Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5198   231
27.02.2020
Ынтымагыбызды күчөтүү үчүн: 1. Көп улуттуу өлкө экенибизди түшүнүңүз. Көп улуттун өзүнүн ишеними, адаты, маданияты, тарыхы, салты, дини бар. Аларды сыйлаганды билүү кажет. Сыйлайт десе эле адардын салтын, маданиятын, динин, дилин ээрчип кетүү эмес. Алгач өзүңдүкүн бийик тутасың, бирок алардыкына сый мамиле жасайсың. 2. Ош жергеси Өзбекстан, Баткен жергеси Тажикстан, Талас жергеси Казакстан мн чектеш. Ошон үчүн алардын тили кооз. Ал биздин кыргыз тилибизге көрк берет. Ар бир диалектини кооздугу мн кабыл алуу кажет. 3. Канчалык алыстан куда күтсөң, ошончолук сонун. Башка аймакты таанып, алардын кызыктуу, өзгөчө салтына күбө болгон керемет. Муну модага айландыруу кажет. 4. Көбүрөөк бири бирибизге конокко келип, бири бириздин меймандостугубуз көрсөтүү кажет. 5. Телевидениеге ар бир аймактын өзгөчөлүгү тууралуу кеңири маалымат иретинде ар кыл берүүлөрдү жасоо. 6. Бала ата - энесинин сөзүн, мамилесин тыңдап, көрүп үлгү алат. Кайсы бир аймакка карата туура эмес пикир айтып, же терс мамиле кыла турган болсоңор , балдарыңар да кайталайт. Муундан муунга жек көрүүнү, туура эмес мамилени өткөрүп келгениңер үчүн бөлүнүү бардыр бизде. Ошон үчүн азыркы муун балдарыбызга ынтымакты үйрөтүп, мен көлдүк болсом, Ош, Жалал Абад, Талас, Баткен, Нарын, Чүй облустарын андан да артык сүйүүгө үндөөбүз кажет. 7. Таанышканда " Кайсы жердиксин? " суроосун бербөөнү үйрөнөлү. Адамдын жан дүйнөсүнө үңүлүп, анын жакшы тарабын издегенди адат кылуу керек. Дагы кошумчаңыз барбы? ______________________________________________ чач жасалга : @eva__hair Макияж: @sadyrbekova_aiganysh
5240   407
24.02.2020
Бизге бөлүнүп - жарынган аябай жагат. Сөзсүз бөлүнүп алып, бири бирибизге акаарат келтирип, эки - экиден согушуп турбасак, чай ичпегендей башыбыз ооруйт. Тээ ата - бабалар уруу - уруу, бай - кедей, коммунист, социал, кызылдар - актар....дагы түрдүү - түрдүү бөлүнүшчү. Түндүк - түштүк эски тема. Дин темасы да эскирип баратат. Болбосо, "Мен мусулман, сен теңирчи" темасынын да жакшы эле үнү чыкты. Азыр шайлоого карата партияларга бөлүнүү модасы жакындап келе жатат. Күзүндө хайп болот. Бир саясатчы үчүн анын атын коруш үчүн бири бирибизге жугунду куябыз, каргайбыз, уу тилибизди агызабыз. "Сыдыман элди бөлдү!" деп чалкаңардан кетип, көзүңөр аңтарылып, "шоковое состояние " болуп атканыбызга өлө таң калып атам. Биз күндө эле бөлүнүп, бири бирибизди ашатып эле жүрбөйбүзбү дейм да. Балким бул тема көкүрөктө жарыла албай турган жара болгон үчүн анын сөзү козготуп жибергендир? Ынтымактуу, биримдиктүү эл болгонубузда маани деле берилмек эместир. Чачырап, бири бирибизге душман болуп жүргөндө Манас ата жыйып, бир түндүктүн алдына башыбызды бириктирбеди беле?! Биз сырттан душман келгенде гана биригип, душман жокто " скучно" болуп кеткенде өз ара бөлүнгөндү жактырат окшобойбузбу?! Кандагыны тазалоо, гендегини кетирүү мүмкүн болду бекен? Ойлонуп көрсөм, ар ким өзүн тыйып, өзүн оңдоп, өзүн тарбияласа эле болот деген тыянак келип чыгып жатат. Башканы тыйып, башканы сөз кылып, башканы соттоонун кажети канча анда?? Башкага келгенде эле акылдуубуз. Мээбиз өлө иштеп кетет. Прокурорбуз. Өлүм жазасына тартып жиберебиз. Өзүбүзгө келгенде сүттөн аппак, кашка суудан тазабыз. Адвокатпыз. Сыдыманды эмне кылабыз? Оболу өзүбүздүн оозубузду, арам оюбузду тыйып алалы. #жөнэлеойлор
Загрузка...
8153  
23.02.2020
Мырзалар, кыздар бою эки метр узун, курсагында кубиктери бар, кашы - көзү кара, мурду кырдач, отличник балдарды эле сүйөт деп жүрсөңүз, жаңылышасыз. Кыздардын табити ар башка, бирок кайраттуу, духу күчтүү, сөзүнө туруп, жоопкерчиликтүү болуп, камкордук көргөзүп турсаңар эле сүйүүбүз артпай анан?! Ошон үчүн курсактуулар, арык - торуктар, чачтуулар жана чачы түшүп калгандар, сулуулар - анча эместер, шыңга бойлуулар - жапалдаштар, айтор, сырткы келбетиңер, формаңар, сымбатыңар, бизди ойлондурбайт деле! Ар бириң сүйүктүү болууга татыктуусуңар! Ички начинкаңар даамдуу болсун башкысы! Коргоочуларым, коргооңорду сезип, кучагыңарда гүлдөйлү, жыпар жытыбызды чачалы, кумарлантып, ырахатка бөлөйлү. Сүйгүлө! Сүйүктүү болгон, эркелеген, эриниңерде ээриген анан от болуп ээритип, сымаптай куюлткан бизге өөөлө жагат! Жигиттер, аягыла, аяр мамиле кылып, канатыбызды кайрыбагыла! Назик болуп, башыбызды жөлөгөнгө, салмагыбызды берип, саамайыбызды сылаталы. Көңүлүбүздү көргүлө, эсептешкиле! Биз да сиздин көкүрөгүңөрдөгүнү таамай окуйлу, дартыңарга дабаа таап, жараңарды айыктырабыз. Майрамыңыздар менен!
7708  
19.02.2020
Жандарым менин, "Катыма жооп бербейсиң. Арманымды укпайсың"- деп таарынасыңар го. Ошол тууралуу сүйлөшкүм келди. Ар бириңдин жан дүйнөңдү айыктыра турчу сыйкыр таягым болгондо ойлонбой туруп, шилтей бермекмин. Тилекке каршы, сыйкырчылыгым жок. Болгон сыйкырым - сөзүм. Көкүрөгүмө, андагы аруу сезимдерге малып анан сунган сөздөрүм, жөн эле ойлорум бар. Азыр мен изденүү, ойлонуу, жашоомду, өзүмдү жакшы жакка өзгөртүү мн алекмин. Алекмин, бирок башкаларды өзгөртүү үчүн даяр эмесмин. Ага күч, билим керек. Катыңарды жоопсуз калтырсам, кечирим сурайм. Бирок, сизге көмөк көрсөтө турчу атайы адистер бар. Аларга кайрылып көрсөңүздөр болот. Өзүңдүн үстүңөн иштеген сонун нерсе! Көзүбүз дайым сыртта. Сырткы дүйнөнү аңтаруу мн алекпиз. Бирок ошол көздү ички дүйнөгө, өзүңдүн жеке дүйнөңө каратып, ошону аңтаруу, жыйноо, таануу мн алек болгонубузда эчак бактылуу болот белек?! Анткени бакыт биз издеген сырткы дүйнөдө, башка адамдарда эмес. Ал ичибизде катылуу. Мен кайрылган мыкты адамдарды белгилеп койдум. Балким силерге да жардамы тиер. " Акчасы көп экен. Кымбат экен"- деп шылтоо издебей, өзүңө, өзүңдүн бактыңа, өсүшүңө, билимиңе салым кош! ЭЛ АРАЛЫК КОУЧ, ТРЕНЕР, ЖАШООГО МАШЫКТЫРУУЧУ - @maksat_muktarov, ПСИХОЛОГ @daniyar.chormoshev , ПСИХОЛОГ @altyn.rysbekova , ТРЕНЕР, КОУЧ @ryskulova.aksana Ушул адамдардын сабагына катыштым. Мага жардам берди. Силерге да пайдасы тиер. "Телефонун, дарегин жаз. Чайнап эмес жуткуруп бер" дегендер, ар бир адамдын белгиленген баракчасына кирип, өздөрүнө кат жазганга дараметиңер, акылыңар жетет деп ишенем. Баарыңарды жакшы көрөм. ♥
8747  
18.02.2020
Чет жакка чыгуу, саякаттоо адамды эс алдырат. Оюңду топтоп, алаксып, көз карашты өстүрүп, жашооңо башка багыттан караганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Акча тапсак эле эмнегедир үй алып, унаанын мыктысын карап, кийим - кечек болоор болбос нерсеге жумшайбыз. Менин акчам билимге, саякатка кетишин каалайм. Жаңы даам, жаңы элес, жаңы сезимдерди ооз тийип, таанып, билип, үйрөнүп жашагандан артыгы барбы? Душман көзүнө деп заңгыраган үйлөрдү салып атып эле өмүрүң, ден соолугуң кетет ээ бизде. Тытынып, жыртыгыбызды бүтөш үчүн жашайбыз го. Ал деле бүтөлсүн, сонун шартта жаша албетте, бирок, андан сонуну болсун деп ач көздүккө алдырып жиберип эле көп жакшы нерседен кур калабыз го. Напсиңди тыйыш кымбат окшойт адамга. Ден соолукту профилактика кылууга, билим алууга, саякаттоого, ырахатка, жан дүйнөгө сонун сезим калтырууга акча коротуш кк деп ойлойм. Сизчи? Көптөн бери саякаттай элекмин. Сагындым саякатты. Сүрөт Черногориядан тартылган.