Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5742  
01.12.2019
Аялдын түрү болот. Үйдүн аялы бар. Үйгө кут төшөйт. Аны менен жылуулук кирет. Ырыскы төгүлөт. Үйүңө келсең, таза, тыкан, тамактын даамдуу жыты турат. Балдарды бапыратып төрөп, тууган - урук мн катташат. Ал чыныгы аял. Бакыт тартуулай турчу аял. Сырттагы аял бар. Үй мн байланбай турчу аял ал. Даамдуу тамак жегенди жактырат. Жасап эмес жасатып жеген жагат. Ишин сенден да катуу сүйөт. Иш дегенде ичкен ашын таштай чуркайт. Ак кол, ак чүч болот андайлар. Өзүн сүйүүсү мүмкүн, өзгөгө жетпей калат ал сүйүү. Өзүнүн тынчтыгы, эркиндиги, жыргалы алдыда турат. Эгерде сиз экинчи түрүнө кире турган болсоңуз, сураныч, бир эркектин бактысын байлабаңыз! Кыйратпаган соң, тийип не кажет? Биринчи түргө кире турган болсоңуз, андайлар жолдо калбашы керек! Сөзсүз турмуш куруп, бактылуу болуңуз, бапырата төрөңүз! Турмуш кураарда эркек да, аял дагы мен бирөөнү түбөлүккө бактылуу кылганга кудуретим жетеби деп миң ойлонуп , бир кесиңиз! Өзүңүздүн бактыңызды эмес өзгөнүн бактысын бузган жаман. #жөнэлеойлор
5720   218
28.05.2020
Кандай мамилени өзүңө ыраа көрсөң ошондой мамилени күтөсүң. Өзүңдү кандай бааласаң, ошончолук баада сени баалашат. Бийик койсоң, бийик баалайт. Чаң жугузбайт. Өйдөдө болосуң. Башына таажы кылат. Төмөн койсоң, бут алдында болосуң. Тебелеп, чаңдатып, кирин сүртүп турат. Сындап, көңүлүңдү оорутуп, ишеним көргөзбөй, жан дүйнөң мн эсептешпей жатышса, ойлон! Тык токто! Ал мага андай мамиле кылгыдай, мен эмне кылып атам? Кантип бул мамилеге татып атам? Өзүңдү бийик мамилеге татыктуумун десең, үз мамилени. Артыңды карабай чурка! Мамиле эгер ишенбестиктен куралып атса, борпоң топурак мн салынып аткан үйгө окшош. Жаан, шамалга туруштук бербейт. Кайсы учур болбосун кыйрап түшөт. Сени сүйгөн адам айттырбай эле көрүнөт. Анын мамилесинен дароо түшүнөсүң, тааныйсың. Ал мамиле ырахат, кумар, ишеним, тынчтык тартуулап атса, демек, туура мамиле жана анын баркын бил. А эгер сөзүнөн жүрөгүң ооруп атса, өзүңдү кем сезип атсаң, кыжалаттык пайда болуп атса ал уулуу мамиле. Ууландырат. Бара бара чүнчүтүп, жок кылат. Уулуу адамдардан кутулуу керек экен. Бир эле өмүрүң бар. Ууландырып эмес, гүлдөтө турчу адамдарды тегеректетели. Мамиле кыз - жигит мамилеси гана эмес жашооңдогу баардык мамиле тууралуу кеп жүрүп жатат. Мейли ал ата - энең, бир тууганың, досуң, шефиң, кесиптешиң болсун...үзгөндү үйрөн! #жөнэлеойлор
5712  
28.10.2019
Ушунчалык шашмамын. "Сабыры жок. Түгөнүп калган" деген справка жазып берсеңиз жаңылбайсыз! Жыйынтыкты чагылгандан бат чыгарам. Туура жыйынтык болсо бир жөн. Ии кыйраттым дейсиң да! Кыйратпай калып, бармак тиштегениң болот. Былжырап, чоюлуп, эзилген кишини көрсөм, нерфффим түрдүү музыкада кол ойното баштайт. Тарса - турсмун. Бирок ошонум да тоскоолдук жаратат. Күткөндү, сабыр кылганды үйрөнсөм...Жараткан ар бир сабагында "Төбөң мн жер казсаң да, убактысы келмейин майнабы жок! " деп үйрөтөт. Ичимдеги бир үн жакшы чыйпылыктап "Күт. Кое тур. Ашыкпа. " дейт. Аны уккан бир киши барбы? Уффф, Назира, сабырдын түбү сары алтын экенин бир билсең! Ичимде бир нерсе эле кайнап, шашкалактап турам. Ошону басаңдатсам, жети жолу өлчөп кескенди, убактысын күткөндү үйрөнөм дейм. Дейм эле...убактысы келгиче куурулуп кетет заманам... Ичиңдеги өзүңдү өзүң соттоочуң чокудан ары бир койгондо гана ойгонуп алып ойлоносуң го! Дал ошол мезгил азыр. Бирок бир нерсени үйрөнүш үчүн жаңылыш керек деп жоошутам өзүмдү. Жаңылмайын сабакты кантип алабыз?
5711   130
11.05.2020
Саякаттагы сүрөттөрүмөн тартуулайм. Эң эле сүйгөн хоббим саякаттоо. Башка өлкөнүн тарыхын билүү, тамагын даамдап көрүү, менталитети, каадасы мн таанышуудан артык кызык нерсе жоктой. Бул чакан өлкө Черногория деп аталат. Борбор шаары Подгорица. Европада жайгашкан бул өлкө. Акча бирдиги евро. Кышында абасы 11 градустун тегерегинде болот. Биздин жаз же күздөгүдөй аба ырайы. Жай апрельден эле башталат. Апрель айында деңизине кирип сүзсөң болот. Пляждары мн белгилүү. Түнкү жашоо кайнап турат. Кичинекей өлкө. Адамдары бойлуу, сөөктүү келишет экен. Тамактары эттин түрлөрү, колбасалар жана жер жемиштердин түрлөрү мн белгилүү. Бул өлкө капкара, бийик тоолору мн эсте калды. Болуп көрбөгөндөй кооз өлкө. Имараттары да эче кылымдан бери көркүн бузбай келе жаткан имараттар. Туристтик өлкө. Жайы туристтерге бөлөнөт дешет. Жашоочулары беймарал, жалкоо дешет. Адриатика деңизин бойлойт. Кичинекей аралчалары, андагы мейманканалары көптөгөн туристерди кызыктырат.
5620  
19.11.2019
Кыялдын кемесин минүү керемет! Таттуусунан тандап алып, талпынтып бийииик учуруп, көкүрөгүңө кубанычты байлап, көңүлүң ырга бөлөнүп, ууртуңа жылмайуу бүткөн сонун! Сыртта түн туруп, кыштын ызгаары кылычын көтөрүп алып, кар - борошон сес көрсөтүп жатса дагы ичиңдеги жылуулук, ичиңдеги аруулук, ичиңдеги татуу кыял көзүңдү жамандыктан коруп таңып, кулагыңа кебез болот. Жакшылыкты тыңдап, жалбырттап күйүп учкун жүрөгүңөн жүлүнүңө чуркайт ! Жараткан кыйналып, кысталган учуруңда колдон деп берген эң чоң коргоонуч, калкан - үмүт, кыял, ишеним болсо керек. Түркөйлөр түртмөлөп, колуңдагы ыйыгыңды жерге чачып, кирге чылап, караңгылыкта карайласын дешет! Ишен! Көкүрөгүңдөгү аруулукту чоңойт! Жакшылыкка багыт ал! Үмүттүн илебин чоңойт! Тик тур. Бүк түшпө. Түңүлбө. Түбөлүгүн түз болсо, түйшөлгөндөн пайда жок...Жылмай, жаша! #жөнэлеойлор
Загрузка...
5582  
05.02.2020
Такси чакырдым. Күн мурунтан пландабаган кокусунан чыккан чакырууга бараткам. Такси колдонбогон жаным бүгүн таксиге отургум келди. Кайсы темадан уладык эсимде жок бирок таксист "Аялым кызым 4 жаш кезинде Орусияга кетти. Ал жактан турмуш куруп алыптыр. Кайткан жок. Там талашты бирок кызымды талашкан жок. Өзүм жалгыз өстүрдүм. Мыкты кыз болду! "- деди да, телефонунан сымбаттуу, жылдыздуу, бой тиреп, 23 жашка чыгып калган кызын көрсөттү. Телефонду өпкүлөп, ичи эзиле, көкүрөгүнүн түбүнөн элжиреп, -"Жүрөгүм го, жүрөгүм. Өпкөм да бул менин! Кызым үчүн баарын жасабайымбы!" деп, анын мектепте эң алдыңкы окуучу болуп бүтүргөнүн, азыр чет өлкөдө окуп, тил боюнча чет элдик окуучулардын арасынан олимпиадада биринчиликти алганын чын дилинен сыймыктанып, көкүрөгү көөп, тынбай сүйлөп, улам кылчактап мени карап сөзүн улап келе жатты. "Кызыма катуу тийбесин деп турмуш кура элекмин. Башка бала көргөн жокмун. Болгон көңүлүмдү, күчүмдү, тапкан - ташыганымды ушул кызга арнадым. Уядан учуруп коюп, анан өзүмдү ойлойм"- деди. Кызын айткан сайын көзү жайнап, көйнөгүнө батпай, шедиреңдеп кеткенине суктанып бараттым. Мынчалык балага үйрүлүп түшкөн атаны биинчи көрүшүм анткени. Ичимен "Атоу!" дегим келди. Мойнуна оролуп, эркелеп, бир саамга болсо да, аталык эмне экенин, анын мээримин сезип , балкыгым келип баратты. Көзүмө жаш толуп, мууна түштүм. Ушунчалык ага зар экеним эсиме келди. "Азаматсыз! Кандай сонун сиздей аталар бар?! Кудай сизге чоң оозыйпа арткан экен. Жараткандын тапшырмасын сонун аткарыптырсыз! Жубайыңыздын милдети төрөп эле бериш болгон экен. Сиздики багыш. Ага таарынбаңыз. Кое бериңиз. Кечириңиз ээ сөзсүз? Аны кандай кое бергенде сиз да тынчтыкты анан бакытты табасыз!- дедим. "Аялым кетпесе балким кызым мынчалык акылдуу, кыйын кыз чыкмак эместир. Көңүлүнүн түбүндө мага жардам бергиси келди го, ээ?- деди. Албетте, ата - энеси жарым жартылай болгон бала экинчи ата - энеси тарабынан да ташталышынан коркуп, өзүн "Мен мыктымын. Мен сенин балаң болушка татыктуумун!"дей баштайт экен да, баардык чабасын көрсөтөт экен. Жашоодо жем болбоштун, жалгыз калбаштын, тирүү калыштын аракети го, сыягы. Жалгыз тырбалаңдаган ата - энени көргөндө жардам бергиң келет. #жөнэлеойлор
5473  
08.01.2020
"Кыргыз радиосу" тынымсыз сүйлөйт үйдө. Үйүбүз тыкан жыйылып, арча түтөп турчу дайым. Чоң энем таза киши эле. Кобуранып калыңдатып салып алган жер төшөгүндө жүн тытып, жип ийрип отурат. Маасысы укмуш сонун жыттанып атканысып, чап кенедей жабышып жатып алам. Сербейген чачым ийикке кирип кетип, чаңырып жатып калам. "Капырай, анан жабышпай ары жатпайсыңбы! "деп тилдейт энем. Заматта чукчуңдаша кетебиз да кайра радиого үңүлөбүз. Укмуш сонун чыгармалар, спектакльдер, жомоктор окулат. Көп адатымды, кыялымды, мүнөзүмдү тарбиялап, көкүрөккө уюгандын көбү дал ошолор чыгармалардан келдиби бейм? Эмнегедир байларды жек көрүп өстүм. Бай адам десе эле эл душманындай тикчийип жаман карап, ичимен жек көрүп калат элем. Отуз жашыма келип алып, байларга, акчага болгон жек көрүүм кайдан болду экен деп көпкө ойлонуп отуруп, илгерки бай - кедейге бөлүнгөн жомоктордон калыптанып калды го деген ойго кептелдим. Эмнегедир кедейлер уяттуу, акылдуу, тартиптүү сүрөттөлөт дагы байлар түрү суук, челектей курсактуу, адамгерчилиги жок, көзүн май баскан, адилетсиз, ууру катары айтылат. Ошол элес мээге бекем отуруп алып, университетти бүткөн кезде акчалуу жигиттерди чанып, акчасы жок, бирок акылдуулар укмуш каарман көрүнүп туруп алды. Отузга чамалап калганымда гана акчанын маанисин, ал жок болсо, балаң ачка, үстүңдө үйүң жок көчөдө калаарыңды билдим да ага болгон мамилемди түздөй баштадым. Мурун жинди кишидей эле бекер иштеп жүрө бериптирмин. Эмгегиңди баалаганды да билиш кк экен көрсө. Колунда бар досторумдун жомоктогудай көөп, жер баспай, асмандаганын деле байкаган жокмун. Тескерисинче кайрымдуулук өткөрүп, ак эмгеги мн күнү - түнү иштеп, маңдай терин иреттүү чогултуп, аларды туура каржылаганды билишерин көрдүм. Кызыгы, өмүр бою бардар жерде чоңойгондой, көкүрөгүм ток болду. Азыр эмгекчил адамдын акчасы болооруна көзүм жеткен соң, аларга болгон сыйым ойгонду. Акча бул - энергия. Туура колдонуп, ордун билсең, колуңа түшө баштаганда телтектеп көөп кетпесең эле баары дурус болчудай. #жөнэлеойлор P.s. Бул жакынкы арада чыга турчу "КыялКЭШтер" фильмибиздин чакыруу билети. 16 - январдан тарта баардык кинотеатрдан көрүңүздөр!
5453   291
01.07.2020
- Сиз баланы сооротконду билбейт экенсиз! ⠀ - Эмнеге? ⠀ - Бир жолу атам экөөң ажырашканда ар кандай аталар болот. Айрым аталар балдарын же апасын аябай сабайт. Айрым учурда өлтүрүп коет. Ошон үчүн аларга салыштырмалуу атаң жакшы жана сени жакшы көрөт" дегенсиз. Мен ошол аталарды эстегенде ыйлагым келет. ⠀ Муну укканда оңтойсуз боло түштүм. Ал окуя эсимде жок негедир. Анын башка бүлө күткөнүн жумшартыш учун балким айткандырмын. Башкача салтыштыруу керек беле ким билсин? Айлам куруганда балам мендей өзүн ташталган сезбесин десем керек да. Бир саамга унчукпай калдым. Тынчтынымды уулум кайра эле суроосу менен бузду. ⠀ - Апа, атаңды сагынчу белең? ⠀ - Албетте, балам. Жол карап күтчүмүн. Бирок келген жок. Анткен мн кийин издеп, таап бардым. Тааныштым. Мага караганда сага тагдыр жылмайыптыр. Телефон аркылуу сүйлөшөсүң. Бир жумада бир болсо да көрүшөсүң. ⠀ - Бир айда бир. ⠀ - Айырмасы жок, балам. Бирок сен анын бар экенин жана сени жакшы көрөрүн билесиң. Эң башкысы башы аман. ⠀ ...дедим. Тагдырыбыз окшошуп калганына ичим "тыз" дей түштү. Жашым тегеренип кетти. Ар ким өз атасын эстеп аткан чыгар жымжырттык өкүм сүрдү ортодо...