Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5411  
20.11.2019
Аялдын да түрдүүсү, түстүүсү, таттуусу, ачуусу болот. Айрым аялдар эркекти анын жөн эле жашоодо бар болгону үчүн сүйөт. Ал арыкпы - торукпу, узунбу - кыскабы, байбы - кедейби маанилүү эмес. Анын жандында тынчтык табат. Ал байпагын башына кийип атса деле сүйкүмдүү көрүнүп, ичи эзилип, ысып турат. Андай аялдар баеоо келет. Жашоого күлгүн көз айнек мн карагандар ушулар. Жакшы сүйлөгөндүн баарына ишенип, кулак куюлуп эле тушуп калат. Адатта алар романтиктер. Көчөдөн какым үзүп берсең деле бүт дүйнөнү алып бергендей чоңойтуп көрөт. Жашоого реалдуу караган аялдар бар. Аларга жомок не канает! Бүгүн, азыр кылсаң, кылып кал! Кылбасаң, жолтоо болбой жогол. Мындай аялдын тиби мырзалардын өзүн эмес, алардын түзүп берген шартын сүйөт. Ал берген кучак толо гүл, унаа, батир, баскан - турганына акча...материалдык баалуулукту баалаган кишиге мындай шарт майдай жакпайбы?! Алдыңкы планга шарты анан кийин өзү чыгат. Кокус, ал адам банкротко учурап, шарты жок боло баштаса, башы оорбубай эле таштап кетет. Жүрөгү ооруп кыйналып, романтик аялдардардай бырылдап жылдар бою ыйлабайт. Бат эле башка шарты мыкты эркектерге аңчылык издеп жөнөйт. Биринчи типтен экинчи типке өтүп кеткендер бар. Экинчи типте жүрүп, баарынан тажап, биринчи типке киргени бар. Туубаса, биринчи тип болуп, өмүр бою романтик бойдон калганы же өмүр бою реалист болгону бар. Ар кимдин өз тандоосу! #жөнэлеойлор
5404   580
17.03.2020
Үч ай болду энтиккениме. Дем ала албай, кара терге түшөм. Түндөсү уйкум келет. Жатсам, демим кысылат. Отуруп алып уктайм. Үч айдан бери астма мн алышкан адамга короновирусуң коркунуч деле жаратпайт. Укол, капельница, даары алдым. Гормоналдык да алдым. Астма мени мн балалыгымды талашты. Өмүр бою эле келе жатат. Психологиялык себебин аныктап чыгуу кажет. Луиза Хейдин айтуусу боюнча балдардагы астма "Жашагысы келбегендик" катары каралат экен. Чоңдордогу астма "Сезимдерди басынтуу, жашыруу. Өзүң үчүн жашай албагандык" делинет. Изилдеп чыгып, түйүлдөк кезиңдеги көйгөйлөрүңдү чечпесең, өмүр бою кыйналчудайсың. Оору дагы бир нерсе айткысы келет. Жан соолугуң аксаган учурда гана ден соолуктан көрүнөт ал нерсе. Демек, жан дүйнө тынч эместигин айгинелейт. Дем алуу жашоо эмеспи. Эмнеге дем алгандан дене баш тартып атат? Жашагым келбей атабы? Суроом көп.. #жөнэлеойлор
5370   232
16.10.2019
Бир көңүлүм калган адамга экинчи мүмкүнчүлүк берип, кечиргеним мн ишеним артуум кыйын экен. Кечирдим дейсиң, кек сактабайсың, бирок...алар казып кеткен бир чоң боштук жатат. Миң кечирим мн толтурсаң, да орду толгус. Мен аларды чын эле кечирдим болдум бекен? Деги эле кечирим деген эмне? Бирөөнү кечиргениңди кантип билесиң? Таарынган адамыңа кайдыгер карап, ал тууралуу ойлонгондо эч кандай сезим болбосо, кечиргендик болуп саналабы? Алыскы адамга таарынбайт экенсиң. Сага ылай чачып атса дагы беймаралдык бар. Байкаганым, көңүлгө кирген гана адам көңүлүңдү оорутуп, ичиңдеги ар кыл сезимди козгоп чыгат тура. Бир көңүл калган соң, жаныңдан артык көргөн адамың чочун адамга айланып калганы кызык. Кечээки күнүң, ал мн болгон мамилең артта калып, жашооңдо деле болбогон сыңары, бейкапар жашооң уланат. Жан дүйнөң миң түркүн адам мн толукталып, артка кылчайганга убакыт табылбай, жүткүнүп, алдыга гана чуркайсың. Көп жакындарыңдын барган сайын изи муздап, заты түгүл аты өчө баштайт. Бекеринен көзүңдөн ыраак калган адам көңүлдөн да ыраак турат дебестир... #жөнэлеойлор
5322   295
31.03.2020
Көрүнгөн идеологияны туу тутуп, көрүнгөн этекти кармап, көрүнгөн жакта адашкан кыргыз. Көрүнгөн жакта, көрүнгөн жерде, көрүнгөн элде көр тирилик көргөн кыргыз. Иса дейт, Аллах дейт, Иисус дейт...дейт кыргыз. Түбүң ким, атың ким, затың ким билбейт, кыргыз. Шире кийип башына Жоломан экенин унуткан сындуу...Дөнөнбайды тааныбай, дөөрүп калган маңкурт сымал... тилиң кайсы, дилиң кайсы билбейт кыргыз... "Меники чын" дейт бирөө. Баары аны ээрчийт. "Жаңылган жолдосуң" дейт экинчиси, калганы ээрчийт. Чындыгын билбейт. Чымындай жаны чыркырайт. Көр топурак тыгып алып көөдөнгө сайга чыгып, аңга түшүп, миң жыгылып, миң чалынып, миң сыгылып баратат кыргыз. Эй, кыргыз! Ойгон, кыргыз! Оюбуз бир, жолубуз бир! Бир жакадан баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарып, эл журттун ажырагыс бүтүндүгү үчүн, улут аралык ынтымак, достук жана кызматташык үчүн күйүп, атуулдук ариет, улуттук ар намысыңды коргоп,арыбас мээнетиң менен алдыңкы өнөр - билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтул! Гуманиз, айкөлдүк, кечиримдүүлүк орносун жан дүйнөңө! Табиятты кордобо, таттуу мамиледе бол! Тааны өзүңдү! Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңда! Аны көзүңдүн карегиндей сакта! Эй, кыргыз, бир түндүктүн алдында бирик! Бөлүнбөй жүр! Бөлүнсөң, бөрү жеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет! Ынтымагы жок дебе! Бир бирден болсок, таякты сындыргандай бат сынабыз. Ынтымак болсо, ырыс да келет. Сындыра албайт бизди оор күн дагы! Эй, кыргыз, ойгон кыргыз! Кулдук эмес мүнөзүң! Баатырсың сен! Эркинсиң! Ажылдаган аялга окшош эмес мүнөзүң! Айкөлсүң сен! Бийиксиң сен! Тунуксуң сен! Ушакташып, урушуп, ирип турган көкүрөк жок! Ыйыкты, касиетти жаза баспай, кыт кылып, жаманды эмес жакшыны илип турган көкүрөк бар! Ойгон, кыргыз! #жөнэлеойлор
Загрузка...
5303  
25.09.2019
Чоң энемдин "болбойттору" же "жаман болоттору" : 1. Бутуңду тартпа, жаман болот 2. Тамак ичкен соң, дароо жатпа." Акылы жокту алып урам". 3. Керилбе, жаман болот 4. Тырмакты кечинде алба, жаман болот. 5. Күүгүмдө уктаба 6. Күлдү тебелебе 7. Кыз киши тамакты колунун чуңкурчагына гана теңеп ичиш кк 8. Ары карап ыйлаба 9. Чоңдорго аркаңды салба 10. Малдаш токунуп отурба 11. Кечинде түш айтпа. Жаман түштү жоорутпа. Сууга агыз 12. Эстегенде колуң менен оозуңду жаап алып эсте. 13. Эркекти аттаба, теппе, кийимин тебелебе, баш кийимин бийик кой... 14. Баш кийимди тебелебе, бирөөгө бербе... 15. Акырын, аз сүйлө, сыпайы күл, зымырайып жүр... 16. Чачыңды жазба 17. Бөйрөк таянба 18. Таяк таянба 19. Чөмүчтөн ичпе, күйөңдүн мурду чөмүчтөй болуп калат 20. Тузду төкпө. Кошунага туз бербе 21. Жакындарга ит бербе. Итче ырылдашып каласың. 22. Сөөктү таза мүлжү. Аялың/ күйөң сулуу болбой калат 23. Тамакты эки колуң мн кармап же 24. Эшикти теппе 25. Кыбыланы теппе 26. Шыпыргыны тик койбо 27. Жер таянба ...... 28. Үшкүрбө. Этегиңди уй жегир! 29. Кол жууганда колуңдун суусун силкпе! 30. Босогону тебелебе. 31. Эшикти кулачтаба. 32. Күкүмдү тебелебе 33. Бешикти бош терметпе 34 . Сөөмөй мн көргөзбө 35. Идишти жууп жат. Шайтан - шабырлар аралап кетет 36. Акты кечинде бербе 37. Кечинде жылаң баш чыкпа 38. Тамакты шоркуратпай ич. Оозуңду жаап чайна 39. Жаак таянба 40. Жипти моюнга салып ойнобо. Анты болот. .....эстегенде толуктайм .. .
5286   324
18.03.2020
Бир эле теманын айланасында сүйлөп, наалып, ашатып, сөгүп, коркуп атып далай негатив чакырдык жашообузга. Шорпо - шилең ичип эле чуркап кетет кыргыз. Андан көрө жаз келди. Сүйүү жааты кантип атат? Кимдин жан дүйнөсүндө уйгу - туйгу? Жашооңордо кандай сонун жаңылык болду? Ошол тууралуу сүйлөшөлүчү? Өзүмдөн баштайын. Анатолий Некрасовдун "Путы материнской любви" китебин окуп бүтүрдүм. Психологияда өзүмдү өнүктүрүү боюнча сабакка бардым бүгүн дагы. 1 - модульду аяктадык. Көп билим алдым. Жашоомдун жакшы жакка өзгөрүшүнө, өзүмдү дагы жакшы таанышыма өбөлгө түзүлдү. Ютуб каналым жанданды. Буюрса, дагы бир иштин артынан чуркап жүрөм. Бүтөйүн деп калды. Күйөрмандарымдын каалоосу, суранычы боюнча аткарылган иш. Жаздын келиши мени абдан кубантып жатат. Чымчыктын сайраганын уккан абдан жагат. Көйнөк, така кийип, кыздар ачылып баштадык. Көптөн бери диетада болчумун. Бүгүн рамен жедим. Ушунчалык ырахат алып жедим. Бүгүн кечке уктадым. Бул да чоң ырахат! Сизчи? Келгиле, позитив флешмобун өткөзөбүз? Ар ким өзүнүн жакшы жаңылыгын айтат. Баардык оюбузду жакшылыкка топтоп, оозубузга сонун сөздөрдү гана алабыз. Колдойсуңарбы?
5282   224
25.05.2020
Куралдын ырчылар бай эмес деген видеосу жакты абдан. Биз артистер бири бирибиздин жашоо - турмушубузду билебиз да.  Сырттан көргөн адамдар укмуш, жыргал жашоо, бай жашоо ушулардыкы дешет. Чет өлкөдө болгондур. Бизде андай жок. СССР дин Эл артистери бир бөлмөлүү жатаканада жашашат. Белгилүү,  белдүү актер, актриса эжелер он миңге жетпеген айлык акы алышат. Бирок тырбалаңдап, тигил жакка чуркап, бул жакка чуркап бирдеме кылып жүрөбүз. Мамлекеттен "Келе " деген жерибиз жок. Жардыбыз. Анан оңдуу унаа айдап калсак, аны аябай кыйкырып мактанабыз. Оңдуу үйдө жашап калсак, аны аябай түз эфирге чыгып алып жар салабыз. Оңдуу көйнөк кийсек, кайра - кайра басабыз. Көрбөгөндүн көргөнү курусун! Анан эмне кылабыз?)))) Курал экөөбүзгө окшогондор тапкан ташыганын алгач ата - энебизге чаптайбыз. Алар оңдуу үйдө жашасын, жөө баспасын дейбиз. Өзүбүз эптеп бир бөлмөлүү батир алып жашайбыз. Бирок өлө бактылуубуз. Жүрөгүбүз тынч. Ата - эненин карызынан кутулуп аткандай.  Анан эле эл сенде жокпу дешет. Ылайым болсун! Оозуңарга май! Өткөндө бир ырчы квартирасынын акчасын төлөй албай атканын жазды эле. Айрым адамдар "Сооп болот " деп аябай ичиндеги кусундусун төгүшүптүр. Коррупционерлерге төккүлө да ызаңарды! Ырдап анан сүйлөп алган акчабызда эмне айып?? Азаматсың, Курал! Чындыгың үчүн рахмат!
5272   79
16.12.2019
Мен эмнени түшүндүм. Элдин көбү өз аркасын гана ойлоорун түшүндүм. Досум,- Өзүңдү куткармайын, өлкөнү кантип куткарасың? Курсагы ачка бийиктикти ойлоно албайт. Курсактын камын ойлойт,- деди. Аң сезимибиз жетиле элек, курсагыбыз тое элек шекили. Чамгарактаганга эрте көрүнөт. Кайсы өлкөнү мекен кылам дегени көп тегерегимде. 2020 - жыл - акыркы үмүт. Кол түшүрүп, келечектен күдөр үзүлүп, өз деген өздүгүң иштеп, сай сайлайбыз. Өзүбүздүкүн агалай албай, өңгөнүкүн сагалаганы кетет окшобойбузбу? Соодагерлерлик деле каныбызда жок эле. Илгери бабалар соода кылганды намыс көрчү экен. Бирок соолашууну ушундай жакшы үйрөнүптүр урпактар. Мекенин, жерин, жакынын түгүл көчүгүн, көчүгү бүтүп, жанын кошо соодалап, ыңгайы келсе сатып ийип жатышат. Менеджменттик, маркетологдук сапатыңарда жакшылыкка колдонсоңор деле ажеп эмес болчу. #жөнэлеойло