Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9808  
02.10.2019
Өстүрө турчу анан өлтүрө турчу сүйүү бар. Өстүрө турчу сүйүү канат берет. Бийик учурат. Ишеним берет. Анын берген эркиндигинде каалгыйсың, жыргайсың. Шартсыз сүйөт. Эсеп - кысабы жок , милдеттендирмеси жок сүйүү. Бир жакшылыгын миң айтып, мээңди жебейт. Жөн гана жүрөгүнөн чыккысы келген үчүн жакшылык кылат. Догун артпайт ал үчүн. Өстүрө турчу сүйүү жүрөктүн түбү менен таптаза чыгат. Арамы жок. Адалы көп сүйүү ал. Ал сүйүүгө балкыган адам арууланат, өсөт, гүлдөйт, жайнайт. Өлтүрө турчу сүйүү бар. Өзүмчүлдүк чоң ал жакта! Мен үчүн, мага, кылышың керек, баспа, турба! Мойнунан байланган ит сыңары. Ал жибиң бара бара сыйыртмакка айланат. Бууй баштайт. Соңунда демиңди кысып өлтүрөт. Сенин кызыкчылыгың, ыңгайың, эркиндигиң, гармонияң эске алынбайт. Баардыгы ага ыңгайлуу болуусу шарт. Жакшылыгын өмүр бою мойнуңа жүк кылат. Өмүр бою карыздарсың, күнөөлүүсүң. "Кыңк" деп эле баш көтөрүп көр! Өкүттө каласың! Сөөгүңө жеткире сүйлөп, чучугуңду чагып жейт. Сүйөм дейт. Сүйүп аткандай мамиле бирок күндөн күнгө куурап баратканыңды сезесиң. Жылдызың өчүп, ооруй баштайсың. Ал эч качан жаңылбайт. "Меники чын, меники туура " менен жашап, кемсинтет, кемитет, чүнчүтөт. Кач андай сүйүүдөн! Ал өлүмгө кетчү жол! Эркек - аялга гана тийиштүү эмес бул сүйүү. Бир тууган арасында, достукта, ата - бала, эне - бала ортосунда да боло турчу сүйүүлөр бул. Чыныгы сүйүүнүн эсеби, милдети, шарты жок. Жөн эле ааламда бар үчүн сүйөсүң! Анын бир эле жылмайуусу үчүн дүйнөнү оңкоросуң, жүрөгүңдөн чыкканын жасайсың! Эсепсиз - кысапсыз....#жөнэлеойлор
9685   400
05.01.2020
Мектепте окуп жүргөн кезим. Жаңы жылдык балаты дегенде эле жүрөкзаада башталат. Кыздардын баары үлпүлдөгөн укмуш көйнөк кийишет. Мен да кийгим келет. Ушундай кийгим келет. Өзүм кийбесем да куурчагым кийсин деп аларга көйнөктүн түрүн кийгизип, кагаздын бетине сулуу кыздын сүрөтүн түстүү көйнөк мн тартам. Көйнөк көзүмөн учкан менен көксөө бойдон калаарын билем. Обу жоктонуп "Көйнөк алып бер!" дей турчу абалда эмес элем анткени. Жалгыз мени сүйрөп жүргөн апамды аяйм. Абалдан чыгыш үчүн жез кемпирдин ролун алам. Аны менден өтүп ойногон киши жок. Тишимди капкара кылып карандаш мн боейм да эски - уску чапан - көйнөк менен балаты деген балээден кутулам. Кийин турмуш курдум. Көнгөн адат калган жок. "Көйнөк " кием деп көпкөн жокмун. Күнү - түнү маңдай терин агызып алган акчасын жөнү жок чүпүрөккө сапыргандан тартындым. Дитим барган жок. Азыр жалгыз башыма түрлөнүп, көгүчкөндөй кулпуруп, койкоңдоп, көйнөктүн түрүн кийгенди ким кой деп атат? Балалыгыңда аткарылбай калганды аткар. Каалаганыңды ал! Кий! Жок. Дагы эле көңүлүм тартпайт. Шоппинг кылып, мода кууп, түрлөнтүп дүкөндү түрө кыдырган адат ошол бойдон пайда болгон жок. Илгери эмдиги жылы да киесиң деп өлчөмүн чоң, анан кир көтөрүмдүү деп өңү кара, күрөңүнөн алып берчү эле го. Анын сыңарындай мен дагы ыңгайына, жылуулугуна качырам. Балалыгыңда орноп калганын оңдош кыйын болот экен. #жөнэлеойлор
9584   240
23.04.2020
"Бир каалооңду аткарам!" деген сыйкыр болсо ушул доорго кайрылып, жок дегенде бир күн жүрүп келмекмин. Ар биринин сырын чубап, интервью алмакмын. Эс тарткандан бери эңсегеним ушул. Бир укмуш "Легенда" доору өткөндөй сезим. Дөө - шаалардын баары ушул доорго кептелип калгандай туюлат. Сабира Күмүшалиевадай болгум келчү. Ал катышкан кинолорду оозум ачып, элирип көрөт элем. Кино жаатына , театрга болгон болуп көрбөгөндөй сүйүүм ойгонду алгач. Алардын сүрөтүн көргөндө, театрга киргенде кадимкидей демим токтоп калат. Ал тургай алар баскан жер да өзгөчө көрүнөт. Сугумду артып, алар жөнүндө баарын билгим келген кооз дүйнө бул. Сапаттуу, таланттуу адамдардын баары бир эле мезгилде жашап, дүңүнөн кетип калгандай туюлат. Азыркы доордун деле өз мыктылары бар, бирок аларды сезбей, туйбай келатабызбы деп коем. Урпактар бизди кандай муун деп атап, кандай баа берет болду экен?
9472  
06.10.2019
Көзүмдү карабай эле жер карайт байке. "Жер карап сүйлөгөндү жаман көрөм,- дедим. Жанындагы ага ,- Ал көзүн сактап атат. Көзүбүздү сактаганыбыздын себеби, көрүнгөнгө сук арта берсек, үйдөгү жубайыбызга эмнебиз калат? Жубайыңа ысык болуш үчүн энергияңды көрүнгөнгө коротпош керек,- деди. Мага кызыктуу угулду. Ал тургай жакты! Өзүнчө эле романтика! Анткени ага чейин интернет булактардан окуган маалымат эске "кылт" этти. Уят фильм көп көрүп, сырттагы эти көрүнгөн кыздарды көрө берген көздүн дүүлүгүшү кыйын болот экен дагы, сезими мокоп, эрте эле алдан күчтөн тайыйт экен. Аял канча кымтынып жүрсө, тескерисинче кызыктуураак көрүнөт тура. Жабылуу кутучаны кызыгып ачкысы келген сыңары. Бутунун томугуна ашык болуп калган чыгармаларда бар го. Африкада жылаңач жүргөн урууларда көзү жылаңач денеге ушунча көнүп калып, желкесиндеги чачы адамды дүүлүктүрөт экен. "Уят", "харам", "күнах", "болбойт", "уят болот" дебей эле илимий тилде түшүндүрүлмөсү элге жетсе, жакшынакай эле жүрүшмөк. Анкени канчалык басым жасалган сайын ошончолук тетири тебилет. Пружинаны баса берчи...физикада бар да бул мыйзам. Баса, төшөктө партнеру көп болсо, ал эркектердин гени кала берет экен аялда. Кийин сүйгөнүңөргө оппокшош, сүйгөнүңөрдөй кыйын тукум төрөп берээрде мурунку өнөктөштөрүңөрдүн жиндидей гени, мүнөзү чыгып калса, таң калбагыла. Ошон үчүн энесинен бөлөк өбө элек кыз керек деп тазалыкты баалашчу тура илгери. Бул таза тукум үчүн керек экен. Ошол. Ошону эле айтып коеюн дегем. Жылаңачтангым келбей калды негедир...))) Илимий түшүндүрмөсүн жайылтса эле элдин баары туура жүрмөк. Анан тамталаңдап каяктагыны айтпай! #жөнэлеойлор
9470   149
04.05.2020
Бирөөнү катуу сүйөбүз. Бирөөдөн катуу коркобуз. Бирөөгө болушунча мээрим төгөбүз. Алар биздин жакындарыбыз көбүнесе. Ата - эне, бир тууган, бала, жарыбыз ж.б. Баардык көңүл, концентрация аларда. Ойлонуп көрсөм, жакындарыбызды сүйгөндөй Жаратканды сүйбөй, жакындардан корккондой Жараткандан коркпойт экенбиз. Көңүлүбүз дайым аларда болгон үчүн өзүбүз анан Жараткан бош калат экен. Боштук кайдан чыкты дейбиз анан.. Төрөлгөндө жаңы дүйнөнү изилдеп атып, жан көнүп калат окшобойбу. Көз дагы, көңүл дагы дайым сыртта. Бакыт жанымдагы адамдарда эмес экенин сезиш үчүн 34 жылым кетиптир. Жан дүйнөнү тынчтыгы, жыргалчылыгы алардан көз каранды эмес экенин кечигип сездим. Жаттама, жаны жок айтылган сөздөрдүн артында маансин аңдай турган болсоң, чоң ачкыч жатат. Ачкыч тынчтыгыңдын, бактыңдын, жыргалчылыгыңдын ачкычы. Жан жүйнөнү тынчтандыр. Тун. Анан көп нерсе көзгө көрүнүп, кулак иштей баштайт. Чалды куйду, кымгуут дүйнөдө чындыкты, акыйкаттыкты көрүш кыйын бп калат экен. Көкүрөктү тынчытып, жерге жакын түшүрүп туруп гана учканды үйрөнүүгө мүмкүн экен. Бүгүн түшүндүм. #жөнэлеойлор
Загрузка...
9440   295
24.11.2019
Раим айсбергдин чокусу эле. Бир эле үлгү, бир эле көрүнүш, бир эле мисал. Алдында кандай гана чырмалышкан коррупция жатат. Баскан изибиз коррупция. Кеп Азаттыктын маалыматына эле дүрбөп жатабыз дегендик эмес. Ал маалымат болсо да, болбосо да ичибизде дүрбөлөң жүрүп жатат. Баарыбыз эле бул маалыматты мурунтан билгенбиз, туйганбыз. Ызырынганыбыздын себеби, жөн эле бийликтин кайдыгерлиги, көңүл коштугу, унчукпастыгы, иштин үстүн өрт - бас кылууга аракет жасоосу, калкалоосу. Жеке эле Раимди эмес. Жалпы коррупционерлерди. Эртең эле жаңы шайлоо болот. Аз калды. Маанилүүсү ошол шайлоодо күнү мага тийет деп эле трайбалисттик көз карашты курчутуп, өзүң жакты сүйрөй берүү эмес же акчасы көп экен деп ыргыткан жугундусуна эртеңкиңди сатуу да эмес, чыныгы күйгөн, билимдүү, илимдүүлөрдү сүйрөө, аларга көмөк болуу! Буга чейин бир да шайлоодо иштеген эмесмин. Бул сапар иштегим келип турат. Мейли алып баруучу, журналист, мейли актриса, блогер, мейли аны жарнамалоого катышып, айтор татыктуусун сүйрөгүм келип жатат. Акчасы жок бирок күчтүү бирөө болсо, бекер иштегенге да даяр бололу! Жапа тырмак киришип, ынтымагыбызды күчөтсөк эле колубуздан келет. Күчтүү бирок шайлоого катышканга акчасы жок балдар - кыздар толтура! Шайлоого сөзсүз эле бизнесмендер, соодагерлер, криминалдар катышышы керек эмес! Шайлоого мугалимдер, юристтер, карапайым калктар да катышышы керек! Өлкөмдү көтөргөндөр келсин ! Эзели маршруткага түшүп көрбөгөндү, эзели айылды аралабаганды шайлап алып, карапайым калкты көтөр дейбиз! Ач бала мн ток бала ойнобоорун билбейбизби? Элиме жана эртеңкиме болгон салымым балким ушу болоор! Колуман келгени ушул экен. Сахналаш кесиптештерим да колдойт деп ишенем. Анткени алардын арасында эртеңки күнүбүзгө кайдыгер карабаганы, сатылбагандары бар!
9422   432
23.01.2020
Бүгүн апамдын туулган күнү! Менин жалгыз эле апам бар. Апамдын жалгыз эле кызы мен. Биз бири биризге тирек, жөлөк, караан болдук. Апамдын жалгыз башына арабаны сүйрөп жүргөнүн көрүп өстүм. Ар кандай күндөрүбүз болду. Өйдөсү болду, ылдыйы болду. Тиштенип, тырбалаңдап, аракет кылып, бүгүнкү күнгө жеттик. Апам мага адалдыкты, эмгекти үйрөттү. Бала бактылуу болуш үчүн энеси бактылуу болуш керек экен. Болбосо, миң бактылуу болгон күнү да оюңдун баары апаңда болот. Ал кайгырса, сен кубана албайсың. Ошон үчүн баламды бактылуу кылыш үчүн мен бактылуу болууга тийишмин. Кудайдан жатып туруп, ата тилегениме көп болду! Ушул апам сүйүүгө мас болуп, бакытка тунуп турганын көрсөм, арманым жок өтөөр элем. Бала сындуу дүйнөсү аруу, комузда кол ойноткон, чачы жер чийип турган сулуу апам бакыттын туу чокусуна татыктуу! Мен миң жакшылык кылып, көзүнүн агы менен айланып турсам деле өзүнүн жеке бактысына тунуп турганга жетпейт өңдүү. Биз уядан учтук. Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел! Туулган күнүңүз менен, апа! Мен ар бир бийиктигим, ийгилигим сиз үчүн! ____________________________________________ @bishkek_flowers гүлдөрдүн ханышасы силерде! Апама жарашкан букет үчүн алкыш! Апам гүл жакшы көрөт. @thefaceshopkg апамды жашартканга салымыңыз үчүн рахмат. Сонун кремдерди алдым. @talisman.kg бүгүн апамдын туулган күнүн өткөрүп берүүдө. Тамактын даамдуусу, сонун маанай баары бар! Алкыш силерге, достор! Эненин көңүлү баалуу!
9259   541
27.03.2020
Арстан Алай, Чыпалак, Гүлзат, Даниель, ЖК депутаттары, спикери, ырчы - чоорчулар, Мен,Сиз ж.б.- баарыбыз бир организмбиз. Бөлүп кароого мүмкүн болбогон бир организм! Өзүбүздү кемчилигибиз мн кабыл алганды билели. Кыжырданып атсак эгер бүгүн, демек, өзүбүздү кабыл ала элекпиз дегендик. Өзүбүзгө болгон баанын төмөндүгү. Бирөөнү басынтуу аркылуу өзүбүздү көтөргүбүз келип атат дегендик. Аты эң көп аталган, төпөш жегендерди жаздым. Алардын кандай сонун сапаттары бар. Көргүбүз келбейт негедир. Кабыл алгыбыз да келбейт. Коомдон сырткары башка планетадан келип калгандай көрөбүз. Эй, биз - бирбиз! Булар - биз! Биз деген булар! Өзүбүздү өзүбүз жаакка чаап атабыз! Өзүбүздү ашатып "Келесоо" деп сөгүп атабыз. Өзүбүзгө келген акаарат бул! Өзүңдү өзүң төпөштөсөң эле өйдө чыгып кетмек белең?? Ошол аты аталгандын баары ичибизде, жан дүйнөбүздө жашайт. Жан дүйнөбүздөгүнү кабыл албаганыбыз үчүн кыжырданабыз, сөгөбүз, өлтүрүп койгубуз келет! Мен качан өзүмдү сүйүп баштаганда бирөөгө да жаман сөз арнагым келбей калат! Бирөөнү жек көргүм келбей калат! Бирөөнү басынткым келбей калат. "Какашка" көрсөм дагы анын туура, жакшы жагын издеп калам. Төпөштөп башканы, өзүңдү акылдуу көрсөтүп атсаң, сенде да мандем бар дегендик! Ошо. Ошону эле айтып коеюн дегем! #жөнэлеойлор Өзүбүздү аяй көрсөтө бербейли деген сүрөт!