Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4948  
06.02.2020
Эркиндик. Жан дүйнөнүн эркиндиги. Зындандан чыгуу темасы сүйлөштүк балам экөөбүз бүгүн. Түнкү үч. Экөөбүздүн тең уйкубуз жок. Бажылдап ой бөлүшүп отурабыз. Түнкү үчкө чейин отурганыбыздын өзү - биздин эркиндигибиз. " Баланы эрте жаткырыш керек. Ал эле бул эле, апийимдин гүлү эле " дейт чыгарсыңар. Ал силердин эрежеңер. Силердин зынданыңар. Балам айтат, - Атам мага жакшы кеңеш берди. Ал мага : "Көйгөй менен жашоо керемет. Көйгөй мн адам чоңоет. Илимпоздор изилдеп, чычкандардын үстүндө тажрыйба жүргүзүптүр. Чычкандын көңүлү эмне самаса, бере беришиптир. Баардык шарты даяр экен. Соңунда чычкандар жашагысы келбей, өлүп калышыптыр. Жашоонун кызыгы жок. Ошон үчүн адам баласына да сураганын бере берсе, кызыксыз болуп калат. Көйгөй мн күрөшкөн сонун!- деди,- дейт уулум. "Абдан сонун айтыптыр. Мага да жакты,"- дедим мен. Балам, мен бүгүн сонун адамдар мн сүйлөшүп отурдум. Алар мага "Кылыш керек!" сөзүн "Каалайм!" сөзүнө алмаштырсаң, үстүңөн далай жүк түшөт. Милдеттеме алба. Каала жөн эле!"деген сонун баалуу кеңеш берди, - дедим мен. "Сонун экен. Оюмда болот!" деди балам. Мектепке баруу, баа алуу, сынактар, үй тапшырма мени аябай стресске сүйрөйт эле. Мени эле эмес баардык баланы. Баа үчүн сүйчүдөй ата - энебиз кара терге түшчү элек го. Эми баламдын стресске камалышын каалабайм. Каалагандай окусун! Каалаган сабагын үйрөнсүн каалаган баасын алсын. Мектепте да кеңири эркиндик бердим. Балам, - Апа, биз адамдар кызыкпыз ээ? Бирөө бул кашыкты "кашык" деп атап койсо, баарыбыз аны "кашык " деп ээрчип атап алдык го. Муну мен "кичинекей күрөк" , же "сузуп алгыч" деп алсам, мага ким эмне демек эле. Туурабы?- дейт. Туура, балам. Башка адамдардын чийген чийимин өлө туура деп атап, башкалардын тагдырын кайталоого, башкаларга жагынууга аракет кылган өзүбүздө күнөө. Ошон үчүн көңүлүң сүйгөндү кыл. Жашоодон ырахат алып, жыргап жаша! Бул апаңдын сага берген чоң белеги - ЭРКИНДИК! #жөнэлеойлор
4922   186
29.12.2019
Быйыл өлкөбүз үчүн кандай жыл болду? Менин оюмча жакшы жыл болду. Саясый баш аламандык, адилетсиздик, саткынчылык орун алган жердин каягы жакшы дейт чыгарсыңар. Бет каптар чечилди! Бул эң башкысы! Кимдин ким экенин, кандай сөөк кайсы жакта катылганын, иттин өлүгү каякка көмүлгөнү көрүндү! Көзүбүздү таңып келе жаткамбыз. Терең уйкуда болчубуз. Жаңыдан ойгоно баштадык. Жаңы күчтөр, жаңы жүздөр, өлкөнүн учун кармап, көмөк көрсөткүсү келгендер чыга баштады. Ою бузуктардын ээрден көчүгү ооп, кадам сайын ката кетирип баратат. Эскилердин эси ооду. Жаштардан, дилгирлерден, жаңы көз караштан үмүт зор. Кээде үмүтүң кесилип, көңүлүң түшөт. Анткен менен пендебиз. Үмүтсүз карайлап кайсы жакка чейин барат дейсиз? Кайра эле шамын жагабыз. Ооба, далай ката кетирдик. Эми биригүү, ынтымакташуу, бири бирибизге арка - жөлөк болуу, колубуздан тартуу заман. Буттан тартуу өттү. Ак пейилдик көкүрөктөргө себилди. Ичибиздеги актык бүчүр байлай баштады. Бул менин тереземен карагандагы көрүнүш. Күлгүн көз айнегимди кийип алган чыгаармын дагы, бирок көкүрөк ошого ишенгиси келди! Арамдар арамданган сайын таза абаны булгап жаткандай дароо таамай көрүнө баштайт эми. Тазалангандар көп болот анткени. Таңкы беште эмнегедир оюма үмүт жагылды. Жакшылыкты жандап жашагым келген каалоо ойгонду. Күндө кыйнаган аллергия, астма, грипп бүгүн жок. Gün doğmadan neler doğar demiştim dün. Yanılmamışım demek ki. Astımım gibi bütün kötüllükler kaybolur. Таң менен жарышып эмнелер гана жаралбайт?! Астмам, эки жумалык гриппим бүгүн тыптыйпыл. Эртеңки күндө далай оорудан айыгаарбыз. Өзгөчө жан дүйнөдөгү арам оорулардан! Кутман таң! #жөнэлеойлор #таңкыүмүт
4900  
10.11.2019
Өзүңдү өзүң тапмайынча өзүңдү да, башканы да бактылуу кылуу мүмкүн эмес. Бактылуу болуш жана кылыш үчүн көкүрөктө тынчтык керек экен. Бакыт деп көрүнгөндөн, көр дүйнөдөн издейбиз. Иши кылып ал сыртта качып жүрөт, биз да кубалайбыз. Өмүр өткүчө жетпей, таппай өкүттө өтүп кеткени канча?! Бакыт ушул болуш керек деп бир максат коебуз. Күнү - түнү чуркайбыз. Жеткен соң, моокумуң канган соң, кайра боштук ичиңде. Каңгырап турат. Кайра башканы көздөйсүң, чуркайсың, ага жеткен соң, кайра ошол сезим. Бакыт сыртта эмес ичтедир балким. Туура эмес жактан издеп жаткандырбыз. Ичиңе үңүлүп, көкүрөктүн көңдөйүн толтурганда, көксөң суур балким. Ичиңдеги караңгылыкка шам жагып, жарык кылып алсаң, ал жарык айланаңа чачыраар! Жаныңда ким жүрсө баары тамызгы алып, жайнап чыгаар? А биз бири бирибизден, сырттан, көчөдөн, материалдык баалуулуктан, байлыктан издеп жүрөбүз...ичиңдеги боштукту алар толтурчудай... #жөнэлеойлор
4871   156
22.03.2020
Карачы, эмне деген кооз дүйнөдө жашайм?! Кийимимди карачы кандай гана көздүн жоосун алат?! Таза абадан дем алам. Ичкеним мүрөк суу. Чайнаганың май. Кыргызмын мен! Каадам бар, салтым бар, үрп - адатым бар, адебим бар! Эмне деген керемет философияны ата - бабам калтырып кеткен?! Ар бир макал - лакабы, учкул сөзү, жомогу, уламышы, эпосу, дастаны, Манасы бар! Терең үңүлсөң, жашоонун маңызы, көркөмү, мааниси мн шааниси чыга келет! А касиетичи? Туюму, сезими, аурасы, энергиясы кандай гана күчкө эгедер болгон?! Кыргыз деген улуу эл да! Кыргыз деген кырылгыс эл! Кыргыз деген керемет эл! Чалкып жаткан деңизбиз биз! Өзүмдүн өлкөм бар! Ээлик кылбаган эркиндигим бар! Тилим бар кооз, бай. Дилим бар! Көрөнгөм бар көбүргөн. Касиетибизди гана кармаганды үйрөнсөк... Көкүрөгүбүздү жара тээп чыга албай жатат! Кыргызмын мен! Чанганга да, танганга да, сатканга да, атканга да акың жок. Миң чанып, танып, чалкаңан кетсең да бул чындыкты өзгөртүү мүмкүн эмес?!
4837   160
29.05.2020
Адам жашоо менен деле күрөшпөйт экен. Ал өзү менен өзү күрөштү жүргүзөт экен. А сырткы дүйнө ички дүйнөбүздү жеңиш үчүн гана курал болуп берерин байкадым. Сырттагы адамдар, сырттагы турмуш, сырттагы кыйналуу - иллюзия. Кеп ичте экен. Жалган дүйнө деп бекер айтпаса керек. Бирок аны түшүнбөптүрбүз. Өлгөндө чыныгы дүйнө башталат деп күтүп жүрө беребиз го? Чыныгы дүйнө, чыныгы аалам ичиңде! Ал - сенсиң! Ал жалган дүйнөгө болгон чыныгы дүйнөңдүн көз карашы. Ар бир табышмактын жандырмагы, суроолордун жообу, кыйналуунун себеби бар. Биз кыйналганды көрөт экенбиз. Ошого наалыйбыз. Бирок ал кыйналуунун ары жагын көрбөй жатпайбызбы! Ал эмнеге келди дебейбиз! Ар бир оорунун себеби бар ал тургай. Жашооңо келген адамдын да себеби бар. Изденбейт экенбиз. Бизге наалып, Кудайды, тагдырды, бешенебизди күнөөлөп, өзүбүздү курмандык элестетип, өзүбүзгө боор ооруп анан элдин аеоосун чакырып жаткан ыңгайлуу экен. " Баары келесоо, баары жаман өзүбүз укмуш." Бул оюнду дайым ойнойбуз. Тажабайбыз. Жашоонун өзгөрүшүн эмес өзүбүздүн өзгөрүшүн колго алсак, жүддаям сонун болот! Бактылуулуктун энергиясына өтөлү! #жөнэлеойлор
Загрузка...
4813  
01.02.2020
- Апа, гопник келе жатат. Кач. - Гопниги эмнеси, кокуй? - Алар адамдын түрү. Көбүн эсе чемичке чагып, же бөтөлкө көтөрүп, сөгүнүп, жерге түкүрүп - какырышат. "Адидас " маркасындагы спорттук кийим кийишет. Адамдарды коркутуп, акчасын алганды жакшы көрүшөт. Кыскасы, тарбия көрбөгөндөр. - Ар бир эле адам гопник боло алабы? Алар каяктан, кантип чыгат? - Алар сүйүү көрбөгөн, көп төпөш жеген катуу үй бүлөдөн же тескерисинче баланын көзүн көп карап, эмне сураса, сатып бере бергендерден, көп эркелеткенден чыгышат. Ата - энеси камсыздаганы үчүн колунан эч нерсе келбейт алардын. Анан ушундай жолду тандап кетишет. - Анда сен деле гопник экенсиң го? Биз деле сен сурагандын баарын алып беребиз го? Анан да аябай эркелетебиз. - Жоок, силер эркелеткен менен мен жамандык жасай албайм да бирөөгө. Бирөөнүн көңүлүн ооруткум келбейт. Анын үстүнө оюнчук алдыргым келбей калды. Бир ойноп эле кызыкпай калат экенмин. Жөн эле акча коротпоюн деп чечтим. Көп оюнчугум жөн эле жатат. Сатсак да болот аларды. - Жетим балдарга алып барып берсек кандай дейсиң? - Жакшы болот. Карылар үйүнө барганда аябай сүйүнүшпөдү беле? Алар да сүйүнүшөт. Бирок сынык оюнчуктарды ыргытып эле салалы. Бүтүн, жаңы оюнчуктарымды берейин. Ансыз деле алар мээрим көрбөйт да. #Ариет Балам экөөбүздүн бүгүнкү баарлашуубуз. Кечинде иш жолугушууман чыгып, караңгы көчө мн келе жатып, чемичке чагып, жерди булгап келе жаткан "гопниктерди" көрүп калып, башталып кеткен маек.
4764   214
15.06.2020
2005 - 2020 - жылдардагы эки сүрөт. 15 жылда эмне өзгөрдү? 1. Укмуштуудай тажрыйба алдым жашоодон. Түрдүү адамдар мн беттештим. Түрдүү абалдан чыктым. Ызага баттым, ыйладым, каткырдым. 2. Жумушта да тажрыйба топтотдум. 2005 - жылы эң көп тил уккан мезгил эле. Тажрыйбасыз келгем. Далай сүрдөп, жаңылгам. Он беш жыл аралыгында эң рейтингдүү берүүлөрдү адып бардым. Чет өлкөгө далай ирет фестиваль, конференция аркылуу өлкөмдүн атынан чыктым. Сонун фильмдерге тартылдым. 3. Жеке жашоомдо уулдуу болдум. Турмуш куруп, туткасын тогуз жыл кармадым. 4. Жашоого, адамдарга көз карашым өзгөрдү. Ар бир адамды кемчилиги, артыкчылыгы мн кабыл алдым. Жашоону сүйдүм. Өзүмдү сүйүүнү үйрөнүү , таануу мн алекмин. 5. Жинди улактыгым, кыраан каткырыгым калып баратат. Бул мени өкүндүрөт. 6. Досторум, айланамдагылар дайым өзгөрүп турат. Көп адам кирди жашоомо. Сабак берди. Чыкты. Өзгөрүлбөгөнү: 1. Чач жасалгамды өзгөртүү кыйын. Ак басканы үчүн гана өңү бир аз өзгөрдү 2. Салмагым. 47 - 49 кг арасында 3. Адамдарга ишенгим келе бергени өзгөргөн жок. Көп нерсе билем. Көз жумуп ишене берем. 4. Унутчаактыгым, ак көңүлдүгүм өзгөргөн жок. Кимге, эмнеге таарынганымды унутуп калган сонун сапатым мени мн чогуу келе жатт. Ансыз эмне кылмакмын? 5. Буркан - шаркан түшүп, чагылган чартылдап, нөшөр төгүп, асан - үсөнү мн кошо чыккан күндү дагы эле сүйөм. Мүнөзүм да дале ошондой... #жөнэлеойлор
4755   192
01.12.2019
Жаңы жыл сезими болгону үчүн кышты сүйөм. Жомоктор жашообузга кирип, жашың кереметке ишенген жаштан алда канча өтсө деле, ошол ишеничке сүйрөгөнү үчүн сүйөм. Кышты лапылдап аппапакай болуп жааган кары үчүн, кышкы эс алуу, кыштан кийин келе турчу жаз үчүн сүйөм. Ар бир мөөнөттүн, ар бир мезгилдин, убактын түстүү боегу, ар башка даамы бар. Таттууну эле сүйбөгөн сыңары, кээде кычкыл, кээде ачуу, кээде туздуу сүйөбүз, эңсейбиз. Өйдө - ылдый ойлор, ак - кара турмуш, ысык - суугу, катуусу - жумшагы бар үчүн бул жашоого тойбой, дагы жашагыбыз келсе керек. Кээде наалып баратып, "тык" токтойсуң. Наалымаң "шүгүр" сөзүнө айланат. Жаратканга тобоо келтирип, жакаңды кармайсың да, наалып аткан нерсеңди кабыл алып, кадам таштайсың. Олку - солку болуп турбаса, пайдасы болмок беле жашоонун?)) Шүгүр, Жаратканым. Жадымымдасың. Жардамыңды туюп турам. Ар бир бергениңе ыраазы, пендең. #жөнэлеойлор
4683   192
03.04.2020
"Сен менин оюмдагыдай бол!"- урушутун ана башы. Эрди - катын, ата - эне, тууган - урук ж.б. арасындагы уруш ушул сөздөн башталат. "Кечирип кой ошенте албайт экенмин да! " деген эч ким жок. Эмнеге бирөө сенини оюңдагыдай болуш керек? Менин түзүп койгон идеалдуу, төрт тарабы төп келген калыбыма бирөө түшүш керек? Элестет, тегерегимдегинин баары мен каалагандай боло берсе, жашоонун кызыгы, түздөнүү, аракет кылуу, кемчилик оңдоо, өзүңдүн үстүңөн иштөө жок болмок. Бизге "Бирөөнү кемчилиги мн кабыл ал. Кандай болсо, ошондой сүй!" деген нерсени үйрөткөн эмес. Ошон үчүн балдарыбызды өзүбүз каалагандай, өзүбүздүн дүйнө таанымыбыз, билимибиз жеткендей өзгөртүп, жасап алганга аракет кылабыз. Күйөбүздү, же аялыбызды ошентебиз. Кээ бири чын эле башка бирөөнүн калыбына түздөнүп, өмүр бою башка адам бп жашайт. Ошентсе да жакпайт. "Мен өзүңдү өзүңдөй кабыл алам. Эч нерсеңди өзгөрткүм келбейт! Кудайым, ааай, сени Кудай эргүүсү келип атканда жасаган окшойт,ээ?" деген бирөө болсо ээ?))) Тилекке каршы, жүрөккө зак сала турган бир гана жакындарыбыз боло алат. Сөзүңөр мн мамилеңер мн кескилеп, бычактабагыла! Алгач руханий өлтүрөсүңөр, анан физикалык жактан өлтүрөсүңөр! Жөн эле кандай болсок, ошондой эле кабыл алып, сүйгүлөчү, же сүйөлүчү?♥ #жөнэлеойлор