Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5582  
05.02.2020
Такси чакырдым. Күн мурунтан пландабаган кокусунан чыккан чакырууга бараткам. Такси колдонбогон жаным бүгүн таксиге отургум келди. Кайсы темадан уладык эсимде жок бирок таксист "Аялым кызым 4 жаш кезинде Орусияга кетти. Ал жактан турмуш куруп алыптыр. Кайткан жок. Там талашты бирок кызымды талашкан жок. Өзүм жалгыз өстүрдүм. Мыкты кыз болду! "- деди да, телефонунан сымбаттуу, жылдыздуу, бой тиреп, 23 жашка чыгып калган кызын көрсөттү. Телефонду өпкүлөп, ичи эзиле, көкүрөгүнүн түбүнөн элжиреп, -"Жүрөгүм го, жүрөгүм. Өпкөм да бул менин! Кызым үчүн баарын жасабайымбы!" деп, анын мектепте эң алдыңкы окуучу болуп бүтүргөнүн, азыр чет өлкөдө окуп, тил боюнча чет элдик окуучулардын арасынан олимпиадада биринчиликти алганын чын дилинен сыймыктанып, көкүрөгү көөп, тынбай сүйлөп, улам кылчактап мени карап сөзүн улап келе жатты. "Кызыма катуу тийбесин деп турмуш кура элекмин. Башка бала көргөн жокмун. Болгон көңүлүмдү, күчүмдү, тапкан - ташыганымды ушул кызга арнадым. Уядан учуруп коюп, анан өзүмдү ойлойм"- деди. Кызын айткан сайын көзү жайнап, көйнөгүнө батпай, шедиреңдеп кеткенине суктанып бараттым. Мынчалык балага үйрүлүп түшкөн атаны биинчи көрүшүм анткени. Ичимен "Атоу!" дегим келди. Мойнуна оролуп, эркелеп, бир саамга болсо да, аталык эмне экенин, анын мээримин сезип , балкыгым келип баратты. Көзүмө жаш толуп, мууна түштүм. Ушунчалык ага зар экеним эсиме келди. "Азаматсыз! Кандай сонун сиздей аталар бар?! Кудай сизге чоң оозыйпа арткан экен. Жараткандын тапшырмасын сонун аткарыптырсыз! Жубайыңыздын милдети төрөп эле бериш болгон экен. Сиздики багыш. Ага таарынбаңыз. Кое бериңиз. Кечириңиз ээ сөзсүз? Аны кандай кое бергенде сиз да тынчтыкты анан бакытты табасыз!- дедим. "Аялым кетпесе балким кызым мынчалык акылдуу, кыйын кыз чыкмак эместир. Көңүлүнүн түбүндө мага жардам бергиси келди го, ээ?- деди. Албетте, ата - энеси жарым жартылай болгон бала экинчи ата - энеси тарабынан да ташталышынан коркуп, өзүн "Мен мыктымын. Мен сенин балаң болушка татыктуумун!"дей баштайт экен да, баардык чабасын көрсөтөт экен. Жашоодо жем болбоштун, жалгыз калбаштын, тирүү калыштын аракети го, сыягы. Жалгыз тырбалаңдаган ата - энени көргөндө жардам бергиң келет. #жөнэлеойлор
5742  
01.12.2019
Аялдын түрү болот. Үйдүн аялы бар. Үйгө кут төшөйт. Аны менен жылуулук кирет. Ырыскы төгүлөт. Үйүңө келсең, таза, тыкан, тамактын даамдуу жыты турат. Балдарды бапыратып төрөп, тууган - урук мн катташат. Ал чыныгы аял. Бакыт тартуулай турчу аял. Сырттагы аял бар. Үй мн байланбай турчу аял ал. Даамдуу тамак жегенди жактырат. Жасап эмес жасатып жеген жагат. Ишин сенден да катуу сүйөт. Иш дегенде ичкен ашын таштай чуркайт. Ак кол, ак чүч болот андайлар. Өзүн сүйүүсү мүмкүн, өзгөгө жетпей калат ал сүйүү. Өзүнүн тынчтыгы, эркиндиги, жыргалы алдыда турат. Эгерде сиз экинчи түрүнө кире турган болсоңуз, сураныч, бир эркектин бактысын байлабаңыз! Кыйратпаган соң, тийип не кажет? Биринчи түргө кире турган болсоңуз, андайлар жолдо калбашы керек! Сөзсүз турмуш куруп, бактылуу болуңуз, бапырата төрөңүз! Турмуш кураарда эркек да, аял дагы мен бирөөнү түбөлүккө бактылуу кылганга кудуретим жетеби деп миң ойлонуп , бир кесиңиз! Өзүңүздүн бактыңызды эмес өзгөнүн бактысын бузган жаман. #жөнэлеойлор
11772  
22.11.2019
Менин балам, баламдын балдары кандай өлкөдө жашайт? Ошол мени тынчсыздандырат! Бүгүнкү күндө өлкөнүн абалы, саясый абал мени канааттандырбайт. Эртеңки жарык келечегибизден күмөнүм бар. Ишенип, күтүп, ообузубузду ачып жүрүп, отуз жыл өттү. Эки төңкөрүш, бийликке каршы күрөш оңунан чыккан жок жана майнап берген жок. Жөн эле бөөдө өлүм болду. Мурункунун акчасын кийинки ээлеп, иштемиш болгон сүрдү көргөзүп, жең ичинен ичип - жеп, ирип келе жатышат. Кыргызстандын жараны катары жана уулумдун келечегин ойлогон эне катары коңгуроо кагам. Туура эмес жолдо баратабыз! Туура эмес адамдар бийликте отурат! Кимдин эмнеге шыгы бар, колунан кандай кокон келет көрдүк. Шайлоо жакындап калды. Көзүбүздү чоң ачып, көкүрөгү тазаларга шайлап калсак, кутулганыбыз. Эски адатыбызга сала турган болсок, ушуну менен үмүтүңдү үзүп, өз алдынча ар кимиң оокатыңды кыл дегендик. Ансыз деле оокатыбызды кылып жүрөбүз деңизчи бирок биротоло өлкөм, желегим, мекеним деп өпкө какпай калаарыбыз бышык. Анткени белчебизден сазда болобуз. Уурдап жетишкендер келемиштей чөгүп бараткан кемеден качкан сыңары кача берет. Менин балама, сенин балаңа океандын түбүндө баткан кемедей өлкө калат. Азыркы тапта ар бирибиз биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Манас атабыздын жети осуятын кыт кылып куюп, үмүттүн шамын жагып алып, керт башыбызды ойлобой келечегибизди ойлоого мезгил келди! Эски көздөр этегиңерди жыйып, жаңы көздөргө орун бергиле!
Загрузка...
3690  
28.01.2020
Мекенден алыс , бирок мекенге ушунча жакын адамдар. Ала тоо үчүн жанынан баш тартканга даярлар. Кыргызстандын акыбалына биз бир ыйласак, миң ыйлаган, бир толгонсок, миң толгонгон уул - кыздарын көрдүм, тааныштым, сырдаштым. Батып бараткан кемени алып чыга турчулар бар экен деп өчүп бара жаткан үмүт тутанды. "Бизди тентип жүрөт дешет. Биз тентиген жокпуз. Турмуштун чоң университетиндебиз. Бүтүрүп алган соң, кайтып, топтогон тажрыйба, чыйралган демибиз мн элибизди сүйрөйбүз"дешти. "Өлкөдөн узак калган адам гана өлкөнүн кадырын, баркын билет. Мекенде жүргөндө ага болгон мынчалык кусалык, сүйүү, аеоо сезими ойгонбойт беле?" дешти. Бөлүнбөй, бир болгонду, муштумдай түйүлгөндү үйрөнүшүптүр. Жети облустун балдары бир атанын жети баласындай аркасын аркасына жөлөп, Аска зоо болуп, бири бирине күйүп жатышыптыр. Бирин бири сүйрөп, колдоп атып, мигранттын далай маселеси чечилип, Маскөөнү багындырганга киришиптир. Кафе, кинотеатр, сулуулук салондорду, окутуу жайларды ж.б. бизнестерди ачып, боортоктоп боорун сыйрыгандар, тизелеп, тизелеп, тизесин канаткандар өйдө туруп, там - туң басып калганга жарашыптыр. Советник Азамат элдин баарына бизнес жаатында кеңеш бере бергени үчүн "Советник - кеңешчи " аталыптыр. Надыр мырза менен Акжол мырзанын жан дүйнөсүнүн тазалыгын бир көр! Оош - кыйышы көп турмуш менен боору жок Маскөө экөө бириксе да буза албаптыр аларды. Бирөө жылаңач жүрсө, акыркы ыштанын чечип берип, жылаңач жүргөнгө даярлар экен. Акбар мырза оозун ачса, жүрөгү көрүнүп, мекен дегенде жүрөгүн сууруп , салып бергенге даяр экен. Ушунча жакшы көрдүм. Эркеледим. Өз үйүмдөй сездим. Агаларыма чын дилимен ыраазымын. Силердей атуулдар турганда калганы кеп эмес. Мекен башында сап баштап турсаңар, туура жолго жөнөйбүз.
6685  
10.10.2019
А мен ага татыктуумунбу деп ойлонуп көрдүңүз беле? Түгөй тандоодо жаргылчагыбызга салып, таш талканын чыгарып, тегирменден бүкүлү чыгарбай кууратабыз адатта. Тиягы тигиндей, быягы мындай экен, ал эле, бул эле апийимдин гүлү эле дейбиз го! Өзүбүздүн укмуш төрт тарабыбыз төп келип тургансып! Башкадан күткөндү, сураганды билебиз бирок мен ага эмне бере алам суроосун көп деле ойлоно бербейт экембиз. Талап кылуу оңой! Жоопкерчиликти артуу да оңой! Анын барын моюндаш кымбат. Кээде кээде күзгүдөн каранып турушубуз керек экен. Жашообуздун мыкты болушуна, мамилебиздин ысып турушуна мен кандай салым кошуп атам суроосун жооп издеп туруу кажет. Кээде эки адамдын мамилесинде бирөө кыйла алдыга өсүп кетет. Экинчиси артта калып калганда жашоону бирөө бийиктен көрөт, бирөө жапыздан. Анан турмушка, алдыңкы максатка көз карашта айырмачылык чоңое баштайт. Партнеруңдун деңгээлине жараша өсүп туруу абзел. Ал турмушка чоң терезеден, сен кичинекей көзөнөктөн баш багып турсаң, ал көргөн кенендикти, бийиктикти сен көрбөй, сен көргөн тар чөйрөнү ал түшүнбөй, тил табышуу кыйын болот. Деңгээлдин теңдиги да абдан керек экен турмушта. Ошон үчүн бийиктикти самасаң, бүркүттөр мн учкуң келсе, бүркүт болгуча тарбияла өзүңдү. Шаңшы. Бийик уч. Татыктуу бол ага. Татыбайсыңбы, артка тартып, өзүң мн сазга сүйрөбөй, кое бер. Жок дегенде анын бийик шаңшып учканына күбө болуп, суктанганды бил. #жөнэлеойлор
5876  
07.12.2019
Сөздүн астына маани катып сүйлөйт аял. Бирок аны эркек түшүнбөйт. Анткени ой жүгүртүүбүз ар башка. Аларга түптүз текст мн айтыш керек. Компьютер сындуу. Кандай программа киргизсең, ошону гана аткарат. Аялда андай нерсе жок. Бүгүн ойду каалайт. Эртең тоону. Мүнөт сайын сезимдери, эмоциялары өзгөрүп турат. Бири бирибиздин мүнөзүбүздү билип, ошондой бойдон кабыл алсак эле баары жакшы болгону турат. Ар бир адамдын ичинде башка жыныс жашайт. Инь - янь болот. Аялдардын айрымдарынын ичинде эркеги чоң болушу мүмкүн. Ичибизде эркек жашабаса, курчтук, тайманбастык ж.б мүнөздөрүбүз болмок эмес. Эркектин ичинде аялдыгы жок болсо, аеоо, мээрим, сүйүү сезими ойгонмок эмес. Жырткыч болмок. Инь янь тең салмакта болгондо баары жакшы болот. менин тең салмагымда чатак бар окшойт ушу. Анткени ичимдеги эркектигим көбүрөөк. Эмнеге аялдар мн дос боло албайм суроосунда терең ойлондум. Көрсө, алардын өйдө - ылдый эмоциясына чыдаш кыйын экен. Кыздардын бүтпөгөн, өзүнө тиешелүү темасы башталганда кыйналып кетет экенмин. Ушакташуу, көйнөк - бечкек, мода, бет боектору, кайын журт, күйөө, бала багуу, тамак жасоо темаларынан өлө качам. Мага философилык темалар, тарых, таанып билүү, эзотерика, психология, эркек - аял мамилесин изилдөө ж.б.темалар кызыктуу. Ичинде аялы чоңураак эркектин аялга тиешелүү мүнөздөрү, аракеттери болот. Ошооо, мага бир нерсе айтсаңар, прямым текстом айтсаңар кубанам жана ар бир сөзүмдүн алдынан башка ой издебегиле. Түз эле айтам. #жөнэлеойлор
6144  
04.01.2020
"Күйөгө тий, Назира. Жалгыз калба, жалгыз болбо. Төрө. " Мага айтылган эң көп кеңеш ушул. Мага эмне бакыт алып келе турганын ким, кайдан билсин? Менин көңүлүм мн эсептешкен болдубу? Ар бир адамга барып алып жан дүйнөңдү, андагы болуп аткан кубулушту айта бербейсиң да. Жөн гана күлүмсүрөйм, баш ийкейм. Болбосо, оюм башкада. Жалгыздыкты коркунуч катары карашат. Көңүлүңдүн, көкүрөгүңдүн боштугун башка адам мн толтуруп, жалгыздыгыңды башка адам мн кооздоо мүмкүн дешет. Жан дүйнөсүн айыктырыш үчүн жар күтөт. Бала баарына бакыт болот дешет. Болоттур, балким, бирок дайым эле эмес. Кепилдик бере турчу эч ким жок. Жалгыздыкта бакыт тапмайын башканын жанында табыш кыйын. Тегерегиңде миң киши тегеректеп турса да жан дүйнө жалгызсырашы мүмкүн. Жашооңо бирөөнү алуу менен көңүлүмдүн жарасы бүтөлдү деш кыйын. Адам жарты кезинде бирөөнү толуктай албайт. Өзүн толуктап, бөксөсүн толтуруп, өзүн эптей алганда гана өзгөгө жар болот, көмөк болот. Баланы да дартыңа дабаа кылыш үчүн жаратпа. Дабаа болбой, санаа болуп калса, ачууңду андан чыгарасың. Өзүң айык. Бакытка тун. Ошондо гана балага бакыт бере ала турчудан болосуң. Күйөгө тийдим. Анан? Түйшүктөн арыламбы? Аны да караш керек, күтө билиш керек. Кир - когу, тамагы, көңүлү, төшөгү бар. Анын өзүн эле эмес анын артында турган тууган - уругу менен кошо күтөсүң! Алым кетип турат азыр. Бирөөнү бактылуу кылышка күчүм да, каалоом да жок. Элдин түртмөөлөсү, кеңеши мн жар күтүп алып, жардан алыс ыргыганы канча? Эч качан эч кимдин сөзүн укпа. Жашоо сеники. Көңүлүң менен гана кеңеш! Күйөгө тий, төрө дебегилечи! Бакыттын жалгыздыктан таба албасам эгер, жар күткөндө таба албайм. Аны да, өзүмдү да кыйнап кажети канча? Жаратың менен барып, кимге жардам берип, кимдин жаратын айыктырып, кимге жар болосуң???? Шайым кетип турат. Болгон күчүмдү азыр уулума эптеп чыпкалап берип атам. Айыгайынчы! Ааламымды айдың кылып, арыгымды толтуруп анан ойлоном. #жөнэлеойлор