Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4948  
06.02.2020
Эркиндик. Жан дүйнөнүн эркиндиги. Зындандан чыгуу темасы сүйлөштүк балам экөөбүз бүгүн. Түнкү үч. Экөөбүздүн тең уйкубуз жок. Бажылдап ой бөлүшүп отурабыз. Түнкү үчкө чейин отурганыбыздын өзү - биздин эркиндигибиз. " Баланы эрте жаткырыш керек. Ал эле бул эле, апийимдин гүлү эле " дейт чыгарсыңар. Ал силердин эрежеңер. Силердин зынданыңар. Балам айтат, - Атам мага жакшы кеңеш берди. Ал мага : "Көйгөй менен жашоо керемет. Көйгөй мн адам чоңоет. Илимпоздор изилдеп, чычкандардын үстүндө тажрыйба жүргүзүптүр. Чычкандын көңүлү эмне самаса, бере беришиптир. Баардык шарты даяр экен. Соңунда чычкандар жашагысы келбей, өлүп калышыптыр. Жашоонун кызыгы жок. Ошон үчүн адам баласына да сураганын бере берсе, кызыксыз болуп калат. Көйгөй мн күрөшкөн сонун!- деди,- дейт уулум. "Абдан сонун айтыптыр. Мага да жакты,"- дедим мен. Балам, мен бүгүн сонун адамдар мн сүйлөшүп отурдум. Алар мага "Кылыш керек!" сөзүн "Каалайм!" сөзүнө алмаштырсаң, үстүңөн далай жүк түшөт. Милдеттеме алба. Каала жөн эле!"деген сонун баалуу кеңеш берди, - дедим мен. "Сонун экен. Оюмда болот!" деди балам. Мектепке баруу, баа алуу, сынактар, үй тапшырма мени аябай стресске сүйрөйт эле. Мени эле эмес баардык баланы. Баа үчүн сүйчүдөй ата - энебиз кара терге түшчү элек го. Эми баламдын стресске камалышын каалабайм. Каалагандай окусун! Каалаган сабагын үйрөнсүн каалаган баасын алсын. Мектепте да кеңири эркиндик бердим. Балам, - Апа, биз адамдар кызыкпыз ээ? Бирөө бул кашыкты "кашык" деп атап койсо, баарыбыз аны "кашык " деп ээрчип атап алдык го. Муну мен "кичинекей күрөк" , же "сузуп алгыч" деп алсам, мага ким эмне демек эле. Туурабы?- дейт. Туура, балам. Башка адамдардын чийген чийимин өлө туура деп атап, башкалардын тагдырын кайталоого, башкаларга жагынууга аракет кылган өзүбүздө күнөө. Ошон үчүн көңүлүң сүйгөндү кыл. Жашоодон ырахат алып, жыргап жаша! Бул апаңдын сага берген чоң белеги - ЭРКИНДИК! #жөнэлеойлор
5582  
05.02.2020
Такси чакырдым. Күн мурунтан пландабаган кокусунан чыккан чакырууга бараткам. Такси колдонбогон жаным бүгүн таксиге отургум келди. Кайсы темадан уладык эсимде жок бирок таксист "Аялым кызым 4 жаш кезинде Орусияга кетти. Ал жактан турмуш куруп алыптыр. Кайткан жок. Там талашты бирок кызымды талашкан жок. Өзүм жалгыз өстүрдүм. Мыкты кыз болду! "- деди да, телефонунан сымбаттуу, жылдыздуу, бой тиреп, 23 жашка чыгып калган кызын көрсөттү. Телефонду өпкүлөп, ичи эзиле, көкүрөгүнүн түбүнөн элжиреп, -"Жүрөгүм го, жүрөгүм. Өпкөм да бул менин! Кызым үчүн баарын жасабайымбы!" деп, анын мектепте эң алдыңкы окуучу болуп бүтүргөнүн, азыр чет өлкөдө окуп, тил боюнча чет элдик окуучулардын арасынан олимпиадада биринчиликти алганын чын дилинен сыймыктанып, көкүрөгү көөп, тынбай сүйлөп, улам кылчактап мени карап сөзүн улап келе жатты. "Кызыма катуу тийбесин деп турмуш кура элекмин. Башка бала көргөн жокмун. Болгон көңүлүмдү, күчүмдү, тапкан - ташыганымды ушул кызга арнадым. Уядан учуруп коюп, анан өзүмдү ойлойм"- деди. Кызын айткан сайын көзү жайнап, көйнөгүнө батпай, шедиреңдеп кеткенине суктанып бараттым. Мынчалык балага үйрүлүп түшкөн атаны биинчи көрүшүм анткени. Ичимен "Атоу!" дегим келди. Мойнуна оролуп, эркелеп, бир саамга болсо да, аталык эмне экенин, анын мээримин сезип , балкыгым келип баратты. Көзүмө жаш толуп, мууна түштүм. Ушунчалык ага зар экеним эсиме келди. "Азаматсыз! Кандай сонун сиздей аталар бар?! Кудай сизге чоң оозыйпа арткан экен. Жараткандын тапшырмасын сонун аткарыптырсыз! Жубайыңыздын милдети төрөп эле бериш болгон экен. Сиздики багыш. Ага таарынбаңыз. Кое бериңиз. Кечириңиз ээ сөзсүз? Аны кандай кое бергенде сиз да тынчтыкты анан бакытты табасыз!- дедим. "Аялым кетпесе балким кызым мынчалык акылдуу, кыйын кыз чыкмак эместир. Көңүлүнүн түбүндө мага жардам бергиси келди го, ээ?- деди. Албетте, ата - энеси жарым жартылай болгон бала экинчи ата - энеси тарабынан да ташталышынан коркуп, өзүн "Мен мыктымын. Мен сенин балаң болушка татыктуумун!"дей баштайт экен да, баардык чабасын көрсөтөт экен. Жашоодо жем болбоштун, жалгыз калбаштын, тирүү калыштын аракети го, сыягы. Жалгыз тырбалаңдаган ата - энени көргөндө жардам бергиң келет. #жөнэлеойлор
8437  
03.02.2020
"Иши кылып", "Боло берет" , "Жетет ошол эле" ....ж.б. "Иши кылып башы аман болсун." "Иши кылса үңкүр да болсо үйүм болсун." "Иши кылса аюудай эрим болсун." "Эптеп эле балдарымды карашса болду. " "Эптеп кыштан чыкса болду"." Эптеп туруп турсак, анан көрөбүз". "Эптеп эле"..деп атып эптеген оокатта күн көрөбүз. Эптеген аял алып, эптеген эрге тиебиз. Эптеген балдар төрөлөт. Эптеген оокатты кылабыз. Өзүбүзгө жакшыны, сонунду каалагандан ушунча коркобуз! Фобия тим эле! Ал тургай өзүңө Жараткандан сураганда да ичибиз тарып, "Ушунун баарын эмне кылмак элем, же ушуну мага бермек беле?" деген ой жатат. Кенен сурасаң, кыйналып кетесиң да. Кыялыңда бийиктикти кыялданып койсоң, башың тегеренип кетет го, чиркиндики! Мага боло берет деген ой. "Иши кылса жүрүп турган эле машина болсо болду!" А эмнеге укмушун каалагандан коркобуз! Акыркы моделдеги унааны ойлоп алсак случайно, кара тер басып, жүрөгүбүз лакылдап, мээ тегерене түшөт да ээ? "Элестет килейген үйдө жашап, Мальдив аралында жатсаң" деп көр бирөөгө. "Жок нерсени айтпачы", же "Кудайды бир карап анан кыялданбайлыбы" дейт го! Же "Ыштаныңды жыртыгын бүтөп алып бийиктикти сама" деп кыялданып аткан учкуң келип аткан канатыңды тарс эле үзө чабат. "Болсун!" "Оозуңа май" деп коюшса, кемип калчудай. Бул нерсе ушунча каныбызга терең сиңиптир андан кутулуу оңой тургудай эмес. "Мен татыктуумун! Бактылуу болууга акым бар " дегенди үйрөнүп коюш керек эле. #жөнэлеойлор
4813  
01.02.2020
- Апа, гопник келе жатат. Кач. - Гопниги эмнеси, кокуй? - Алар адамдын түрү. Көбүн эсе чемичке чагып, же бөтөлкө көтөрүп, сөгүнүп, жерге түкүрүп - какырышат. "Адидас " маркасындагы спорттук кийим кийишет. Адамдарды коркутуп, акчасын алганды жакшы көрүшөт. Кыскасы, тарбия көрбөгөндөр. - Ар бир эле адам гопник боло алабы? Алар каяктан, кантип чыгат? - Алар сүйүү көрбөгөн, көп төпөш жеген катуу үй бүлөдөн же тескерисинче баланын көзүн көп карап, эмне сураса, сатып бере бергендерден, көп эркелеткенден чыгышат. Ата - энеси камсыздаганы үчүн колунан эч нерсе келбейт алардын. Анан ушундай жолду тандап кетишет. - Анда сен деле гопник экенсиң го? Биз деле сен сурагандын баарын алып беребиз го? Анан да аябай эркелетебиз. - Жоок, силер эркелеткен менен мен жамандык жасай албайм да бирөөгө. Бирөөнүн көңүлүн ооруткум келбейт. Анын үстүнө оюнчук алдыргым келбей калды. Бир ойноп эле кызыкпай калат экенмин. Жөн эле акча коротпоюн деп чечтим. Көп оюнчугум жөн эле жатат. Сатсак да болот аларды. - Жетим балдарга алып барып берсек кандай дейсиң? - Жакшы болот. Карылар үйүнө барганда аябай сүйүнүшпөдү беле? Алар да сүйүнүшөт. Бирок сынык оюнчуктарды ыргытып эле салалы. Бүтүн, жаңы оюнчуктарымды берейин. Ансыз деле алар мээрим көрбөйт да. #Ариет Балам экөөбүздүн бүгүнкү баарлашуубуз. Кечинде иш жолугушууман чыгып, караңгы көчө мн келе жатып, чемичке чагып, жерди булгап келе жаткан "гопниктерди" көрүп калып, башталып кеткен маек.
4279   224
31.01.2020
Кыштын чилдесинде жылаңач калып калгандай жан дүйнө кылч - кылч титиреп, тиш тишке тийбей, бүрүшүп, карманаарга тал , жөлөнөөргө зоо таппай, элеңдеп, коркуп, каякты көздөй бут шилтесем, аңга аңтарылып түшпөйм деп турган кезим эле. Үч жыл....жан дүйнөмдү теңтерип, көзүмдү умачтай ачып, жоголуп кеткен "Менимди" жетелеп келип карматкан, кайрат берип, күчтөнтүп, тыңыткан үч жыл...чындыгыман адашыыып жүрө берген экенмин. Таттуу уйкуда болгон жолду да басыш керек болчу тура тагдырымда. Бирок таттуу болду. Ойгонгум келбей, маңдайыма келген сындан баш тартып, башка дүйнөгө качкым келди. Чирендим. Тагдырыма ай балта көтөрүп алып каршы чыгып, аеосуз салгылашкым келди. Кабыл алыш кыйын болду. Ал бороон чапкын бүгүнкү көрө турчу кызыктуу күндөрүмдүн учун эле көргөзүп, көз ымдап койсо эмне? Анчалык чалкаман кетпейт белем? Ким билсин... үч жыл...жаратыңдын бүтөлүп, көз жашың тыйылып, күлгөндү, кечиргенди, кое бергенди, бакытты кабыл алганды, ал тургай, чын дилден сүйгөндү үйрөткөн үч жыл. Ачуусу көп, шыпаасы бар, дабаасы мол үч жыл. Үшүбөй калды жан дүйнөм... #жөнэлеойлор
Загрузка...
5919  
30.01.2020
Таенем айтты эле. "Кыйшактап көрүнгөндүн жүрөгүн ушалабай жөн жүр!" деп. Ал сөздүн мааниси терең үңүлө келсең. "Эркектин да жүрөгү назик болот. Үмүт бергиң келген адамга гана уруксаат бер. Жөнү жок жүрөгү мн ойноп, таштап кетпе. Убалы болот!" дегендик. Эмнегедир эркектердин жүрөгү таш. Сезими жок. Аялдан аял алмаштыра берет деген стереотип бекип калган. Бирок башыма жүн чыкканы эркектин чөйрөсүндө жүрө берип алардын азап чеккенин, көзүнүн тамчысын көрдүм. Биздей эле куурайт, сагынат, жол карайт, ооруйт. Сенден эмне каалап атканын тыңша тек гана. Эмне каалап атканын өзү эле мамилеси, аракети мн эле көргөзүп коет. "С" темасында эле сүйлөп, кармалап - сармалай берсе, өбүшүүгө ашыгып, ач карышкыр козуга көз салгандай караса, сенин жеке көйгөйүң, ичиңдеги жан дүйнөң, маанайың кызыктырбаса, демек, жөн эле убактылуу көңүл ачып тарап кетели дегендик. Сүйгөн адам жаныңда титиреп турат. Денеңе тиймек түгүл көзүңдү тике караштан айбыгат. Сенин кирпигиңдеги ар бир аба ырайына тынчсызданат. Жолугушуудан качуу үчүн эмес, жолгушууга шашуу үчүн миң шылтоо издейт. Сага маанилүү даталарды дайым эстеп жүрөт. Көңүлүңдү көтөрүү үчүн миң чаба издейт. Ууртуңа бүткөн бир жылмаюу үчүн дүйнөнү томкорот. Андан келген толкун сени кошо толкутуп өтөт. Ошону кантип көрбөй коюуга мүмкүн? Сени көзү менен чечинтип, жатып, кайра кийгизип койгон көз өзү эле көрүнүп турбайбы! Сокур эле көрбөй калбаса! Ошону көрбөй, сезбей, сүйүү мн алмаштырып алыптырмын деген болбогон кеп! Өзүң кошо каалап, эртең ал басып кеткенде ага шылтоону үйүштүн бир жолу. Андан келген таза сүйүү байкабасаң, же ага үмүт бергиң келбесе, өзүң сүйбөсөң, колуңду карматпа. Ачык айт. Чечишип ал. Көңүлчөөктүн көчүгү кургабайт болбо. Ал ысык ымала өрттөп аткан ашыктыктан гана пайда болуп, балкытышы керек. #жөнэлеойлор
9911   212
29.01.2020
"Мысли материальны" акыркы убакта эң көп уккан сөзүм. Балким антпей эле тагдырыңа чийилген нерсең сезимиңе түшөттүр. Ошону ойлой баштайсың. Кыялданасың. Ага жакындаган сайын анын өңү, жыты даана келип, чыга баштайт. Кыргыздын туюму, сезими күчтүү. Касиети бар эл эмеспи. Бирок мындай улуу күч бөтөн элде жок болгондуктан балким алар кыялданып анан жетесиң деп ойлойт чыгар? Маселен, Жараткан мага сүйлөө талантын бекеринен бербегендир. Ал тагдырымда болгон үчүн эл алдына чыгуу да тагдырда жазылуу болгон. Эс тарткандан бери экранды элеси андагы сүйлөп жаткан Назира келе берет эле. Чет элдиктер муну кыялданып анан кыялыңа жеттиң дээр. Бирок мен тагдырдагы нерсе гана сезимиме түштү. Алдына ала көрөгөчтүк, сезгичтик деп эсептейм. Жолдошумду биринчи көргөндө эле "Мына, менин жолдошум!" дегем. Алгачкы балам уул төрөлөрүн да билгем. Атасы тун төрөлгөн уулума деп окуп жүргөндө эле Карасаевдин сөздүгүнөн "Ариет" сөзүн тандап алган. Мааниси "ар - намыс" дегенди түшүндүрөт. Демек, анын да сезимине түшкөн. Апам жөнөкөй мугалим жана айлыгы 2000 сом экенине карабай, "Мен чоң университетте окуйм. Болгондо да чет тилин " дечүмүн. Кокусунан олимпиададан жеңип калып эле бекер окууга өтүп кеткем. Мунун баары тагдырымда бар болчу демек. Болбосо, ата - энем музыкант. Балалыгым комуздун башын тиштөө мн, үйдөгү ыр - чоор мн өттү. Андан бөлөк дүйнө көргөн эмесмин. Эмнеге мен музыкант болом, же ырчы болом деген эмесмин? Тагдырымда жок нерсе жүрөккө түшпөйт окшобойбу? Айтор, айтып отуп турсам, мындай көрүнүштөр көп. Бул темада көп ойлондум. Бүгүн бышты көрүнөт. Бул менин гана божомолум. Балким жаңылышам. Бирок, сезимие бүткөн нерсе сөзсүз чындык мн беттешет. Не дедиңер? #жөнэлеойлор
3690  
28.01.2020
Мекенден алыс , бирок мекенге ушунча жакын адамдар. Ала тоо үчүн жанынан баш тартканга даярлар. Кыргызстандын акыбалына биз бир ыйласак, миң ыйлаган, бир толгонсок, миң толгонгон уул - кыздарын көрдүм, тааныштым, сырдаштым. Батып бараткан кемени алып чыга турчулар бар экен деп өчүп бара жаткан үмүт тутанды. "Бизди тентип жүрөт дешет. Биз тентиген жокпуз. Турмуштун чоң университетиндебиз. Бүтүрүп алган соң, кайтып, топтогон тажрыйба, чыйралган демибиз мн элибизди сүйрөйбүз"дешти. "Өлкөдөн узак калган адам гана өлкөнүн кадырын, баркын билет. Мекенде жүргөндө ага болгон мынчалык кусалык, сүйүү, аеоо сезими ойгонбойт беле?" дешти. Бөлүнбөй, бир болгонду, муштумдай түйүлгөндү үйрөнүшүптүр. Жети облустун балдары бир атанын жети баласындай аркасын аркасына жөлөп, Аска зоо болуп, бири бирине күйүп жатышыптыр. Бирин бири сүйрөп, колдоп атып, мигранттын далай маселеси чечилип, Маскөөнү багындырганга киришиптир. Кафе, кинотеатр, сулуулук салондорду, окутуу жайларды ж.б. бизнестерди ачып, боортоктоп боорун сыйрыгандар, тизелеп, тизелеп, тизесин канаткандар өйдө туруп, там - туң басып калганга жарашыптыр. Советник Азамат элдин баарына бизнес жаатында кеңеш бере бергени үчүн "Советник - кеңешчи " аталыптыр. Надыр мырза менен Акжол мырзанын жан дүйнөсүнүн тазалыгын бир көр! Оош - кыйышы көп турмуш менен боору жок Маскөө экөө бириксе да буза албаптыр аларды. Бирөө жылаңач жүрсө, акыркы ыштанын чечип берип, жылаңач жүргөнгө даярлар экен. Акбар мырза оозун ачса, жүрөгү көрүнүп, мекен дегенде жүрөгүн сууруп , салып бергенге даяр экен. Ушунча жакшы көрдүм. Эркеледим. Өз үйүмдөй сездим. Агаларыма чын дилимен ыраазымын. Силердей атуулдар турганда калганы кеп эмес. Мекен башында сап баштап турсаңар, туура жолго жөнөйбүз.