Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6215   285
02.05.2020
"Уулум, бул сенин таятаң" дедим сүрөттөн көргөзүп . "Айиий, сулуу киши турбайбы! " дедиң. Сен экөөбүз тең ага окшошпуз. Өзгөчө ырсактап тийишип, тамашалашып, какшык аралаш сүйлөгөн жагыбыз окшош ага. Музыкалык талантың, чопо чоордо ойногонуңан бери окшош. Атасына таарынган кыз жашоосунан бакыт таба албайт дешет. Ажырашканда гана кечире алуу күчүм ойгонду. Анткени таарына турчу дагы бир адам кошулуп, көтөргөнгө жүгүм оор болуп калды. Көтөргүм да келген жок. Уулуң турганда эркек аттууга таарынуу оңой эмес иш экен. Мен сени жакшылап тааныш үчүн, эркектик касиетиңди өстүрүп, тебелеп албаш үчүн аларды жакындан таанып, кабыл алып, кечирүүм керек эле. Аталар ар кандай болот экен турмушта. Жаралганыңа эле көмөк кошуп, жашооңон биротоло четтеп кеткени болот. Анын миссиясы жөн гана жаратууга жардамчы болуу. Ал тургай ал өзүнүн жоктугу менен болуп көрбөгөндөй эбегейсиз сабак берет. Кандай сабак бере алганын өзүнчө жазаармын. Айрым аталар үйрүлүп түшөт. Коруйт. Баласы үчүн дүйнөгө каршы чыкканга даяр. Аталар бар. Сенден алыс жашайт, бирок баласынан кол үзбөйт, жардам берет, жанында экенин сездирет. Аталар бар. Апасын да, балдарын да күм - жам кылып күндө төпөштөйт. "Ушундан көрө жер кучаткап жатса не?" дешет балдары. Жек көрүшөт. Аталар бар. Жер кучактап жатышат. Алар сөөлөтү, аты, качандыр тирүү кезинде калтырган элеси, баскан турганы мүнөзү мн тарбиялашат. "Атам мындай болчу! Атам тирүү болгондо..." деп тарбияланат алар. Аталар көп. "Ата" деген сөздүн түпкүрүн ар ким ар кыл кабылдайт. Аталуу кандай экенин билбейм. Атага эркелөө, анан сүйүүсүн сезүү кандай экенин да көргөн эмесмин. Бирок, мени жаратканга коңкон салымы үчүн ушундай ыраазымын. Ал менин жашоомдун бир бөлүгү. Кандай гана болбосун кабылдоого тийишмин...#жөнэлеойлор
6194  
10.02.2020
Атам - Темирбек, Чоң атам - Бакас Бабам - Айтбек Жете- Сүркө Жотом - Байтүгөл Зимин - Асан Кубарың - Толубай Наркың - Черикчи Задин - Кудайменде Зилин - Жаныбек Тегин - Элтинди Кубат - Бозтери Таяныч - Түнтей Медет - Каба Урук - Сарык Уруу - Саяк Оң канат - Муратай Өзөк - Сурантай Өбөк - Алымбек Жөлөк - Алдаш Асаба - Сапарбек Ураан - Кокумбек Улут - Жакыкбек Ууз - Тегизбек Уютку - Бекчоро Уюл - Чубак Түймө - Акбалта Туюк - Нойгут Ура! Таптым! Атамды тамтаңдап издеп таап барып, сурасам, "Билбейм!"дейт. Ага да жиберип койдум. Жети атасын билип жүрсүн. Текти билип, изиңди сурап, бабаңды, каяктан келдиң, кандай неменин уругусуң билип жүрүү кажет го. Эми Тоңго Кара талаага бара элекмин. Ал кандай жер, тууганым ким, аталарым кандай киши болгон сурасам, сонун болмок. Тууган - уруктарым деле "Карындашыбызсың!" деп чакырабы десем, унчугушпайт. Алар чакырбаса деле "Мен силердин тукумуңармын!" деп уят кылып барып алайын да эмне болоор экен? Алмаз Карыпбаевич Мотиев @almazmotiev , агам менин, рахмат! Ит мн издегендей издеп жүргөм бул маалыматтарды. Эч ким таап бере албай жатты эле. Саяктан кийинки аталарымда манасчы агам Дөөлөт Сыдыков @doolotsydykov таап берди. Ыраазымын!
6144  
04.01.2020
"Күйөгө тий, Назира. Жалгыз калба, жалгыз болбо. Төрө. " Мага айтылган эң көп кеңеш ушул. Мага эмне бакыт алып келе турганын ким, кайдан билсин? Менин көңүлүм мн эсептешкен болдубу? Ар бир адамга барып алып жан дүйнөңдү, андагы болуп аткан кубулушту айта бербейсиң да. Жөн гана күлүмсүрөйм, баш ийкейм. Болбосо, оюм башкада. Жалгыздыкты коркунуч катары карашат. Көңүлүңдүн, көкүрөгүңдүн боштугун башка адам мн толтуруп, жалгыздыгыңды башка адам мн кооздоо мүмкүн дешет. Жан дүйнөсүн айыктырыш үчүн жар күтөт. Бала баарына бакыт болот дешет. Болоттур, балким, бирок дайым эле эмес. Кепилдик бере турчу эч ким жок. Жалгыздыкта бакыт тапмайын башканын жанында табыш кыйын. Тегерегиңде миң киши тегеректеп турса да жан дүйнө жалгызсырашы мүмкүн. Жашооңо бирөөнү алуу менен көңүлүмдүн жарасы бүтөлдү деш кыйын. Адам жарты кезинде бирөөнү толуктай албайт. Өзүн толуктап, бөксөсүн толтуруп, өзүн эптей алганда гана өзгөгө жар болот, көмөк болот. Баланы да дартыңа дабаа кылыш үчүн жаратпа. Дабаа болбой, санаа болуп калса, ачууңду андан чыгарасың. Өзүң айык. Бакытка тун. Ошондо гана балага бакыт бере ала турчудан болосуң. Күйөгө тийдим. Анан? Түйшүктөн арыламбы? Аны да караш керек, күтө билиш керек. Кир - когу, тамагы, көңүлү, төшөгү бар. Анын өзүн эле эмес анын артында турган тууган - уругу менен кошо күтөсүң! Алым кетип турат азыр. Бирөөнү бактылуу кылышка күчүм да, каалоом да жок. Элдин түртмөөлөсү, кеңеши мн жар күтүп алып, жардан алыс ыргыганы канча? Эч качан эч кимдин сөзүн укпа. Жашоо сеники. Көңүлүң менен гана кеңеш! Күйөгө тий, төрө дебегилечи! Бакыттын жалгыздыктан таба албасам эгер, жар күткөндө таба албайм. Аны да, өзүмдү да кыйнап кажети канча? Жаратың менен барып, кимге жардам берип, кимдин жаратын айыктырып, кимге жар болосуң???? Шайым кетип турат. Болгон күчүмдү азыр уулума эптеп чыпкалап берип атам. Айыгайынчы! Ааламымды айдың кылып, арыгымды толтуруп анан ойлоном. #жөнэлеойлор
6141   219
12.03.2020
Көрүнгөндүн тагдырына бышактап ыйлай бермей адатым бар болчу. Көчөдөн кайырчы көрсөм, ага ыйлайм. Бирөөнүн тагдырын уксам, буга ыйлайм. Өзүнчө эле Асан кайгы! Адамды кой жан - жаныбарга да бырылдап ыйлай бермей. "Боорум ооруп атат" сөзүн көп кайталадым. Жашоомдогу эң көп айткан сөзүм ушул болсо керек. Анан чын эле физикалык жактан боорум ооруп, даарылап, айыктым. Бир жолу бир китептен бирөөгө боор ооругандай кимсиң деген сөздү окуп калдым. "Боор ооруу менен сен аны басынтып, өзүңдү өйдө сезип атасың", - деди. Ар бир адамдын ой - жүгүртүүсүнө, деңгээлине, билимине, көз карашына жараша өзүнүн тагдыры болот экен. Айрым учурда аларга жардам берүү менен жүгүн өзүбүз көтөрүп алып, Жараткандын ага берген тапшырмасын аткарууда жолтоо болот экенбиз. Жараткан берчү сабакка тоскоолдук жаратат экенбиз. Азыр ар кимдин көтөрүп жүргөн өз жүгүнө карата мыйзам ченемдүү көз караш пайда болду. "Демек, Жаратканымдын билчүсү бардыр. Кийлигишпейм" деп калдым. Таптакыр кайдыгер болуп кетүүнүн да кажети жок. Боло албайсың дагы. Адам болгон соң, жүрөк аттуу бир муштум этиң көрмөксөнгө сала албайт, бирок чеги мн. Оор жүгүбүз эмнени көрсөткүсү келип жатат суроосу менен алек бололу! Жараткандын сабагын үйрөнмөйүнчө өмүр бою жүктүү жүрөсүң. #жөнэлеойлор Photo by @djanjyldyza
Загрузка...
6016   173
27.06.2020
Гүл жыттагыла! Жашоо сени акырга түртүп койсо дагы гүлүн изде. Жеткен жаман адам болуп, жаныңды кашайтып атса дагы жакшы сапатын көр. Ишиң жүрүшпөй, кыйчалыш болуп атса дагы жакшыдан үмүт үзбө. ⠀ Жан дүйнөнүн жетилген мезгили келди. Мурункудай кандай унаа айдап жүрөт, кандай үйдө жашайт, кандай кийинип жүрөт, тегереги кандай адамдар деген түшүнүк эскирди. ⠀ Кычырагандарды ээрчип, акча кытыратса эле чуркап, бийлигин сүйүп, байлыгына көз арткан заман кетти. ⠀ Жан дүйнөнүн сулуулугун издеген заман азыр. Билимдүүнү этектеп, бийиктикке аброй күтүү үчүн эмес бийиктикке көптү көрө билүү үчүн чыккан убакыт келди. ⠀ Бакыттын баары жөнөкөкөйлүктө болот. Жупунулук мындан ары кедейликтин белгиси эмес, адамгерчиликтин, көкүрөктүн кеңдигинин белгиси болуусу керек. #жөнэлеойлор ____________________________________ Сүрөттү тарткан: @san_imanov Боегон: @venera_vizazh Тартылган жери: @maryotel_bishkek
5995   242
23.03.2020
Бирөөнүн көзүнө жакшы көрүнүү адаты бар бизде. Үлгүлүү болуш керек сөзсүз. Кошуналар, туугандар "Карачы, элдин баласын!" деш керек. Үлгүлүү болбой калсак, эл эмне дейт? Адар жакшы көрбөй калат да. Алар мен тууралуу жаман ойлоп калат. "Мени жаман ойлоп калат" коркунучу эң көп жашайт. Бирөөгө жакшы көрүнүү менен өзүбүзгө болгон бааны көтөрөбүз. Кантип жакшы көрүнөбүз? Эл эмне десе, элге эмне жакса, ошону кылабыз. Элге жагат ал нерсе бирок бизге жакпайт. Жакпаса деле эчтеке болбойт. Иши кылып элге жаксын. Эл жактырган мүнөздү күтөбүз. Эл жактырган, туура деп эсептеген тамакты жейбиз. Эл жактырган мектепте, жогорку окуу жайда окуйбуз. Эл чечим жасаган ийримге барабыз. Эл жактырган эрге тийебиз. Эл жактырган аялды алабыз. Эл жактырган, туура деп эсептеген, мода катары каралган жумушта иштейбиз. Эл жактыргандай өзүбүздү алып жүрөбүз. Эл жактырган ишенимди тутунабыз. Кыскасы, эл жактырат, бирок ичибизде күн сайын ит өлүп атат. Кыжырдануу пайда болду. Анткени ал тандоо бизге жакпайт. Жек көрүү пайда болду. Анткени ал жолду эркибизге койсо тандамак эмеспиз. Көз артуу , ич күйдүлүк пайда болду. Башкалар өз ырахаты үчүн жашап атат. Агрессия (жин келүү) пайда болду. Анткени жашооң сен каалагандай, сенин кыялыңдагыдай өтпөй жатат. Бирөөнү кемсинте баштадың. Жыргап калдың. Бирөөнү сөгө баштадың жеңилдей түштүң. Бирок анткен сайын сазга батып баратасың. Токто! Дем ал. Ой жүгүрт. Бир келген өмүрдө сен каалаган ырахаттуу жашоого акылуусуң! Ырахаттуу өмүр сүргөндөн корккон бар. Өзүн күнөөлүү сезе баштайт. Туура эмес кылып атам дейт. Анткени өмүр бою башкалар койгон эрежеде, калыпта жашаган. Сен өзүң каалаган окууда окуу, сүйгөн ишиңде иштөө, жакшы көргөн тамагыңды жеп, жакшы көргөн адамыңдын колун кармоо, сага жаккан жашоону тандоо туура! Эч качан кеч эмес. Азыр бурул. Бурулуш жаса! Жашооңо, жан дүйнөңө революция кыл! Өзүңдү бактылуу сез! #жөнэлеойлор
5986   258
28.03.2020
Басайын десем, бутум баспай, кыйкырсам, үнүм чыкпай кыйналдым. Адаттагыдай кара кишилер келди. Кыткылыктап улам каткырат. Жатаканадамын. Жанымда уктап аткан кыздар бар. Жок дегенде кыйкылдап чыгып аткан үнүмө бирөө жарым ойгонуп, мени ойготсо дейм. Көзүмөн өтөт тим эле. Болгон күчүм менен алыштым. Чоң энем үйрөткөн чала бучук келимесин айтам, жардам бербейт. Кара терге түшүп алышып атып, шайым ооду көрүнөт. Бир кезде ак кийинген бир апа келди. - Балам, антип жеңе албайсың. Жүрөгүңдү тазала! - деди. Мен таарынткандын, мени таарынткандын баарынын аттарын атап, бирөөнөн кечирим сурап, бирөөнү кечирип, Жаратканга жалбарып, көкүрөгүмдү тазалап берүүсүн өтүнүп, билип - билбей кетирген айыбымды кечиришин тилендим. "Көралбастык, кызганычты алып сал"- дедим. "Жан дүйнөм таза, жүрөгүм таза, көңүлүм таза" дей бердим. Бир кезде менден ак бууга окшош нерсе чыкты , караларды алгачкы ирет жеңди. Болбосо, тээ балачагыман бери басып, кыйнашаар эле. Андайда байкап калган чоң энем мени ойготуп, макисин алып чыгып, өзүнчө кобуранып, башыма жаздайт. Чоң энем да а түгүл үнү чыкпай, кыйналып атып, бир кезде кыйкырып ойгонот. Жакасын карманып, сүйлөнүп, албарсты басты деп коер эле. Студент болуп келип, араң жеңдим. Андан кийин мени антип кыйнабай калды. Кийин турмуш курганда дагы басты. Баягылар эле. Кадимкидей келбети бар, сүйлөшөт, каткырат, капкара болгон немелер. Демим чыкпай энтигип, дагы күрөшөм. Алым жетпей, эми мына деп кол түшүрөөрдө ак кийинген апа дагы келди. Жолдошум мн уулум уктап аткан. Апа уулумду көрсөтүп, - Уулуңдун көкүрөгүн карачы! Кандай таза? Көкүрөгүнүн тазалыгын көкүрөгүңө сал!- деди. Кочуштап уулумдун актыгынан алып, көкүрөгүмө салып, - Баламдын жүрөгүндөй жүрөгүм таза! Адалым көп. Кечир мени, Жараткан! Мен да көңүлүмдө калгандын баарынан кечирдим. Көңүлүн оорутсам, кечирим сурайм. Жан дүйнөм таза"- дей бердим. Актык чыгып менден дагы бир жолу караны жеңдим. Адам баласы үчүн көкүрөктүн тазалыгы маанилүү экен. Жакшылык чакыргыңар келсе жашооңорго, башыңа келген кырсыкты жеңгиң келсе, жүрөгүңдү тазала! Кыргыз элим көңүлүн, көкүрөгүн тазаласа эле көлүбүзгө ак куу конгондой, качырып жиберген касиетибиз кайтып келчүдөй сезилет. #жөнэлеойлор
5963  
28.11.2019
Адам толукшуп, бактылуу болуп, канат байлап турганда иши кадимкидей жүрүшүп, энергиясы ашып - ташып, колунан баары келип, элдин да назарына эгедер болуп, көп иш бүтүрүп, жолу да шыр кетип, өзүнө өзү сулуу көрүнүп, элге да жагып, ырас эле төрөлүп, ырас эле жашап жатыптырмын деген ойго кептелип калат! Дүйнөдөн кынтык , өзүнөн кемтик таппай, төгөрөк төп келишип, атайы издесең да мүчүлүштүк кыйын болуп, жашоо өзгөчө өңүткө чыга келет. Маанайың бузулуп турган кезде, бечелге жөтөл жабышып, аксанга муштаган болуп, үстөккө босток үйүлүшүп, ишиң ичинен чыкпай, түз кетпей ийри жүрүп, ичкениң ирим болуп, иштериң ирип кетет. Тогуз толгооң бир келип томолонуп, толгонуп, оңунан чыкпай, солунан кетип, кыйчалыш жүрүп баары, кыйналып жаның, кыйышка туура келип, кынтыгы бүтпөй табылып, куурайсың. Күзгүдөн карасаң, күлүмсүрөгөн эч ким жок, кебетең огош бетер келишип, жүдөө чыга келесиң. Ишиң жүрүп, итиң чөп жеш үчүн дайыма жакшы толкундан түшпөй, каткырык, позитив бар жерде жүрүш кк окшойт. Ал толкундан үңүрөйгөн, наалыган толкунга түшүп калдың дегиче өлдүң! Наалыта турчунун баары ээрчишип келет. Кээде жолумду таппай, караңгылык келген учурда көйгөйүмдү көтөрө албай калганымда Жаратканга жалынып туруп, өзүң каалагандай чечип бер деп, колуна салып, тапшырып берем. Көп учурда Жараткандан талашып алып, өзүм жасайм деп тырбалаңдай беребиз. Саздын түбүнө түшүп кеткенге чейин тырбалаңдайбыз. Ошон үчүн ситуацияны кое берип салам. Ойлонбой жүрө берем. Оюмдун баарын башка эле нерсеге топтойм. Түбөлүгүң түз болсо, түйшөлгөндөн не пайда дейм. Бир күнү убагы келгенде ар бир ташы өз ордуна отурат. Ошого бекем ишенем. Отузга келгиче үйрөнгөнүм ошол. Ошон үчүн позитивде, жакшы толкунда жүрөлү, жакшыларым! #жөнэлеойлор