Чандааа эле кокусунан кармалып калбаса, дээрлик колго түшпөйт. Түшүп калса да суудан кургак чыгат. Мойнуна алып өлбөйт да алар. Эркектин тили мн айтканда "однолюбдар , бирок многоебдор". Бүлөсүн таштабайт бирок жакшы жери. Билгизбей жүрөт. 5. Жүүнү боштор. Сүйүп калдым деген кыздын баарын ээрчип кете берет. Мурункусун таштап коюп, мурдунан жетеленгендер. Ушундай ишенчээктер. Ак сүйүү издеп, алдана бергендер. Мындайлардын багына дайыма амалдуулар, желмогуздар жолугат да, көп нерсени жасатып алып, көчүккө тээп айдап жиберишет. "Подтакашник" деп да аташат. Лидерлик касиет жок. Жетеленмелер 6. Мыктылары. Уяттулар, намыстуулар, акылдуулар. Баардык жактан төп келгендер. Тагдыр эле талкалабаса, тайбай турчулар. Однолюбга окшош эле келет бирок анчалык фанат эмес. Сүйгөн адамын сапаттуу сүйөт. Жоопкерчиликтүү.
Загрузка...
9963  
19.11.2019
Суйкайып, сулууланып, түрлөнүп түркүн көйнөк кийип, көгүчкөндөй кулпуруп, койкоктоп кыз боло элегиме көөөөп болду. Ыңгай анан жылуулук сулуулукту көмүп кетти. Өзүмдү карап, өзүмө көңүл бөлүп, өзүм үчүн жашабай жатамбы же алар мага кызыксыз болуп калдыбы? Кызыксыз болуп калса эмнеге? Жашоого оюм өзгөргөн үчүнбү же жеке жашоо тынч болгону үчүнбү? Шиш таканы көрөйүн деген көзүм желкеде. Шакек, сөйкө тагынбай калганыма да көп болду. Көйнөк кийгенден качам. Ыңгайлуу шым, чокой, иши кылса жылуу жемпир. Калганы мн баш оорубайт. Түрлөнүп турган кесиптештеримди карап суктанып коем. Съемкага барып келем. Үйдө жаткан жагып, ашыкча кымгуут ызы - чуудан качып, жалгыздыкты эрмектейм. Убакыт өткөн сайып сүйлөгөндөн да эринген, бар - жогу билинбей, көпчүлүктөн качкан, көрүнгүсү келбей, жашынган башка эле Назира чыгып келе жатат. Кечээ отуруп алып, сулуу кыз болгум келди. Жалаң кемпир, аял, үй кожойке, боюнда бар аялдарды аткарып жатам. Алардын сулууланбай, ыңгайлуу кйингени, жасалмалуулугу жок болгону жагат. Жакшы эле көрүнүп атамбы деп башың катпайт. Түрүңдү келиштирип алып аткара бересиң. "Өзүңдү сүй" дү эң көп мен кыйкырам. Эмнеге анда сүйбөй атам? Же тескерисинче өзүмдү сүйүп, эл эмне дейт мн ишим жок, ыңгайым, жылуулук, ден соолук алдыга чыгып кеткендир....жаңы Назира ортого чыкты, айтор. Сулуу кызга айланып коюш кк эле...
9954  
21.12.2019
"Каргадан карга чыгат каркылдаган. Жакшыдан жакшы чыгат жаркылдаган". Апамдын эң көп кайталаган сөзү. Бийликке барса балдарыбыз бийик учат. Ак куу, шумкар болот деп күткөнүбүз менен өзүбүздүн каргалык жаратышыбызды кантебиз? Бийликтегилер качан оңолот дейбиз. Бийлик коомдун күзгүсү экенин моюндоо кыйын бирок. Сен, мен табиялаган балдар, кыздар отурат. Бирөөбүздүн бир тууганы, баласы, агасы, эжесидир. Күзгүдөн түрү суук көрүнгүң келбесе алгач кейпиңди оңдойсуң. Калк арасында алдым - жуттумдар жоголмоюн ачкалар, кулкуну кернейлер келет ылайым. Биз тое элекпиз. Биз жаңы жашоого даярбызбы? Биз өзгөрдүкпү бийлик өзгөрсүн? Акчалуулар келет дагы. Ачкалар миң сомго сатат келечекти. Саткыла, бирок эртең "Эмнеге ушундай бийлик келди? Качан оңолобуз? " суроосун бергенге акыңар жок. Азыркы адилетсиздик кечээки кылганыбыздын акыбети. Биз бүгүнкү бийликке, жарды жашообузга татыктуубуз. Ыйлап, наалыгандан майнап жок экен, коррроче! Абалды кабыл алып, моюндап, кемчилигибизди сезип, өзүбүздү кемирбей, кечирип, бир силкинип алып, анан жашообузду уланталы! Оңолууга далалалтты өңубүздөн баштап дегендей...Не дедиңер, каражандар?
9934  
28.09.2019
Малаховго бирдеме дебейсиңби дегендер, эмне дейин мен ага? Аябай кыйын элбиз, кыйындыгыбыздан көрүнгөн өлкөдө тентип, балдарыбызды таштап коюп, күнү - түнү иштеп, ден соолугубузду акчага алмаштырып , балдарыбыздын токочун таап атабыз дейимби? Же ушундай ынтымактуу элбиз түндүк - түштүктү кой, айыл - айыл, уруу - уруу, айлабыз кеткенде партия - партия болуп бөлүнүп алып, бири бирибизге жугунду төгөбүз дейимби? Эмне дейин айткылачы? Ушундай берешен элбиз. Берешендигибизди ушундан бил жерибизди тебелетебиз көрүнгөнгө, уран - алтынын каздырабыз, суусун сатып, жерлерибизди ит бекер берип ийебиз дейимби? Же ушундай билимдүү элбиз, мугалимлерибиз "пашти што" бекер иштеп, чоңдорубуздун эки сөзүнүн бири ката, эки тамганы эптештирип окуйт. Анткени министрибиз бир катадан эчтеке болбойт деген, көнө келсе, мектепти контейнерден салып салабыз дейимби? Ушундай чечкиндүү элбиз. Шайлоодо эртеңибизди миң сомго, бир бөтөлкө аракка, бир мүшөк унга сатып жиберебиз дейимби? Бийликке оозу кыйшык болсо да, туугандар отурсун, жарыгы мага тийсин деген жактан алдыга ат салдырбайбыз дейимби же? Диплому бар, билимдүүлөр соодада, таксиде диплому жоктор майлуу - сүттүү орунда десем да болот, баса! Намыстанып, чычалаардан мурун ушул аңга түшкөнгө өзүбүз күнөөлүү экенибизди бир билели! Бири бирибизге шылтап, сөөмөй менен кезеп, сен күнөөлүсүң дээрден мурун ар бирибиз күзгүгө бир каранып, кеп башкада эмес өзүбүздө экенин аңдайлы. Сенин, менин да бүгүнкү күнгө салымыбыз чоң! Элге " сопляк " көрүнүп атсак, ошондой бардыр! Чычалап не кажет? Балким чындыкты айткан үчүн чычалап, жарабызга оор тийип аткандыр! Качан гана күчтүү мамлекет болуп, ынтымагыбыз бекем болгондо эч ким бизге өйдө карап, бутун сүртө албайт! Болбосо, бул шылдыңдын башы эле. Ойгонбосок, дагы далай тебелейт. #жөнэлеойлор
9911   212
29.01.2020
"Мысли материальны" акыркы убакта эң көп уккан сөзүм. Балким антпей эле тагдырыңа чийилген нерсең сезимиңе түшөттүр. Ошону ойлой баштайсың. Кыялданасың. Ага жакындаган сайын анын өңү, жыты даана келип, чыга баштайт. Кыргыздын туюму, сезими күчтүү. Касиети бар эл эмеспи. Бирок мындай улуу күч бөтөн элде жок болгондуктан балким алар кыялданып анан жетесиң деп ойлойт чыгар? Маселен, Жараткан мага сүйлөө талантын бекеринен бербегендир. Ал тагдырымда болгон үчүн эл алдына чыгуу да тагдырда жазылуу болгон. Эс тарткандан бери экранды элеси андагы сүйлөп жаткан Назира келе берет эле. Чет элдиктер муну кыялданып анан кыялыңа жеттиң дээр. Бирок мен тагдырдагы нерсе гана сезимиме түштү. Алдына ала көрөгөчтүк, сезгичтик деп эсептейм. Жолдошумду биринчи көргөндө эле "Мына, менин жолдошум!" дегем. Алгачкы балам уул төрөлөрүн да билгем. Атасы тун төрөлгөн уулума деп окуп жүргөндө эле Карасаевдин сөздүгүнөн "Ариет" сөзүн тандап алган. Мааниси "ар - намыс" дегенди түшүндүрөт. Демек, анын да сезимине түшкөн. Апам жөнөкөй мугалим жана айлыгы 2000 сом экенине карабай, "Мен чоң университетте окуйм. Болгондо да чет тилин " дечүмүн. Кокусунан олимпиададан жеңип калып эле бекер окууга өтүп кеткем. Мунун баары тагдырымда бар болчу демек. Болбосо, ата - энем музыкант. Балалыгым комуздун башын тиштөө мн, үйдөгү ыр - чоор мн өттү. Андан бөлөк дүйнө көргөн эмесмин. Эмнеге мен музыкант болом, же ырчы болом деген эмесмин? Тагдырымда жок нерсе жүрөккө түшпөйт окшобойбу? Айтор, айтып отуп турсам, мындай көрүнүштөр көп. Бул темада көп ойлондум. Бүгүн бышты көрүнөт. Бул менин гана божомолум. Балким жаңылышам. Бирок, сезимие бүткөн нерсе сөзсүз чындык мн беттешет. Не дедиңер? #жөнэлеойлор
9857   187
09.04.2020
Бул менин 1 - класска бараткандагы сүрөтүм. Делодо ушул сүрөт кыстарылып турчу. Бул сүрөттү бир нече жолу тартканбыз. Окшобой атат деп сүрөтчү мойнумду түздөп эси оогон! Аягында оңдолбосуна көзү жетип ошол бойдон берди. Ичимде ушул кыз жашайт. Ушул жашта. Кичинекей, үркөк, эмнегедир капаста, ыйлап, жалгыз турган элеси келчү. Анткени оюм, боюм баары сырт дүйнө мн алпурушуп, ичимдеги Назираны , мендигимди жалгыз, карабай таштап коюптурмун. Бакытты, сүйүүнү кайырчыдай көрүнгөндөн тиленип жүргөн учурда алардын казылып бүткүс кени ичибизде болот экен. Кээде жаның жай албай, тынчтыгыңды издейсиң. Качып кеткиң келет баарынан. Көрсө, тынчтык ичиңде экен. Назирага жарык тийгизе баштадым. Маал маалы мн кучактайм. Көп жыл камап койгонум үчүн кечирим сурайм. Таарынгандарды, таарынткандарды кечиребиз, кечирим сурайбыз. Жакшы көрөм сени дейм. Тынчтык келе баштады. Мурункудай жулунбай, сүйүү тиленбей калдым. Ушул Назиранын көңүлүн алып, экөөбүз бири бирибизге мээрим төгүп, гармониябызды орнотуп алсак, бүтүн дүйнөгө сүйүү, мээрим чачабыз. #жөнэлеойлор