Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4237   49
28.04.2020
30 күндө 30 сабак 5-күн ЭКИ ДОС: 1-китепкана 2-спортзал ЭКИ ДОКДУР: 1-шайыр жүрүү 2-спорт менен машыгуу ЭКИ СЫР: 1-эрте туруу-ден-соолуктун сыры, 2-түнкү тынчтыкта ой толгоо-ийгиликтин сыры. ОРОЗОГО АШЫК БОЛГОНДОР Нусайба энебиз орозолуу кеткен дүйнөдөн. Өлүм төшөгүнө жатканда да "орозоңузду ачыңыз" - дегендерге "Ифтарды Жаннаттан кылам" - деген.... Азырети АЛИ Али дарат алып жатканда титиреп калчу. Эмне болду- десе "Бираздан Аллах менен жолугушууга жайнамазга турам. Ошону ойлоп калтырап жатам" - деген АШКАЗАН АШКАЗАН ООРУУНУН ҮЙҮ. хадис. Анын алдын алуу үчүн напсини тыюу керек.... Напсини жеңүү үчүн Алланын буйругун такай аткаруу керек.... Бардык жумушту таштап коюп" Аллах улуу"- деп намаз окуп жатабыз, бул такыбалыктын башаты.... Такыба болуу үчүн орозо кармоо абдан маанилүү.... Бир жамандыктан кутулуп кетүү үчүн да отуз күн керек экен.... Ошондо адамда моралдык өзгөрүү болот... ЖАРЫКТЫК-КАРАҢГЫЛЫК Жакшылыктын жасалышына жарык керек, жамандыктын кенен кылынышы үчүн караңгылык керек. Периштелер да жарыкка барышат... Шайтандар карангылыкка барышат... КӨЗДҮН көрүүсү үчүн күндүн жарыгы керек! КӨКҮРӨКТҮН көрүүсү үчүн илимдин жарыгы керек! АРАМДЫ КӨП КӨРГӨН АДАМДЫН ӨЗҮНҮН ЖАРЫНА БОЛГОН СҮЙҮҮСҮ КАЛБАЙТ.... 28.04.2020 Идрис акын
2629   37
18.04.2020
5 УБАК НАМАЗ жана БЕТИ ЖОК НАПСИ! Бир күн кечке окуп жаткан НАМАЗГА Бар болгону бир саатыңды бересин Жумушуңдун көп экенин шылтоолоп Жарды болуп ыйманыңан келесин Таң агарып атты мына жаңыдан Бирок аны бааладыбы адамзат БААМДАТ жок напсисине кул болуп Уктаганды кааладыбы адамзат БЕШИМГЕ эмес түштөнүүгө убак бар Тамак менен азанды укпайт кулактар Кыйын болбо мингениңе кычырап Кыяматта кыйын болгон сурак бар АСР келсе акылыңа тутпайсың Чарчадым деп жумушуңан уктайсын Убакытка касам ичкен Аллахтын Курандагы убадасын укпайсын ШАМ киргенде шашыласың тоюңа Шам намазы такыр кирбей оюңа Напсиң бирок тойбойт досум унутпа Бүт ааламды берсе дагы колуңа КУПТАН келсе кыйынсырап болбойсуң Кудай үчүн намаз кылып койбойсуң Кечке тапкан акчаң санап шарактап Кийинки күн кирешеңди ойлойсуң Жетет болду НАПСИҢДИ тый, тыңдаба! Өзүңдү бил өзгөлөрдү сындаба Акыреттин азабынан албетте НАМАЗ сени сактап калат бир гана... Идрис акын АССАЛААТУ ХОЙРУМ МИНАН НАВМ НАМАЗ УЙКУДАН АБЗЕЛ!!!
Загрузка...
1085   15
16.03.2020
СОЦТАРМАКТАГЫ САСЫТКЫЛАРДЫН ЭСИНЕ... Сахнада мыкты адам болгон менен, жашоодо мыкты адам болбогон кишилер толтурабыз... Эл алдында башка, өз алдынча башка болгон эки жүздүү эмес, балким бир канча жүздүү адамдар көбөйүп кеттик... Соцтармактан сүйкүмдүү көрүнүп, сезимиңди козготкон менен, жанына жакын барсаң сасып жүргөндөрү толтура... Өзгөнү коюп, өзүңдү оңдоонун учуру келди... Өзүңө каалабаган жамандыкты, башкага да каалабасаң, мына ушул сенин мыкты момундук сыпатың. Андай болсо: --ааламда болуп жаткан аапат КОРОНАВИРУС биздин чиновниктерди кырып кетсе экен - деп, каргаба. ЫЙМАНЫҢДЫ бекемдеп, тооба кылып отур. Коронавирус менен тамашалашканды, башкалар кырылып жаткан ооруу менен тамашалуу ролик тартканды кайсы ыйманың жол берет... Тазалык... Кийимдин жана дененин тазалыгы болуп, бирок ыймандын тазалыгы менен толукталбаса, болуп жаткан аапат КОРОНАВИРУСтан эч кандай сабак албайт экенбиз... Коомго пайдаңар тийсин, кагылайындар! Өзүңдүн ыйманыңды бекемдеп, өтмүштөгү кемчилик - күнөөлөрүңө тообо кылып кал. Бош убактың көп болсо, китеп оку, баарын окуп бүтсөң китеп жаз, болбосо ибадатыңды бекемдеп, куран жатта... 16.03.20 Идрис акын