Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
8099   268
03.04.2020
Эмнеге биздин улуулар эрте эле карып, жашоолоруна чекит коюп коюшат? "Карыдык да", "Жаш өттү", "Балдар эмне дейт?", "Карыганда калжаңдап..." Карьерасы, жеке жашоосу баары токтойт. "Небере багыш керек" мн чектелишет. Жашоолору "скучно " болуп кеткенде келин - кесек, уул - баланы эрмектемей. Элестет, апаңдын, же атаңдын көңүлүнө жаккан, сонун иши болсо, карыганда сүйүүсүнө жолукса, көңүлү куунак, бакытка тунуп турса, анын бактысын кызганат белеңиз? Жок, албетте! Андан өтүп бактылуу болбойсуңбу! Чет өлкөдө пенсиядан кийин гана жашоо башталат. Өзүн карашат, саякатташат, университетке тапшырышат, карьера кылышат, турмуш курушат. Адамда мотивация, максат болгондо жашагысы келет. Жашарат. Биз - балдар аларга болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөтүп, алардын кыялдарынын ишке ашышына, өз алдынча болушуна көмөк көрсөтүшүбүз керек. "Мен балдарымдын төрүндө отурам" дешет да, көрүнө кантип кирип кеткенин байкабай калышат. Жашоо - кыймыл! Кыймылдагыла, жашагыла, өзүңөрдү өнүктүргүлө, ырахатыңар үчүн иштегиле, дүйнөнү көргүлө, эс алгыла. Бул деген керемет да! #жөнэлеойлор
5143   267
13.03.2020
Гей, лесбиянка, феминст, көзү ачыгы, сойкусу... ж.б. дейбиз. Чүйрүйөбүз. Бирөөнүн ал баласы, эжеси, иниси, карындашы, тууганы экени мн ишибиз жок. Басынтканды, жектегенди, жек көргөндү, ур - тепкиге алганды жактырабыз. Толеранттуулук түшүнүгү сиңе элек. Өзубүздүн комплексибиз бар. Жарабыз бар. Бирөөнү тепкилегенде эс алабыз. Тепки жеп чоңойгонбуз. Ичибиз каңгырап бош. Сүйүү алган эмеспиз. Чокубузга анан сүйүү беребизби? Жакыныңа жардамыбыз жок анан башкаларды кантели? Бирөөнүн тандоосун сыйлаганды үйрөнө элекпиз. "Меники туура" түшүнүгү гана жашайт. Абдыракаттуу, мээси иштеген бирөө туура деп койгон аны. Ээрчимелик, көз карандылык, "Эл эмне дейт" дегендик, "Эл кайда акса, ошол жакка агабыз да" дегендик, калыпка сыйгандык, андан чыга албагандык бар. Өз мээбиз мн ойлонуп, өз тандообузду жасаш өөн учурайт. Бир аз эле көз карашы, кийими, стили, ой жүгүртүүсү башкача болуп калсын ур - тепкиге алабыз. "Эмнеге сен бизге окшошпойсуң?"-дейбиз. Аны да калыпка, өзүбүздөй зынданга салгыбыз келет. Көралбастык сонун иштейт. "Менден кемисин, бирок ашпасын". Ал генде бар. Мындай карөзгөйлүк, түркөйлүк түшүнүк качан жоюлат? Адам билим алганда, өзүн өнүктүргөндө, өзүн сүйүп, комплексин жое баштаганда арылат. Анткени ичиң сүйүүгө толуп, жеке өзүң мн алек болуп атканда бүт дүйнө сулуу көрүнөт. Кой аксагы мн жүз. Ар бир адамды өзүнүн тандоосу, кемчилиги, артыкчылыгы мн сүйөсүң. Анын дини, тили, өңү, кийими, статусу мааниге ээ эмес болот. Анын дили, жүрөгү алдыга чыгат. Ал бийиктикке качан жетет болдук экенбиз? Укмуш өнүгүп кеттим дебейм, бирок кандай болбогула сиз мен үчүн Жаратканымдын пендесисиңер. Силерди жектеп, жоктоп, мактап, соттогудай мен киммин? Өз жашоом мн алек болуп, күзгүдөн алгач каранып алайын. Башымдагы төөнү көрүп, аны мн алек болоюн. Жашоо ансыз деле аз. Сидерди эмес өзүмдү тааныганга жетпейт. #жөнэлеойлор
5929   264
21.01.2020
Ар ким Жаратканга болгон сүйүүнү кандай болуп, кандай эреже менен сүйүүлүшүн таңуулайт. "Жок, туура эмес сүйүп атасың! Коркуп сүй!"дейт бирөө. Бирөө " Жооок, Кудайды ушинтип да сүймөк беле? Динге кирип алып сүй!" -дейт. - Жаратканды сүйүүнүн да эрежеси болчу беле?- дейм мен. Баары чалкасынан кетет. Жайына койсоң, ыкласым менен сүйүп атканымды алып барып, таш бараңга алгысы бар. Мен силерди " апаңды минтип, атаңды тигинтип, балаңды моминтип сүй" деп үйрөтүп жатканымды элестет! Канчалык деңгээлде туура болмок? Акылга сыйа турчу нерсеби?? Ал нерсе сенин жана жакындарыңдын арасында көрүнбөгөн, назик, өзгөчө, силерге гана тийиштүү нерсе. Ага аралашканга акым да, укугум да, каалоом да жок. Ар ким өз деңгээлине, алына, көңүлүнө жараша сүйөт. Анда Жараткан экөөбүздүн сүйүүбүзгө эмнеге киришкенге укук беришим керек??? Мен аны өз чабытымда сүйөм. Мен андан корккум келбейт. Коркунуч мен үчүн пайдалуу, сонун, жагымдуу сезим эмес. Сүйүү мен үчүн сонун сезим. Корккондун ордуна сүйүү сезимин тандоо - менин акым. Динге да ар ким урмат көрсөтүп, ишеними терең орноп, көзү жеткен соң гана барып, түбөлүк жол кылып тандап алуусу кажет. Бул нерсе өз каалоосу, ниети, урматы менен тандалат. Таңууланып, тозок, акырет менен коркутуп киргизген адам динге кызмат кылбайт. Эл көзүнө гана кызматта болот. Көз көрүнө таңууланган нерсе иренжитүүнү пайда кылат. Демек, таңуулап жаткан адам - дин душманы. Өзүң ушундай такыба адам бол. Жүрүм - турумуң суктанаарлык болсун, таза жүр. Адамгерчилигиң болсун. Сага суктанган адам сенин кадамыңды кайталагысы келет! Сени ээрчийт. Элге көрүнүп, эл "укмуш экен деп ойлоп калсын деп шоу жасоонун кажети жок. Ал купуя сени менен Жаратканды ортосунда гана болуусу кажет. Элге эмес Жаратканга тастыкта. А Жараткан тастыктооңду да каалабайт. Көрөт ал. Эң оболу адам болушуң керек экенин түшүндүм. Жүрөгүңдү таза тут. Өзүң таза кезде баарын бирдей сүйөсүң. Жараткандын жараткан адамын динине карап, түндүк - түштүк, улуу - кичүү, эркек - аял ж.б деп бөлбөйсүң. Кандай жаралса, ошондой кабыл алып, сүйөсүң. Келбетке, кадырына карабай адамдын адам экенин эле карап, жүрөгүн тыңшап сүйгөн кандай сонун! #жөнэлеойлор
6441   262
28.04.2020
Көзүмдү жумуп, - Назира, кандайсың? - дейм. Назира жакшы экенинен кабар берет. Тынчтык бар. Санаа, кайгыруу, кыжалат жок. Ойлонгум да келген жок. Күн орозого карабай, укмуштуудай тез өтүп жатат. Карантин узардыбы, кыскардыбы эмнегедир маанилүү эмес. Көнүп алдым окшойт. " Бир орунда отура албасаң керек?" дешет. Отурмак түгүл, чыккым келбейт. Санаа тартып, күн санаган да жокмун. Балким, үйрөнө албай жүргөн сабыр эми келгендир деп ойлоп коем. "Карантин бүтсө, жашоону эмнеден баштайм?" деген суроо кылт эте түшөт анда - санда. Кайра кетенчиктеп келечекке чуркагандан баш тартам. Ал баракты дароо жабам. Далактап, шашып, кыжалат болуп, куюндай куюлуп, жан дүйнөм бушайман жүрчү. Бир орунда, өзүм мн өзүм калгандан коркор элем. Элге сүңгүп кетчүмүн. Өзгөрдүм. Амбиция, көрүнгөн долбоорду чапчуу - ал учурда өзүмөн качуу, көкүрөктү өйүткөн нерседен жашынуу болгон окшобойбу? Көптөн бери эч кимден сүйүү тиленбей да калыптырмын. Көкүрөгүм чөл болуп, тамчы сүйүүгө, көңүлгө зар бп турар элем. Ал да жок. Жашоо тунуп турат. Тынчтык менен жекеме жеке, көзмө көз. Кыжы - кужу болуп, мазамды келтирген ойлор да акыркы убак көрүнбөйт. Алар мн алышып атып, чарчап калаар элем. "Сен жылмайганда мага дем келет"деген уулума кайра - кайра жылмаям. Уулумдун келечегин ойлоп кыжалат болгон ойлордун да карааны алыстады. Жараткан жана мен. Башка эч ким көрүнбөйт... #жөнэлеойлор
5765   260
17.05.2020
Бир адамды караганда энергиясынан эле кандай адам экенин байкоого мүмкүн. Энергиялык жактан эки адам төп келүүсү абдан маанилүү экен. Эркектин энергиясы чоң бирок аялдыкы кичинекей болуп калса, эркек кадимкидей жүдөө тартып баштайт жана өзүнүн энергиясына жакын аялдарды издейт. Аялдын энергиясы күчтүү болуп, эркектики алсыз болсо, кадимкидей эркек чүнчүйт . Бийлик дароо аялга өтөт. Бирок ошол эле чүнчүгөн эркек өзүнүн энергиясына жакын , өзүнөн алсызыраак аял алса, ал кадимкидей эркектигин көргөзүп, үнү өктөм чыгып, бийликти колго алат. Эркек катары ачылат. Энергиясы күчтүү аял андан дагы күчтүү эркекке жолуга турган болсо, мурункудай айбатын көргөзгөн жолборс болбойт. Мыйоолоп астейдил басып, мышык түгүл мыйга айланып, аял катары ажары ачыла түшөт. Ошон үчүн карама каршы жыныстагы адам мн турганда кадимкидей аны изилдөө инстинкти иштей баштайт. Башка аялдарды билбейм, бирок менин учурумда ошондой. Күчтүү энергия сезсем, кылыктанып, ичиңдеги кыз ойгонуп, кыр көргөзө баштайт экенмин. Алсыз бирөө турганын байкасам, "үхүхү " эмес "ахаха" деп чыгып күлкүлөр, күрөшүп ойноп, өзүмдүн эркек тарабым чыгып, аны дос кыла баштайм. Жайыма койсо, кыздарга деле чогуу барчудаймын. Муну илим жактан тастыктай элекмин бирок баамым ушундай болду. #жөнэлеойлор
5986   258
28.03.2020
Басайын десем, бутум баспай, кыйкырсам, үнүм чыкпай кыйналдым. Адаттагыдай кара кишилер келди. Кыткылыктап улам каткырат. Жатаканадамын. Жанымда уктап аткан кыздар бар. Жок дегенде кыйкылдап чыгып аткан үнүмө бирөө жарым ойгонуп, мени ойготсо дейм. Көзүмөн өтөт тим эле. Болгон күчүм менен алыштым. Чоң энем үйрөткөн чала бучук келимесин айтам, жардам бербейт. Кара терге түшүп алышып атып, шайым ооду көрүнөт. Бир кезде ак кийинген бир апа келди. - Балам, антип жеңе албайсың. Жүрөгүңдү тазала! - деди. Мен таарынткандын, мени таарынткандын баарынын аттарын атап, бирөөнөн кечирим сурап, бирөөнү кечирип, Жаратканга жалбарып, көкүрөгүмдү тазалап берүүсүн өтүнүп, билип - билбей кетирген айыбымды кечиришин тилендим. "Көралбастык, кызганычты алып сал"- дедим. "Жан дүйнөм таза, жүрөгүм таза, көңүлүм таза" дей бердим. Бир кезде менден ак бууга окшош нерсе чыкты , караларды алгачкы ирет жеңди. Болбосо, тээ балачагыман бери басып, кыйнашаар эле. Андайда байкап калган чоң энем мени ойготуп, макисин алып чыгып, өзүнчө кобуранып, башыма жаздайт. Чоң энем да а түгүл үнү чыкпай, кыйналып атып, бир кезде кыйкырып ойгонот. Жакасын карманып, сүйлөнүп, албарсты басты деп коер эле. Студент болуп келип, араң жеңдим. Андан кийин мени антип кыйнабай калды. Кийин турмуш курганда дагы басты. Баягылар эле. Кадимкидей келбети бар, сүйлөшөт, каткырат, капкара болгон немелер. Демим чыкпай энтигип, дагы күрөшөм. Алым жетпей, эми мына деп кол түшүрөөрдө ак кийинген апа дагы келди. Жолдошум мн уулум уктап аткан. Апа уулумду көрсөтүп, - Уулуңдун көкүрөгүн карачы! Кандай таза? Көкүрөгүнүн тазалыгын көкүрөгүңө сал!- деди. Кочуштап уулумдун актыгынан алып, көкүрөгүмө салып, - Баламдын жүрөгүндөй жүрөгүм таза! Адалым көп. Кечир мени, Жараткан! Мен да көңүлүмдө калгандын баарынан кечирдим. Көңүлүн оорутсам, кечирим сурайм. Жан дүйнөм таза"- дей бердим. Актык чыгып менден дагы бир жолу караны жеңдим. Адам баласы үчүн көкүрөктүн тазалыгы маанилүү экен. Жакшылык чакыргыңар келсе жашооңорго, башыңа келген кырсыкты жеңгиң келсе, жүрөгүңдү тазала! Кыргыз элим көңүлүн, көкүрөгүн тазаласа эле көлүбүзгө ак куу конгондой, качырып жиберген касиетибиз кайтып келчүдөй сезилет. #жөнэлеойлор
7214   252
22.01.2020
Бирөөнүн турмушуна кейийбиз, кепчийбиз, кеңеш беребиз, кийлигишебиз, жектейбиз, жек көрөбүз, наалат айтабыз. Миң анткен менен турмушунун жүгүн өзү көтөрүп баратат да ал шордуу. Кара терге түшүп, кабыргасы майышып, тиштенип, миң аңга түшүп, аңдан чыгып, жаңылып, жазып, жаза басып, жайдак басып... Баарыбыздын бул жалганда көтөрө турчу жүгүбүз бар. Бирөөнүкү жеңил чыгар, бирөөнүкү ат көтөргүс. Бири бирибизге миң жөлөк болуп, бул турмушта жүк көтөрүшкөн дос, тууган, жакыны болбойлу, Жараткандын алдына жүгүң мн жалгыз чыгаарың анык. Эсебибизди берип алдында жалгыз тураарбыз. Кимибиз баш шылкыйтып...кимибиз типтик туруп...Ошон үчүн бирөөгө сөөмөй кезеп, бирөөнүн айбын айтып, бирөөнү сөз кылып, үстүртөдөн карагым жок. Үстүртөдөн кайсы арыма карайм? Үстүмдө жүгүм турса... "Адамдарды катасы менен кабыл ал" деди турмуш. Кабыл алдым. Шыпшынып, шекшинсек да жөн гана ар бир адам өз оозыйпасын аткаруу менен алек. Андан көрө өзүң менен алек болуп, өзгөнү коюп, өзүңө көмөк бол.... #жөнэлеойлор
Загрузка...
3250   249
11.02.2020
Көп учурда сезимдер, эмоциялар көздөрүңдү таңып алат экен. Кайнаган эмоцияларыңан сырткары чындыкты көрүш кыйын. Эмоцияларды жамынып жүрүп бир чындык көз жаздымда калыптыр. Көрсө, эркектер сүйөт экен. Сүйгөндө да бизден ашып түшүп, болгон дүйнөсүн берип сүйөт экен. (Прикинсең дегим келип кетти ушул жерден!))))) Өзүмдүн жаралары мн алек болуп атат көп нерсени көрбөсөм керектир. Азыр суу тунуп, акыл тазарган соң, таза көз мн кылдат карап, көкүрөк мн тыңшасам, болуп көрбөгөндөй назик дүйнө чыкты алардан. Тээ алмустакта жырткычтар мн күрөшүп, токоч таап келгендин ролунда болгону үчүн жашоо алардын сезимдерин катууга, жырткыч мн жырткыч болууга, алсызларды коргоо үчүн кол салууга түртсө керек. Сыртынан катуу, тикенек көрүнүшкөнү мн ичине кире келсең, аялдыкынан да назик дүйнө жашайт экен. Силер аны билет белеңер? Сүйгөндө бизден катуу ооруп, бизден катуу сагынып, көнө келсе, ала жипти аттабай, өмүрүн садага чабууга, туруктуу болууга мүмкүн экен. Мен да таң калдым. Мен үчүн да жаңы ачылыш. Аялдар сыртыбыздан назик, эмоционалдуу көрүнгөнүбүз мн жан дүйнөбүздө биз күчтүүрөөк, мерезирээк келет экенбиз. Биз алардын сырткы көрүнүшүнөн улам эле оор жүк үйүп, болгон салмагыбызды таштап көнгөн экенбиз. Биздин коомдо өзгөчө жаралуу эркектер көп экен. Ошон үчүн жарасына тийгенде нервдери кашайып, ыргыта чабат экен. Мен аларга тийишип статус жазганда сөгүп - сагып, чычалап жатып калат го. Жөн гана жарасы ооруп атыптыр. Аны биз аялдар баарыбыз биригип даарылап алсак, алардан күчтүү мырза чыгара алчудайбыз. Алгач, аларды тыңшаганды билишибиз керек экен. Көкүрөк мн албетте. Анан сүйүүгө сугарып, мактап, балачагында берилбей калган мээримди төгүп, көңүл мн сүйлөшүп, жайгарып алсак, сонун адам чыгара алат экембиз. Ушул жашка келип, ошону көрбөгөнүмө таң калдым. Төгөрөгү төп келгенди күтсөк, пенсияга чыкчудайбыз. Бүгүнтөн баштап мырзаларыңа өзгөчө көңүл бөлүп, назик сүйлөп, мээрим төгүп, комплимент жайнатып көрүңүз. Аны чыкыйта кийинтип, курсагын тойгузуп, сүйүүгө сугарып көрүңүз. Адатта өңүбүзгө талап кылгандын баарын аларга жасап көрүңүз. Абер дебей, аларга аберип. Күнүнө сүйөм деп, романтика даярдап, белек берип, тамакка алып чыгарып, киного алып барып. Көрөлү да өзгөрөөрүн.
7278   249
02.01.2020
Идеалдуу деген түшүнүктүн өзү жашабаса керек. Бүтүн дүйнөгө төрт тарабы төп келип турса да, менин дүйнөмө төп келерин кайдан билем? Менин дүйнөмө сыйган башкасына ашып түшөр, же жетпей калар. Эл айткан, алар чийген идеалдуулукту кууп жүрүп, көңүлүңдөгүнүкүнөн кур калуу жаман. Бактысыздык. Өмүр бою чактап, чак келиши үчүн өзүңдүн көзүң менен эмес элдин көзү менен кароого туура келет. Менин идеалдуу дүйнөм эң оболу көкүрөк дүйнөмө туура келсин. Ырахатын, жыргалын өзүм көрөм. Сырттан карагандар балким түшүнбөшү ыктымал, сын айтып, таш ыргытып, соттоп, чийгилеп, сызып, жаратпашы мүмкүн. Бирок ал менин дүйнөм. Аны мен көзүмдүн карегиндей сактап, коруп, башкалардын үстөмдүк кылуусуна жол бербей, көнө келсе, аалам каршы чыкса да, каршы туруум кажет. Меники, мага майдай жакканы, көңүлүмө чак келгени - кымбат! Баарынан кымбат. Чечимиңдин артында тур! Ооп кетпе, тарттырып жибербе, тизгини карматпа! Өзүңдүн дүйнөңдү өзүң жарат, өзүң кооздо, өзүң автор бол! #жөнэлеойлор P.s. Менин өйдө - ылдыйым, кемчилик - артыкчылыгы бар дүйнөм кимдир бирөөнүн дүйнөсү үчүн идеалдуудур! ____________________________________________________ Жашоомо эмес жүзүмө гана сүрөт тарттырганга уруксаат берем! Сулуу кыздын сүрөтүн тарткан визажист сиңдим @aigera__vizazh колуң дарт көрбөсүн! Бактылуу бол!
8050   244
13.03.2020
Мага окшоп болгон жанга боор тартып, бырылдап ыйлай берет. Жан балам жушак жүрөгүң таштай сезими жок турмушка чыдаар бекен деп санаам тынбайт. Көз жашымды, же алсыздыгымды көрсөткөндөн чочуркайм. Көзүмдүн тамчысы балалык назик жан дүйнөсүн миң чачыратып, заманасын кууруп жиберет. Ыйлагым келсе, ал уктагандан кийин бышактайм. Анын көзүндө бактылуу, жайнап турган, күчтүү аял катары калгым келет. Балалыгын эстегенде кайраттуу, жашоого күлө караган эне тартылсын. Атасы да ал үчүн болуп көрбөгөндөй күчтүү каарман. Анын орусча адабий сүйлөгөнүн, акылдуу ой жүгүрткөнүн, ал тургай ал жасаган мимиканы кошо жасап, туурайт. Эки сөзүнүн бири атасы кандай акылдуу жана баардык суроонун жообу анда экенинде. Атасын айтканда көздөрү жайнап, толкундана түшөт. Мен болушунча шыкактап, баламдын ар бир сөзүн кубаттайм. Анын жомогун, укмуш элестерине чаң жугузгум келбейт. Кастарлап, көлөкө түшүрбөй, кайтарам. Напназик, жупжумшак жүрөгүңдүн, таптаза, кир жуга элек жан дүйнөңдүн кароолчусумун балам. Бул кылганым канчалык туура билбейм! Кир дүйнөгө балким туруктуу кылып тарбиялоом кажеттир, бирок кайсы эне өз баласына чаңды, ылайды ыраа көрсүн?! Таза дүйнө кир дүйнөнү тундуруп, жумшактык катуулукту жеңет дейм. Ошого ишенгим келет. Болбосо, энелер согушка даярдагандай балдарын зөөкүр тарбиялай берсе, дүйнөнүн сулуулугу кетип, Жер шаары огунан чыкмактыр. Энелигим сени адам кылып тарбиялап, мыктыдардын катарын толуктаткысы келет. Багытың түз болсун, уулум. ♥ #жөнэлеойло
5995   242
23.03.2020
Бирөөнүн көзүнө жакшы көрүнүү адаты бар бизде. Үлгүлүү болуш керек сөзсүз. Кошуналар, туугандар "Карачы, элдин баласын!" деш керек. Үлгүлүү болбой калсак, эл эмне дейт? Адар жакшы көрбөй калат да. Алар мен тууралуу жаман ойлоп калат. "Мени жаман ойлоп калат" коркунучу эң көп жашайт. Бирөөгө жакшы көрүнүү менен өзүбүзгө болгон бааны көтөрөбүз. Кантип жакшы көрүнөбүз? Эл эмне десе, элге эмне жакса, ошону кылабыз. Элге жагат ал нерсе бирок бизге жакпайт. Жакпаса деле эчтеке болбойт. Иши кылып элге жаксын. Эл жактырган мүнөздү күтөбүз. Эл жактырган, туура деп эсептеген тамакты жейбиз. Эл жактырган мектепте, жогорку окуу жайда окуйбуз. Эл чечим жасаган ийримге барабыз. Эл жактырган эрге тийебиз. Эл жактырган аялды алабыз. Эл жактырган, туура деп эсептеген, мода катары каралган жумушта иштейбиз. Эл жактыргандай өзүбүздү алып жүрөбүз. Эл жактырган ишенимди тутунабыз. Кыскасы, эл жактырат, бирок ичибизде күн сайын ит өлүп атат. Кыжырдануу пайда болду. Анткени ал тандоо бизге жакпайт. Жек көрүү пайда болду. Анткени ал жолду эркибизге койсо тандамак эмеспиз. Көз артуу , ич күйдүлүк пайда болду. Башкалар өз ырахаты үчүн жашап атат. Агрессия (жин келүү) пайда болду. Анткени жашооң сен каалагандай, сенин кыялыңдагыдай өтпөй жатат. Бирөөнү кемсинте баштадың. Жыргап калдың. Бирөөнү сөгө баштадың жеңилдей түштүң. Бирок анткен сайын сазга батып баратасың. Токто! Дем ал. Ой жүгүрт. Бир келген өмүрдө сен каалаган ырахаттуу жашоого акылуусуң! Ырахаттуу өмүр сүргөндөн корккон бар. Өзүн күнөөлүү сезе баштайт. Туура эмес кылып атам дейт. Анткени өмүр бою башкалар койгон эрежеде, калыпта жашаган. Сен өзүң каалаган окууда окуу, сүйгөн ишиңде иштөө, жакшы көргөн тамагыңды жеп, жакшы көргөн адамыңдын колун кармоо, сага жаккан жашоону тандоо туура! Эч качан кеч эмес. Азыр бурул. Бурулуш жаса! Жашооңо, жан дүйнөңө революция кыл! Өзүңдү бактылуу сез! #жөнэлеойлор
9584   240
23.04.2020
"Бир каалооңду аткарам!" деген сыйкыр болсо ушул доорго кайрылып, жок дегенде бир күн жүрүп келмекмин. Ар биринин сырын чубап, интервью алмакмын. Эс тарткандан бери эңсегеним ушул. Бир укмуш "Легенда" доору өткөндөй сезим. Дөө - шаалардын баары ушул доорго кептелип калгандай туюлат. Сабира Күмүшалиевадай болгум келчү. Ал катышкан кинолорду оозум ачып, элирип көрөт элем. Кино жаатына , театрга болгон болуп көрбөгөндөй сүйүүм ойгонду алгач. Алардын сүрөтүн көргөндө, театрга киргенде кадимкидей демим токтоп калат. Ал тургай алар баскан жер да өзгөчө көрүнөт. Сугумду артып, алар жөнүндө баарын билгим келген кооз дүйнө бул. Сапаттуу, таланттуу адамдардын баары бир эле мезгилде жашап, дүңүнөн кетип калгандай туюлат. Азыркы доордун деле өз мыктылары бар, бирок аларды сезбей, туйбай келатабызбы деп коем. Урпактар бизди кандай муун деп атап, кандай баа берет болду экен?