Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1085   15
16.03.2020
СОЦТАРМАКТАГЫ САСЫТКЫЛАРДЫН ЭСИНЕ... Сахнада мыкты адам болгон менен, жашоодо мыкты адам болбогон кишилер толтурабыз... Эл алдында башка, өз алдынча башка болгон эки жүздүү эмес, балким бир канча жүздүү адамдар көбөйүп кеттик... Соцтармактан сүйкүмдүү көрүнүп, сезимиңди козготкон менен, жанына жакын барсаң сасып жүргөндөрү толтура... Өзгөнү коюп, өзүңдү оңдоонун учуру келди... Өзүңө каалабаган жамандыкты, башкага да каалабасаң, мына ушул сенин мыкты момундук сыпатың. Андай болсо: --ааламда болуп жаткан аапат КОРОНАВИРУС биздин чиновниктерди кырып кетсе экен - деп, каргаба. ЫЙМАНЫҢДЫ бекемдеп, тооба кылып отур. Коронавирус менен тамашалашканды, башкалар кырылып жаткан ооруу менен тамашалуу ролик тартканды кайсы ыйманың жол берет... Тазалык... Кийимдин жана дененин тазалыгы болуп, бирок ыймандын тазалыгы менен толукталбаса, болуп жаткан аапат КОРОНАВИРУСтан эч кандай сабак албайт экенбиз... Коомго пайдаңар тийсин, кагылайындар! Өзүңдүн ыйманыңды бекемдеп, өтмүштөгү кемчилик - күнөөлөрүңө тообо кылып кал. Бош убактың көп болсо, китеп оку, баарын окуп бүтсөң китеп жаз, болбосо ибадатыңды бекемдеп, куран жатта... 16.03.20 Идрис акын
1079   16
27.06.2020
БИР ЖАШ ЖИГИТ Пайгамбарыбыз Саллаллахи Алайхи Васалламга бир жаш жигит келип: - Башкалар менен ойноштук кылууга уруксат бересиңби? - деп сурайт. Ал жерде тургандар: "Бул эмне деген адепсиздик?" - деп чурулдап жиберишет. Пайгамбар : -жигитти койо бергиле, жаныма келсин,-деп буюрат. Жанына келгенде Алланын Элчиси сөзүн ушинтип улантат: -сенин апаң башкалар менен ойноштук кылуусун каалайсыңбы? -жок, каалабайм. -сенин кызыңдын ойношун каалайсыңбы? -жок, каалабайм. -карындашың үчүн макулсуңбу? -жок, макул эмесмин. -мына, ошол сендей эле кишилер башка кишилердин энелери, эжелери, карындаштары, кыздары менен ойноштук кылышын жактырышпайт-деп эскертти... Мынакей, үгүт-насаат иштердеги үлгүлүү ыкма. Жакшылыкты буюруп, жамандыкка тыюу салган киши сабырдуу болууга тийиш. Айткан үгүт иштер таасирдүү болуусу үчүн алгач өзүбүз үлгүлүү иштерди аткаралы. Өзүбүзгө сөзүбүз дал келсин... #аялыңа_кыянат_кылба! (көчөдөгү 20 даана денесин саткан кыздарга 70 даана сойку жигиттер барып жатат! Кимиси көбүрөөк көңүл буруп ойлонбойбуз) #эркектер_эсибизге_келели! Идрис Айитбаев
Загрузка...
1071   17
23.03.2020
ЖАКШЫ... Жакшы адам жер эсебинен, жаман адам эл эсебинен жансактайт... Жакшы-арына кул, жаман-малына кул... Жакшы болсо катының келип турат жакының... Жакшы болсо катының - табыла берет акылың, кууса да кетпейт жакының... Жакшы зайып таранчыны таеке, бөдөнөнү бөлө кылат... Жакшы келин - келин, жаман келин - өлүм... Жакшы кыз эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт... Жакшыны уккуң келсе, жаманды айтпа... Жакшы чыкса келиниң - уулкңду кайра төрөйсүң, жаман чыкса келиниң - өз уулуңа өгөйсүң... ____________________________________________ Жакшы көрөт деп бара бербе, берет деп ала бербе... Апасы коңшунун үйүнөн чуркап келген беш жашар уулун бооруна катып: "уулум, коңшунун үйүнө кире бербе. Алардын да балдары көп, өздөрүнүн ызы-чуусу өздөрүнө жетет. Сен кирсең апасы жаман көрөт, кире бербе" - десе, баласы апасына карап: -жоок апа , андай эмес . мен кирсем апасы дайым мага карап " КЕЛ-КЕЛ ТӨРГӨ ӨТ, ӨЗҮ СЕН ЭЛЕ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ ЭЛЕҢ" - дейт имиш 😊🤣😊🤣😎😎 23.03.20 Идрис акын
1039  
22.11.2019
БАЙКУШ БАЛАГА БАКЫРБАГЫЛА! (Ата-энелердин эсине) Корккондо мээ иштебей калат. Коркутуп туруп тарбия берилбейт.... Баарыбыз ката кылабыз унутпагыла. БАЛАГА ката кылганды үйрөтүү керек. Биздин эң чоң катабыз балдарга ката кылганды үйрөтпөйбүз... Бала апасына жардам берип жатып идиш сындырып же гилемине варенье төгүп алса бакырып уруша баштайбыз..... КАТАНЫ ОҢ ТАРАПКА БУРУУНУ БИЛИШ КЕРЕК.... Төккөн вареньенин үстүнөн кичинекей балаңыз тебелеп өтүп кетсе, балага бакырып эмне кылаарыңызды элестетип отурам... Ошол кезде балаңызга жанашып жакшы мамиле кыла аласыңбы.... "ЭЧТЕКЕ БОЛБОЙТ" - дебе, БУЛ ДА КАТА... Бала менен жайбаракат сүйлөшүп эмне үчүн мындай болгонун сурасаң:"колум май болуп тайып кетти" - дейт. Ошондо жанына отуруп. Сынган идишти чогулканча:"демек мындай иш кайталанбашы үчүн эмне кылыш керек экен" - деп сурасаңыз, баланын өзү сизге: "КОЛУҢДУ МАЙ КЫЛЫП ИДИШ КАРМАСАҢ КАРМАЛБАЙТ ЭКЕН. КОЛДУ ТАЗАЛАП АНАН КАРМАШ КЕРЕК ЭКЕН. ЭМИ БИЛИП АЛДЫМ, КАЙТАЛАНБАЙТ БАШКА" - деп жооп берет 22.11.2019 ИДРИС АКЫН
1000   16
30.11.2019
БИР ООЗ СӨЗДҮН КЕСЕПЕТИ. Бир келин төрөтканадан чыгат.Аны көргөнү келген досу сөз ортосунда күйөөсү ага эмне белек кылгандыгын сурап калат. Келин: - Эчтеке белек кылган жок . Досу: - Ой-ий,кандайча...Ушулбу сенин кадыр - баркың? - деп,келиндин жашоосуна бомбаны таштайт да кетет. Ошондон тарта жумуштан чарчап келген күйөө менен жубайынын ортосунда жаңжал көбөйөт. Болбогон нерседен экөө урушуп-чырдаша турган болот. Ар бир сөзүндө өзүнүн кадырын,баасын ортого сала берген келинди акыры күйөөсү кетирип тынат. Көйгөй эмнеден башталды эле өзү, байкадыңызбы? Келиндин досунун бир ооз сөзүнөн... ___________________________________________ Жаагыңды жап жаман сөздөр чыкпасын Жыргап жаткан жашоолорду жыкпасын Жарты сөзүң жакпай калып уу сымал Жакшылардын жүрөктөрүн сыкпасын... Сүйлөшүү күмүш болсо Унчукпоо алтын болот Акылдуу кеп кура алсаң Ар дайым баркың болот 30.11.2019 Идрис акын