Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4605   204
02.12.2019
Эркектердин күчүн талап кылган оор жумушту жасагым келбейт. Оор көтөрүү, чоң жүк унааларын айдоо, дөңгөлөгүн алмаштыруу, механизм, техникада мээни иштетүү, үй салуу, мык кагуу ж.б.толгон токой жумуш. Аларга оордугумду салып, башымды жөлөп, таянгым келет. Мен адардын мага болгон камкордугун каалайм! 8 - мартта кымбат белек күтүп, 23 - февралда байпак менен кутулгум келет! Дайыны жок таарынып, мээсин жеп, жеп бүткөндөн кийин, эчтеке болбогондой ырсайгым келет! Тең укуктуулук - алар жасаганды жасоо болуп эсептелинет да ээ? Алардын мага сыйы, сүйүүсү эле жетиштүү. Чоң күчтүн алдында алсыз, эрке болгонго, эркелегенге не жетсин? Феминисттик балким эркектерден эң көп көңүл калып, кечирилгис көкүрөгүндө таарыныч ташы катып калганда чыкса керек ээ? Мен деле феминист болуп кете жаздагам. Илгери силерге таарынып жүргөндө. Кыргызстанда эркин эле жашайт экенмин ой жүгүртсөм. Каалаганымды жазам. Каалаган окуу жайда окуй алам. Каалаган жумушта иштейм. Каалагандай кийинем. Жада калса суунун жээгинде сүрөткө түшөм. Күнү - түнү кааласам, көчөдө жүрө алам. Каалаган динимди тута алам. Каалаган тилде сүйлөп, каалаган адам мн мамиле куруп, каалаганга баш кошо алам. Мени эч ким чектеген эмес. Таш бараңга алган жок. Коркуткан жок. Тарбиясыздары бар. Ал башка кеп. Билим деңгээлине жараша мамиле бар. Мыйзамда менин укугум каралган. Чурайымды көргөзүп, ычкыры жок басат элем деп чалкаман кетсем, ырысымды тепкен ырыскесер, акылы жок айнып калган неме деген баа бермекмин өзүмө. Акыл парасатка, абийирге жараша каалагандай эле кийинип жүрөбүз го. Тек гана суранганым, мырзалардын аялдарга болгон сылык, сый мамилеси. Аял деп аяп турсаңар эле агы менен айланабыз каректин! Мени сүйгүлө, эркелеткиле, аягыла! Мен аялмын анткени! #жөнэлеойлор
4448  
08.12.2019
Тарыхка үңүлсөк, атагы таш жарып, алыска чыгып бара жатканды тынчыткан жагынан алдыда экенбиз. Улуу баатырлардын ар биринин жашоосун карап чыгыңыз, Манас атабызды да өзөктөн чыккан өрт, өздөн чыккан жат жайлаптыр, Жусуп Абдрахман сындуу лидерлерди, Насридин Исанов, кечээки эле алдыда келе жаткан саясатчылардын буйрутма өлүмдөрү ж.б. өзүбүздү өзүбүз эле тыптыйпыл кылып келе жатабыз. Эмне деген бут тосууларды, интригаларды окуйсуң. Анын баары тарыхта жазылуу. Азыр деле уланып жатат. Арууркап, тазарып кеткен жерибиз жок. Чалып, төпөштөп, чукуп, сасып...деги койчу алмустактан кан мн келе жатканды тазалаш оңой дейсиңби? Тың чыкмаларды тыптыйпыл кылып жатып, тың чычмалар калды. Кир когубуз мн аралашып, жатып алып эмнеге бүгүнкү күндөбүз деп күңгүрөнөбүз? Кайсы күндү көрөлү дедик эле? Эмнени эктик ошо чыкты. Бүгүнкү иш аракет эртеңки күндү түзөт. Азыркы ой - эртеңки тагдырың. Ичибизде таруу айланбай турса, ишибизде ийгилик болбойт. Мыктыны мыкты дей алган улуу сапат болсун. Ар бир сезимди, ойду көзөмөлгө ал. Көөдөнүңдү ирите турган сезим байкап кылсаң, дароо жок кыл. Ар ким өзүн тазаласын. Өздүгү мн иштесин. Өздүк дүйнөңдү ирээтке келтиргенде гана, сырткы дүйнө иреттелет! Ичибизде үшкүрсөң жаңырык чыгып, бопбош болуп турган абалда, сырткы боштукту толтуруу кыйын. Жан дүйнөң жанчылып атканда, бар дүйнөң жок болот. Руханий төңкөрүш керек саясыйдан мурун! #жөнэлеойлор
Загрузка...