Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3840   82
13.12.2019
Режиссер @suiun_otkeev экөөбүз 10 жылдан бери доспуз. Он жыл аралыгында анын режиссерлугунда чоң сынчысы мен болдум, менин актердук жаатымда менин сынчым ал болду! Эң чоң сырдашым! Бир отурганда төрт - беш саат черибиз жазыла сүйлөшмөйүн болбойт! Сөздүн түгөнүшү кыйын! Досум экөөбүздүн достугубузду багышып, туура мамиле кылган жубайына ушундай ыраазымын! Он жыл дос болсок да, экөөбүз алгачкы жолу чогуу иштештик. Досуңдун киносунда ойнош кыйын экен. Жоопкерчилик чоң. Досум ишенич артып атса, актасам экен деп атып, ойнойсуң! Актерлор да сонун тандалды! Асылбек Өзүбеков, бөлөм Аскат Сулайманов, "Дэм " театрынын актерлору жана кинонун көркүн ачкан постердеги сулуу кыздар! Кыздардын достугуна ишенбейм, бирок кыздардын достугу тууралуу фильмге тартылуу кызык болду! "КыялКЭШтер" деп аталат! Жаңы жылга карата жаңы фильм кабыл алыңыздар! 26 - декабрдан баштап баардык кинотеатрлардан көрүңүздөр! Кыздуу үйдө пул жатпайт!)))))))))
3809   196
01.12.2019
Чоң энем..өлгөнүнө таарынып жүрдүм көпкө. Энем мени кантип таштап кетти дедим? Куудураган алаканын жүзүмө сүртүп, таттуу жытын жыттай албай, баарынан качканда күрөң костюмунун ичине башымды ката албай, тизесине жатып алып, даттанып ыйлай албай, түшүмө кирген сайын өпкөм көөп, көз жашым жүзүмдү жууп, кучактап алып ыйлайм. Энем тагдырына карама - каршы келе албаган чыгар, же балким мени күндө көргөндүн айласы ушул десе керектир. Ата - энем ажырашканы эки жээкте калдык. Сагынычыбыз артып, эки дөө согушканда кор болгон эки чымын биз элек. Энемдин көлөкөсү сыңары, этегинен чыкпаган жаным энемди этеги жок дан дүйнөм үшүп, коркуп, жалгызсырап жүрдүм. Өлгөндөн кийин кудайдын куттуу күнү күндө келди түшүмө. Тизесине отурам мурункудай, бабырап сүйлөп берем. Жаңылыгымды айтам. Жытын жыттайм. Энемдин да, менин да кумарым канып, көкүрөгүбүз толуп, жыргап калабыз. Азыр түшүмө кирбейт. Кааласам да, чакырсам да изи жок. Киндик байланышыбыз үзүлүп калган сыңары алыс. Энем мага ынак эле. Уулум айткандай периштеликтен баш тартып, жанымда болуу үчүн балким кайра жаралгандыр. Жанымда жүргөндүр...деп жоошутам. Энемен кийин баардык энелерди жакшы көрдүм. Энемдин жылуулугун издедим, мээримин күттүм....бирок эч ким энемчелик боло албады.
Загрузка...
3797   161   92988
03.05.2020
Аптекадан башка крем алсам, аллергия бп кетти эле. Корея косметикасына кайттым анан. Бетиңиз тунук болуш үчүн ички органдарыңыздын иштеши мыкты болушу керек. Өпкө, боор, бөйрөк, ичеги карындын кирдеши дароо бетке чыгат. Бырыш басып, тактар каптар, өңү өчүп атса, демек, ички органдарга маани берүү кажет. Бул алгачкы кадам. Экинчи кадам. Беттин терисине кам көрүү керектелет. Эртең мн кечинде сөзсүз жууп, крем сүйкөйм. Ансыз болбойт. Күндөн коргоно турчу spf сөзсүз колдоном. Күндүн нуру бетти кургатып, картайтып жиберет. Тамакка да маани берүү керек. Мисалы, куурулган, ачуу , өтө майлуу жебейм. Ал да бетке таасир берет. Газдалбаган таза суу ичем. Ата - энем арык болгон үчүн толбойм. Бат толуп, арыктай бергендердин териси чоюлуп каларын байкадым. Салмагым дайым 47 - 48 кг тегерегинде кармалат. Ашказанды чойбош керек. Бир муштумдай тамак жесем, тоем. Ошондой кыздар. Өзүңүзгө, бетиңизге сөзсүз кам көрүңүз. Сүйүңүз. Сыйлаңыз. Башкалардан күтүүнүн кажети жок аларды. Көөп жылдан бери косметиканы ушул жактан @misskorea_kg алам. Чөнтөгүңүзгө чак келет. Кымбат косметикаларды да көрдүм. Айырмасын байкаган жокмун чынын айтсам. @misskorea_kg
3787  
18.11.2019
Элдин сага болгон мамилеси өзүңө берген баадан көз каранды экендигине дагы бир ирет ынандым. Көп эле жолу көрсөткөн аны турмуш. Отко айдаса, бокко качкан кээкерлигибиз, кежирдигибиз бар эмеспи. Айла жок ар тарабыңан чыгып, акылыңа киргизмейин айландырып кайра эле алдыңа салып берет аалам. Аңырайыыып анан түштөн кийин "Аа. Эчак эле айтпайт белең?!" дейбиз го. Өзүңдү канчалык бийик бааласаң, сыйласаң, өзгөлөр кадимкидей акыл алдында сезип, туюп турат. Ошондой сый мамиле кылат экен. Өзүңдү төмөн жерге теңесең, тебелейт. Муну баарыбыз эле билебиз. Бирок аңдабайбыз. Биз аңдабаган бирок аалам акылыңа киргизе албай убара болгон канча сыр жатат?! Өзүбүздүн күчүбүзгө ишенбейбиз! Өзгөлөр дайым бийик биз үчүн. Башкаларга суктанабыз. Алар эле укмуш болуп аткандай сезим. Ылдый жакта туруп алып кежегең ооруп калгыча өйдө жакты теше тиктеп, башкалардын жашоосуна кызыгып жүрүп, кызыктуу жашооң өтүп баратат... #жөнэлеойлор
3727   68
08.03.2020
Бул Асланайым. Цирк дүйнөсүнүн ханышасы. Каскадер. Ат жалынында укмуш ойнойт. Жаа атат. Кыргыздын байрагын 17 жашынан бери көтөрүп жүрөт. Тилекке каршы, былтыр Сауд Аравиясында уюштуруучулардын жоопкерчиликсиздигинен улам кырсыкка кабылып, эки аттын ортосуна буту кыпчылып калып, бүгүнкү күндө майып болуп отурат. Ата - энесинин жалгыз караган кызы. Операция жасалган. Март айында дагы бир операция кылуусу кажет. Күнөөкөр тарап да эч кандай каражат бөлгөн эмес. 8 - март Аялдардын күнүндө көмөк көрсөтүп, көңүлүн көтөрөсүңөр деп ишенем. 4 миң сом айлыгына карабай, башка өлкөнүн чакыруусунан, мыкты шартынан баш тартып, желегибизди бийик көтөрүп жүргөн кызыбызга бир туугандык кылалы! Атайы элсом капчык ачтык. Көп түкүрсө көл болот! Бири бирибизге бөлүшүп, көмөк кылып жибереличи? 0776 270388 Элсом @itsaslboss бул анын жеке баракчасы. Жеке көмөк көрсөтөм дегендер жазыңыздар.
3690  
28.01.2020
Мекенден алыс , бирок мекенге ушунча жакын адамдар. Ала тоо үчүн жанынан баш тартканга даярлар. Кыргызстандын акыбалына биз бир ыйласак, миң ыйлаган, бир толгонсок, миң толгонгон уул - кыздарын көрдүм, тааныштым, сырдаштым. Батып бараткан кемени алып чыга турчулар бар экен деп өчүп бара жаткан үмүт тутанды. "Бизди тентип жүрөт дешет. Биз тентиген жокпуз. Турмуштун чоң университетиндебиз. Бүтүрүп алган соң, кайтып, топтогон тажрыйба, чыйралган демибиз мн элибизди сүйрөйбүз"дешти. "Өлкөдөн узак калган адам гана өлкөнүн кадырын, баркын билет. Мекенде жүргөндө ага болгон мынчалык кусалык, сүйүү, аеоо сезими ойгонбойт беле?" дешти. Бөлүнбөй, бир болгонду, муштумдай түйүлгөндү үйрөнүшүптүр. Жети облустун балдары бир атанын жети баласындай аркасын аркасына жөлөп, Аска зоо болуп, бири бирине күйүп жатышыптыр. Бирин бири сүйрөп, колдоп атып, мигранттын далай маселеси чечилип, Маскөөнү багындырганга киришиптир. Кафе, кинотеатр, сулуулук салондорду, окутуу жайларды ж.б. бизнестерди ачып, боортоктоп боорун сыйрыгандар, тизелеп, тизелеп, тизесин канаткандар өйдө туруп, там - туң басып калганга жарашыптыр. Советник Азамат элдин баарына бизнес жаатында кеңеш бере бергени үчүн "Советник - кеңешчи " аталыптыр. Надыр мырза менен Акжол мырзанын жан дүйнөсүнүн тазалыгын бир көр! Оош - кыйышы көп турмуш менен боору жок Маскөө экөө бириксе да буза албаптыр аларды. Бирөө жылаңач жүрсө, акыркы ыштанын чечип берип, жылаңач жүргөнгө даярлар экен. Акбар мырза оозун ачса, жүрөгү көрүнүп, мекен дегенде жүрөгүн сууруп , салып бергенге даяр экен. Ушунча жакшы көрдүм. Эркеледим. Өз үйүмдөй сездим. Агаларыма чын дилимен ыраазымын. Силердей атуулдар турганда калганы кеп эмес. Мекен башында сап баштап турсаңар, туура жолго жөнөйбүз.