Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1413   19
21.03.2020
АДАМ... Куш сымал учканды, балык сымал сүзгөндү үйрөнүптүрбүз. Бирок бир тууганча жашаганды унутуптурбуз... Мурдагылар душманына кылган жакшылыкты, азыркылар тууганына кыла албай жатышат. Мурдагылар күмөндөн качканчалык, азыркылар арамдан кача албай жатышат. Мурдагылар нафил намазга көңүл бурганчалык, азыркылар парз намазга көңүл бура албай жатышат... Адамга эң туура таратылган нерсе акыл болсо керек. Себеби эч ким өз акылына нааразы эмес... Кээ бир адамдардын кийген кийими өздөрүнөн кымбат... АКЧАСЫН жоготкон адам аз нерсесин жоготот, ДОСУН жоготкон адам көп нерсесин жоготот, ЫЙМАНЫН жоготкон адам бардык нерсесин жоготот... Акыл жашта эмес, башта. Бирок акыл башка жаш өткөн сайын топтолот... Акыл-эси ордунда адамдын динсиз жашашы мүмкүн эмес... Лев Толстой Ар бир адам айга окшош, эч кимге көргөзбөгөн дагы бир жагы бар... Марк Твен Ар бир адам өзү билген нерсе жөнүндө гана сөз сүйлөсө, дүйнөнү жымжырттык басат эле... Адамдар айта турган сөздөрүн алгач жазып анан сүйлөөгө мажбур болушканда, анда айта турган сөздөрүнүн көбүнөн баш тартышмак...Идрис акын Ар ким корккон нерселеринен качат, бирок Кудайдан корккон ага жакындайт... Убакытты текке коротуу дегени, өмүрдү текке коротуу дегени! Убакытты ысырап кылуу дегени, өмүрдү ысырап кылуу дегени. Карантиндин учурун, илим алуу менен пайдалана билиңиз... Илим жана ибадатка көңүл буруңуз. Майрамыңыздар менен достор. 21.03.20 Идрис акын
1360   5
28.11.2019
АЛТЫНДАН АСЫЛ ОЙЛОР (Ата-энелердин эсине) 1 Өз балаңа берип жаткан ТАРБИЯҢДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ чоңойгондо эмес, ҮЙҮҢӨ МЕЙМАН КЕЛГЕНДЕ же МЕЙМАНГА БАРГАНДА эле БИЛИНЕТ. Эгерде тарбияда кемчилик байкасаңыз, анда сиздин кемчилигиңиз. БАШКА ИШИҢИЗДИ ТОКТОТО ТУРУП ТАРБИЯ МЕНЕН МАШЫГЫҢЫЗ. 2 Жашоодо ийгилик жаратууну каалаган балдарга кеңешим, биринчи орунда: -турар замат өзү жаткан төшөгүн жыйнашты үйрөнсүн! 3 Мектептен келген баланы үйдөгү жумуштарды айттырбай аткарууга үйрөтүңүз. Тапшырманы үйдөгү иштер бүтсө гана аткарсын. Болбосо мектептен тапшырмасын бүтүрүп келсин. Антпесек мектептен келген бала эч кандай жумуш аткарбай жеп-чычар, жалкоо, аңкоо болуп баратат... 4 Мектепке эрте менен өздөрү туруп баратышат. Азыр мурдагыдай балдарын ойготуп, чайын берип, курсагын тойгозуп сабакка жиберген апалар азайып кетти. Апалар өздөрүнүн балдарына НЯНКАГА айланып баратышат... Курсагы ачса бир нерсе алып жейт- деп отуруп, берген акчаңызды санап, балдарыбыздын сабак менен иши жок. Ачкарын баланын башына эч нерсе кирбейт. Сабакка кирүүгө коңгуроо бир мүнөттөн соң чалынаарын билип туруп тамак алышат. Биздегидей сумкасына нан салып келген балдар азыр жок. Мен болсо университетте да сумкама нан салып сабакка барган элем... 5 300 сомдук китеп алып бер - десем, акча жок- деп сүйлөгөн ата-эненин баласынын колундагы телефонунун баасы 13000 сом... Мектеп формасы деген шым 200-500 сом арасы, ата-эне алып берген джынса шым 1500-2000 сом. АНАН ЭЛЕ МЕКТЕП ФОРМАСЫНА АКЧАСЫ ЖОК ИМИШ 6 ПЕРЕХОДНЫЙ ВОЗРАСТ БАЛАГАТ ЖАШЫ Балагат жашындагы баланын катасы, балагат жашына чейинки тарбиянын кемчилигинен улам болот. Балагат жашы келген бала физиологиялык жана гармониялык жактан гана жетилет. Бул учурда тарбиясыз, өзүм билем, кайсар, эрке болуп кетет деп ким айтты, сиздерге?! 28.11.2019 ИДРИС АКЫН
Загрузка...
1146   10
20.03.2020
МАМЛЕКЕТ... МАМЛЕКЕТКЕ ЖАРДАМ БЕРЕМ ДЕСЕҢИЗ... - Мамлекет жардылыктан эмес, АДЕПСИЗДИКТЕН жоголот! -Мамлекет дегениң тек гана адам сымал болсо атаганат... Мисалы, бир адам манжасынан жаракат алса, ал адамдын жан дүйнөсү жана тулку бою ал адамды башкарган башы менен чогуу жаранын азабын тартып, жалгыздын дарты, жалпынын дарты болбойт беле. (Платон) -ушул тапта МАМЛЕКЕТ МАГА ЭМНЕ КЫЛДЫ - ЭМЕС, МЕН МАМЛЕКЕТКЕ ЭМНЕ КЫЛДЫМ ЖАНА ЭМНЕ КЫЛА АЛАМЫН-деген суроо актуалдуу. МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН ЭҢ ЧОҢ ЖАРДАМ, -СЫРТКА БАСПОО, -МАСКА ТАГЫНУУ, -КОЛ АЛЫП КӨРҮШПӨӨ, -ӨЗДҮК ГИГИЕНАНЫ КАРОО, -БАЛДАРДЫ СЫРТКА ЧЫГАРБОО, -СОЦТАРМАКТАН ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТПОО, -ЫНТЫМАККА КӨҢҮЛ БУРУУ, -БИЙЛИККЕ КАРШЫ ЧЫКПОО, -ДИН АРАЛЫК КАСТЫКТЫ ЖАРАТПОО, -ӨКМӨТТҮН ИШИНЕ ТОСКООЛДУК ЖАРАТПОО, -ЭҢ НЕГИЗГИСИ ИБАДАТТЫ БЕКЕМДЕП, БАТАА-ДУАНЫ КҮЧӨТҮҮ... ЖОГОРУДАГЫЛАРДЫ АТКАРУУ ҮЧҮН ЭЧ КАНДАЙ КАРАЖАТ ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ!!! (КОРОНОВИРУСТАН КОРККОНЧОЛУК КУДАЙДАН ДА КОРККОНУБУЗДА АТТИҢ... АЙЫЛДА АЛЛА ДЕП АРАҢ ТУРСАК, АЛЛА МЕНЕН ИШИ ЖОК АРАК ИЧИП КӨЧӨДӨ ТОПОЛОҢ КЫЛЫП ЖҮРГӨНДӨРГӨ ТАҢ КАЛАСЫН) 20.03.20 ИДРИС АКЫН