Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
374   16
26.12.2019
🌹Өлкөңдүн өзгөрүшүн кааласаң, өзүң биринчи өзгөрүшүң керек. 🌹 Көкүрөгүн шайтан башкаргандар, Кудайдан ката издей башташат. 🌹Тегирменге жетмейинче, талаада эгиним бар дебегин. 🌹 Бирөөнүн артынан айткан бир эле жаман сөзүң, сени түбөлүктүү бейишиңден ажыратып коюшу мүмкүн. 🌹Күзгүдөн сонун көрүнгөнүң менен, башкаларга жан дүйнөң кандай көрүнөр экен. 🌹 Бир адамдын көңүл эшигинин жүз ачкычы бар, туура таба билсең ал көңүл сеники. 🌹 Абайлап сүйлө. Айткан сөзүң кабыл болуп,эч өзгөрүлбөс өкүнүчтүү тагдырыңа айланып калбасын. 🌹Жашоодо биринчи Кудайга тобокел кылбай туруп, өзүңө ишене бербе. 🌹Балаңдын түз басышын кааласаң, өзүңдүн изиңди кара. 🌹Чындап эле ниет кылсаң, сөзсүз ниетиң ишке ашат. 🌹Эркек туруп намысы жок адамдын гана кыздары көчөдө жарым жылаңач жүрөт. 🌹Даанышман Айды көрсөтүп, Күн жөнүндө айтышы мүмкүн. Калганы сенин акылыңдын таразасында. 🌹Сулуулуктун алдында падышалар да эркинен ажырайт. 🌹 Жакшы адам менен сапалаш болсоң, бейишке бараткандай болосуң. 🌹Бирөөнүн сезими менен ойногон адам, адам деген аттан ажыраарына аз эле калыптыр. 🌹Улут деп күйгөн адамдын уруусу болбойт. Топтогон Жеңишбек Жумакадыр.
Загрузка...
325   16
24.02.2020
Бирибизге бирибиз көрүшөбүз, Бир кол жайып кучактап өбүшөбүз. Көзөп кетер сөздөрдү октоп алып, Көздөрүбүз жок кезде сөгүшөбүз. Бирибизге бирибиз керек дейбиз, Бириккенге көңүлдөр себеп дейбиз. Оңго солго коштошуп кеткенден соң, Оңбой калган жагыбызды көп эстейбиз. Бир тасмалда отуруп чай ичебиз, Бир туугандай бапылдап жай ичебиз. Эки мүнөт бирибиз мындай болсок, Эки мүнөт шыбап турган жан экенбиз. Көздөрүбүз бар кезде суктанабыз, Көздөрүбүз жок кезде кызганабыз. Састымоолоп ушактын шамалына, Сасып кеткен киши эти жыттанабыз. Ырахматты экиге бөлө албайбыз, Ырахаттуу напсини жеңе албайбыз. Ийнеликтей иш кылып сүйүндүргөн, Ийгилигин башканын көрө албайбыз. Бирде туруп пейилдин кушундайбыз, Бирде туруп көңүлдүн музундайбыз. Ай батса да артынан туздап турган, Айткылачы эмнеге ушундайбыз. Жеңишбек Жумакадыр