Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7334   190
16.03.2020
Физикалык жактан эркин болгонуң сенин толук кандуу эркиндигиңди түшүндүрбөйт. Башкага жакшы көрүнүү, жакындарңдын көзүндө үлгүлүү болуу, сүйбөгөн жумушуң, каалоосуз курган турмушуң, эрежелер, милдеттер ж.б. Биз баамдабаган, капарга албаган канчадаган капас бар?! Жан дүйнөңдүн эркиндигин кишендеп, тузактап, чүлүктөп, зордоп, кыйнап жашайбыз. Тозокту бул жашоодон баштайбыз. Куурап, эркиндиктин канатын кыркып, зынданга тыгып жашасак, бейиш келет дейбиз. Дейбиз, бирок жаңылабыз. Үшкүрүк, өкүнүч толтурган изди калтырып жөнөйбүз. Тушалып алып, узун жолдо барабыз. Бизди тушаган нерсени кесип салуу, алып салуу, кенен - кенен арыш жасоо ою эмнегедир мээбизге келбейт экен. Көнүп калганбыз анткени. Туурасы ошол экен деп ойлойбуз. Боз, кара өңдөн дагы түстүү башка өңдөр бар десе, кызыл чеке болгуча кырылышабыз, урушабыз, сөгүшөбүз. Көнө келсе, чабышабыз. Боз өңдү далилдейбиз. Түстүүсүн жокко чыгарабыз. Каапыр, жаңылыш, ката өң дейбиз аларды. Байланган жашоодо ыңгайыбызды таап алганбың. Өзгөргүбүз да, өзгөрткүбүз да келбейт. А кокус бирөө аракет кылса, чокудан ары бир коебуз, же барылап төпөштөйбүз. Көзүбүздү ачкан адамды жек көрөбүз. Кызыкпыз биз.... #жөнэлеойлор
8050   244
13.03.2020
Мага окшоп болгон жанга боор тартып, бырылдап ыйлай берет. Жан балам жушак жүрөгүң таштай сезими жок турмушка чыдаар бекен деп санаам тынбайт. Көз жашымды, же алсыздыгымды көрсөткөндөн чочуркайм. Көзүмдүн тамчысы балалык назик жан дүйнөсүн миң чачыратып, заманасын кууруп жиберет. Ыйлагым келсе, ал уктагандан кийин бышактайм. Анын көзүндө бактылуу, жайнап турган, күчтүү аял катары калгым келет. Балалыгын эстегенде кайраттуу, жашоого күлө караган эне тартылсын. Атасы да ал үчүн болуп көрбөгөндөй күчтүү каарман. Анын орусча адабий сүйлөгөнүн, акылдуу ой жүгүрткөнүн, ал тургай ал жасаган мимиканы кошо жасап, туурайт. Эки сөзүнүн бири атасы кандай акылдуу жана баардык суроонун жообу анда экенинде. Атасын айтканда көздөрү жайнап, толкундана түшөт. Мен болушунча шыкактап, баламдын ар бир сөзүн кубаттайм. Анын жомогун, укмуш элестерине чаң жугузгум келбейт. Кастарлап, көлөкө түшүрбөй, кайтарам. Напназик, жупжумшак жүрөгүңдүн, таптаза, кир жуга элек жан дүйнөңдүн кароолчусумун балам. Бул кылганым канчалык туура билбейм! Кир дүйнөгө балким туруктуу кылып тарбиялоом кажеттир, бирок кайсы эне өз баласына чаңды, ылайды ыраа көрсүн?! Таза дүйнө кир дүйнөнү тундуруп, жумшактык катуулукту жеңет дейм. Ошого ишенгим келет. Болбосо, энелер согушка даярдагандай балдарын зөөкүр тарбиялай берсе, дүйнөнүн сулуулугу кетип, Жер шаары огунан чыкмактыр. Энелигим сени адам кылып тарбиялап, мыктыдардын катарын толуктаткысы келет. Багытың түз болсун, уулум. ♥ #жөнэлеойло
5143   267
13.03.2020
Гей, лесбиянка, феминст, көзү ачыгы, сойкусу... ж.б. дейбиз. Чүйрүйөбүз. Бирөөнүн ал баласы, эжеси, иниси, карындашы, тууганы экени мн ишибиз жок. Басынтканды, жектегенди, жек көргөндү, ур - тепкиге алганды жактырабыз. Толеранттуулук түшүнүгү сиңе элек. Өзубүздүн комплексибиз бар. Жарабыз бар. Бирөөнү тепкилегенде эс алабыз. Тепки жеп чоңойгонбуз. Ичибиз каңгырап бош. Сүйүү алган эмеспиз. Чокубузга анан сүйүү беребизби? Жакыныңа жардамыбыз жок анан башкаларды кантели? Бирөөнүн тандоосун сыйлаганды үйрөнө элекпиз. "Меники туура" түшүнүгү гана жашайт. Абдыракаттуу, мээси иштеген бирөө туура деп койгон аны. Ээрчимелик, көз карандылык, "Эл эмне дейт" дегендик, "Эл кайда акса, ошол жакка агабыз да" дегендик, калыпка сыйгандык, андан чыга албагандык бар. Өз мээбиз мн ойлонуп, өз тандообузду жасаш өөн учурайт. Бир аз эле көз карашы, кийими, стили, ой жүгүртүүсү башкача болуп калсын ур - тепкиге алабыз. "Эмнеге сен бизге окшошпойсуң?"-дейбиз. Аны да калыпка, өзүбүздөй зынданга салгыбыз келет. Көралбастык сонун иштейт. "Менден кемисин, бирок ашпасын". Ал генде бар. Мындай карөзгөйлүк, түркөйлүк түшүнүк качан жоюлат? Адам билим алганда, өзүн өнүктүргөндө, өзүн сүйүп, комплексин жое баштаганда арылат. Анткени ичиң сүйүүгө толуп, жеке өзүң мн алек болуп атканда бүт дүйнө сулуу көрүнөт. Кой аксагы мн жүз. Ар бир адамды өзүнүн тандоосу, кемчилиги, артыкчылыгы мн сүйөсүң. Анын дини, тили, өңү, кийими, статусу мааниге ээ эмес болот. Анын дили, жүрөгү алдыга чыгат. Ал бийиктикке качан жетет болдук экенбиз? Укмуш өнүгүп кеттим дебейм, бирок кандай болбогула сиз мен үчүн Жаратканымдын пендесисиңер. Силерди жектеп, жоктоп, мактап, соттогудай мен киммин? Өз жашоом мн алек болуп, күзгүдөн алгач каранып алайын. Башымдагы төөнү көрүп, аны мн алек болоюн. Жашоо ансыз деле аз. Сидерди эмес өзүмдү тааныганга жетпейт. #жөнэлеойлор
6141   219
12.03.2020
Көрүнгөндүн тагдырына бышактап ыйлай бермей адатым бар болчу. Көчөдөн кайырчы көрсөм, ага ыйлайм. Бирөөнүн тагдырын уксам, буга ыйлайм. Өзүнчө эле Асан кайгы! Адамды кой жан - жаныбарга да бырылдап ыйлай бермей. "Боорум ооруп атат" сөзүн көп кайталадым. Жашоомдогу эң көп айткан сөзүм ушул болсо керек. Анан чын эле физикалык жактан боорум ооруп, даарылап, айыктым. Бир жолу бир китептен бирөөгө боор ооругандай кимсиң деген сөздү окуп калдым. "Боор ооруу менен сен аны басынтып, өзүңдү өйдө сезип атасың", - деди. Ар бир адамдын ой - жүгүртүүсүнө, деңгээлине, билимине, көз карашына жараша өзүнүн тагдыры болот экен. Айрым учурда аларга жардам берүү менен жүгүн өзүбүз көтөрүп алып, Жараткандын ага берген тапшырмасын аткарууда жолтоо болот экенбиз. Жараткан берчү сабакка тоскоолдук жаратат экенбиз. Азыр ар кимдин көтөрүп жүргөн өз жүгүнө карата мыйзам ченемдүү көз караш пайда болду. "Демек, Жаратканымдын билчүсү бардыр. Кийлигишпейм" деп калдым. Таптакыр кайдыгер болуп кетүүнүн да кажети жок. Боло албайсың дагы. Адам болгон соң, жүрөк аттуу бир муштум этиң көрмөксөнгө сала албайт, бирок чеги мн. Оор жүгүбүз эмнени көрсөткүсү келип жатат суроосу менен алек бололу! Жараткандын сабагын үйрөнмөйүнчө өмүр бою жүктүү жүрөсүң. #жөнэлеойлор Photo by @djanjyldyza
Загрузка...
8216   411
10.03.2020
"Чай куйбайм", "Төрөбөйм", "Өз билгенимди кыламды" сүйүүдөн запкы жегендер, эркектен кордук көргөндөр , эркектерди кабыл алгысы келбегендер айтат. Сүйүүгө тунгандар, турмушта бактылуулар, эркекти кабыл алгандар, жакшы көргөндөр тим эле чарк айланып, түрлөнтүп тамак жасап, төрөгүсү келип турат. Анткени каалайсыңбы, каалабайсыңбы жаратылышыбыз ошондой! Мээрим, сүйүү толуп турат аялда. Эгерде биздин коомдо " Чай куйбаймдардын " үнү катуураак чыгып жатса, демек, абал оор дегендик. Зомбулук көргөн аялдын саны көп дегендик. Бактылуу аял мн зомбулукту көргөн аялдын, ажырашкан аял мн үй бүлөсү бекем аялдын көз карашы бирдей болбойт эч качан. Эки тарап эки башка терезеден баш багат. Үй бүлөлүү кезимдеги мн азыркы жалгыз бой кезимдеги ой жүгүртүүлөрүм эки башка. Жаңы ажырашкандагы эркекке болгон жек көрүүмдү эстесем, күлкүм келет азыр. Баарын топтоп туруп өрттөп жибергим келчү тим эле. Элестет анан зомбулукту, төпөштү көргөн аял кантип атат? Ачуу айкырык бейпил турмуштан чыкпайт. Бейпилдикте ыр чыгат, үн кооз чыгат, күлкү чыгат. Жарасы ачышкан адам гана жаңырта айкырык сала алат. #жөнэлеойлор
3727   68
08.03.2020
Бул Асланайым. Цирк дүйнөсүнүн ханышасы. Каскадер. Ат жалынында укмуш ойнойт. Жаа атат. Кыргыздын байрагын 17 жашынан бери көтөрүп жүрөт. Тилекке каршы, былтыр Сауд Аравиясында уюштуруучулардын жоопкерчиликсиздигинен улам кырсыкка кабылып, эки аттын ортосуна буту кыпчылып калып, бүгүнкү күндө майып болуп отурат. Ата - энесинин жалгыз караган кызы. Операция жасалган. Март айында дагы бир операция кылуусу кажет. Күнөөкөр тарап да эч кандай каражат бөлгөн эмес. 8 - март Аялдардын күнүндө көмөк көрсөтүп, көңүлүн көтөрөсүңөр деп ишенем. 4 миң сом айлыгына карабай, башка өлкөнүн чакыруусунан, мыкты шартынан баш тартып, желегибизди бийик көтөрүп жүргөн кызыбызга бир туугандык кылалы! Атайы элсом капчык ачтык. Көп түкүрсө көл болот! Бири бирибизге бөлүшүп, көмөк кылып жибереличи? 0776 270388 Элсом @itsaslboss бул анын жеке баракчасы. Жеке көмөк көрсөтөм дегендер жазыңыздар.