Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6225  
04.01.2020
Аял жалгыз жүргөндө жолборс. Алдуу, күчтүү, өзүнө өзү жооп берип, бутунда турат. Сүрүнөн көбү айбыгат. Эркектин энергиясынан , көзүнөн, сүйлөгөн сөзүнөн, манерасынан карап туруп эле портрет түзүп коет. Өзүнөн алсыз экенин сезсе, баш бербейт. Жолборс бойдон калат. Жанына жуутпайт. Кыйшактай турган болсо, чөөнү талап салап салгандай таландыда калат. Маңдайдагы эркек арстан экенин сезсе, акылдуу аял узун боюн пас кылып, бийик үнүн азайтып, баш берет, моюн сунат. Аста басып, аялдыгын, алсыздыгын көрсөтүп, жолборстон кичинекей мыйга айланат. Аял үстүндө турган күчтү жакшы көрөт. Камкордукта корулгусу келет. Тең тайлашкысы келгендер, күчтүү көрүнүп аткан аял жөн гана күчтүү эркегин жолуктура элек. Аялдын үнү өктөм чыгып жатса эгер, эркегини жүүнү бош. Эркеги эркектигин кыла албаганы үчүн ачлы эркек болуп атат деген түшүнүк жатат. Маажүрөө, жүдөгөн эркек көрсө, аялдын нерви кашая баштайт. Жолборсу ойгонот. Эрин башкарып алат. Анткени ага ишенбейт. Тукумун коруш керек болот. Төрөгүсү да келбейт. Күчтүү эркектин артында гана аял тукум улагысы келет. Аялга артис болуп күчтүү көрүнөм дебе. Биз аны акыл асты менен , көкүрөк мн сезип турабыз. Келген энергия канчалык күчтүү болсо, ошончолук аял - жибек! Кара күч, рухуңарды күчү, моралдык күч, көк жалдык, алтургай чөнтөктүн да күчү мааниге эгедер! Күчтүү эркек бар үчүн аял алсыз, назик, бактылуу. #жөнэлеойлор
6268  
03.01.2020
Мен жөнүндө... 1. Көп сүйлөгөн кишини сүйбөйм. Мээм чарчап кетет. 2. Жашоодо аз сүйлөйм, көп тыңдайм. Анткени эфирге, сахнага, жазганга маалымат чогултам. 3. Өзүмдөгү жаман көргөн сапатым - көп ойлоном. Ой чарчатып жиберет. 1 секунд жалгыз таштап койсоң, ойдун түбүнө чөгүп кетем. 4. "Алтын ортону" табыш кыйын мага. Бир нерсе жасоодо, жашоодо, сүйүүдө, ишимде ж.б. өтө берилем же такыр таштап коем. 5. Көңүлүм сүйбөсө, бок таяк мн куусаң да жасабайм. Купулума толгон ишти гана жасайм. Көңүлүм сүйгөн адам мн гана баарлашам. 6. Өтө ачыкмын. Көңүлүмө сактабайм. Баары сыртта. Оюмду ичке эмес сыртка төгөм. 7. Коркокмун. Сыртыман желмогуз көрүнгөнүм менен жүрөктө суу жок. 8. Маалымат жашырышым мүмкүн бирок бурмалап, кооздоп, калп айтуу жок. Апаң мугалим болсо, ошондой тарбия аласың. Балачагымда апамдын уруксааты жок сумкасынан калем алганым үчүн анан калпыман кармалганым үчүн өлө төпөш жегем. Алигиче эсимде. 9. Адамдын көзүн терең тиктеген жагат. Бетиндеги бет кабын чечип, жан дүйнөсүн жылаңачтаган жалгыз гана көз. 10. Өтө сүрдүүсүң дешет. Менимче жөн эле ороймун. 11. Өлө тамак соомун. Свиданиеге чакырса барбайм бирок тамакка чакырса, аттап - буттап жөнөйм. "Обедке" эле барам. Анткени ужинге чакыргандардын ою анча деле эмес экенин билем.
7708  
19.02.2020
Жандарым менин, "Катыма жооп бербейсиң. Арманымды укпайсың"- деп таарынасыңар го. Ошол тууралуу сүйлөшкүм келди. Ар бириңдин жан дүйнөңдү айыктыра турчу сыйкыр таягым болгондо ойлонбой туруп, шилтей бермекмин. Тилекке каршы, сыйкырчылыгым жок. Болгон сыйкырым - сөзүм. Көкүрөгүмө, андагы аруу сезимдерге малып анан сунган сөздөрүм, жөн эле ойлорум бар. Азыр мен изденүү, ойлонуу, жашоомду, өзүмдү жакшы жакка өзгөртүү мн алекмин. Алекмин, бирок башкаларды өзгөртүү үчүн даяр эмесмин. Ага күч, билим керек. Катыңарды жоопсуз калтырсам, кечирим сурайм. Бирок, сизге көмөк көрсөтө турчу атайы адистер бар. Аларга кайрылып көрсөңүздөр болот. Өзүңдүн үстүңөн иштеген сонун нерсе! Көзүбүз дайым сыртта. Сырткы дүйнөнү аңтаруу мн алекпиз. Бирок ошол көздү ички дүйнөгө, өзүңдүн жеке дүйнөңө каратып, ошону аңтаруу, жыйноо, таануу мн алек болгонубузда эчак бактылуу болот белек?! Анткени бакыт биз издеген сырткы дүйнөдө, башка адамдарда эмес. Ал ичибизде катылуу. Мен кайрылган мыкты адамдарды белгилеп койдум. Балким силерге да жардамы тиер. " Акчасы көп экен. Кымбат экен"- деп шылтоо издебей, өзүңө, өзүңдүн бактыңа, өсүшүңө, билимиңе салым кош! ЭЛ АРАЛЫК КОУЧ, ТРЕНЕР, ЖАШООГО МАШЫКТЫРУУЧУ - @maksat_muktarov, ПСИХОЛОГ @daniyar.chormoshev , ПСИХОЛОГ @altyn.rysbekova , ТРЕНЕР, КОУЧ @ryskulova.aksana Ушул адамдардын сабагына катыштым. Мага жардам берди. Силерге да пайдасы тиер. "Телефонун, дарегин жаз. Чайнап эмес жуткуруп бер" дегендер, ар бир адамдын белгиленген баракчасына кирип, өздөрүнө кат жазганга дараметиңер, акылыңар жетет деп ишенем. Баарыңарды жакшы көрөм. ♥
Загрузка...
8942  
13.11.2019
Муздак жерге денеңдин коюлуп жатканын эстеп ичиркене түшөсүң да, жаның учуп кеткен соң, денеңдин каякка жатканынын мааниси кандай деген ойго кептелесиң? Караңгылык коркутат. Өлүм - белгисиздик. Коркунуч ошол белгисиздикке бара жатканы үчүн чыгат эмеспи. Өлүмдү таткан соң, караңгылыктан кантип коркосуң дейм. Өлгөн соң адамдын кадырынын артканын көр! Тирүүсүндө эмнеге байкабадык дейбиз? Ар бир өнөрүн, талантын, мыкты сапатын айтып, боорубузду тырмап ыйлайбыз. Тирүүсүндө алар эмнеге көзгө урунбай, анчалык барктуу боло албады экен? Баарыбыздын көзүбүз көнүп, бири бирибизге көңүлүбүз тоюп калган үчүн болсо керек ээ? Башка жайга кеткенде келбээрин билип, сагынып, анан санай баштайбыз сапатын. Көндүм адат адамды жаманга көндүрүп, жакшыны көргөзбөй, алыс алып жүрүп отурат экен. Көндүм адат... Дене денеге көнгөндө кумар таркап, эрди - катын бири бирине бир тууган бп, элеп - желеп сезимдер кайым боло баштайт. Көңүл көңүлгө көнгөндө , толкундоо, апкаруу жоголуп, жакшысы катылып, жаманы чыгат. Анткени адам жарнамадай жакшы бойдон жүрө албайт. Эртели - кеч андан тажап, чыныгы жүзүбүз менен тааныштыра баштайбыз. Анан кайсы убакта мынчалык өзгөрдү деп айран таң калып, чалкабыздан кетебиз. Бул жашоого көнүп алып, жашоонун деле баркын качырдык. Өлүмгө аз калдың дегенде гана анын даамы чыгып, тамшанабыз. Балким билермандар бекеринен, - Ар бир күндү акыркы күндөй жаша! - дебеген чыгар? Өлүм, өмүрдүн кыскалыгы мээде турганда гана көксөп көрүнгөндү самабай, көмүркөбүздөн көр оокатка шыкалбай, көөдөндү көңүл кубантаарлык иш мн гана толтурууга ашыгат белек? Ким билсин? Өлүм, улуксуң сен! Сен бар үчүн өмүрдүн өңү чыгат! #жөнэлеойлор
5778  
08.10.2019
Жаш кезиңде курчтук болот экен. Кайсы жерден жаңылам, кайсы жерден жаза басам деген түшүнүк жок. Жашооңдун аңгыл - дөңгүлүнө карабай, чуркап жөнөйсүң! Урушаарга жоо таппай, урунаарга тоо таппай, алкынып - жулкунуп, толкундай боюңду жарга уруп турган кезиң болот. Жашоо акырын нокто салып , улам бир тескейин көрсөтүп, нөшөргө, шамаалга бышырып атып баш ийдирип, жоошутуп алат экен. Жаштыгыңда жалын бүркүп турасың! Көңүл чордонунда болгуң келип, назарын бурдуруунун жолундасың. Жаш өткөндө ар бир кадамың абайлап арыштайт. Мурункудай көзүң жумулуу чуркабай, эсептеп - чоттоп, жети жолудан өлчөп анан жасайсың. Баарынын назары эмес бир эле адамдын көңүлүнө муктажсың. Ошол адамдын жылуулугу, мээрими жетиштүү. Физикалык жактан чоңойуу жетишсиз, моралдык жактан чоңойуу кажет. Айрым адамдар жаштыгы артта калып калса деле калжактап турат. Алар моралдык жактан чоңое электер го дейм. Жумуштабы, достуктабы, көңүл иштериндеби, айтор дайым өзүнөн эки эсе жаш өнөктөштөрдү издейт. Анткени акылына, көз карашына, деңгээлине теңдейт. Айрымдары болот. Жаш туруп, жан дүйнөсү карылыкта, акылманда...алар дайым улууларды издеп жүрөт. Улуулар мн баарлашат. Өзү теңдүүлөр баладай көрүнө баштайт. Дегеним, физикалык жаш курак менен бирге жан дүйнөнүн курагы теңме тең жүрө бербейт экен. Кимиси бат жетилет, кимиси кеч дегендей...эмнеси болсо да, жашоонун сабагынан кечикпей, учурунда үйрөнүп, кичүү муунга үрөн сээп калалы. #жөнэлеойлор
8747  
18.02.2020
Чет жакка чыгуу, саякаттоо адамды эс алдырат. Оюңду топтоп, алаксып, көз карашты өстүрүп, жашооңо башка багыттан караганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Акча тапсак эле эмнегедир үй алып, унаанын мыктысын карап, кийим - кечек болоор болбос нерсеге жумшайбыз. Менин акчам билимге, саякатка кетишин каалайм. Жаңы даам, жаңы элес, жаңы сезимдерди ооз тийип, таанып, билип, үйрөнүп жашагандан артыгы барбы? Душман көзүнө деп заңгыраган үйлөрдү салып атып эле өмүрүң, ден соолугуң кетет ээ бизде. Тытынып, жыртыгыбызды бүтөш үчүн жашайбыз го. Ал деле бүтөлсүн, сонун шартта жаша албетте, бирок, андан сонуну болсун деп ач көздүккө алдырып жиберип эле көп жакшы нерседен кур калабыз го. Напсиңди тыйыш кымбат окшойт адамга. Ден соолукту профилактика кылууга, билим алууга, саякаттоого, ырахатка, жан дүйнөгө сонун сезим калтырууга акча коротуш кк деп ойлойм. Сизчи? Көптөн бери саякаттай элекмин. Сагындым саякатты. Сүрөт Черногориядан тартылган.
4900  
10.11.2019
Өзүңдү өзүң тапмайынча өзүңдү да, башканы да бактылуу кылуу мүмкүн эмес. Бактылуу болуш жана кылыш үчүн көкүрөктө тынчтык керек экен. Бакыт деп көрүнгөндөн, көр дүйнөдөн издейбиз. Иши кылып ал сыртта качып жүрөт, биз да кубалайбыз. Өмүр өткүчө жетпей, таппай өкүттө өтүп кеткени канча?! Бакыт ушул болуш керек деп бир максат коебуз. Күнү - түнү чуркайбыз. Жеткен соң, моокумуң канган соң, кайра боштук ичиңде. Каңгырап турат. Кайра башканы көздөйсүң, чуркайсың, ага жеткен соң, кайра ошол сезим. Бакыт сыртта эмес ичтедир балким. Туура эмес жактан издеп жаткандырбыз. Ичиңе үңүлүп, көкүрөктүн көңдөйүн толтурганда, көксөң суур балким. Ичиңдеги караңгылыкка шам жагып, жарык кылып алсаң, ал жарык айланаңа чачыраар! Жаныңда ким жүрсө баары тамызгы алып, жайнап чыгаар? А биз бири бирибизден, сырттан, көчөдөн, материалдык баалуулуктан, байлыктан издеп жүрөбүз...ичиңдеги боштукту алар толтурчудай... #жөнэлеойлор