Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
831     5840
22.11.2019
Өзүңө өзүң ЗАРЯД бер! (психологиялык кеңешим кыйналгандардын эсине) Эгерде көп сыгылсаңыз: 1 Жолдошуңуз менен ынтымакты күчөтүү керек... 2 Ибадатты күчөтүү керек. 5 убак намазга бекем болуңуз... 3 Эне өзүн өзү бактылуу кылмайынча балдары бактылуу боло албайт... 4 Психолог бар болсо жолугунуз, жок болсо айылдагы жакшы адамдар менен көп-көп баарлашыныз, беш даана психологдон жакшыраак... 5 Күчтүү имам дамла менен байланышып 7 жолу дем салдырыныз, үйгө да куран окутуп дем салдырыныз, кой союп курмандык чалуу да жакшы болот, жетим-жесирлерге этинен таратып бересиз... 6 Жүрөгүңүздү көтөртүрүп алыңыз... Үйдө көбүрөөк куран окуңуз... Китеп окуп оюңузду таза кармаңыз... 7 Фалк, нас сүрөлөрүн 100 жолудан окуңуз... 8 Керек болсо эски кийимдериңиздин баарын өрттөп салыңыз... 9 Жакшылык иштерди көбөйтүңүз... Жолдошуңуздун туугандары менен мурдагыдан да жакшы болууну сунуштайм. Айрыкча ата-энени үйгө алып чогуу отурунуз, апа деп койнуна кирип алганга аракет кылыңыз... 10 Дүйнө-байлык менен ишиңиз болбосун. Ден-соолук кымбат экенин унутпаңыз... 11 ҮЙ иштерин аткарып жатып рахат алганга аракет кылыңыз. УФФ эми идиш, эми кир, эми тамак- деп жаман көрбөй сүйүп аткарыныз... 12 Үй-бүлө менен бир жерде камалып отура бербей сейилдеп туруңуздар 13 Ушул дуаны да 5 убак намаздан соң 100 жолудан кайталаныз. Сизди жаман ойдон арылтат: Алохумма иинни аузубика минал хамни вал хазан Ва аузубика минал ажзи вал касал Ва аузубика миналжубни вал бухл Ва аузубика минголабатиддайни ва кохриррижаал.... Аллах сизден ыраазы болсун, көп жашаныз, бир тууганым. Баары жакшы болот буюрса.... 22.11.2019 Идрис акын. Жума майрамыңыздар менен, достор.
803  
20.11.2019
НАН менен СЕП 90-жылдары буудай талаасынан чала күйгөн буудайдын башын болсо да ун кылып жедик. Жүгөрүнүн унун тартып загара нан жедик. Ага чейин талаада чачылып жаткан буудайды эч ким карабаган заман эле. Чакалап койго да, малга да, тоокко да чачылып жаткан буудайды бир заматта таппай калдык. Эскиден дасторкон бетине көп нан койот элек. Анткени адамдар узак жолдон ат менен келет эле. Кайра жол тартып үйгө жеткенге чейин нандан алып жеп кетсин деп, таңкыс болгон нанды коногуна карматканы бабалардын айкөлдүгү эле. Нан түгөнүп кайра жапканга чейин коңшудан бир нан алып турчубуз. Апам нан жапса, жанагы алган нанды кайра кайтарып жатып бир токоч кошо алып кирип, рахмат айтып чыгат элек... Бүгүн коңшу коңшудан нан сурабайт. Дасторконунда катып баратса да кошунага, бей-бечарага таратып коюунун ордуна короодогу мал-коюна берип жаткан адамдар да жок эмес. Тойдогу дасторкондогу нандардын көп болушу мурдагы замандагы адамдардын муктаждыгынан улам болгон. Бүгүн бир адам бир отурганда бир сындырым нан жейт. Он адам отурган столго көп болсо төрт нан жетет. Бүгүнкүдөй адам башына бирден нан коюу туура эмес..... СЕП ТӨШӨК Мурдалары көп тигилгенинин себеби, ал кезде коноктун баары үйгө келип, үйдө жатып кетишет эле. Бүгүн меймандар ресторандан кайтып, кайра унаасы менен үйүнө кетип жатышат жана көп төшөк сепке берүүнүн муктаждыгы жок. Иштетилбеген буюмду берип квартирага же талаага кууп салбай, ошонун баарына балдарга үй салып бергенибиз дурус болот... СЕПТҮҮ КЕЛИН КАРАБАЙ, ЭПТҮҮ КЕЛИН-ЭСТҮҮ КЕЛИН КАРАГАНЫБЫЗ ДУРУС БОЛОТ 20.11.2019 ИДРИС АКЫН
803   8
30.09.2019
Балдар биздин бактыбыз... Эрте менен кызымды жетелеп, жалпы классына сабак башталганга чейин жомок окуп келдим. Бүгүн балдар менен АДЕП темасында маектештик. Келээркиде буюрса дагы да сонун жомок окуп кайтам деп убадалаштык... Жумуштан бошоп кыздарым уктаганга чейин эрте келип калсам 3 кызымдын бирден жомок китептери бар, өздөрү жаккан жомогун тандап келишет. Ошолорду образга кирип окуп берем анан укташат. Кичинекей кезинде жомоктун кайгылуу жерлерин кайгырып, актёрлук чебердик менен окусам кыздарым ыйлап угушат эле😊 Биздин үйдө апасы экөөбүз эле телефон зарылчылыктан иштетебиз, антпегенде балдарыбызга бир да телефон берилбейт. Мектептен келип бошосо да телефон берилбейт, тескерисинче кыймыл аракет менен же кайра эле китеп менен болушат. Элдин уулу Тургунбай Алдакулов устатым да унутулгус АКЫЛДУУ АБЫШКА деген жомок окуп берди. Балдардан ашып бакытка бөлөнүп жыргап угуп отурдум. Бар болуңуз агай! Урматтуу ата-энелер мектептен келип телефон менен кыймылсыз отурган балдар физиологиялык жана психологиялык жактан оорукчан болуп калат, абайлаңыздар!
786   15
13.03.2020
ҮМҮТ... Кече бир жерде семинар бердим. Жаштардын берген суроолорунун көбү өлүм тууралуу болуп калыптыр. Ата-энелердин балдарынан алыс жүргөндүгү, тарбия менен машыкпай бардыгын материалдык кызыкчылык менен чечүүгө аракет кылгандыгы кайсы бир деңгээлде ушунун баарына себеп болууда... Бала кезимде бир баланын асынып өлгөнүн угуп апама айтсам, апам өтө катуу ыйлап, өз баласы өлгөндөй кайгырып кирди. Эмнеге ыйлап жатасыз десем... Ошончо жыл жебей жедирип, ичпей ичирген апасын ойлобойбу. Бир өлүмдөн калып төрөсө, бир болбогон нерсенин айынан өзүнө зыян кылса туурабы анан. Ар бир абалыңда ата-эненин канчалык кыйынчылык менен чонойткону эсиңден чыкпасын деп бакырып салды. Аябай таасирлендим. Бүт нерседен үмүтүн үзүп жипке асынган адамдын да акыркы үмүтү: "УШУЛ ЖИП ҮЗҮЛҮП КЕТСЕ ЭКЕН, ЭКИНЧИ МЫНДАЙ КЫЛБАЙТ ЭЛЕМ" - деген үмүт болот. Демек үмүт эч качан үзүлбөйт. Ошол кезден бери кыйналганымда апамдын ошондогу ыйлап айткан сөзүн эстей берем. Балдарга апалардын жана аталардын мээримин сездирген семинарларды, жолугушууларды уюштуруп туруу керек. Мектепте мени "агай сизди" АТА" десем болобу" - деп кучактап ыйлаган окуучуларым болгон... 13.03.20 Идрис акын
773   18
31.10.2019
ОЙЛОНУП ОКУГУЛА! ТАМШАНЫП ТИКТЕГИЛЕ! Ош шаарындагы "УММУ МУХАММАД" медресесинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн чакан иш чарага катышып келдим. Балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп жаткан устаттарга урматым ашып кайттым. Келчектин аалымдарына батаа берип фото баянга көз салыңыздар, достор.... ------------------------ Атасы: -мен сизге баламды шакирттикке алып келдим Киши: -кечиресиз менин өнөрүм жок. Идриске окшоп акын да эмесмин Атасы: -өнөрүңүз болбосо да мейли. Мен сизди көптөн бери күзөтүп жүрөм. Менин балам сиздин жаныңызда жүрүп, АДАМДАРГА ЖЫЛМАЙЫП КАРАШТЫ ҮЙРӨНСӨ болду... ---------------------------------- Урматтуу ата-энелер, балдарыңарды телефон же техникага байлап бербей, жакшы адамдарга байлап бергиле ---------------------------------- 1 апта үйдө отурбай айылга барып туугандарга эгин жыйнап талаада иштеп келсин, эмгекке тарбиялансын ----------------------------------- 31.10.2019 Идрис акын
Загрузка...
741  
03.10.2019
УЛУУЛАРГА УЧКАЙ КЕП Коомдук транспортто кызымды бала бакчасына жеткирүү үчүн койнума алып биринчи катарда отуруп бараткам. Бир учурда мектепти дээрлик аяктап бараткан баласы менен бир апа чыгып калды. Айланамды карасам эч ким орун бошотуп турган жок. Бир аздан түшө турган жерге жакындап калдык деп апага орундук бошоттум. Кабагы салыныңкы апа мен бошоткон орундукка отурду, жылмайып кубанган жок же мага рахмат айтканга жараган жок. Мейли деп баратсам бир аздан жанындагы адам тушуп калды. Бошогон орундукка баласы отуруп алды. "Тур балам, акең мага орундугун бошотту эле, акең отурсун" - деп мени чакыра алган жок... Ошондон улам улууларга кайрылгым келип жатат. Сизге орундук бошоткон, жүгүңүздү көтөрүшкөн, колуңузга суу куйган, жардам берген жалпы жаштарга бир ооз жакшы сөзүбүздү аянбасак. Бир бала орундук бошотсо башка балдар уга турган кылып "рахмат балам, өмүрүңдөн береке тап. Тарбия берген ата-энеңе рахмат. Сенин да ата-энеңе башкалар ушундай урмат сый көрсөтсүн" - деп койсоңуз, ошол жердеги орундук бошоткусу келбей уктамыш болуп көзүн жумуп алган кулактар укмак жана мен дагы ушинтип орундук бошотуп дуа алам деп ойлонуп калышмак. Биз улуулар жаштардын кылган жакшылыгын мактай албасак, рахмат айта албасак анан кайсы жаштар бизге жакшылык кылсын.... Өзгөлөргө акыл айтаардан мурун, өзүбүз өрнөктүү бололу, урматтуу улуулар!!! 03.10.2019 ИДРИС АКЫН
735   8
07.11.2019
ТЕМИР ТАПКА КЕЛГИЧЕ КӨМҮР БҮТӨТ АДАМ АКЫЛГА КЕЛГИЧЕ ӨМҮР БҮТӨТ. НЕГИЗИ 1.Менин макалаларым мага да жакпайт.. 2.Башымда балакет жок туруп башкаларга акыл айтканым үчүн өзүмдү-өзүм жек көрөм.. 3.Жазган макалаларым үчүн жеке баракчама байланышып кээлери "рахмат" - деп айтса, кээлери "акмак" - деп айтышат... 4.Рахмат-дегендер ыраазы богула, акмак-дегендер кечирип койгула... 5.Силер мени жек көргөндөй мен да өзүмдү өзүм жек көрөм... Сабагымды койбой, башкаларга окшоп жеген тамагымды койсом балким мындай болбойт эле... 6." Акын - элдин уулу" - деп койсо чокчоңдоп, элдин көйгөйүн менин көйгөйүм-деп жаза берип, элдин кыжырына тийип алдым кошойт... 7. Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салаба - дегендей, бизге өчөшүп бир - экөөң башыңды оорутпа... ЖҮРӨК ЖҮКТҮҮ САНДЫК: ЭП КӨРГӨНҮН ДА, ЖЕК КӨРГӨНҮН ДА БАТЫРА БЕРЕТ ЭКЕН. ЖҮРӨГҮҢӨР ООРУБАСЫН. КОШ БОЛГУЛА. БАКЫТКА БАЛКЫП, БИР-БИРИҢ ТАРТЫП ЖАШАЙ БЕРЕЛИ...